Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 447 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2008-жылдын 30-декабры № 736
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июнундагы № 410, 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 577, 2009-жылдын 29-декабрындагы № 818, 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 542, 2011-жылдын 19-октябрындагы № 653, 2013-жылдын 17-апрелиндеги № 203, 2013-жылдын 13-июнундагы № 350, 2016-жылдын 15-июнундагы № 324, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95, 2022-жылдын 22-мартындагы № 150, 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 69, 109, 119, 120, 209, 212, 232, 304, 330, 347 жана 354-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (8-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 токтомуна ылайык 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)
- (9-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 токтомуна ылайык 2017-жылдын 2-июлунан тартып күчүн жоготот)
- Ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында товардын наркы жоголгонун документ менен ырастоо тартиби;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-октябрындагы № 653 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Пайдалуу кен чыккан жердин жана анын белгилеринин бонустарынын
ставкаларынын классификациялык таблицасы;
- Лицензиялык аянттын бонустарынын ставкаларынын классификациялык таблицасы;
- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 818, 2011-жылдын 19-октябрындагы № 653 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1.1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Конкурстук комиссиясы тарабынан Конкурс боюнча бөлүштүрүлүүчү пайдалуу кендердин тизмесинин 2, 6, 9, 14, 15, 16, 26, 27, 28. 31, 32, 34, 36, 37, 38, 39, 40, 41, 46. 49, 52, 53-пункттарында көрсөтүлгөн пайдалуу кендерди иштеп чыгуу максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү жана ушул токтом менен бекитилген бонустардын өлчөмү жөнүндө, ошондой эле "Тоголок" алтын кени боюнча конкурс жарыяласын.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 542 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Өндүрүп алууга жатпаган мүлктүн түрлөрүнүн тизмеси "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынаары белгиленсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 11-майындагы № 198 "Минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүүгө жана кайрадан өндүрүүгө чегерүүлөр жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 11-майындагы № 306 "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу учурунда контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 11-майындагы № 306 "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу учурунда контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомун аткаруунун жүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 29-ноябрындагы № 849 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Бишкек шаары менен Чүй областында контролдоо касса машиналарын өздөштүрүү боюнча 1994-жылдын 29-ноябрындагы № 849 токтомун аткаруунун жүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 9-мартындагы № 71 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 11-майындагы № 198 Минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүүгө жана кайрадан өндүрүүгө чегерүүлөр жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-ноябрындагы № 481 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-августундагы № 378 "Кыргыз Республикасында ишкердикти патенттик негизде жүргүзүшкөн жеке жактардын кирешелерди декларациялоосу жана пайдага салыкты төлөөсү жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 11-майындагы № 198 "Минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүүгө жана кайрадан өндүрүүгө чегерүүлөр жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 1-сентябрындагы № 506 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-августундагы № 378 "Кыргыз Республикасында ишкердикти патенттик негизде жүргүзүшкөн жеке жактардын кирешелерди декларациялоосу жана пайдага салыкты төлөөсү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 27-октябрындагы № 628 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 29-октябрындагы № 706 "Калай жана вольфрам боюнча минералдык-сырьелук базаны жандандырууга которуулардын ставкаларын азайтуу жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасында патенттик негизде ишкерлик жүргүзгөн жеке адамдардын кирешелерин декларациялоо жана киреше салыгын төлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-августундагы № 378 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 27-октябрындагы № 628 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 5-июлундагы № 378 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 25-октябрындагы № 576 "Кыргызстандагы I жана II топтогу майыптар коому жана сокурлар жана дүлөйлөр коомунун кирешеге нөлдүк өлчөм боюнча салык салынуучу ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 9-ноябрындагы № 615 "Кыргыз Республикасынын аймагында күйүүчү-майлоочу материалдарды чекене сатуучу чарбакер субъекттерге салык салуу боюнча эксперимент жүргүзүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу чаралары жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы № 142 токтому менен бекитилген Салык алынчу беришүүлөргө кошумча нарк салыгын эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускоого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-августундагы № 480 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы № 142 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 26-ноябрындагы № 731 токтому;
- "Кыргызстандагы I жана II топтогу майыптар коому жана сокурлар жана дүлөйлөр коомунун кирешеге нөлдүк өлчөм боюнча салык салынуучу ишканаларынын Тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 25-октябрындагы № 576 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 18-декабрындагы № 853 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 27-декабрындагы № 885 "Чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана аларга теңештирилген эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле алардын персоналынын кошумча нарк салыгынын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 10-апрелиндеги № 203 "Калкты дары-дармек менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 333 "Сурьма боюнча минералдык-сырьелук базаны кайталап өндүрүүгө чегерүүлөрдүн ставкаларын азайтуу жөнүндө" токтому;
- "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 11-майындагы № 306 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 8-августундагы № 499 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 16-октябрындагы № 652 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 11-майындагы № 306 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-декабрындагы № 808 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-январындагы № 44 "Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө, консулдук мекемелерине жана аларга теңештирилген эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле алардын персоналына кошумча нарк салыгынын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө жобонун долбоору тууралуу" токтомунун 4-пункту;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-февралындагы № 73 токтомунун 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-апрелиндеги № 291 токтому; "Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн каражаттарды которуунун, эсептөөнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө нускаманы жана Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун пайдалангандык үчүн салыкты эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-августундагы № 378 "Кыргыз Республикасында патенттик негизде ишкердик иш-аракет жүргүзүүчү жеке адамдардын кирешелерин декларациялоо жана жеке киреше салыгын төлөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-майындагы № 340 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-июнундагы № 435 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы № 142 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-августундагы № 579 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы № 142 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-сентябрындагы № 716 токтому;
- "Кыргыз Республикасында патенттик негизде ишкердик иш-аракеттерди жүргүзүүчү жеке адамдардын кирешелерин декларациялоо жана жеке киреше салыгын төлөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-августундагы № 378 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-сентябрындагы № 722 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 11-майындагы № 198 "Республиканын минералдык-чийки зат негизин өнүктүрүүгө каражат чегерүү, геологиялык чалгындоо иштерин жана геология тармагын финансылоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-ноябрындагы № 869 токтому;
- "Минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүүгө жана кайталап өндүрүүгө, республиканын геологиялык чалгындоо иштерин жана геологиялык тармакты финансылоого чегерүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 11-майындагы № 198 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-декабрындагы № 902 токтому;
- "Кыргыз Республикасында патенттик негизде ишкердик жүргүзгөн жеке адамдардын кирешелерин декларациялоо жана киреше салыгын төлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-августундагы № 378 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-декабрындагы № 915 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы № 142 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-февралындагы № 86 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы № 142 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-июнундагы № 256 токтому;
- "Кыргыз Республикасында патенттик негизде ишкердик иш-аракет жүргүзүүчү жеке адамдардын кирешелерин декларациялоо жана жеке киреше салыгын төлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-августундагы № 378 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 615 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 11-майындагы № 198 "Республиканын минералдык чийки зат негизин өнүктүрүүгө каражат чегерүү, геологиялык чалгындоо иштерин жана геология тармагын финансылоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-февралындагы № 125 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-майындагы № 349 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы № 142 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-майындагы № 393 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 25-октябрындагы № 576 I жана II топтогу майыптар коому жана Кыргызстандагы сокурлар жана дүлөйлөр коомунун кирешеге нөлдүк өлчөм боюнча салык салынуучу ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июлундагы № 510 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы № 142 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-августундагы № 627 токтому;
- "Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн каражаттарды которуунун, эсептөөнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө нускаманы жана Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун пайдалангандык үчүн салыкты эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-апрелиндеги № 291 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-ноябрындагы № 822 токтому;
- "Кыргыз Республикасында патенттик негизде ишкердик иш-аракеттерди ишке ашыруучу жеке жактар тарабынан кирешелерди декларациялоо жана киреше салыгын төлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-августундагы № 378 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-июнундагы № 216 токтому;
- "Кыргыз Республикасында патенттик негизде ишкердик иш-аракет жүргүзүүчү жеке адамдардын кирешелерин декларациялоо жана жеке киреше салыгын төлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-августундагы № 378 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-сентябрындагы № 389 токтому;
- "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу учурунда контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 11-майындагы № 306 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-сентябрындагы № 426 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы № 142 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 541 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы № 142 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-мартындагы № 69 токтому;
- "I жана II топтогу майыптар коомунун жана Кыргызстандагы сокурлар жана дүлөйлөр коомунун кирешеге нөлдүк өлчөм боюнча салык салынуучу ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 25-октябрындагы № 576 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-мартындагы № 71 токтому;
- "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу учурунда контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 11-майындагы № 306 токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-апрелиндеги № 125 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы № 142 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 263 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы № 142 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-августундагы № 420 токтому;
- "Кыргыз Республикасында патенттик негизде ишкердик иш-аракеттерди ишке ашыруучу жеке жактар тарабынан кирешелерди декларациялоо жана киреше салыгын төлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-августундагы № 378 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 506 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу чаралары жөнүндө" жана 2005-жылдын 29-июнундагы № 269 "Салыктар жана башка төлөмдөр боюнча ашыкча төлөнгөн суммаларды эсепке алуу, бюджеттен кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 12-сентябрындагы № 510 токтому.
4. 2008-жыл үчүн салык төлөмдөрү жана чегерүүлөрү боюнча салыктык отчет жана декларация берүү жана алар боюнча салык милдеттенмелери 2008-жылдын 31-декабрына карата белгиленген талаптарга ылайык аткарылаары белгиленсин.
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
6. Бул токтом 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
И.Чудинов |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 токтому менен бекитилген |
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 токтомуна ылайык 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот
Эксплуатациялоо учурунда алынган кирешеге караганда тарткан чыгымдардын ашкан суммалары алынбай турган социалдык чөйрө объекттеринин ТИЗМЕСИ
Катар № | Аталышы |
1 | Мектепке чейинки мекемелер (балдар бакчалары) |
2 | Медициналык мекемелер (ооруканалар, санаторийлер, поликлиникалар, санаторий-профилакторийлер) |
3 | Маданият объекттери (маданият сарайлары, клубдар, кинотеатрлар, китепканалар) |
4 | Мейманканалар жана эс алуу объекттери (пансионаттар, балдардын ден соолукту чыңдоо лагерлери, эс алуу базалары, туристтик базалар) |
5 | Спорттук комплекстер жана курулуштар |
6 | Турак-жай фонду (турак үйлөр жана жатаканалар) |
7 | Жылуулук менен жабдуу системалары (от казандар, насостор, жылуулук тармактары) |
8 | Коммуналдык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылган объекттер (суу менен жабдуу, канализация, электр, жолдор, жашылдандыруу, тазалоочу курулуштар жана башка коомдук кызмат көрсөтүүлөр) |
Эскертүү: Иши жарандардын ден соолугун коргоого, билим берүүгө, тарбиялоого, социалдык жактан тейлөөгө, аларды иш менен камсыз кылууга, жарандардын коомдук муктаждыктарын канааттандырууга, ошондой эле калктын жашоо-турмушун камсыз кылууга багытталган уюмдардын, мекемелердин, чарбакер субъекттердин балансында турган имараттар, курулмалар, курулуштар социалдык чөйрө объекттери болуп саналат.
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 токтому менен бекитилген |
Ишинин өзгөчөлүгүнө же турган жеринин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон калк менен акчалай эсептөөлөрдү жүзөгө ашыра ала турган уюмдардын же жеке жактардын ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 818, 2013-жылдын 17-апрелиндеги № 203 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Ишкердикти юридикалык жакты түзбөстөн жүргүзө турган ишкердик субъекттери, квитанцияларды, жолдомолорду, билеттерди, талондорду же Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык бекиткен форма боюнча так отчеттуулук документтерине теңештирилген башка чектерди берүү менен кызмат көрсөтүү (валюта алмашуу менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдөн тышкары) жагындагы, ошондой эле өз ишинде ведомстволук жана өз алдынча иштелип чыккан квитанциялардын бланктарын, билеттерди, талондорду жана эсепке алуу дүмүрчөктөрү бар, өзү турган жер боюнча салык органдарында милдеттүү түрдө каттала турган башка бухгалтердик кириштөө документтерин пайдаланган уюмдар жана мекемелер.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-апрелиндеги № 203 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ишкердикти юридикалык жакты түзбөстөн жүргүзө турган ишкердик субъекттери, уюмдар жана мекемелер төмөнкүлөрдү жүргүзүү жагында:
1) газета-журнал күркөлөрүндө газета жана журналдарды, ошондой эле коштоочу товарларды сатуу;
2) баалуу кагаздарды сатуу;
3) лотерея билеттерин сатуу;
4) жалпы билим берүү мектептеринин жана аларга теңештирилген окуу жайларынын окуучуларын жана кызматкерлерин тамак-аш менен камсыз кылуу;
5) шаардык коомдук транспортто жүрүү үчүн жүрүү билеттерин жана талондорду сатуу;
6) соода кылуу үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялар бөлүп берген базарларда, жарманкелерде, көргөзмө комплекстеринде жана башка аймактарда (бул аймактарда турган аянты 20 чарчы м жана андан ашык дүкөндөрдү, павильондорду жана башка ушундай жабдылган жана соода жерлеринде товарларды көрсөтүүнү жана сактоону камсыз кылган, ошондой эле баалуу металлдардан жасалган зергер буюмдарын саткандардан тышкары), ошондой эле үстү жабык базар жайларынын ичиндеги ачык текчелерде соода кылуу;
7) азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды көтөрүп жүрүп чекене сатуу, түртмө арабалардан, себеттерден, лотоктордон (анын ичинде жаан-чачындан полиэтилен пленка, парусина, таар ж.б. тартуу менен корголгон бастырмалардан) сатуу;
8) поезддердин жүргүнчүлөр вагондорунан чай жана башка коомдук тамактануу азыктарын сатуу;
9) айыл жеринде дарыкана күркөлөрүндө, ларектордо, ошондой эле фельдшердик-акушердик пункттарда жайгашкан башка пункттарда дары жана башка медициналык препараттарды сатуу;
10) аянты 20 чарчы м чейинки павильондордо, контейнер тибиндеги жайларда жана күркөлөрдө жана ларектордо эл керектөөчү товарларды сатуу;
11) цистернадан (пиво, квас, сүт, өсүмдүк майын, тирүү балык, керосин), жерге түшүрүлгөн жемиштерди, мөмөлөрдү жана башка айыл чарба продукцияларын, ошондой эле автомобилден сатуу;
12) дыйканчылык жана гүл өстүрүү продукцияларын күркөлөрдөн, ларектордон, павильондордон сатуу;
13) калктан айнек идиштерди, утилге чыккан чийки заттарды жана металл сыныктарын кабыл алуу.
3. Тиричилик жактан тейлөө ишканалары, ошондой эле калкка станционардык адистештирилген жайлардан тышкары жерлерде медициналык мүнөздөгү кызмат көрсөткөн ишкердик субъекттери.
4. Бишкек-Ош жана Бишкек-Балыкчы трассасында жайгашкан бир ишкердик субъектинин (соода жүргүзүүчү, коомдук тамактануучу) залдарынын аянты 60 чарчы метрден ашкан стационардык соода түйүндөрүн кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен Тизмеге ылайык алыскы жана барууга кыйын болгон калктуу конуштарда ишкердик кылган ишкердик субъекттери.
5. Ырым-жырым имараттарында жана көчөлөрдөгү күркөлөрдө ырым-жырым буюмдарын жана диний адабияттарды сатуу жагында, ошондой эле ырасымдарды, диний табынууларды жана аземдерди өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүү жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте катталган диний бирикмелер (уюмдар) жана алардын ишканалары.
6. Почта байланышы көрсөткөн кызматтарды төлөө үчүн арналган почталык төлөм белгилерин (почта маркаларын жана бланктарды, маркаланган конверттерди жана карточкаларды) сатуу жагындагы почта байланышынын мекемелери.
6-1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган коммерциялык банктар.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-апрелиндеги № 203 токтомунун редакциясына ылайык)
7. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-апрелиндеги № 203 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-апрелиндеги № 203 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-апрелиндеги № 203 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 токтому менен бекитилген |
I жана II топтогу майыптар коомунун ишканаларынын, ошондой эле Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коомунун аларда иштеген майыптардын жалпы санынын 50 пайыздан кем эмесин түзгөн жана алардын эмгек акысы пайдага салыктан бошотулган акынын жалпы фондунун 50 пайыздан кем эмесин түзгөн уюмдардын ТИЗМЕСИ
Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Бишкектеги № 1 окуу-өндүрүштүк ишканасы.
Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Бишкектеги № 2 окуу-өндүрүштүк ишканасы.
Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Бишкектеги № 3 окуу-өндүрүштүк ишканасы.
Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун "Карек" жоопкерчилиги чектелген коому.
Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Садовое окуу-өндүрүштүк ишканасы.
Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Кант окуу-өндүрүштүк ишканасы.
Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Чүй-Токмок окуу-өндүрүштүк ишканасы.
Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Каракол окуу-өндүрүштүк ишканасы.
Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Ош окуу-өндүрүштүк ишканасы.
Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Түштүк окуу-өндүрүштүк ишканасы.
Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Жалал-Абад окуу-өндүрүштүк ишканасы.
Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Борбордук башкармасы.
"Орбита" пансионаты.
Кыргызстан майыптарынын республикалык көз карандысыз ассоциациясы.
"Жакшылык" турак жай менчик ээлеринин шериктештиги.
"Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун "Медикос" медициналык борбору" ЖЧКы.
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 токтому менен бекитилген |
Мүлккө салык салуу объектиси болуп саналбаган мүлк объекттеринин ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-октябрындагы № 653 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Пайдалуу кен чыккан жердин жана анын белгилеринин бонустарынын ставкаларынын КЛАССИФИКАЦИЯЛЫК ТАБЛИЦАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июнундагы № 410, 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 577, токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Пайдалуу кендер | Запастар, ресурстар | Кендердин изилденгенине, баалуулугуна жана масштабына жараша бонустун ставкалары (миң АКШ долл.) | |
Өндүрүштүк өздөштүрүүгө даярдалган чалгындалган кендер (запастардын категориясы А+В+С1+С2+з/б) | Алдын ала баалоодон өткөн кендер жана пайдалуу кендердин белгилери (запастардын категориясы С2 жана болжолдуу ресурстар P1 | ||
1 | 2 | 3 | 4 |
Мунай (казып алынуучу запастар) | 1 млн. т | 100 | 5,0 |
Күйүүчү газдар | 1 млн. куб.м | 0,03 | 0,002 |
Таш көмүр | 1 млн. т | 2,0 | 0,2 |
Күрөң көмүр | 1 млн. т | 1,0 | 0,1 |
Темир рудасы | 10 млн. т | 10,0 | 0,1 |
Марганец | 1 млн. т | 2,0 | 0,02 |
Алюминий (Al2O3) | 1 млн. т | 1,0 | 0,01 |
Жез, коргошун, цинк, мышьяк | 1 миң т | 1,0 | 0,01 |
Сейрек металлдар: калай, вольфрам (WO3), сурьма, сымап, молибден, бериллий (BeO), тантал (Ta2O5), ниобий (№b2O5), ванадий (V2O5), висмут | 1 миң т | 3,0 | 0,03 |
Сейрек кендер (ETR) | 1 миң т | 4,0 | 0,04 |
Алтын түптүү жана платиноиддер | 1 т | 60,0 | 40,0 |
Кум түрүндөгү алтын | 1 т | 40,0 | 1,0 |
Күмүш | 1 т | 1,0 | 0,01 |
Уран | 1 миң т | 10,0 | 0,1 |
Магнетит (кум түрүндөгү) | 1 млн. т | 1,0 | 0,01 |
Цирконий (ZrO), стронций (SrO), флюорит | 1 миң т | 1,0 | 0,01 |
Кремний чийкизаты: | |||
- кварц; | 1 миң т | 0,3 | 0,1 |
- кварциттер | 1 млн. т | 10,0 | 2,0 |
Зергердик таштар | 1000 карат | 1,0 | 0,1 |
Зергердик-жасалгалоочу таштар | 1000 карат | 0,2 | 0,02 |
Жасалгалоочу таштар | 1 куб.м | 0,05 | 0,01 |
Агрохимиялык чийкизат: фосфориттер апатит (P2O5), глауконит | 1 млн. т | 10 | 0,1 |
Табигый минералдык туздар (галит, тенардит, глауберит ж.б.) | 1 млн. т | 2,5 | 0,5 |
Фарфордук таш, волластонит | 5,0 | 1,0 | |
Цементтик чийкизат: | |||
- акиташтар, доломиттер, мергелдер; | 1 млн. т | 1,0 | 0,2 |
- чополуу заттар (чополор, топурактар, чополуу сланецтер) | 1 млн. т | 0,5 | 0,1 |
- минералдык кошулмалар (гипс, глиеждер ж.б.) | 1 млн. т | 0,5 | 0,1 |
Кыш жана керамзит чийкизаттары (чополор, топурактар, чополуу сланецтер, кум) | 1 млн. т | 0,6 | 0,2 |
Кум-шагылдуу аралашмалар | 1 млн. куб.м | 5,0 | 1,0 |
Курулуш кумдары | 1 млн. куб.м | 8,0 | 0,8 |
Кварц кумдары | 1 млн. т | 10,0 | 2,0 |
Каолин, отко чыдамдуу жана бентониттик чополор | 1 млн. т | 8,0 | 1,0 |
Аки өндүрүү үчүн акиташтар, курулуш гипси | 1 млн. т | 1 | 0,2 |
Курулуш ташы | 1 млн. т | 1,0 | 0,1 |
Табигый беттөөчү таш | 1 млн. т | 25,0 | 5,0 |
Петролургиялык чийкизат (базальт, диабаз ж.б.) | 1 млн. т | 10,0 | 2,0 |
Графит | 1 млн.т | 40,0 | 4,0 |
Барит | 1 млн.т | 20,0 | 2,0 |
Табигый күкүрт жана күкүрт колчеданы (S) | 1 млн. т | 10,0 | 1,0 |
Магнезит, тальк, пирофилит | 1 миң т | 0,1 | 0,01 |
Жер астындагы ичүүчү суулар | 1000 куб.м/ сут. | 13 | 6,5 |
Минералдык суулар | 100 куб.м/ сутка | 8 | 4 |
Термалдык суулар | 100 куб.м/ сутка | 8 | 4 |
Термалдык минералдык суулар | 100 куб.м/ сутка | 8 | 4 |
Эскертүү. Пайдалуу кендин запастары изилденген деңгээли боюнча A, B, C1 жана C2 категорияларына бөлүнөт. Мындан тышкары, баланстан сырткары запастар жана P1 категориясындагы божомолдуу ресурстарга бөлүнөт.
A, B, C1 категориясындагы запастар кен ишканасын долбоорлоого жана курууга негиз катары кызмат кылышат. C2 категориясындагы запастар чалгындалган кендерди долбоорлоодо толук эмес жана толук эске алынат, жана кендин көрөңгөсү болуп кызмат кылышат.
Баланстан сырткары запастар - бул A, B, C1 жана C2 категориялары боюнча чалгындалган, пайдаланылышы экономикалык жана техникалык себептер боюнча кен ишканасын долбоорлоо стадиясында максатка ылайыктуу эмес запастар. Долбоорлоодо эске алынып жана минералдык сырьего болгон баанын, кендерди иштетүүнүн кен-техникалык шарттарынын өзгөрүшү жана бөлөк себептер менен колдонулушу мүмкүн.
P1 категориясындагы божомолдуу ресурстар тиешелүү геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдөн кийин өнөр жайлык запастардын табылуу мүмкүнчүлүгүн көрсөтөт.
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 токтому менен бекитилген |
Лицензиялык аянттын бонустарынын ставкаларынын КЛАССИФИКАЦИЯЛЫК ТАБЛИЦАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июнундагы № 410 токтомунун редакциясына ылайык)
Пайдалуу кендер | Чен бирдиги | Бонустун ставкасы (АКШ долл.) |
Мунай жана газ | кв.км | 10 |
Көмүр | кв.км | 500 |
Металлдык пайдалуу кендер | кв.км | 25 |
Алтын жана платиналык кум түрүндөгү топтун металлдары | кв.км | 100 |
Зергердик жана зергердик-жасалгалоочу таштар | кв.км | 20 |
Жасалгалоочу таштар | кв.км | 20 |
Табигый беттөөчү таш | кв.км | 500 |
Рудалык эмес пайдалуу кендер | кв.км | 1000 |
Гидрогеологиялык скаважиналарды бургулоо: | скважина |
|
- тереңдиги 100 м чейин; | 100 | |
100-500 м; | 300 | |
500 м. жогору | 1000 |
Эскертүү. Классификациялык таблицада белгиленген пайдалуу кендердин эки же андан көп түрлөрүн геологиялык изилдөө аянтын лицензиялоодо бонус пайдалуу кендин ар бир түрү үчүн аянттын өлчөмүнө жараша алынат.
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 токтому менен бекитилген |
Конкурс боюнча бөлүштүрүлүүчү пайдалуу кен чыккан жерлердин тизмеси жана бонустардын ӨЛЧӨМҮ (запастардын 1.01.2009-жылга карата абалы)
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 токтомуна ылайык күчүн жоготту)