Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 28-январы №33
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 554-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолору киргизилсин:
1. 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазаларды аткаруу;".
2. 3-беренеде "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ратификациялаган эл аралык келишимдер жана башка актылар" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 4-беренеде:
- берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4-берене. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары";
- биринчи абзацтагы "Аткаруу бийлиги органдары жана" деген сөздөр "Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- байкоочу комиссияларды, Балдардын иштери боюнча комиссияларды түзөт жана түзөтүүчү мекемелердин ишин контролдойт";
- сегизинчи абзацтагы "жер участоктору" деген сөздөр алып салынсын.
4. 5-беренеде:
- биринчи бөлүктүн биринчи абзацындагы "Юстиция министрлиги" деген сөздөр алып салынсын;
- биринчи бөлүктүн экинчи абзацындагы "органдар жана" деген сөздөр алып салынсын;
- биринчи бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- жазык-аткаруу инспекциялары.";
- экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кайтаруу жана айдап узатуу боюнча департаментке Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү кызматын жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылардын күч аракети таралат.".
5. 6-берененин биринчи бөлүгүндөгү "Юстиция министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрү" деген сөздөр "аткаруу бийлик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. Бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "борбордук орган" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 7-берененин үчүнчү бөлүгүндөгү "юстиция министри" деген сөздөр "жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын жетекчиси" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 8-беренеде:
- үчүнчү бөлүктөгү "кылмыш жасаган" деген сөздөр алып салынсын;
- үчүнчү бөлүктүн акыркы сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Мындай мекемелердин тизмеси Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.".
9. 9-беренеде:
- экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кайтарууга алынган адамдарды айдап узатуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
- үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Жазык-аткаруу тутумунун органы алдында жазык-аткаруу тутумунун объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн атайын бөлүмдөр түзүлүшү мүмкүн. Мындай бөлүмдөрдүн ишинин тартиби жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын жетекчиси бекиткен Жобо менен бекитилет.".
10. 9-1-берене төмөнкүдөй мазмунда толукталсын:
"9-1-берене. Жазык-аткаруу инспекциясы
Жазык-аткаруу инспекциясы - ички иштер органдарынын көмөкчүлүгү алдында эркиндигинен ажыратууга байланышпаган, коомдук жумуштар, түзөтүү жумуштары, эркиндигин чектөө түрүндөгү эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазаларды аткарууну, ошондой эле жаза колдонбоо менен шарттуу соттолгондордун жүрүм-турумуна контролдукту, кош бойлуу жана кичинекей балдары бар, жазаны аткаруу мөөнөтү узартылган аялдарга, белгилүү бир ишти жүргүзүү же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратылгандарга мөөнөтүнөн мурда - шарттуу бошотулган соттолгондорго контролдукту жүзөгө ашыруучу орган.
Жазык-аткаруу инспекциясы нормативдик укуктук актыларда каралган функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Жазык-аткаруу инспекциясы жөнүндө типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Облустук, шаардык жана райондук жазык-аткаруу инспекциялары жөнүндө жоболор Жазык-аткаруу инспекциялары типтүү жобого ылайык иштелип чыгат жазык-аткаруу системасы тарабынан бекитилет.".
11. 18-берененин экинчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги" деген сөздөр "жазык-аткаруу тутумунун органы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. 21-берененин төртүнчү бөлүгүнүн 3-пунктундагы "Юстиция министрлиги" деген сөздөр "жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. 25-берененин биринчи бөлүгүндөгү "мыйзам актылары менен" деген сөздөр "нормативдик укуктук актылар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14. 26-берененин экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын юстиция министри" деген сөздөр "жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын жетекчиси" деген сөздөргө алмаштырылсын.
15. 33-берененин биринчи бөлүгүндөгү ", мамлекеттик комитеттер" деген сөздөр алып салынсын.
16. 36-берененин биринчи бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1) ички иштер органдарынын же жазык-аткаруу тутумунун окуу жайларын аяктагандан кийин кызмат ордуна дайындоо;".
17. 37-берененин экинчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги" деген сөздөр "жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|