Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 17-сентябры № 587
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорттук каражаттарды бажылык тариздөөнүн жана бажылык контролдоонун жол жоболорунан өткөрүүнү жөнөкөйлөштүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 7-беренесинин 2-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо боюнча нускаманын 90-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"90. Товарларды жана транспорттук каражаттарды кароо деп эгерде мындай кароо транспорт каражатын, же анын жүк салуучу жайын ачуу жана товардын таңгагын бузуу менен байланышпаса, бажы контролунун максаттары үчүн товарларды, жеке жактардын багажын, транспорттук каражаттарын, жүк салгычтарын тышынан көз жүгүртүп, бажы пломбаларынын, мөөрлөрүнүн жана товарларды идентификациялоо каражаттарынын бар-жогун кароо түшүндүрүлөт.
Бажылык толук кароо - товарларды жана транспорттук каражаттарды бажылык контролдоонун формасы, ал товарлардын таңгагын же транспорттук каражаттын жүк салуучу жайын, товарлар салынуучу же салынышы мүмкүн болгон салгычтарды, контейнерлерди жана башка жерлерди ачуу аркылуу жүргүзүлөт. Бажылык толук кароо бажылык максаттар үчүн товарларды идентификациялоо максатында, же бажы мыйзамдары бузулгандыгы жөнүндө маалымат бар болсо ушундай маалыматты текшерүү, ошондой эле тандап текшерүүнүн принциптерин сактоодо тобокелдиктерди башкаруунун негизинде бажылык контролдоо максатында жүргүзүлүшү мүмкүн.
Жүргүзүлгөн бажылык толук кароонун/кароонун натыйжалары боюнча товарлар жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтар берилген маалыматтарга же берилген документтерге шайкеш келбегендиги табылса, товарларды жана транспорттук каражаттарды идентификациялоо каражаттарын жана аларды ырастоочу белгилерин бузуулар табылса, Бажы кодексинин 320-беренесинин негизинде ушул Нускаманын № 5 тиркемесине ылайык акт түзүлөт.
Бажылык толук кароо актысы ташып кирүүнүн/ташып чыгуунун жана мамлекеттин пайдасына баш тартуунун убактылуу бажы режимдерине жайгаштырылуучу товарларды жана транспорттук каражаттарды идентификациялоонун натыйжаларын документтик түрдө ырастоо зарыл болгон учурларда да толтурулат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |