Загрузка документа…
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 130 токтому менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик (Кыргызгидромет) жөнүндө ЖОБО
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик (Кыргызгидромет) - (мындан ары Кыргызгидромет) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) гидрометеорология жана табигый чөйрөнүн булганышынын деңгээлине байкоо жүргүзүү жаатындагы иш-чараларды жүргүзүүчү ведомстволук бөлүкчүсү болуп эсептелет.
2. Кыргызгидромет өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кыргызгидрометтин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби түшүрүлүп, аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү жана белгиленген башка мөөрлөрү, штамптары, бланктары бар.
4. Кыргызгидрометтин толук расмий аталышы төмөнкүдөй:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик (Кыргызгидромет);
- расмий тилде: Агентство по гидрометеорологии (Кыргызгидромет) при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики;
- мамлекеттик тилдеги кыскартылган аталышы: Кыргызгидромет;
- расмий тилдеги кыскартылган аталышы: Кыргызгидромет.
5. Кыргызгидромет мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген жана ага бекитилген мүлккө оперативдүү башкарууну жүргүзгөн, казыналык системада эсептери, өз алдынча балансы, негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттары бар юридикалык жак болуп эсептелет.
Кыргызгидрометти кармоого кеткен чыгымдарды каржылоо тиешелүү жылдагы республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
6. Кыргызгидрометтин юридикалык дареги төмөнкүдөй: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Керимбеков көчөсү, 1.
7. Агенттик жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Агенттиктин түзүмү жана штаттык тизими министр тарабынан бекитилет.
8. Бул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
9. Кыргызгидрометтин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- калкты табигый гидрометеорологиялык кубулуштардан коргоо, алар келтирүүчү зыяндын алдын алуу же төмөндөтүү үчүн курчап турган табигый чөйрөнүн мониторингин жүргүзүү;
- калктын, аткаруу бийлигинин органдарынын гидрометеорологиялык маалыматка жана табигый чөйрөнүн булганышы жөнүндө маалыматка болгон муктаждыктарын канааттандыруу;
- өнөр-жай, чарбалык объекттерди долбоорлоону, курууну жана пайдаланууну, улуттук экономиканы узак мезгилге өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыгууну гидрометеорологиялык негиздөө үчүн зарыл болгон гидрометеорологиялык маалыматтардын улуттук фондун түзүү жана башкаруу.
10. Кыргызгидромет жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- метеорологиялык, гидрологиялык, кар-көчкү, гляциологиялык жана агрометеорологиялык шарттарга, айыл чарба жана жайыт өсүмдүктөрүнүн абалына, жер бетиндеги суулардын, кыртыштын, атмосфералык абанын булганышына, анын ичинде радиоактивдүү кырдаалга системалуу байкоолорду жүргүзөт жана бул маалыматтарды жыйноону, талдоону, жалпылаштырууну камсыз кылат;
- аба ырайынын, дарыялардагы суулардын, суу сактагычтарга куюлган суунун агымынын, көчкү жүрүү кырдаалдарынын, табигый гидрометеорологиялык кубулуштардын жана табигый чөйрөнүн булгануусунун экстремалдык жогорку деңгээлдеринин божомолдорун, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн фенологиялык божомолдорун түзөт;
- гидрометеорологиялык байкоолордун улуттук системасын өнүктүрүүнү жана өркүндөтүүнү, табигый чөйрөнүн абалы жана булгануусу жөнүндө маалыматтардын улуттук фондун калыптандырууну, маалымат банктарын түзүүнү, республика боюнча климаттык, агроклиматтык, гидрологиялык, кар-көчкү жана башка илимий прикладдык-маалымдамаларды түзүүнү жана басып чыгарууга даярдоону камсыз кылат;
- өз компетенциясынын чегинде эл аралык, анын ичинде климаттын өзгөрүүсү жаатындагы кызматташтыкты жүргүзөт;
- байкоочу тармакты гидрометеорологиялык маалыматты алууну, жыйноону, иштеп чыгууну жана жайылтууну камсыз кылган жабдуулар жана приборлор менен жабдыйт;
- гидрометеорологиялык коркунучтуу кубулуштар же атмосфералык абанын, суунун, кыртыштын булгануусу менен шартталган табигый кырсыктардын, авариялардын жана катастрофалардын кесепеттеринин алдын алуу жана жоюу боюнча мамлекеттик жана ведомстволук комиссиялардын ишине белгиленген тартипте катышат;
- гидрометеорологиялык ишти жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылардын, методикалардын долбоорлорун Кыргыз Республикасы катышкан жана орнотулган тартип боюнча өз күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык иштеп чыгат;
- метрология жана стандартташтыруу эрежелеринин сакталышын, ченөө каражаттарына ички метрологиялык көзөмөлдү жүргүзүүнү камсыз кылат;
- Кыргызгидрометтин компетенциясына тийиштүү гидрометеорологиялык камсыз кылуунун адистештирилген (максаттуу) методдорун өнүктүрөт;
- жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара иш алып барат;
- гидрометеорологиялык байкоолордун бүткүл дүйнөлүк системасынын алкагында маалыматтарды эл аралык алмашууга катышат;
- Кыргыз Республикасы тараптарынын бири болуп эсептелген конвенциялардан жана эл аралык макулдашуулардан келип чыккан милдеттенмелерди аткарат;
- түзүлүп жаткан метеорологиялык, агрометеорологиялык жана гидрологиялык шарттар жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында табигый чөйрөнүн булганышы тууралуу маалыматтарды системалык талдоо жана жалпылаштыруу, кар көчкүлөрүнүн реестрин даярдоону жана жарыкка чыгарууну, алардын кадастрын жүргүзүүнү камсыз кылуу;
- Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмунда жана КМШга катышкан мамлекеттердин Гидрометеорология боюнча мамлекеттер аралык кеңешинде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын билдирүү.
11. Бул Жободо аныкталган негизги милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн Кыргызгидромет төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзгөчөлөнгөн мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга жана алар боюнча жоопкер болууга, жалпы юрисдикциядагы соттордо доогер жана жоопкер болууга;
- гидрометеорология маселелери боюнча иш-чараларга катышуу үчүн мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдарга жана мекемелерге белгиленген тартипте өзүнүн өкүлдөрүн жиберүүгө;
- уюштуруу, өндүрүштүк, финансылык-чарбалык маселелерди өз алдынча чечүүгө;
- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик органы менен макулдашылган баалардын прейскуранты боюнча гидрометеорологиялык маалыматты жана табигый чөйрөнүн булгангандыгы жөнүндө маалыматты юридикалык жана жеке жактарга берүү боюнча акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүгө;
- Кыргызгидрометтин милдеттерине ылайык юридикалык жана физикалык жактар, анын ичинде чет элдик жактар менен келишим түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды
жүзөгө ашырууга.
12. Кыргызгидрометти директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Кыргызгидрометтин директорунун орун басары болот. Директордун орунбасары Кыргызгидрометтин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, ал түздөн түз директорго баш ийет, Кыргызгидрометтин ишин функционалдык милдеттерине ылайык уюштурат. Директор жок болгон учурларда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
Кыргызгидрометтин башкы бухгалтери Кыргызгидрометтин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
13. Кыргызгидрометтин директору:
- өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрине түздөн түз баш ийет;
- Кыргызгидрометтин ишин жетектейт жана Кыргызгидрометке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана иштин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрликтин чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
- ишеним каты жок эле Кыргызгидрометтин атынан иштейт, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында, жалпы юрисдикциянын сотторунда анын кызыкчылыгын билдирет, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргызгидрометтин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү түрдө аткарыла турган буйруктарды, тескемелерди чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргызгидрометтин мүлкүн, финансылык каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана финансылык-чарбалык иш үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- Кыргызгидрометтин директорунун орун басарынын жана башкы бухгалтеринин кызматына дайындоо үчүн талапкерлерди министрге сунуш кылат;
- орун басардын жана түзүмдүк бөлүкчөлөрдүн функционалдык милдеттерин бекитет;
- Кыргызгидрометтин түзүмүн жана штаттык санын министрге бекитүүгө берет;
- түзүмдүк бөлүкчөлөр (башкармалыктар, бөлүмдөр, кызматтар) жөнүндө жоболорду жана Кыргызгидрометтин кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
- Кыргызгидрометтин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга сыйлоо жана жаза берүү чараларын колдонот;
- Кыргызгидрометтин милдеттеринен жана функцияларынан келип чыккан, ошондой эле ушул Жободо каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
14. Кыргызгидрометтин кызматкерлерин укуктук жана социалдык коргоо Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
15. Кыргызгидрометтин мамлекеттик кызматкерлерин кабыл алуу, алардын кызмат өтөөсү жана бошотуу Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.
16. Гидрометеорология жаатында мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча чечимдерди жамааттык иштеп чыгуу, тармактын ишинин жана өнүгүүсүнүн абдан маанилүү маселелерин талкуулоо үчүн Кыргызгидрометте Техникалык кеңеш түзүлөт.
Кыргызгидрометтин Техникалык кеңешинин мүчөлөрү жана техникалык кеңеш жөнүндө жобо министр тарабынан бекитилет.
17. Өзүнүн компетенциясына кирген гидрометеорология жана табигый чөйрөлөрдүн булгануусуна байкоо жүргүзүү маселелери боюнча Кыргызгидрометтин чечимдери юридикалык жана жеке жактарга аткаруу үчүн милдеттүү болуп эсептелет.
18. Негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген жана Кыргызгидрометтин балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар Кыргызгидрометтин мүлкүн түзөт.
19. Кыргызгидрометтен анын негизги фонддорун, жүгүртүлүүчү каражаттарын жана пайдаланылуучу мүлкүн алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
20. Кыргызгидрометти кайрадан уюштуруу (кошуу, бириктирүү, ажыратуу, бөлүү, өзгөртүп түзүү) же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
21. Жоюудан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат.
22. Кыргызгидрометтин ишинде пайда болгон документтер ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.