Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 447 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 12-сентябры № 577
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 токтому менен бекитилген кен чыккан жерлердин жана пайдалуу казындылардын көрүнүштөрүнүн бонустарынын ставкаларынын классификациялык таблицасына төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Минерал суулары", "Терминалдык суулар" жана "Терминалдык минерал суулары" деген позицияларынын "Запастар, ресурстар" деген графада "1 куб.м/сутка" деген цифра жана сөздөр "100 куб.м/сутка" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов
|