Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 19-январы №17
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү департаменти жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу" Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ноябрындагы № 715 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү департаменти жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү департаментинин башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-январындагы №17 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү департаментинин башкаруу СХЕМАСЫ
┌─────────────────────┐ ┌──────────────────────┐
│ Борбордук аппарат ├─────>│Мамлекеттик тил боюнча│
│ │ │ комиссия │
└──────────┬──────────┘ └──────────────────────┘
│
V
┌────────────────────────┐
│ │
V V
┌──────────────────────┐ ┌───────────────────────┐
│ Окуу борбору │ │"Кыргыз тили" гезитинин│
│ │ │ редакциясы │
└──────────────────────┘ └───────────────────────┘