Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 11-сентябры № 568
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик фельдъегердик кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Сабиров демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик фельдъегердик кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-сентябрындагы № 568 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Сабиров демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик фельдъегердик кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү белгилейт.
Мыйзам долбоорунун преамбуласынын редакциясын кайрадан карап чыгууну жана аны "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык келтирүүнү сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде келтирилген түшүнүктөрдү алфавиттик тартипте берүүнү сунуш кылабыз.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Мыйзам долбоорунун 1-беренесиндеги "кат-кабарлар" деген түшүнүктүн аныктамасындагы "купуя сыр" деген сөздөрдү "сырлар" деген сөз менен алмаштыруу зарыл деп эсептейбиз.
Мыйзам долбоорунда фельдъегердик кызматтын аныктамасы берилген эмес. Ошол эле убакта "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде мамлекеттик фельдъегердик кызматтын аныктамасы берилген. Ушуга байланыштуу Мамлекеттик фельдъегердик кызматтын аныктамасын берүүнү, ошондой эле "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылабыз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелип, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарынын бир бөлүгү болуп эсептелет. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин экинчи бөлүгүндөгү "белгиленген тартипте күчүнө кирген" деген сөздөрдү "мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 6-пунктун алып салууну сунуш кылабыз, себеби анда камтылган жоболор Мамлекеттик фельдъегердик кызматтын ишин жүргүзүүнүн принциптери болуп эсептелбейт.
Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин биринчи бөлүгүн "кабыл алынган" деген сөздөн мурда "Мамлекеттик фельдъегердик кызматка" деген сөздөр менен толуктоону сунуш кылабыз, себеби берилген редакцияда кайсыл мамлекеттик органдын кызматкерлери жөнүндө айтылып жаткандыгы белгисиз.
Мындан тышкары, Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин биринчи бөлүгүндөгү "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөрдү "мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамында" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуш кылабыз.
Ошондой эле Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин аталган бөлүгүндө бул кызматтын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кадрларында турат, бирок кызматка "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кабыл алынат деген карма-каршылык бар.
Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин үчүнчү бөлүгүндө Мамлекеттик фельдъегердик кызматтын кызматкерлерин кызматчыларга жана жумушчуларга бөлүүнү негиздөө зарыл.
Начальниктердин, ошондой эле мыйзамда ыйгарым укук берилген адамдардын аталган мамлекеттик кызматтын кызматкерлеринин ишин контролдоосу ушул субъекттердин функционалдык милдеттери болгондуктан, кызматкерлердин ишине кийлигишүү болуп каралбайт, ошондуктан Мыйзам долбоорунун 8-беренесинин биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы ", тикелей начальниктердин, ошондой эле мыйзамда ыйгарым укук берилген адамдардын" деген сөздөрдү алып салууну сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 10-беренесинин 8 жана 9-абзацтарын бирин бири кайталабоосу үчүн бириктирүү зарыл деп эсептейбиз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренесине ылайык жана "Ден соолугу чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын эске алып, басмырлоого жол бербөө максатында долбоордун 10-беренесиндеги "майып белгилери бар адамдар" деген сөздөрдү "ден соолугу чектелген адамдар" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуш кылабыз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чечет, буга Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин компетенциясына каралгандар кирбейт.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын карамагындагы юридикалык жак статусу бар ведомстволук бөлүкчөлөрдү түзүп, жоюп жана кайрадан уюштура алат.
Ушуга байланыштуу берилген Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына карама-каршы келет деп белгилейбиз.
Сунуш кылынган Мыйзам долбоору негизинен юридикалык жактын уюштуруучулук маселелерин, тактап айтканда анын укуктук абалын, финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоонун маселелерин жөнгө салат.
Бирок бул маселелер мамлекеттик орган жөнүндө жобонун алкагында жөнгө салынууга тийиш. Алсак, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 5-главасына ылайык юридикалык жак уюштуруу документтеринин негизинде иштейт, анда юридикалык жакты башкаруунун тартиби, иштин предмети жана белгиленген милдеттери, ошондой эле башка маалыматтар аныкталат.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик фельдъегердик кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын сунуш кылынган Мыйзам долбоорун мамлекеттик жана коомдук маселелерди жөнгө салуучу нормаларды эске алып толуктап иштеп чыгуу максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
Ошол эле убакта, берилген Мыйзам долбоорунун жоболору стилистикалык жана редакциялык жактан кылдат иштелип чыгуусу керек деп белгилейбиз. Ушуга байланыштуу аларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2006-жылдын 8-июнундагы № 1064-III токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамага ылайык келтирүүнү сунуш кылабыз.