Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы №606 токтому менен бекитилген |
Милициянын жана ички кызматтын атайын наамы бар ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы курамындагы адамдардын мундир кийимдин предметтерин, бут кийимди жана жабдыктарды, атайын кийимди камсыздоонун жаңы нормалары боюнча кийип жүрүүсүнүн ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
2. Милициянын жана ички кызматтын атайын наамы бар Кыргыз
Республикасынын ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы
курамдагы адамдарынын кийим формасы
3. Кийим формасынын айрым предметтерин, бут кийимди жана
шаймандарды кийип жүрүүнүн өзгөчөлүктөрү
4. Погондор, петлицалар, эмблемалар, төш жана жең белгилер,
тигилмелер
5. Жетекчи жана катардагы курамдын ордендеринин, медалдарынын жана
башка айырмалоочу белгилеринин жайгашуу өзгөчөлүктөрү
1.1. Милициянын жана ички кызматтын кийим формаларын атайын ыйгарылган наамдарына ылайык кийип жүрүүгө ички иштер органдарынын кызматындагы кызматкерлер, курсанттар, ошондой эле кийим формаларын кийип жүрүүгө укуктуу запастагы, же отставкадагы адамдар укуктуу.
1.2. Кызмат убагында ички иштер органдарынын кызматкерлери атайын ыйгарылган наамдарына ылайык алар үчүн белгиленген кийим формаларын кийип жүрүүгө милдеттүү, ага кызмат убагында жарандык кийимчен жүрүүгө белгиленген тартипте уруксат берилген адамдар кийбейт. Кийинип жүргөн кийимдердин формаларынын предметтери белгиленген үлгүлөргө жана сыпаттоого жооп бериши, ошондой эле кынтыксыз сакталышы керек.
1.3. Милициянын жана ички кызматтын кийим формасы параддык, күнүмдүк жана кыдырып-күзөтүүчү кызмат үчүн, ал эми жыл мезгили боюнча жайкы жана кышкы болуп бөлүнөт.
Белгиленген кийим формалары төмөнкү учурларда кийилет:
- параддык - ички иштер органдарынын кызматкерлери Ант берип жатканда;
- ардактуу кароолдун курамына дайындалганда;
- мамлекеттик сыйлыктарды алып жатканда;
- кызматка дайындалып жатканда түздөн түз башчысына тааныштырууда жана атайын наам тапшырылып жатканда;
- ички иштер органдарынын катышуусу менен өтүп жаткан расмий иш-чараларда, ошондой эле дем алыш жана майрам күндөрүндө, же кызматтан тышкаркы убакта;
- кыдырып-күзөтүүчү - кыдырып-күзөтүү кызматы учурунда, атайын милдеттерди аткарууда, нөөмөттө жана сабактарда;
- күнүмдүк - бардык башка учурларда.
1.4. Жабдуунун тиешелүү нормалары боюнча керектүү атайын кийимди жана бут кийимди ички иштер органдарынын кызматкерлери өзгөчө шарттарда кызмат милдеттерин аткарууда, ошондой эле техниканы жана кызматтык айбанаттарды тейлөөдө кийишет.
1.5. Кийим формасын, аткарып жаткан милдеттердин мүнөзүн жана шарттарын эске алуу менен, ошондой эле жайкы жана кышкы кийим формаларына өтүүнү ички иштер органы жайгашкан жери боюнча улук оперативдик башчы белгилейт.
1.6. Саптык кароо, кеңешмелер жана сабактар үчүн кийим формасын ошол иш-чараларды өткөрүп жаткан адамдар белгилейт.
1.7. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- белгиленбеген үлгүдөгү кийим формасынын предметтерин, айырмалоочу белгилерди жана төш белгилерди тагынууга;
- күнүмдүк кийим формаларын бир эле учурда кыдырып-күзөтүүчү кийимдер менен бирге кийүүгө, буга ушул Эрежелерде каралган бөтөнчө учурлар кирбейт;
- кийим формасын жарандык, же аскер формасы менен аралаш кийүүгө.
2.1. Жетекчи жана катардагы курамдын кийим формасы (эркектер үчүн).
2.1.1. Сый кийим формасы.
Жайкы.
Фуражка жана каралжын түстөгү шым, агыш-көгүлтүр түстөгү китель, каралжын түстөгү галстук менен ак көйнөк, кара түстөгү ботинка.
Кышкы.
Мех тумак (жогорку жетекчи курам үчүн - каракүл) каралжын түстө, каралжын түстөгү мех жакалуу кышкы пальто (жетекчи курам үчүн - каракүл), агыш-көгүлтүр түстөгү китель, каралжын түстөгү шым, каралжын түстөгү галстук менен ак көйнөк, кара ботинка, же кыска кончтуу булгаары кара өтүк, кара түстүү мээлей, ак түстүү кашне.
2.1.2. Күнүмдүк кийим формасы.
Жайкы.
Фуражка жана каралжын түстөгү шым, агыш-көгүлтүр түстөгү китель, каралжын түстөгү галстук менен ак көйнөк, кара түстөгү ботинка.
Кышкы.
Кулакчындуу мех тумак (жогорку жетекчи курам үчүн - каракүл) каралжын түстө, каралжын түстөгү мех жакалуу кышкы пальто (жетекчи курам үчүн - каракүл), агыш-көгүлтүр түстөгү китель, каралжын түстөгү шым, каралжын түстөгү галстук менен ак көйнөк, кара ботинка, же кыска кончтуу булгаары кара өтүк, кара түстүү мээлей, боз кашне.
2.1.3. Кыдырып-күзөтүүчүнүн кийим формасы.
Жайкы.
Кепка же фуражка (атайын бөлүмчөлөрдө - берет) бозомук түстөгү түз бычылыштагы синтетикалык күрмө жана шым, каралжын түстөгү көйнөк кочкул-көгүш түстөгү галстук менен (майка-футболка, атайын бөлүкчөлөрдө тельняшка), күрмөнүн (шымдын) куру кара (күрөң) түстө, кончу бийик кара түстүү ботинка.
Кышкы.
Боз түстөгү кулакчындуу мех тумак, кышкы суу өткөрбөс кездемеден тигилген каралжын күрмө жана шым, каралжын түстүү көйнөк каралжын боз түстүү галстук менен (майка-футболка, атайын бөлүмчөлөрдө - тельняшка), кара кончтуу ботинка, же кыска кончтуу булгаары кара өтүк, кара түстүү мээлей, боз кашне.
2.1.4. Төмөнкүлөрдү кийип жүрүүгө уруксат берилет:
- кызыл түстөгү лампастуу кочкул-көгүш жүн кездемеден тигилген шым (ачык көгүш китель менен, же сый кийим формасында кителсиз (жогорку жетекчи курам үчүн);
- көгүш түстүү каракүл тумак менен кийилүүчү мех күрмө менен (генералдар үчүн);
- жүн кездемеден тигилген (жарым жүн) кочкул-бозомук фуражканы кышында күнүмдүк жана сый кийим формасынын кулакчындуу тумагынын ордуна;
- жүн кездемеден жасалган (жарым жүн) пилотка каралжын (ак) түстүү көйнөк менен кителсиз жайкы күнүмдүк кийим формасында;
- жылдын кайсы мезгилинде болбосун мех жакасыз кышкы пальто жана кочкул-бозомук күзгү-жазгы күрмө;
- кочкул-бозомук түстүү суу өткөрбөс кездемеден тигилген күрмөнү кышкы пальтонун ордуна кышында күнүмдүк жана сый кийим формасын кышкы пальтонун ордуна;
- жайкы күнүмдүк жана сый кийим формасынын, ошондой эле кийим формасынын жайкыга өткөнгө чейинки жаз мезгилинде жана кийим формасынын кышкыга өткөндөн кийин күз мезгилинде кийилүүчү боз кашне менен (ак) кочкул-бозомук түстөгү күзгү-жазгы плащ;
- күнүмдүк кышкы кийим формасынын боз кашне менен кочкул-бозомук түстөгү кышкы күрмө;
- күнүмдүк жайкы кийим формасынын кителинин ордуна кочкул-бозомук түстүү жүн, жарым жүн, синтетика кездемеден тигилген күрмө (фуражка же пилотка менен);
- күнүмдүк жайкы кийим формасынын кителсиз каралжын жана ак түстүү көйнөгүн (жеңи узуну галстук менен, жеңи кыскасы - галстуксуз);
- кыдырып-күзөтүүчү кийим формасында синтетикалык күрмөсүз каралжын жана ак түстүү көйнөк (жеңи узуну галстук менен, жеңи кыскасын галстуксуз);
- күнүмдүк, сый жана кыдырып-күзөтүүчү жайкы кийим формасында кочкул-бозомук түстөгү жайкы плащ;
- жаанда кийүүчү кочкул-бозомук түстүү плащ-жамынма.
2.2. Аялдардын кийим формасы (жетекчи жана катардагы курам үчүн).
2.2.1. Сый кийим формасы.
Жайкы.
Кочкул-бозомук түстүү пилотка, жакет, кочкул-бозомук түстүү юбка, ак түстүү блузка кочкул-бозомук түстүү галстук, же галстук-бант менен, кара түстөгү туфли.
Кышкы.
Боз түстөгү кулакчындуу мех тумак (жогорку жетекчи курам үчүн "каракүлдөн") мех жакалуу кышкы боз пальто (жогорку жетекчи курам үчүн - "каракүлдөн"), кочкул-бозомук түстүү жакет, кочкул-бозомук түстүү юбка, кочкул-бозомук түстүү галстук, же галстук-бант менен ак блузка, кара туфли (өтүк), кара мээлей, ак кашне.
2.2.2. Күнүмдүк кийим формасы.
Жайкы.
Кочкул-бозомук түстүү пилотка, жакет, юбка, көгүш-бозомук (ак) түстүү блузка, кочкул-бозомук түстүү галстук, же галстук-бант менен, кара түстөгү туфли.
Кышкы.
Боз түстүү мех тумак (жогорку жетекчи курам үчүн - "каракүлдөн") мех жакалуу кышкы боз пальто (жогорку жетекчи курам үчүн - "каракүлдөн"), кочкул-бозомук түстүү жакет, кочкул-бозомук түстүү юбка, кочкул-бозомук түстүү галстук, же галстук-бант менен ак блузка, кара туфли (өтүк), кара мээлей, ак кашне.
2.2.3. Төмөнкүлөрдү кийип жүрүүгө уруксат берилет:
- кышкы күнүмдүк жана сый кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна кочкул-бозомук түстөгү пилотка;
- жайкы күнүмдүк кийим формасында жакетсиз каралжын (ак) түстүү блузка менен кочкул-бозомук түстөгү жүн кездемеден тигилген пилотка;
- бардык мезгилде мех жакасыз кышкы пальто;
- жайкы күнүмдүк жана сый кийим формасында боз (ак) кашне менен кочкул-бозомук түстүү пальто жана күзгү-жазгы плащ, ошондой эле жаз мезгилинде жайкы формага өткөнгө чейин жана күз мезгилинде кийимдин кышкы формасына өткөндөн кийин;
- кышкы күнүмдүк кийимдин формасында жакеттин ордуна боз кашне менен кочкул-бозомук түстүү суу өткөрбөс кездемеден тигилген кышкы күрмө;
- жайкы күнүмдүк кийимдин формасында жакеттин ордуна кочкул-бозомук түстүү жүндөн токулган кездемеден тигилген (жарым жүндөн токулган) күрмө (пилотка менен);
- ак жана каралжын түстүү блузка (узун жеңдүү - галстук, же галстук-бант менен, кыска жеңдүү - галстуксуз, же галстук-бантсыз) жайкы күнүмдүк кийимдин формасында жакеттин ордуна;
- ак жана каралжын түстүү блузка (узун жеңдүү - галстук, же галстук-бант менен, кыска жеңдүү - галстуксуз, же галстук-бантсыз) жүндөн токулган кездемеден, жарым жүндөн токулган кездемеден тигилген күрмөсүз.
- жайкы күнүмдүк, сый кийим формасында кочкул-бозомук түстүү жайкы плащ;
- жаанчыл күндөрү кочкул-бозомук түстүү жамынма-плащ;
- күнүмдүк жайкы жана кышкы кийим формасында кочкул-бозомук жүндөн токулган кездемеден тигилген жана синтетикалык каралжын түстүү көйнөк;
- күнүмдүк кийим формасында кочкул-бозомук түстүү жүндөн токулган кездемеден тигилген шым;
- сый кийим формасында агыш-көк жакет менен, же жакетсиз кочкул-көк түстүү жүндөн токулган кездемеден тигилген юбка (жогорку жетекчи курам үчүн).
3.1. Кулакчындуу тумак, фуражка жана панама түз кийилет, а пилотка, берет - оң жакка саал кыйшайта кийилет. Мында фуражканын маңдайчасы жана панаманын этеги каштын деңгээлинде, ал эми кулакчындуу тумактын, береттин төмөнкү кыры каштан 2-4 см жогору болууга тийиш.
Жогорку жетекчи курам кокардалуу жана алтын түстө саймаланган, жүндөн токулган кездемеден тигилген фуражка кийишет, а калган жетекчи жана катардагы курам - кокарда жана алтын түстүү эмблема менен кийилет.
Кулакчындуу тумак, пилотка, берет, фуражка жана панама кокарда жана алтын түстүү эмблема менен кийилет.
Кокарданын, эмблемалуу кокарданын ортосу мурундун кайкысынын үстүндө болушу тийиш.
Тумактын кулакчынын сыртта катуу суук болгондо түшүрүп кийүүгө уруксат берилет. Тумактын кулакчыны түшүрүлгөндө анын боолору ээк алдында байлануу болушу керек, ал эми кулакчындар түрүлүү болгондо байланган боолор алардын алдына жашырылып коюлат.
Чечилген баш кийим эркин төмөн түшүрүлгөн сол колдо болушу тийиш: тумактын, фуражканын, пилотканын, панаманын жана береттин кокардалары алдына каратылып кармалат; фуражканын, тумактын, панаманын жана береттин төмөнкү кыры кызматкердин бутун, а пилотканыкы -төмөн карашы тийиш.
3.2. Мех жакалуу кышкы пальто кабымасы менен же ансыз бардык топчулары топчуланып кийилиши керек.
Эркектин кышкы пальтосунун этеги жерден 40 см жогору, аялдыкы 38-42 см жогору болушу тийиш.
Күзгү-жазгы күрмө бардык топчулары жана тырс этмелери топчуланып кийилет.
Аялдын жайкы пальтосу бардык топчулары бүчүлөнүп кийилет, пальтонун куру тогоосуна бекитилген болушу тийиш.
Пальтонун этеги жерден 42-45 см жогору болушу тийиш.
3.3. Күзгү-жазгы плащ бардык топчулары бүчүлөнүп кийилет, кабымасы, чүмкөмөсү менен же аларсыз. Плащтын куру тогоосуна бекитилген болушу тийиш. Плащтын этеги жерден 42-45 см жогору.
3.4. Жайкы плащ бардык топчуларына топчуланып кийилет, чүмкөмөсү менен, же аларсыз. Плащтын куру тогосуна бекитилген болушу тийиш. Плащтын этеги жерден 42-45 см жогору. Плащ бүктөлгөн боюнча пакетте кармалат.
3.5. Жамынма-плащ бардык топчулары бүчүлөнүп кийилет, чүмкөмөсү менен, же аларсыз, жаандуу күндөрдө - жайкы, же кышкы кийимдердин предметтеринин тышынан. Жамынма-плащты түрүп коюп ийиндеги курда, же ичин сыртына каратып тыкан бүктөп, сол колдо алып жүрүүгө уруксат берилет.
Китель менен жакетти бардык топчуларын бүчүлөп кийет.
Жүн кездемеден тигилген (жарымы жүн) күрмөнү бардык топчусуна топчулап, ал эми сыдырманы - акыректин деңгээлине чейин сыдырып кийет. Суук күндөрү күрмөнүн сыдырмасын аягына чейин сыдырууга уруксат берилет.
Жүн, жарым жартылай жүндөн токулган жана синтетикалык кездемеден тигилген түз үлгүдөгү шым ботинка, же өтүк кийгенде бут кийимге шымдалып кийилет, мындайда шымдын бастырыгы иш абалында болушу тийиш. Шымды кончу бийик ботинканын, же өтүктүн сыртына чыгарып кийүүгө уруксат берилет.
Кышкы синтетикалык күрмө бардык тырс этмесине (топчуларына) бүчүлөнөт. Жаандуу күндөрдө күрмө чүмкөмөсү жана жакасы көтөрүп кийилет.
Күрмөнүн жогорку тырс этмеси (топчусу) бүчүлөнбөген боюнча, кабымасыз, мех жакасыз жана бел курсуз, ошондой эле суук күндөрү жайкы күнүмдүк кийим формасында жана кышкы күнүмдүк кийим формасында кийип жүрүүгө уруксат берилет.
Көйнөктөр (блузкалар) бардык топчуларга топчуланып, погондору жана галстук менен кийилет. Көйнөктүн (блузканын) жакасы артынан кителдин (жакеттин) жакасынын жогорку чети менен бир деңгээлде болушу, же 0,5 см жогору чыгып турууга тийиш.
3.6. Пальто, плащтар, кителдер, жакеттер, көйнөктөр, күрмөлөр жана шымдар белгиленген үлгүдө, таза жана үтүктөлгөн болушу керек.
Шымдын тигинен үтүктөлгөн кыры болушу керек.
Пальтонун, кителдин, жакеттин, күрмөнүн жана көйнөктүн чөнтөктөрүнүн капкалдыктары сыртына чыгарылуу болушу тийиш.
3.7. Кашне пальтонун, плащтын, күзгү-жазгы күрмөнүн жакасынын алдына жакшылап салынышы керек. Кашненин жогорку чети жакадан 1-2 смге бирдей деңгээлде чыгып турууга тийиш.
Мээлей кийимдин кышкы формасы менен кийилет. Урмат көрсөтүүдө ("Честь" берүү) мээлей чечилбейт.
Бут кийим белгиленген үлгүдө, кара түстө болушу керек.
Байпактар кара, же кочкул-бозомук түстө болушу керек.
Курдун тогоосу алдын карап, дал ортосуна келиши тийиш.
3.8. Сумка-планшет кийим предметтеринин үстүнөн оң ийинге кийилүүчү курда кармалат.
3.9. Кийип жүрүүгө уруксат берилет:
- көйнөктөр (блузкалар) погондор жана галстук менен кителсиз (жакетсиз, күрмөсүз) жайкы күнүмдүк кийим формасында, ал эми үй ичинде жылдын кайсы мезгили болсо да;
- көйнөктөр (блузкалар) каралжын түстө погондору менен, жогорку топчусу топчуланбаган, галстуксуз, кителсиз (жакетсиз, күрмөсүз) жайкы күнүмдүк кийим формасында, ал эми үй ичинде - жылдын кайсы мезгили болсо да;
- галстук белгиленген үлгүдөгү алтын түстүү кыпчуур менен көйнөктүн жогорку 3-жана 4-топчусунун ортосуна бекитилет.
3.10. Төмөнкөлөрдү кийип жүрүүгө тыюу салынат:
- оңуп кеткен жана үтүктөлбөгөн, погондору бүктөлүп жана кирдеп калган көйнөктөрдү;
- оңуп кеткен жана кирдеген галстуктарды;
- үстү жарылып кеткен, апкыты жешилген, же кончу түрүлгөн бут кийимдерди, ошондой эле булганган бут кийимди;
- оңуп кеткен байпактарды.
4.1. Формалык кийимдердин жана атайын кийимдердин предметтеринде погондор тагылат: тигилме кышкы пальтого, сезонсуз күрмөгө (пальто), кителдерде жана жакеттерде: алып коймо - жүндөн, жарым жартылай жүндөн токулган кездемеден, синтетикадан тигилген күрмөдө, көйнөктөрдө, блузкаларда жана аялдын көйнөгүндө.
4.2. Тигилме жана алып коймо погондордо погондун жогорку чегинен 15 мм аралыкта алтын түстүү формалык топчу жайгашат.
4.3. Милициянын жана ички кызматтын курамындагы жогорку, улук, орто жетекчи курамдагылардын погондорунда жылдыздар төмөндөгү тартипте жайгаштырылат:
- генерал-полковниктер үчүн - погонунда 3 жылдыз, диаметри 22 мм, погондун төмөнкү четинен 1-жылдыздын ортосуна чейин 25 мм жана жылдыздардын борборлорунун арасындагы аралык погонду бойлото 25 мм;
- генерал-лейтенант үчүн - погонунда 2 жылдыз, диаметри 22 мм, погондун төмөнкү четинен 1-жылдыздын ортосуна чейин 25 мм жана жылдыздардын борборлорунун арасындагы аралык погонду бойлото 25 мм;
- генерал-майор үчүн - погонунда 1 жылдыз, диаметри 22 мм, погондун төмөнкү четинен 1-жылдыздын ортосуна чейин 50 мм;
- полковниктер үчүн - погонунда 3 жылдыз, диаметри 20 мм, погондун төмөнкү четинен 1-жылдыздын ортосуна чейин 30 мм жана жылдыздардын борборлорунун арасындагы аралык погонду бойлото 25 мм;
- подполковниктер үчүн - погонунда 2 жылдыз, диаметри 20 мм, погондун төмөнкү четинен 1-жылдыздын ортосуна чейин 30 мм;
- майор үчүн - погонунда 1 жылдыз, диаметри 20 мм, погондун төмөнкү четинен 1-жылдыздын ортосуна чейин 45 мм;
- капитандар үчүн - погонунда 4 жылдыз, диаметри 13 мм, погондун төмөнкү четинен 1-жылдыздын ортосуна чейин 30 мм жана жылдыздардын борборлорунун арасындагы аралык погонду бойлото 25 мм;
- улук лейтенант үчүн - погонунда 3 жылдыз, диаметри 13 мм, погондун төмөнкү четинен 1-жылдыздын ортосуна чейин 30 мм жана жылдыздардын борборлорунун арасындагы аралык погонду бойлото 25 мм;
- лейтенанттар үчүн - погонунда 2 жылдыз, диаметри 13 мм, погондун төмөнкү четинен 1-жылдыздын ортосуна чейин 30 мм;
- кенже лейтенанттар үчүн - погонунда 1 жылдыз, диаметри 13 мм, погондун төмөнкү четинен 1-жылдыздын ортосуна чейин 45 мм.
4.4. Погондун түрүнө жараша жылдыздар төмөнкүдөй жайгашат:
Тигилме жана алып коймо погондордо:
- генералдар үчүн - узунунан кеткен ортоңку сызыкта;
- полковниктер үчүн - ачык жердеги эки төмөнкү жылдыз, үчүнчүсү берки экөөнөн жогору узунунан кеткен ортоңку сызыкта;
- подполковниктер үчүн - ачык жерде;
- майорлор үчүн - узунунан кеткен ортоңку сызыкта;
- капитандар үчүн - төмөнкү жылдыздар - погондун четтеринин ортосунда жана ачык жерде бирден, 3- жана 4- жылдыз - ачык жерде, мурдагы экөөнөн жогору;
- ага лейтенанттар үчүн - погондун четтеринин ортосунда жана ачык жерде бирден, 3-жылдыз ортосу ачыкта, мурдагы экөөнөн жогору;
- лейтенанттар үчүн - погондун четтеринин ортосунда жана ачык жерде бирден жылдыз;
- кенже лейтенанттар үчүн - ачык жерде;
- ага прапорщиктер, прапорщиктер үчүн - узунунан кеткен ортоңку сызыкта.
4.5. Милициянын жана ички кызматтын кенже жетекчи курамынын погондорунда (прапорщиктерден башка) алтын түстүү тигилме (металл пластинка) жайгашат:
- старшина - узунунан кеткен бир тигилме, эни 20 мм;
- ага сержант - туурасынан кеткен бирөө, эни 20 мм;
- сержант - үч туурасынан кеткен, эни 10 мм;
- кенже сержант - эки туурасынан кеткен, 10 мм.
4.6. Тигилмелер (металл пластинкалар) төмөндөгү тартипте жайгашышат:
- ага сержанттын, сержанттын, кенже сержанттын погондорунда туура кеткен тигилменин четинен 1-туура кеткен тигилмеге чейин (металл пластинка) 40 мм аралыкта;
- сержанттардын жана кенже сержанттардын погондорундагы кийинки туура кеткен тигилмелер (металл пластинкалар) - биринчиден жогору арасындагы ачык 2 мм;
- старшиналардын погондорунун талаасынын ортосунда - алтын түстүү узунунан кеткен тилке, а старшинанын тигилген погондорунда - погондун ортосунда узундугу 45 мм металл пластинка погондун төмөнкү четинен металл пластинканын төмөнкү четине чейин 10 мм аралыкка.
4.7. Курсанттардын жана мектептин угуучуларынын тигилме погондорунун үстүндө (прапорщик жана старшина наамындагы курсанттар менен угуучулардан башка) алтын түстүү "К" ариби жайгашкан. Ариптин бийиктиги 20 мм; погондун төмөнкү четинен арипке чейинки аралык - 15 мм.
4.8. Милиция генералдарынын кышкы пальтосунун жана күзгү-жазгы күрмөсүнүн жакасынын бурчунда петлицалар бекитилет.
Аларда петлицалар жаканын кайырмасына алардын төмөнкү чети жаканын четине дал келгендей болуп жарыш жайгашышат (жаканын кантын жаппастан).
Кителдердин жакаларынын бурчтарында жана петлицаларында лавр бутактарынын түспөлүндөгү алтындалган сайма.
4.9. Металл эмблемалары кителдердин, жакеттердин, күрмөлөрдүн жакасынын бурчтарына бекитилет жана жаканын кайырмасына жарыш болушу тийиш.
4.10. "Кыдырып-күзөтүү кызматы" жана "Мамавтоинспекция" деген төш белгилер төштүн сол жагына тагылышы керек.
5.1. Ордендер, медалдар, ордендик тасмалар жана планкадагы медалдардын тасмалары, башка айырмалоочу белгилер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаңы белгиленген сыйлыктары кийим формасында мамлекеттик бийликтин тийиштүү органдарынын чечимдери белгилеген тартипте жайгаштырылат.
5.2. Мындайда төмөндөгүдөй бөтөнчөлүктөр сакталууга тийиш:
5.2.1. Төштүн сол жагындагы ордендер менен медалдар төштүн ортосунан четти карай катары менен туура жайгаштырылат. Бир катарга батпаган ордендер менен медалдар, экинчи жана кийинки катарларга биринен кийин бири жайгаштырылат.
5.2.2. Төштүн оң жагындагы ордендер менен медалдар төштүн ортосунан четти карай катары менен туура жайгаштырылат. Бир катарга батпаган ордендер экинчи катарга сыйлыгыштырылат. Акыркы катардагы ордендер (медалдар) симметриялуу болушу керек, а катардагы ордендердин шарттуу борборлору бир деңгээлде болушу керек. Ордендердин катар аралыгы - 10 мм, ордендердин (медалдардын) аралыгы - 5-10 мм болот.
5.2.3. Ордендик тасмалар жана планкадагы медалдардын тасмалары төштүн ортосунан туура катар менен сол тарабына симметриялуу жайгаштырылат. Катар 4 тасмадан ашык болбошу тийиш. Бир катарга сыйбаган тасмалар, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү катарга жайгаштырылат. Ордендер менен медалдар 16 дан ашык болсо, статусу жогорку ордендер менен медалдардын тасмалары гана тагылат.
Ордендер менен медалдардын тасмалуу планкасынын бийиктиги - 8 мм.
5.2.4. Ардак наамдарга карата төш белгилер белгинин төмөнкү чети жаканын бурчунун деңгээлинде болгудай кылып лацкандан 10 мм оңго жайгаштырылат, ал эми ордендер (медалдар) болгондо - алардан жогору.
5.2.5. Кийим формасына тагып жүрүү үчүн уруксат берилген төш белгилер, төштүн ортосунан четти карай туурасынан катары менен оң тарабында жайгаштырылат.
Окуу жайды бүтүргөндүгү тууралуу белгини тагынып жүрүү милдеттүү болуп саналат.