Загрузка документа…
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 130 токтому менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти жөнүндө ЖОБО
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти (мындан ары - Департамент) табигый, техногендик коркунучтуу процесстерди мониторинги, божомолдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) мекемелик бөлүмү болуп эсептелет.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департаменттин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби түшүрүлүп, аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү жана белгиленген үлгүдөгү башка мөөрлөрү, штамптары, бланктары бар.
4. Департаменттин толук расмий аталышы төмөнкүдөй:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти;
- расмий тилде: Департамент мониторинга, прогнозирования чрезвычайных ситуаций Министерства чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики.
5. Департамент мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген жана ага бекитилген мүлккө оперативдүү башкарууну жүргүзгөн, казыналык системада эсептери, өз алдынча балансы, негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттары бар юридикалык жак болуп эсептелет.
Департаментти кармоого кеткен чыгымдарды каржылоо тиешелүү жылдагы республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
6. Департаменттин юридикалык дареги төмөнкүдөй: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Муминова көчөсү, 11.
7. Департамент женүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Департаменттин түзүмү жана штаттык тизими министр тарабынан бекитилет.
8. Бул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
9. Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- калкты, аймактарды кооптуу табигый жана техногендик процесстер менен кубулуштардан коргоо багытында өзгөчө кырдаалдарга мониторинг, божомолдоо жана эскертүү иштерин жүзөгө ашыруу;
- калкты жана аймакты коргоого багытталган табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы кооптуу табигый процесстер менен кубулуштардын өрчүүсүн жана активдешүүсүн божомолдорун иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында кооптуу табигый жана техногендик процесстер менен кубулуштарды изилдөө иштери менен алектенген уюмдардын, ошолордун тизмесиндеги долбоорлоо-изилдөөчү жана илимий-изилдөөчү уюмдардын ишин координациялоо.
10. Департамент жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй иш милдеттерди аткарат:
- мониторинг жүргүзүп, кооптуу табигый процесстер менен кубулуштардын активдешүүсү боюнча кыска жана узак мөөнөттөгү божомолдорду тиешелүү мамлекеттик башкаруу органдарына, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш чараларды көрүүсү үчүн берет;
- кооптуу табигый жана техногендик процесстер менен кубулуштар күтүлүүчү жерлерде алдын ала иш-чараларды көрүү үчүн комплекстүү инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү уюштурат тыянак жана корутундуларды чыгарат;
- кооптуу табигый процесстерди жоюу боюнча илимий, долбоордук-изилдөө жана авариялык-калыбына келтирүү иштеринин пландарын иштеп чыгып, белгиленген тартипте Министрликке бекитүүгө берет;
- кооптуу табигый процесстердин мониторинги, божомолдоо жаатындагы нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышат;
- адамдардын өмүрүн жана ден-соолугун, материалдык жана маданий баалуулуктарды коргоо, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда экономиканын тармактарынын иштөөсүнүн туруктуулугун жогорулатуу максатында кызыкдар уюмдар менен бирге илимий, долбоордук-изилдөө иштерин өткөрүүнү уюштурат;
- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатындагы билимдерди, конференцияларды, семинарларды жана башка иш-чараларды өткөрүү жолу менен пропагандалап жайылтат;
- мыйзамга ылайык кооптуу табигый процесстер менен кубулуштар күтүлүүчү жерлерде илимий, долбоордук-изилдөө жана алдын алып эскертүү иштерин жүргүзүүдө, товардык материалдар жана кызмат көрсөтүүлөр менен камсыздоо үчүн тендерлерди өткөрөт;
- республикалык бюджеттин каражаттардын эсебинен коргоочу курулмаларды куруу жана авариялык-калыбына келтирүү иштеринин пландарын түзүүдө сунуштарды даярдоого катышат;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте министрлик тарабынан машыгууларды өткөрүү алкагында алдын алуу, коргоо жана авариялык-калыбына келтирүү иштери боюнча сунуштарды даярдоого катышат;
- өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо, алдын алуу жана жоюу менен байланышкан иштерди аткаруу боюнча илимий, долбоордук-изилдөө, курулуш уюмдары менен келишимдерди түзөт жана иш алып барат;
- мыйзам чегинде эл аралык уюмдар менен өзгөчө кырдаалдардын мониторинги, божомолдоо чөйрөсүндө бирдикте иш алып барат;
- бекитилген тартипте Инновациялар, инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча Борбордук агенттиги менен биргеликте кооптуу процесстердин мониторинги жана божомолдоо боюнча изилдөө иштерин каржылоого эл аралык уюмдардын финансылык жана техникалык жардамын өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана жоюуга багытталган программаларды жүзөгө ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу иштерин жүргүзөт;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар жана уюмдар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон жазма буйруктарды Департаменттин иши менен байланышкан суроолор боюнча берет;
- кызматкерлерди өзгөчө кырдаалдардын зоналарында иштегенде, кооптуу табигый жана техногендик процесстер менен кубулуштарды изилдөө маалында бөөдө кырсыктардан жана набыт болуудан камсыздандырат;
- кооптуу табигый жана техногендик процесстердин мониторинги боюнча бөлүгүндө Министрликтин мекемелик бөлүмдөрүнүн иштерин координациялоого.
11. Департамент ушул Жободо аныкталган өзүнүн милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- Министрликке төмөнкүдөй сунуштарды киргизүүгө:
жылдын ичинде өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурларда Министрликтин авариялык-калыбына келтирүү иштеринин программасына (планына) толуктоолор жөнүндө;
өзгөчө кырдаалдардын мониторинги боюнча ишти координациялоо үчүн мамлекеттик органдардан, юридикалык жактардан керектүү маалыматтарды жана материалдарды бекер сурап алууга;
калкты тартуу менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана уюмдардын алдын алуу жана калыбына келтирүү иштерин уюштуруусу үчүн материалдык ресурстарды бөлүп берүүсү жөнүндө;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу маселелери боюнча нормативдик укуктук актылардын долбоорлордун иштеп чыгууга;
- өзгөчө кырдаалдарга жол бербөө максатында кооптуу табигый жана техногендик процесстер менен кубулуштар күтүлүүчү зоналардан калкты көчүрүү, объектилерди которуу жана биринчи кезекте алдын алуу иштерин аткаруу боюнча мамлекеттик органдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга жана уюмдарга милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон жазма буйруктарды берүүгө;
- байланыш жана маалымат берүү үчүн байланыштын республикалык системаларын жана мекемелик тармактарын артыкчылык тартипте колдонууга;
- биринчи кезектеги алдын алуу жана калыбына келтирүү иштери, маалыматтык, методикалык жана илимий мүнөздөгү изилдөө иштери менен байланышкан чыгымдарды, пайдаланууга кирбей турган объектилерди белгиленген тартипте эсептен чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
12. Департаментти директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Департаменттин директорунун орун басары болот. Директордун орун басары Департаменттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, ал түздөн түз директорго баш иет. Департаменттин ишин функционалдык милдеттерине ылайык уюштурат. Директор жок болгон учурларда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
Департаменттин башкы бухгалтери Департаменттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
13. Департаменттин директору:
- өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине түздөн түз баш иет;
- Департаменттин ишин жетектейт жана Департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана иштин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрликтин чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
- ишеним каты жок эле Департаменттин атынан иштейт, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында, жалпы юрисдикциянын сотторунда анын кызыкчылыгын билдирет, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Департаменттин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү түрдө аткарыла турган буйруктарды, тескемелерди чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаменттин мүлкүн, финансылык каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана финансылык-чарбалык иш үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- Департаменттин директорунун орун басарынын жана башкы бухгалтеринин кызматына дайындоо үчүн талапкерлерди министрге сунуш кылат;
- орун басардын жана түзүмдүк бөлүкчөлөрдүн функционалдык милдеттерин бекитет;
- Департаменттин түзүмүн жана штаттык тизимин министрге бекитүүгө берет;
- түзүмдүк бөлүкчөлөр (башкармалыктар, бөлүмдөр, кызматтар) жөнүндө жоболорду жана Департаменттин кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
- Департаменттин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга сыйлоо жана жаза берүү чараларын колдонот;
- Департаменттин милдеттеринен жана функцияларынан келип чыккан, ошондой эле ушул Жободо каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
14. Департаменттин кызматкерлерин укуктук жана социалдык коргоо Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
15. Департаменттин мамлекеттик кызматкерлерин кабыл алуу, алардын кызмат өтөөсү жана бошотуу Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.
16. Департаменттин мүлкүн негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген жана Департаменттин балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар Департаменттин мүлкүн түзөт.
17. Департаменттин анын негизги фонддорун, жүгүртүлүүчү каражаттарын жана пайдалануучу мүлкүн алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
18. Департаментти кайрадан уюштуруу (бириктирүү, кошуу, ажыратуу, бөлүү, өзгөртүп түзүү) же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
19. Департаменттин ишинде пайда болгон документтер ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.