Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-августундагы № 554 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-сентябры №603
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча уюштуруу чаралары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-мартындагы № 96 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 8-декабрындагы №669 "Ойлоп табууларды укуктук коргоо тармагындагы мамлекеттер аралык жашырын сырларды өз ара сактоону камсыздоо жөнүндө Макулдашууну бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- бүткүл текст боюнча:
- түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентство" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Премьер-министрдин Аппараты" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "Өкмөттүн Аппараты" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункттагы "10" деген сан "15" деген санга алмаштырылсын;
- 5-пункттагы "юридикалык бөлүм" деген сөздөр "укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 8-декабрындагы № 670 "Жалган товардык белгилерди жана географиялык көрсөткүчтөрдү пайдаланууну алдын ала эскертүү жана тыюу салуу боюнча чаралар жөнүндөгү Макулдашууну бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Ушул Макулдашуудан келип чыккан милдеттенмелерди аткаруу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине, Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетине, Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматына, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматына жүктөлсүн.";
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы аталган Макулдашуунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына 15-июлга жана 15-январга карата маалымат берип турсун.";
- 5-пункттагы "Премьер-министринин Аппаратынын юридикалык бөлүмү" деген сөздөр "Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 3-июнундагы № 317 "Интеллектуалдык менчик тармагында укук бузууга жол бербөө боюнча кызматташуу жөнүндө Макулдашууну бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Ушул Макулдашуудан келип чыккан милдеттенмелерди аткаруу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине, Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетине, Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматына, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматына жүктөлсүн.";
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы аталган Макулдашуунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына 15-июлга жана 15-январга карата маалымат берип турсун";
- 5-пункттагы "Премьер-министринин" деген сөздөр "Өкмөтүнүн Аппараты" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Премьер-министри | И.Чудинов |