Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 28-январы №45
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 28, 29 жана 34-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.Дербишева тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун сунушталган редакциясында колдобойт.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.Дербишева тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
3. Аталган корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы № 45 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.Дербишева тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 28, 29 жана 34-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.Дербишева тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй жыйынтыкка келди.
Мыйзамдын долбооруна негиздеме-маалымкатта айтылгандай, өлкөдө адамдар бирдей мүмкүнчүлүк алгыдай жана бирдей шартта болгудай, башкаларга окшобогон адамдар кысымга алынбагандай коом түзүү максатында Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган.
Бирок министрликтер жана ведомстволор мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө корутунду беришкен.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги бул мыйзам долбоору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык коомдук талкууга алынууга тийиш деген корутунду берген.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги нормалардын кайталанышын болтурбоо максатында мыйзам долбоорундагы айрым структуралык элементтерди алып салууну сунуш кылган, анткени ал статьяларда көрсөтүлгөн нормалар Кыргыз Республикасынын "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамында чагылдырылган.
Колдонуудагы мыйзамдарды социалдык жеңилдиктерди берүүнүн иштеп жаткан системасын оптималдаштыруунун алкагында өркүндөтүү, ошондой эле бюджеттин такай тартыш шартында социалдык кызматтарды даректүү көрсөтүү жана чыгымдарды оптималдаштыруу максатында "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-статьясына толуктоону алып салуу зарыл.
Ошондой эле мыйзам долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын юридикалык-техникалык мүнөздөгү сын-пикирлери жана сунуштары бар.
Ушул айтылгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мыйзамдын долбоорун сунушталган редакциясында кабыл алууну колдобойт.
Эгер долбоордун автору министрликтер менен ведомстволордун сунуш-пикирлерин эске алса, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул мыйзам долбоорун колдойт.
Тиркеме: 9 баракта.