Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 687 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-октябры № 657
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-октябрындагы № 720 «Кыргыз Республикасынын айылдарынын айыл башчылары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Жергиликтүү маанидеги маселелерди оперативдүү чечүү жана өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү, айыл башчысынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-октябрындагы № 720 «Кыргыз Республикасынын айылдарынын айыл башчылары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген Айыл башчысы жөнүндө типтүү жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
бүткүл текст боюнча «жергиликтүү өз алдынча башкаруу башчысы» жана «айыл өкмөтүнүн башчысы» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө «айыл округунун башчысы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
I главада:
- 1.1-пунктунда:
«жергиликтүү иштерди жана өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды башкаруу» деген сөздөр «жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
«айылдык кеңештер» деген сөздөр «айылдык округдардын кеңештери» деген сөздөргө алмаштырылсын;
II главада:
- 2.3-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«2.3. Жыйында добуш берүү ачык өткөрүлөт. Эгер сунушталган талапкер жыйынга катышкандардын көпчүлүк добушун алса, ал айыл башчысы кызматына дайындоого макулдашылды деп эсептелет жана ал боюнча айыл округунун башчысы чечим кабыл алат.»;
- 2.5-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«2.5. Айыл башчысынын ишин уюштуруучулук, укуктук жана материалдык-техникалык камсыз кылуу айыл округунун жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу-тескөөчү органы тарабынан жүзөгө ашырылат.»;
III главанын 3.1-пунктунда:
- төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«- жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган иш-чараларды ишке ашыруу жана иштеп чыгуу боюнча сунуштарын киргизет;»;
- он алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«- дене тарбияны, спортту, туризмди өнүктүрүү, жергиликтүү коомчулуктун тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүнү камсыз кылат;»;
- алтынчы, онунчу, жыйырма жетинчи, жыйырма тогузунчу, отуз алтынчы жана отуз жетинчи абзацтар күчүн жоготту деп табылсын;
- кырк биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«- жайыттардын пайдаланылышына контролдукту жүзөгө ашырат;»;
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«- жерлерди сарамжалдуу, анын ичинде муниципалдык менчикте тургандарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда сунуштарды киргизет, ошондой эле жер талаш маселелерин чечүүгө катышат.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 3.2-пункт менен толукталсын:
«3.2. Жергиликтүү иштерди жана өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды оперативдүү башкарууну уюштуруу максатында жергиликтүү коомчулуктун тургундарынын жыйыны тарабынан айыл башчысы үчүн кошумча функциялык милдеттер аныкталышы мүмкүн.»;
IV главада:
- он сегизинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын;
V главанын 5.6-пунктунда:
«айылдык кеңештин» деген сөздөр «айылдык округдун кеңешинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов |