Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 30-сентябры №607
"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттар тобу демилге кылган "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 607 токтому менен жактырылган |
"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ю.А.Данилов, Р.И.Отунбаева, С.В.Попов, А.О.Бурканов демилге кылган "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Каралган мыйзам долбоору энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн экономикалык жана укуктук механизмдерди түзүүгө багытталган. Мыйзам долбоорунда энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча долбоорлордун өзүн-өзү актоосунун чектелген мөөнөтү 8 жылдан ашпай тургандыгы белгиленген.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 1-пунктунун экинчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуш кылат:
"- ЭКБны пайдалануу боюнча долбоорлордун өзүн-өзү актоосунун чектелген мөөнөтү 10 жылдан ашпай тургандыгын белгилөө;".
ЭБК долбоорлорунун өзүн-өзү актоосунун мөөнөтүн 10 жылга чейин көбөйтүү ЭБКны өнүктүрүү үчүн абдан натыйжалуу экономикалык жана укуктук механизмдерди түзүүгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык нормативдик укуктук актыларды чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында иштеген мамлекеттик органдар үчүн каралбагандыгын эске алып, берилген мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 4-пунктун кайрадан иштеп чыгууну сунуш кылабыз.
Жер участкаларын бөлүп берүү маселелери Кыргыз Республикасынын Жер кодекси менен жөнгө салынаарына байланыштуу мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 4-пунктунун акыркы абзацын колдонуудагы мыйзамдарга ылайык кайрадан иштеп чыгууну же алып салууну сунуш кылабыз.