Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 18-сентябрындагы № 590
2008-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылыш жыйынтыктары жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2008-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылыш жыйынтыктарына № 1,2,3 тиркемелерге ылайык макулдук берилсин.
2. 2008-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылыш жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 2008-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылыш жыйынтыктарын тааныштыруу сунушталсын.
Премьер-министри | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-сентябрындагы № 590 токтомуна № 1 тиркеме |
2008-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылыш жыйынтыктары жөнүндө
2008-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жалпы кирешелери 13539 млн. сомду (ИДПга карата 7,3%) түздү, бул 2007- жылдагы кирешелерге караганда 35 пайызга көп, анын ичинде пландагы 7995,2 млн. сомдун ордуна 9054,2 млн.сомдук камсыздандыруу төгүмдөрү түштү, же планды аткаруу 113,2 пайызды түздү. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасынан 8281,4 млн.сом утурумдук төлөмдөр жана 772,8 млн. сом өткөн жылдагы мөөнөтү өткөн карыздардын эсебинен түшкөн. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшүнүн көбөйүшү 2007-жылга салыштырганда 26,9 пайызды түздү же 1917,5 млн.сомго көп.
2008-жылы камсыздандыруу базасын кеңейтүү максатында бардык эмгекке жарамдуу жарандарды персонификациялык эсепке алуу, аларга идентификациялак номерлерди ыйгаруу жана жеке камсыздандыруу эсептерин ачуу боюнча жигердүү иштер жүргүзүлдү. 2009-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы санынан персонификацияланган эсепке алуу системасында эсепте турган жарандардын саны 4,3 млн. адамды же калктын жалпы санынын 82,1 пайызын түздү, анын ичинде иш менен алектенгендер 1,7 млн.адам: же экономикалык жактан активдүү калктын 95,4 пайызы. Камсыздандырылган жарандарга жеке камсыздандыруу эсептеринен топтолгон төгүмдөрүнүн суммасын көрсөтүү менен көчүрмөлөр жөнөтүлүүдө. Жалпы жонунан 2008-жылы жеке камсыздандыруу эсептеринен 1,4 млн. көчүрмө жөнөтүлгөн.
Республикалык бюджеттен аскер кызматчыларына пенсия төлөө, жеңилдик пенсиялар жана пенсияларга кошумча төлөөлөр, электр энергиясына тарифтердин жогорулашына байланыштуу компенсациялык төлөмдөр үчүн милдеттүү түрдө бөлүнүүчү каражаттар Социалдык фондго толугу менен келип түштү жана ал 1 704,1 млн.сомду түздү.
Дивиденддердин, капиталдаштырылган каражаттардын, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өз убагында жана толугу менен төлөнбөгөндүгү үчүн туум жана айып акылардын жана башка түшүүлөрдүн эсебинен түшкөн киреше 271,4 млн.сомду түзгөн, же бюджетте каралган 340,0 млн. сомдун ордуна 131,4 млн.сомго көбүрөөк.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2008-жылдагы чыгымдары бюджетте каралган 9674,4 млн.сомдун ордуна 9358,5 млн. сомду түздү, анын ичинде: Пенсиялык фонд - 8798,1 млн.сом, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду - 560,4 млн.сомду түздү.
2008-жылы пенсияларды жана аларга кошумча төлөөлөрдү жогорулатуунун эсебинен Пенсиялык фонддун чыгымдары 2007-жылдагыга караганда 1 683,0 млн.сомго жогорулады жана 8798,1 млн. сомду түздү. Пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу үч этапта жүргүзүлдү. Алсак Кыргыз Республикасынын Президентинин «2008-жылы пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү жөнүндө» 2007-жылдын 21-декабрындагы № 556 Жарлыгына ылайык 2008-жылдын 1-январынан баштап пенсиянын базалык бөлүгү 450 сом өлчөмүндө белгиленген же 50 сомго көбөйгөн, «Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 10-июнундагы № 202 Жарлыгына ылайык 2008-жылдын 1-июлунан баштап пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 10 пайызга жогорулатылган жана «Пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 16-сентябрындагы № 334 Жарлыгына ылайык 2008-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү 530 сом суммасында белгиленген жана пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 17 пайызга жогорулатылган. Орточо жылдык жогорулатуу 2008-жылы 28 пайызды түздү.
2008-жылы жыл бою пенсия төлөөдө карыздарга жол берилген жок. Алсак, 2009-жылдын 1-январына карата пенсия төлөөгө керектелүүчү 7810,2 млн.сом каржыланып жана толугу менен төлөнгөн.
«2008-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун администрациялык чыгымдарына бюджеттен 293,5 каралган, 258,5 млн.сом каржыланган.
2008-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 570 млн. сом менен каржыланган, анын ичинде 9,7 млн.сом 2007-жыл үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздар жоюлган.
Ошону менен бирге фермердик жана дыйкан чарбалар (36%) жана уюмдашкан айыл чарба секторлору (87,8%) боюнча утурумдук камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча план аткарылган эмес.
Пенсияларды төлөөдө байланыш ишканалары тарабынан пенсиялык каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары жоюлган эмес. Алсак, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 4,8 млн. сом суммасында финансылык тартип бузуулар табылып, 4,8 млн. сом калыбына келтирилген.
Бюджетти аткаруу боюнча иштерде кемчилик кетирген Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарынын жетекчилери жана адистери финансылык тартип бузуу фактылары боюнча катуу жоопкерчиликке тартылып, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жыйналышын башкаруу боюнча ченемдик-усулдук базаны өркүндөтүү, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарынын туура чыгымдалышына контролду күчөтүү, кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу жана бюджетти аткаруунун жүрүшүндө табылган конкреттүү кемчиликтерди четтетүү боюнча иш чаралар жүргүзүлүүдө.
2008-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун башкармасынын жыйналышында каралды.
Кыргыз Республикасынын Аппарат жетекчиси-министр |
Н.Айтмурзаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-сентябрындагы № 590 токтомуна № 2 тиркеме |
2008-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышы
(млн. сом)
| позициянын № | 2008-жылга такталган бюджет | 2008-жылга бюджеттин аткарылышы |
| |||
БАРДЫК КИРЕШЕЛЕР | 1 | 9 839,3 | 13 539,0 |
ИДПга карата % менен | 2 | 6,2 | 7,3 |
- Пенсиялык фондго | 3 | 9 330,1 | 12 943,9 |
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна | 4 | 509,2 | 595,1 |
анын ичинде: |
|
|
|
I. Камсыздандыруу төгүмдөрү, бардыгы | 5 | 7 995,2 | 9 054,2 |
- Пенсиялык фондго | 6 | 7 486,0 | 8 459,1 |
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна | 7 | 509,2 | 595,1 |
Жыл башындагы калдыктар | 8 |
| 2 509,3 |
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү | 9 | 7 995,2 | 9 054,2 |
жумуш берүүчүдөн: | 10 | 5 953,5 | 6 844,4 |
Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 11 | 5 444,3 | 6 249,3 |
Милдетүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр | 12 | 509,2 | 595,1 |
кызматкерден: | 13 | 2 041,7 | 2 209,8 |
Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 14 | 2 041,7 | 2 209,8 |
1. Өнөр жай жана башка ишканалар менен уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 15 | 4 487,1 | 4 968,0 |
жумуш берүүчүдөн: | 16 | 3 157,6 | 3 608,5 |
Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 17 | 2 835,1 | 3 238,8 |
Милдетүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр | 18 | 322,5 | 369,7 |
кызматкерден: | 19 | 1 329,5 | 1 359,5 |
Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 20 | 1 329,5 | 1 359,5 |
2. Бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 21 | 2 374,1 | 3 067,4 |
жумуш берүүчүдөн: | 22 | 1 670,7 | 2 225,6 |
Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 23 | 1 500,0 | 2 006,0 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр | 24 | 170,7 | 219,6 |
кызматкерден: | 25 | 703,4 | 841,8 |
Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 26 | 703,4 | 841,8 |
3. Айыл чарбасынын уюмдашкан секторунун камсыздандыруу төгүмдөрү | 27 | 28,6 | 25,1 |
жумуш берүүчүдөн: | 28 | 20,2 | 18,2 |
Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 29 | 18,2 | 16,4 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр | 30 | 2,0 | 1,8 |
кызматкерден: | 31 | 8,4 | 6,9 |
Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 32 | 8,4 | 6,9 |
4. Фермер, дыйкан чарбаларын камсыздандыруу төгүмдөрү | 33 | 179,6 | 64,6 |
Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 34 | 165,6 | 60,6 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр | 35 | 14,0 | 4,0 |
5. Жеке ишкердик менен алектенгендердин камсыздандыруу төгүмдөрү | 36 | 122,0 | 150,8 |
Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 37 | 122,0 | 150,8 |
6. Жеңилдик берилген уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 38 | 3,8 | 5,5 |
жумуш берүүчүдөн: | 39 | 3,4 | 3,9 |
Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 40 | 3,4 | 3,9 |
кызматкерден: | 41 | 0,4 | 1,6 |
Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 42 | 0,4 | 1,6 |
Жыл бою (учурдагы) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы түшүшү | 43 | 7 195,2 | 8 281,4 |
жумуш берүүчүдөн: | 44 | 5 153,5 | 6 071,6 |
Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 45 | 4 644,3 | 5 476,5 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр | 46 | 509,2 | 595,1 |
кызматкерден: | 47 | 2 041,7 | 2 209,8 |
Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 48 | 2 041,7 | 2 209,8 |
7. Өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын түшүшү | 49 | 800,0 | 772,8 |
II. Башка кирешелер (дивиденддер жана башкалар) | 50 | 140,0 | 271,4 |
III. Республикалык бюджеттен түшүүлөр | 51 | 1 704,1 | 1 704,1 |
анын ичинде: |
|
|
|
Электр кубатына төлөнгөн компенсация | 52 | 474,9 | 474,9 |
Аскер кызматкерлеринин пенсиялары жана камсыздандыруусу | 53 | 406,2 | 406,2 |
пенсиялар жана пенсияларга кошумча төлөөлөр | 54 | 823,0 | 823,0 |
БАРДЫК ЧЫГЫМДАР | 55 | 9 674,4 | 9 358,5 |
ИДПга карата % менен | 56 | 6,1 | 5,1 |
I. Пенсиялык каражаттар боюнча | 57 | 9 165,2 | 8 798,1 |
Пенсиялар | 58 | 7 599,8 | 7347,2 |
Электр энергиясы үчүн компенсация | 59 | 469,8 | 463,0 |
Жеткирүү боюнча чыгымдар | 60 | 119,6 | 102,3 |
Банктык тейлөөгө чыгымдар | 61 | 39,4 | 38,6 |
Аскер кызматчыларынын пенсиялары жана аларды камсыздандыруу | 62 | 450,6 | 443,6 |
Сөөк коюуга пособие | 63 | 112,8 | 102,0 |
Персонификацияланган эсепке алуу боюнча чыгымдар | 64 | 9,7 | 9,7 |
Социалдык фонддун администрациялык чыгымдары | 65 | 293,5 | 258,5 |
ММКФнын карыздарын жабууга кеткен чыгымдар | 66 | 20,0 | 11,2 |
Башка чыгымдар | 67 | 50,0 | 22,0 |
II. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна | 68 | 509,2 | 560,4 |
Бюджеттин дефицити (-), профицити (┼) | 69 | 164,9 | 4 180,5 |
- Пенсиялык фондуку | 70 | 164,9 | 4 145,8 |
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунуку | 71 | 0,0 | 34,7 |
ИДП | 72 | 158 000,0 | 185 013,0 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр |
Н.Айтмурзаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-сентябрындагы № 590 токтомуна № 3 тиркеме |
2008-жылга Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин аткарылышы
(млн. сом)
| позициянын № | 2008-жылга такталган бюджет | 2008-жылга бюджеттин аткарылышы |
Бардык кирешелер | 1 | 518,9 | 604,8 |
анын ичинде: |
|
|
|
I. Түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрү | 2 | 509,2 | 595,1 |
өнөр жай жана башка ишканалардан жана уюмдардан түшкөнү | 3 | 322,5 | 369,7 |
бюджеттик уюмдардан: | 4 | 170,7 | 219,6 |
уюмдашкан айыл чарба секторунан: | 5 | 2,0 | 1,8 |
фермердик, дыйкан чарбалардан | 6 | 14,0 | 4,0 |
II. Өткөн жылдар үчүн карыздардын жоюлушу | 7 | 9,7 | 9,7 |
Бардык чыгымдар | 8 | 518,9 | 570,1 |
анын ичинде: |
|
|
|
медициналык кызматтарды каржылоо | 9 | 477,4 | 530,7 |
Маалыматтык камсыздоо боюнча чыгымдарды кошкондо администрациялык чыгымдар | 10 | 39,0 | 39,0 |
саламаттык сактоону өнүктүрүүгө | 11 | 2,5 | 0,4 |
Бюджеттин дефицити (-), профицити (┼) | 12 | 0,0 | -34,7 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр |
Н.Айтмурзаев |