Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 223 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 28-январы №32
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 12, 502-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Аталышындагы "Юстиция министрлиги" деген сөздөр алып салынсын.
2. Мыйзамдын преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Бул Мыйзам жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт. Бул Мыйзамдын күч аракети Жазаларды аткаруу чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын алдындагы Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү департаментинин аскер кызматчыларына таралбайт.".
3. 5-беренеде:
- "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пункттун экинчи абзацындагы жана 5-пункттун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөр "ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пункттун экинчи абзацындагы "юстиция министри" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын.
4. 7-беренеде:
- 2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазаларды аткаруунун борбордук органынын жетекчиси" деген сөздөр "жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын жетекчиси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Орто жана улук жетекчи курамдын биринчи атайын наамдары жаза аткаруу чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын кадрларына кабыл алуу менен ыйгарылат.";
- 4 жана 6-пункттардагы ар кандай жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын юстиция министри" деген сөздөр "жаза аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын жетекчиси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөр "жаза аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын жетекчиси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"9. Орто жана улук жетекчи курамдын кезектеги наамдары жаза аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан ыйгарылат.";
- 11-пункттагы "Кыргыз Республикасынын юстиция министри" деген сөздөр "жазык-аткаруу тутуму" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 8-берененин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Жетекчи курамдын кенже адамдарын наамынан бир баскыч төмөндөтүү тикелей башчылардын дисциплинардык чара чечими катары жүргүзүлөт, аларга мындай укук жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин дисциплинардык уставы тарабынан берилет, ал эми офицердик курамдагы адамдардыкы - жаза аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен жүргүзүлөт.".
6. 9-берененин 5-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, башка министрликтер жана ведомстволор" деген сөздөр "ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын, башка мамлекеттик органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 11-беренедеги "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги" деген сөздөр "жазык-аткаруу тутумунун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 13-беренеде:
- берененин аталышындагы жана 5, 7, 8-пункттардагы "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги" деген сөздөр алып салынсын;
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Жаза аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.";
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Жаза аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарлары Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан жаза аткаруу чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.";
- 3, 4, 6-пункттардагы ар кандай жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын юстиция министри" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "жаза аткаруу чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын жетекчиси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 7-пункттун төртүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөр "ички иштер чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 3, 14, 15, 20, 24, 25, 26, 31, 32, 34, 35, 41-беренелердеги "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги" деген сөздөр алып салынсын.
10. 2, 9, 12, 16, 17, 19, 24, 26, 28, 29, 31, 33, 35, 41-беренелердеги ар кандай жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын юстиция министри" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын жетекчиси" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 18-берененин биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Коргоо, улуттук коопсуздук, финансылык полиция, ички иштер (анын ичинде запаста тургандар) органдарынын, бажы органдарынын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, мамлекеттик чек араны сактоо жана коргоо органдарынын аскер кызматчыларына, ошондой эле ички иштер органдарынын катардагы жана жетекчи курамынын адамдарына аларды жазык-аткаруу тутумунун органдарына жана мекемелерине кызматка кабыл алууда ушул Мыйзамдын 3-беренесине ылайык мурдагы аскердик же атайын наамдарга, атайын класстык чиндерге тең атайын наамдар ыйгарылат.".
12. 23-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"23-берене. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана
мекемелеринин мамлекеттик бийлик органдарынын
кызматкерлерин командировкага жиберүү
1. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган, Президенттин Институту органдарына, Жогорку Кеңештин Аппаратына жана Өкмөттүн Аппаратына кызмат ордуна дайындалган, командировкага жиберилген кызматкерлери жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кадрларында калтыруу менен алардын ыйгарым укуктуу мөөнөтүндө командировкага жиберилет.
Командировкага жиберилгендер жаза аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен таризделет.
2. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кадрларында калтыруу менен Президенттин Институтунун органдарына, Жогорку Кеңештин Аппаратына жана Өкмөттүн Аппаратына кызмат ордуна дайындалган, командировкага жиберилген катардагы жана жетекчи курамдагы адамдарга Президенттин Институтунун органдарына, Жогорку Кеңештин Аппаратына жана Өкмөттүн Аппаратына ылайык белгиленген өлчөмдөгү эмгек акы төлөнөт. Эгерде, Президенттин Институтунун органдары, Жогорку Кеңештин Аппараты жана Өкмөттүн Аппараты төлөгөн эмгек акы командировкага жөнөтүлгөнгө чейин алынган акчалай акыдан аз болуп чыкса (командировкага жиберилгенден кийин жогорулатууну эске алуу менен), тийиштүү айырма Президенттин Институтунун органдары, Жогорку Кеңештин Аппараты жана Өкмөттүн Аппараты тарабынан төлөнүп берилет.
3. Президенттин Институтунун органдарындагы, Жогорку Кеңештин Аппаратындагы жана Өкмөттүн Аппаратындагы кызматтын, иштин мөөнөтү аяктагандан кийин командировкага жиберилген кызматкерлер жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кадрлардын карамагына кайра келишет жана мурда ээлеген кызмат орундарына же болбосо алар мамлекеттик органдарга командировкага жиберилгенге чейин ээлеген кызматтарына же кызмат орундарына орноштурулат.
4. Президенттин Институтунун органдарына, Жогорку Кеңештин Аппаратына жана Өкмөттүн Аппаратына жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кадрларында калтыруу менен командировкага жиберилген офицердик курамдагы адамдарга кезектеги наамдар ушул Мыйзамдын 3-главасында белгиленген тартипте ыйгарылат.
Ички кызматтын полковникке чейинки офицердик курамдын кезектеги наамын кошо ыйгаруу алар Президенттин Институтунун органдарына, Жогорку Кеңештин Аппаратына жана Өкмөттүн Аппаратына командировкага жиберилгенге чейин ээлеген акыркы кызмат орундарына ылайыктуу наамды ыйгарууда белгиленген кызмат өтөө мөөнөтү аяктагандан кийин командировкага жиберилгенден кийин киргизилген мындай кызмат орду боюнча штаттагы наамы эске алынбастан жүргүзүлөт.
5. Президенттин Институтунун органдарына, Жогорку Кеңештин Аппаратына жана Өкмөттүн Аппаратына жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кадрларында калтыруу менен командировкага жиберилген катардагы жана жетекчи курамдагы адамдарды аттестациялоо жүргүзүлбөйт.
6. Башка кызмат орундарына шайланган, жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин аттестацияланган курамдагы командировкага жиберилген адамдарды командировкага жиберүү ушундай эле тартипте жана ошол шарттарда жүргүзүлөт.
7. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин командировкага жиберилген кызматчыларынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн мыйзамдарда белгиленген укуктары, жеңилдиктери жана артыкчылыктары сакталып калат.
8. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин жетекчи курамынын орто, улук жана жогорку адамдарын кызматкерлерине аскердик чендер, атайын класстык чендер жана атайын наамдар ыйгарылган министрликтерге жана ведомстволорго которуу тийиштүү ведомство менен макулдашуу боюнча офицердик курамдын адамдарынын каалоосун эске алуу менен жекече тартипте жүргүзүлөт жана жаза аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен таризделет.".
13. 31-берененин 4-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөр "ички иштердин ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин бул мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|