Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-январындагы №17 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият имамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү департаменти жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Департаменттин негизги милдеттери
III. Департаменттин функциялары
IV. Департаменттин укуктары
V. Департаменттин ишин уюштуруу
VI. Департаменттин мүлкү
VII. Корутунду жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Мамлекеттик агенттик) алдындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү департаменти (мындан ары - Департамент) Мамлекеттик агенттиктин ведомстволук бөлүмчөсү болуп эсептелет.
2. Департамент өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы жазылган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, штампы жана бланктары, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык органдарында алыш-бериш эсеби бар юридикалык жак болуп эсептелет.
4. Департаменттин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 "Б".
5. Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди сактоону, өнүктүрүүнү камсыздоо жана анын эл аралык кадыр-баркын бекемдөө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, уюмдарында жана мекемелеринде, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында, китеп басып чыгаруу иштеринде мамлекеттик тилдин иштешин этап-этабы менен жүзөгө ашырууну камсыз кылуу;
- кыргыз элинин рухий дөөлөттөрүн калыптандырууда жана өнүктүрүүдө мамлекеттик тилдин ролун жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасынын бардык жарандары мамлекеттик тилди эркин билүүсү үчүн зарыл болгон уюштуруучулук, материалдык-техникалык шарттарды түзүү.
6. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- Департаменттин компетенциясына кирген чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өркүндөтүүнүн негизги багыттарын, программаларын, стратегияларын сунуштарды Маданият мамлекеттик агенттигине сунуштоо менен иштеп чыгуу жана алардын ишке ашырылышын контролдоо;
- мамлекеттик тилди өркүндөтүү боюнча мамлекеттик жана коомдук уюмдардын ишин координациялоо;
- мамлекеттик тилди үйрөнүү жана ушул процесстин мүмкүн болгон оптималдуу жол, ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча ишти уюштуруу;
- мамлекеттик тилди өркүндөтүү боюнча айкын чараларды иштеп чыгууну уюштуруу, аларды бекитүү жана аткарылышын көзөмөлдөө;
- мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатындагы илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана алардын жыйынтыктарын практикалык иштерге жайылтуу боюнча чараларды көрүү;
- иш кагаздарында, көрүнөө маалыматтарда, сот өндүрүшүндө, медициналык, техникалык тейлөө тармактарында, жалпыга маалымдоо каражаттарында, жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында (ЗАГС), нотариалдык кызматта жана башка чөйрөлөрдө мамлекеттик тилде иштөө боюнча иштерди уюштуруу;
- мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдардын жана мамлекеттик тил жөнүндө башка мыйзам актыларынын республиканын субъекттеринин аткаруусун контролдоо;
- мыйзамдарга ылайык уруксат берүү;
- мыйзамдарга ылайык мамлекеттик тилди эркин билүүгө милдеттүү кызмат адамдарынын мамлекеттик тилди билүү даражасын аныктоо;
- дүйнөлүк жана ата-мекендик маданияттын жетишкендиктерин мамлекеттик тилге которууга көмөк көрсөтүү;
- көрнөк-жарнактардын, жарыялардын жана башка көрүнөө маалыматтардын тексттеринин мамлекеттик тилге которулушуна көмөк көрсөтүү, ошондой эле алардын жүзөгө ашырылышын контролдоо;
- бала-бакчаларда, мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларда мамлекеттик тилди окутуунун методикасын иштеп чыгуу;
- зарыл окуу китеп, хрестоматия, сөздүктөрдү, кыргыз элинин рухий мурастарын пропагандалоого жана көркөм сөз байлыгын өркүндөтүүгө багытталган башка адабияттарды басып чыгаруунун тематикалык пландарын бекитип, алардын аткарылышын контролдоо;
- мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатындагы кадрларды даярдоого жана алардын квалификациясынын жогорулатууга көмөк көрсөтүү;
- Департаменттин компетенциясына кирген чөйрөдөгү нормативдерди иштеп чыгуу;
- терминологияны өнүктүрүүгө, мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мекеме-уюмдардын терминологиялык (тармактык) сөздүктөрдү иштеп чыгуусуна көмөк көрсөтүү;
- котормо материалдарынын сапатын жогорулатуу, котормочуларды даярдоо боюнча чараларды көрүү;
- жарандардын жана юридикалык жактардын оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылууларын, суроо-талаптарын жана арыздарын өз убагында кароону камсыз кылуу;
- Департаментте түзүлгөн түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн ишине жетекчилик кылуу жана контролдоо.
7. Департамент төмөнкү укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатындагы келишимдерди түзөт;
- Департаменттин компетенциясына кирген иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын каражаттарын, гранттарын тартат;
- Департаменттин иш чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча маалыматтарды белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана ишканалардан, кызмат адамдарынан сурайт;
- координациялык жана кеңешүүчү, анын ичинде белгиленген иш чөйрөсүндө ведомстволор аралык органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду) түзөт;
- мыйзамдарга ылайык иштин белгиленген чөйрөсүндө башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
8. Департаменттин ишине жалпы жетекчиликти директор жүргүзөт, аны Маданият мамлекеттик агенттигинин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
9. Департаменттин директору:
- бир башчылык кылуунун негизинде Департаменттин ишине жалпы жетекчиликти жүргүзөт жана Департаментке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- мыйзамдарга ылайык буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
- мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдык актылардын, аны өнүктүрүү боюнча программалардын аткарылышы боюнча мамлекеттик органдардын жана мекемелердин отчетторун угат жана алар боюнча корутунду чыгарып, аткаруу үчүн сунуштамаларды берет;
- белгиленген тартипте түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн жетекчилерин, Департаменттин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде келишимдерди жана макулдашууларды түзөт;
- Департаменттин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорун иштеп чыгууга катышат;
- коюлган милдеттерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын чыгым сметасын бекитет;
- Департаменттин кызыкчылыгын Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен болгон мамилелерде коргойт жана белгиленген тартипте Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу тууралуу эл аралык келишимдерге кол коет;
- директордун орун басарынын жана Департаменттин түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринин милдеттерин бөлүштүрөт;
- Департаменттин системасында өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтөт, моралдык жана материалдык жактан колдоонун башка чараларын колдонот, анын ичинде ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт;
- Департаменттин түзүмүн жана штаттык расписаниесин Маданият мамлекеттик агенттигине бекитүүгө берет;
- түзүмдүк бөлүмчөлөр тарабынан мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн каражаттардын чыгымдалышын контролдойт;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жоболорун бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан ага берилген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
10. Департаменттин директорунун орун басары болот.
Директордун орун басарын кызматка дайындоо, кызматтан бошотуу тартиби, функциялары жана укуктары мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамда аныкталат.
Директор жок болгон кезде директордун орун басары анын кызматтык милдеттерин аткарат.
11. Департаменттин алдында коомдук башталышта иштеген, саны 15 адамдан турган мамлекеттик тил боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлөт. Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн курамы коомдук жана мамлекеттик уюмдардын өкүлдөрүнөн, илим, маданият чөйрөсүнүн ишмерлеринен түзүлөт.
12. Комиссиянын курамы Департаменттин директорунун сунушу боюнча Маданият мамлекеттик агенттигинин директорунун буйругу менен бекитилет.
13. Комиссиянын иши директордун буйругу менен бекитилген Комиссия жөнүндө жободо аныкталат.
14. Департаменттин алдында Окуу борбору жана "Кыргыз тили" гезитинин редакциясы иштейт, алар өзүн-өзү каржылоо шартында иштешет.
15. Өзүнө бекитип берилген мүлктү Департамент мыйзамдарда белгиленген тартипте ыкчам башкарат.
16. Департаменттин ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.