Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 28-январы №34
2010-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары жана облустары боюнча иммиграциялык квотаны аныктоо жөнүндө
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылга Кыргыз Республикасына, Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары жана облустары боюнча иммиграцияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын санынын чегин белгилеген иммиграциялык квота тиркемеге ылайык аныкталсын.
2. 2010-жылга Кыргыз Республикасына, Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары жана облустары боюнча иммиграцияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын санынын чегин белгилеген ушул токтом менен аныкталган иммиграцияга квота Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри 2010-жылга Кыргыз Республикасына, Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары жана облустары боюнча иммиграцияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын санынын чегин белгилеген иммиграцияга квотаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
Тиркеме
2010-жылга Кыргыз Республикасына, Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары жана облустары боюнча иммиграцияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын санынын чегин белгилеген ИММИГРАЦИЯЛЫК КВОТА
Региондун аталышы | Саны (адам) |
Бишкек шаары | 440 |
Ош шаары | 120 |
Баткен облусу | 543 |
Жалал-Абад облусу | 200 |
Ысык-Көл облусу | 60 |
Нарын облусу | 50 |
Ош облусу | 45 |
Талас облусу | 15 |
Чүй облусу | 285 |
Бардыгы | 1758 |