Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 28-январындагы № 38
«1997-жылдын 28-мартында Москва шаарында кол коюлган, Жол кыймылынын эрежелерин администрациялык бузгандык жөнүндө иштер боюнча чечимдерди өз ара таануу жана аткаруу тууралуу конвенцияны ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «1997-жылдын 28-мартында Москва шаарында кол коюлган, Жол кыймылынын эрежелерин администрациялык бузгандык жөнүндө иштер боюнча чечимдерди өз ара таануу жана аткаруу тууралуу конвенцияны ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Долбоор
1-берене. 1997-жылдын 28-мартында Москва шаарында кол коюлган, Жол кыймылынын эрежелерин администрациялык бузгандык жөнүндө иштер боюнча чечимдерди өз ара таануу жана аткаруу тууралуу конвенция ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда аталган Конвенциянын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
3-берене. Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|