Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы №135 токтому менен бекитилген
Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоо жана верификациялоо жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоо тартиби
3. Операциялардын (бүтүмдөрдүн) айрым түрлөрүн жасоодо кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоонун өзгөчөлүктөрү
4. Идентификациялоонун натыйжасында алынган маалыматтарды верификациялоо
5. Корутунду жоболор
1-тиркеме. Жеке адамдарды идентификациялоо максатында алынчу маалыматтар
2-тиркеме. Юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди идентификациялоо максатында алынуучу маалыматтар
3-тиркеме. Бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) аныктоо жана идентификациялоо максатында алынуучу маалыматтар
1. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоо жана верификациялоо жөнүндө бул жобо (мындан ары - Жобо) "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу үчүн кардардын жана бенефициардык менчик ээсинин (пайда табуучуну) маалымат берүүчү жактар тарабынан идентификациялоосуна жана верификациялоосуна коюлчу жалпы талаптарды белгилейт.
2. Бул Жобонун максаттары үчүн төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:
ички контроль эрежелери - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт;
маалымат берүүчү жактар - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт. Маалымат берүүчү жактардын айкын тизмеси (аталышы жана юридикалык дареги көрсөтүлүү менен) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (мындан ары- ФЧМК) тарабынан түзүлөт;
милдеттүү контролго алынуучу операциялар (бүтүмдөр) - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде каралган акча каражаттары же мүлк менен операциялар (бүтүмдөр);
шектүү операция (бүтүм) - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт;
идентификация - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт;
верификация - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт;
кардар - маалымат берүүчү жактардын тейлөөсүнө алынган же тейлөөсүндө турган жеке же юридикалык жак;
бенефициардык менчик ээси (пайда табуучу) - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт;
терроризмди (экстремизмди) каржылоо же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) тобокелдиги (мындан ары - Тобокелдик) - кардарды тейлөөгө алуунун же тейлөөнүн натыйжасында маалымат берүүчү жакта терроризмди (экстремизмди) каржылоо же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча жосундардын жасалышынын типтүү мүмкүнчүлүктөрү;
көзөмөл органдары - маалымат берүүчү жактар тарабынан "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорунун аткарылышын контролдоого ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары;
ички контроль кызматы - терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контроль эрежелерин жүзөгө ашырууга жана ФЧМКна маалыматтарды берүүгө милдеттүү болгон маалымат берүүчү жактын ыйгарым укуктуу кызматкери же түзүмдүк бөлүмү.
3. Маалымат берүүчү жактар, узакка созулган алакаларды түзүү үчүн тейлөөгө алынчу жактар сыяктуу эле, кызмат көрсөтүүчү же болбосо, ушул Жобонун 20, 21 жана 22-пункттарында каралган учурлардан тышкары, көрсөтүлгөн кызматтардын же жасалган операциялардын (бүтүмдөрдүн) түрүнө, мүнөзүнө жана өлчөмүнө карабастан, бир жолку мүнөздөгү акча каражаттары же мүлк менен операциялар (бүтүмдөр) (мындан ары - операциялар (бүтүмдөр) жасаган жактарды да идентификациялоого тийиш.
Эгерде жеке же юридикалык жактын атынан анын өкүлү иш жүргүзсө, маалымат берүүчү жактар өкүлдү идентификациялоого, анын ыйгарым укуктарын текшерүүгө, ошондой эле бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) аныктоо жана идентификациялоо боюнча жеткиликтүү жана зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.
4. Маалымат берүүчү жак операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдө, атап айтканда, агенттик келишимдин, тапшырык, комиссия жана ишеним башкаруу келишимдеринин жана башка документтердин негизинде бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) белгилейт жана идентификациялайт.
Эгерде маалымат берүүчү жактар тийиштүү маалыматтардын, анын ичинде ушул Жобонун 3-тиркемесинде көрсөтүлгөндөрдүн негизинде алар тарабынан бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) белгилөө жана идентификациялоо боюнча негиздүү жана түзүлгөн кырдаалда жеткиликтүү чаралар алдын ала көрүлгөндүгүн далилдей алышса, анда бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) белгилөө жана идентификациялоо жөнүндөгү талап аткарылды деп эсептелинет.
5. Маалымат берүүчү жактар ички контроль эрежелеринин алкагында кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосун жана кардар тарабынан терроризмди (экстремизмди) каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) максатында операциялардын (бүтүмдөрдүн) жасалуу тобокелдигинин деңгээлин (категориясын) баалоо жол-жобосун иштеп чыгууга жана бекитүүгө тийиш.
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоо жана верификациялоо тартиптерин кошумча колдонушат.
7. Кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоо максатында, ушул Жобонун 1-3-тиркемелеринде камтылган операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоого негиз болуп саналган маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле башка зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди чогултуу маалымат берүүчү жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашырууга катышкан, ошондой эле кардардык базаны тейлеген маалымат берүүчү жактардын түзүмдүк бөлүктөрүнүн кызматкерлери операцияны (бүтүмдү) жасап жатканда кардарды идентификациялоо боюнча иш жүргүзүүгө, ошондой эле бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) аныктоого жана идентификациялоого милдеттүү.
Маалымат берүүчү жактар өздөрүнө мыйзамдуу негизде жеткиликтүү болгон башка кошумча (көмөкчү) маалымат булактарын да пайдалана алышат.
9. Кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү бардык документтер көрсөтүлгөн күнү жарактуу болууга тийиш.
Бүт, же кайсы бир бөлүгү чет тилде түзүлгөн документтер маалымат берүүчү жактарга тиешелүү түрдө тастыкталган орус тилине котормосу менен кошо берилет. Юридикалык жактардын - резидент эместердин статусун тастыктаган чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынан чыккан документтер белгиленген тартипте легализацияланган учурда маалымат берүүчү жактар тарабынан кабыл алынат (көрсөтүлгөн документтер Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган учурларда легализацияланбастан берилиши мүмкүн).
Кардарлар маалымат берүүчү жактарга бардык документтерди түп нускада же тиешелүү түрдө тастыкталган көчүрмөсүн бериши керек. Эгерде кардарды же бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоого документтин бир бөлүгү гана тиешелүү болсо, анын тастыкталган көчүрмөсү гана берилиши мүмкүн.
Документтердин көчүрмөлөрү берилген учурда, маалымат берүүчү жактар таанышып чыгуу үчүн документтердин түп нускаларын берүүнү талап кылууга укуктуу.
10. Кардарды идентификациялоо, бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) аныктоо жана идентификациялоо үчүн маалымат берүүчү жактар анкеталоону пайдаланышат.
Идентификациялоонун натыйжасында алынган кардар жана бенефициардык менчик ээси (пайда табуучу) тууралуу маалыматтар кардардын жана бенефициардык менчик ээсинин (пайда табуучунун) статусуна жараша түзүлгөн кардардын анкетасында катталып жазылат.
Кардардын анкетасы кагаз сактагычта же электрондук түрдө толтурулушу мүмкүн. Электрондук түрдө толтурулган кардардын анкетасы кагаз сактагычка өткөрүлүп жатканда маалымат берүүчү жактардын ыйгарым укуктуу кызматкеринин колу менен тастыкталат.
Кардардын анкетасына болгон минималдуу талаптар, маалымат берүүчү жактардын ишинин өзгөчөлүктөрү эске алынуу менен, ФЧМК тарабынан аныкталат.
Кардардын анкетасы маалымат берүүчү жактар тарабынан кардар менен алака-катнаш токтотулган күндөн тартып кеминде 5 жыл сакталат. Маалымат берүүчү жактардын ыктыярына жараша, кардардын анкетасына башка маалыматтар киргизилиши да мүмкүн.
Кардардын жана (же) бенефициардык менчик ээсинин (пайда табуучунун) анкетасында камтылган маалыматтар өзгөртүлгөн учурда, кардар жаңыланган маалыматтарды жана документтерди маалымат берүүчү жактарга өзгөртүүлөр болгон күндөн тартып 1 айдан кечиктирбей берүүгө милдеттүү. Маалымат берүүчү жактар кардардан жаңыланган маалыматтар алынган күнү аларды кардардын анкетасына киргизиши керек.
11. Кардардын анкетасында көрсөтүлгөн маалыматтар, маалымат берүүчү жактар тарабынан электрондук маалыматтар базасында жазылып жана сакталса болот, алар кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоочу маалымат берүүчү жактын кызматкерлерине, анын ичинде ички контроль кызматына кардар жана бенефициардык менчик ээси (пайда табуучу) жөнүндөгү маалыматты текшерүү үчүн дайымкы режимде ыкчам жетүү мүмкүндүгү камсыздалышы керек.
12. Эгерде кардар жана бенефициардык менчик ээси (пайда табуучу) "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жобого ылайык маалымат берүүчү жактар тарабынан мурда эле идентификацияланган болсо, жана ошол кардар, бенефициардык менчик ээси (пайда табуучу) тууралуу маалыматтарга дайымкы режимдеги ыкчам жетүү мүмкүндүгү камсыз кылынган болсо, маалымат берүүчү жактар андай кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) кайрадан идентификациялоону жүргүзбөөгө укуктуу.
13. Маалымат берүүчү жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- эгерде идентификациялоонун натыйжасында мурда алынган маалыматтардын аныктыгына шек туулса, кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) кайрадан идентификациялоого;
- кардарга жана бенефициардык менчик ээсине (пайда табуучуга) карата алардын террористтик же экстремисттик ишке катышкандыгы тууралуу маалыматтардын бар экендигин текшерүүгө. Көрсөтүлгөн маалыматтар ФЧМК тарабынан түзүлө турган "Террористтик же экстремисттик ишке (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын тизмегинде" болот.
14. Маалымат берүүчү жактар чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактарды тейлөөдө (акча каражаттары жана мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашырууда), идентификациялоодон тышкары төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
- тейлөөгө алынуучу же тейленип жаткан жеке жактардын арасынан саясий мааниге ээ жактарды аныктоо боюнча жеткиликтүү чараларды көрүүгө;
- чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактарды маалымат берүүчү жактардын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү чечиминин негизинде гана тейлөөгө алууга;
- чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактардын акча каражаттарынын же мүлкүнүн пайда болуу булактарын аныктоо боюнча жеткиликтүү чараларды көрүүгө;
- тейлөөдө турган чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактар жөнүндөгү колдогу болгон маалыматты дайыма жаңылап турууга;
- чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактар, алардын жубайлары, жакын туугандары (түздөн-түз жана туугандыгы алысыраак (ата-энеси жана балдары, чоң атасы, чоң энеси жана неберелери), бир туугандыгы толук жана толук эмес (атасы же энеси бир болгондор) ага-ини жана эжекарындаштары, багып алгандар жана асырап алынгандар), өкүлдөрү жана иш боюнча өнөктөрү тарабынан жүзөгө ашырылуучу акча каражаттары же мүлк менен жасалган операцияларга (бүтүмдөргө) жакшылап көңүл бурууга;
- акча каражатты же мүлктү тескөөгө укуктуу жактардын ыйгарым укуктарын жана чын экендигин текшерип ынанууга.
15. Маалымат берүүчү жактар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген "Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контроль эрежелерине коюлуучу жалпы талаптар жөнүндө жобонун" тиркемесинде белгиленген Тобокелдик деңгээлин (категориясын) баалоонун критерийлерин эске алуу менен, Тобокелдик деңгээлин (категориясын) баалашат.
Маалымат берүүчү жактар Тобокелдик деңгээлин (категориясын) баалоонун кошумча критерийлерин да пайдаланышы мүмкүн.
16. Маалымат берүүчү жактар кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоонун натыйжасында алынган маалыматтарды Тобокелдик деңгээли (категориясы) жогору болгон учурда бир жылда кеминде бир жолу, башка учурларда жылына үч жылда бир жолудан кем эмес жаңыртып турууга, ошондой эле идентификациялык маалыматтар өзгөргөнүнө же Тобокелдик деңгээли (категориясы) өзгөргөнүнө жараша, же болбосо:
- кардарга, бенефициардык менчик ээсине (пайда табуучуга) же операцияга (бүтүмгө) карата алар терроризмди (экстремизмди) каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен байланышкан деген шек туулган учурда;
- операция (бүтүм) айкын экономикалык маңызы же мыйзамдуу максаты жоктугун ырастоочу чаташкан же адаттан тыш мүнөзгө ээ болгон учурда же көрсөтүлгөн операциянын (бүтүмдүн) жасалышы аны жүзөгө ашыруунун максаты "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган милдеттүү контроль процедураларынан качуу болуп саналат деп жорууга негиз берген учурда, Тобокелдик деңгээлин (категориясын) кайра карап чыгууга тийиш.
Маалымат берүүчү жактар башка учурларда өздөрү тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө Тобокелдик деңгээлин (категориясын) кайра карап чыгышат жана кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоонун натыйжасында алынган маалыматтарды жаңыртышат.
17. Төмөнкүдөй учурларда жеке жактын идентификациясы ким экенин ырастоочу документинин негизинде жөнөкөйлөтүлгөн тартипте (мындан ары жеке жактын жөнөкөйлөтүлгөн идентификациясы) жүргүзүлүшү мүмкүн:
- банктык эсеп ачпастан жеке жактардын тапшырыгы боюнча акча каражаттарын которууларда;
- жеке жактар менен накталай чет өлкөлүк же улуттук валютаны алмашуу, номиналдык наркы чет өлкөлүк валютада көрсөтүлгөн чектерди (анын ичинде жол чектерин) нак акчалай айландыруу боюнча операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашырууда.
Жеке жактын жөнөкөйлөтүлгөн идентификациясы кардардын фамилиясын, атын жана (эгерде мыйзамдан же улуттук жөрөлгөдөн башка нерсе келип чыкпаса) атасынын атын, ким экенин ырастаган документинин реквизиттерин аныктоону көздөйт.
Ушул пунктта каралган жеке жактын жөнөкөйлөтүлгөн идентификациясы төмөндөгү шарттар (бир мезгилде) бар болгон учурда гана жүргүзүлөт:
- операция (бүтүм), "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык милдеттүү контролго алынбаса;
- фамилиясы, аты жана (эгерде мыйзамдан же улуттук жөрөлгөдөн башка нерсе келип чыкпаса) атасынын аты, ошондой эле маалымат берүүчү жактарда бар болгон жеке жак тууралуу башка маалыматтар Террористтик же экстремисттик ишке (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын тизмегинде камтылган маалыматка толугу менен дал келбесе;
- кардарга же операцияга (бүтүмгө) карата маалымат берүүчү жактарда булар терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) байланышкан деген шектенүүлөр келип чыкпаса;
- операция (бүтүм) айкын экономикалык маңыздын жана анык мыйзамдуу максаттын жоктугун айгинелеген чаташкан же адаттан тыш мүнөзгө ээ болбосо, жана көрсөтүлгөн операциянын (бүтүмдүн) жасалышы аны жүзөгө ашыруунун максаты "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган милдеттүү контроль процедураларынан качуу болуп саналат деп ой жорууга негиз бербесе.
18. Программалык-техникалык жабдууларды, электрондук кассирлерди, банкоматтарды жана башка программалык-техникалык комплекстерди (төлөм карталарын колдонуу менен жасалган операциялардан тышкары) колдонуу менен накталай түрүндө акча каражаттары менен операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашырууда, эгерде жүргүзүлгөн операциянын (бүтүмдүн) суммасы 1000000 сомго же чет өлкөлүк валютадагы эквиваленттеш суммага барабар болсо же андан ашса, же болбосо төлөм банкта-резидент эместе ачылган эсепке жүзөгө ашырылса кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоо маалымат берүүчү жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.
Төлөм (банктык) карталарын колдонуу менен операцияны (бүтүмдү) жасоодо идентификациялоо төлөм (банктык) карталарынын реквизиттеринин, ошондой эле коддордун (паролдордун) негизинде жүзөгө ашырылат.
19. Банк-резидент эмес менен корреспонденттик мамилелерди түзүүдө коммерциялык банктар ушул Жобонун 2-тиркемесинин 1-пунктунда камтылган маалыматтарды, ошондой эле терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча банк-резидент эмес тарабынан көрүлүүчү чаралар тууралуу маалыматтарды берүүнү талап кылууга тийиш.
Банк-резидент эмес менен корреспонденттик мамилелерди түзүү тууралуу чечим коммерциялык банктын жетекчисинин макулдугу бар болгон учурда кабыл алынат.
20. Кардарды - жеке жакты идентификациялоо, бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) белгилөө жана идентификациялоо, кардарлардан жеке жактардан төмөндөгү төлөмдөрдү алуу боюнча операциялар (эгерде алардын суммасы 1000000 сомдон, же болбосо эквиваленттүү чет өлкөлүк валютадагы суммадан ашпаса) маалымат берүүчү жактар тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан учурда жүргүзүлбөйт:
- Кыргыз Республикасынын бюджети менен эсепке байланыштуу төлөмдөр (Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган салыктарды, жыйымдарды, ошондой эле туумдарды жана жазапулдарды кошкондо);
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын карамагында турган бюджеттик мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга акы төлөөгө байланыштуу төлөмдөр;
- турак-жай, коммуналдык тейлөөлөр үчүн акы төлөөгө, квартираларды кайтаруу жана кайтаруучу сигнализацияларын орнотуу боюнча кызматтарга акы төлөөгө, ошондой эле байланыш кызматы үчүн төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу төлөмдөр;
- жарандардын багбанчылык, дачалык коммерциялык эмес бирикмелеринин, гараждык-курулуш кооперативдеринин мүчөлөрү тарабынан төгүмдөрдүн төлөнүшүнө, акы төлөнүүчү автотуруктардын кызматтарына акы төлөөгө байланыштуу төлөмдөр;
- алименттерди төлөөгө байланыштуу төлөмдөр;
- маалымат берүүчү жактардын кызматкерлеринде ушул операция терроризмди (экстремизмди) каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) максатында жүзөгө ашырылып жатат деген шектенүүлөр туулган учурларды кошпогондо, 1000000 сомдон, же болбосо эквиваленттүү чет өлкөлүк валютадагы суммадан ашпаган суммада накталай чет өлкөлүк валютаны сатып алуу же сатуу боюнча операция жеке жак тарабынан жүзөгө ашырылган учурдагы төлөмдөр.
21. Идентификациялоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата жүргүзүлбөйт.
22. Эгерде кардар:
- "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде көрсөтүлгөн маалымат берүүчү жак болсо;
- Акчаларды адалдоо менен күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуу боюнча топтун (ФАТФ) чет мамлекет-мүчөсүнүн банкрезиденти болуп саналса, маалымат берүүчү жактар бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) аныктабай жана идентификациялабай коеё алышат.
Мында, ушул пункттун 3-абзацында көрсөтүлгөн кардар төмөндөгү критерийлердин, жок дегенде, бирөөсүнө туура келиши керек:
- Moody's Investors Service, Standard & Poor's же Fitch Ratings эл аралык рейтинг агенттиги тарабынан ыйгарылган "В" дан төмөн эмес рейтингдик баалоо көрсөткүчүнө ээ болууга;
- "Bankers Almanac" эл аралык банктык маалымдамага ("Reed Business Information" басмаканасы, UK, банктык операция же башка бүтүм жасалган календардык жылдан мурунку календардык жылдан кийин чыккан маалымдаманын ар кыл чыгарылышы колдонулат), же болбосо тийиштүү чет мамлекеттин иштеп жаткан банктык мекемелеринин тизмегине (реестрине) киргизилген болууга.
Бул пункт маалымат берүүчү жактарда кардарга карата же кардардын акча каражаттары же мүлкү менен операцияларга (бүтүмдөргө) карата алар терроризмди (экстремизмди) каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен байланышкан деген шектенүүлөр туулган учурда колдонулбайт.
23. Зарыл учурда маалымат берүүчү жактар берилген документтерди верификациялоо процедурасын, анын ичинде валидациялоону, б.а. кардар тарабынан берилген укукту аныктоочу документтердин, келишимдердин, ишеним каттардын жана башка расмий документтердин аныктыгына тастыктоо алууга мүмкүндүк берүүчү процедураны жүргүзүүгө милдеттүү.
24. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары өз компетенциясынын чегинде маалымат берүүчү жактарга юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик тизмесинде, статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик тизмесинде, Кыргыз Республикасынын аймагында аккредиттелген чет өлкөлүк компаниялардын өкүлчүлүктөрүнүн бириктирилген мамлекеттик тизмегинде камтылган маалыматты, ошондой эле жоголгон, жараксыз болуп калган паспорттор, каза болгон жеке адамдардын паспорттору, паспорттордун жоголгон бланкалары тууралуу маалыматтарды беришет.
25. Ушул Жобо күчүнө кирген күнгө карата колдонулуп жаткан кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболору ушул Жобо күчүнө кирген күндөн тартып 3 айдын ичинде анын талаптарына шайкеш келтирилүүгө тийиш.
26. Маалымат берүүчү жактар ушул Жобо күчүнө кирген күнгө карата өздөрүнүн тейлөөсүндө турган кардарларга карата, бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) аныктоо жана идентификациялоо боюнча талаптарды кошкондо, ушул Жобонун талаптары ушул Жобо күчүнө кирген күндөн тартып 6 айдын ичинде аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.
1-тиркеме
1. Фамилиясы, аты жана (эгерде мыйзамдан же улуттук жөрөлгөдөн башка нерсе келип чыкпаса) атасынын аты;
2. Жарандыгы.
3. Ким экенин ырастоочу документтердеги маалыматтар: документтин сериясы жана номери, документтин берилген күнү, документти берген органдын аталышы жана бөлүктүн коду (эгерде бар болсо).
4. Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында жүрүп турууга (жашап турууга) болгон укугун тастыктоочу документтеги маалыматтар: документтин сериясы (эгерде бар болсо) жана номери, жүрүп туруу (жашап туруу) укугунун жарактуулук мөөнөтү башталган датасы, жүрүп туруу (жашап туруу) укугунун, анын ичинде миграциялык картанын жарактуулук мөөнөтү аяктаган датасы: картанын номери, жүрүп туруу мөөнөтүнүн башталыш датасы жана жүрүп туруу мөөнөтүнүн аяктоо датасы.
5. Жашаган (катталган) жеринин же жүргөн жеринин дареги.
6. Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (эгерде бар болсо) же социалдык жактан коргоо күбөлүгүнүн номери.
7. Акча каражаттарын же мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды тастыктоочу документтер тууралуу маалыматтар.
8. Байланыш телефондорунун жана факстарынын номерлери (эгерде бар болсо).
Эскертүү:
Ким экенин ырастоочу документтерге төмөндөгүлөр кирет:
а) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) жана жалпы жарандык паспорту;
- Кыргыз Республикасынын 16 жашка чыга элек жараны үчүн - ЖАЖБ органдарынан жарандын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- аскердик белет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ким экендикти ырастоочу документ деп таанылган бөлөк документтер.
б) Чет өлкөлүк жарандар үчүн:
- чет өлкөлүк жарандын паспорту же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ким экенин ырастоочу документ катарында белгиленген бөлөк документ.
в) Жарандыгы жок адамдар үчүн:
- чет мамлекет тарабынан берилген жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык жарандыгы жок жактын ким экенин ырастоочу документ катарында таанылуучу документ;
- убактылуу жашап турууга уруксат;
- Кыргыз Республикасында жашап туруу мүмкүнчүлүгү;
- мыйзамдар менен каралган же Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык жарандыгы жок жактын ким экенин ырастоочу документ катарында тааныла турган башка документтер.
г) Качкындар үчүн:
- дипломатиялык же консулдук мекеме, же болбосо Кыргыз Республикасынын миграция маселелери боюнча органдары тарабынан берилген, адамды качкын деп табуу жөнүндөгү өтүнүчтү карап чыгуу тууралуу күбөлүк;
- качкындын күбөлүгү.
Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында жүрүп турууга (жашап турууга) болгон укугун тастыктоочу документтерге төмөндөгүлөр кирет:
- жашап туруу мүмкүнчүлүгү;
- убактылуу жашап турууга уруксат;
- виза;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында жүрүп турууга (жашап турууга) болгон укугун тастыктоочу бөлөк документ.
1. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же жалпы жарандык паспорту (түп нуска берилет, андан көчүрмөсү алынат);
- Кыргыз Республикасынын 14 жашка чыга элек жараны үчүн - ЖАЖБ органдарынан, аткаруу бийлигинин органынан же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан жарандын туулгандыгы тууралуу күбөлүк (мыйзамдуу өкүл тарабынан түп нуска берилет, андан көчүрмөсү алынат);
- аскер кызматчысынын ким экендик жөнүндө күбөлүгү же аскердик белети (түп нуска берилет, андан көчүрмөсү алынат);
- паспорт таризделгенге чейин ички иштер органы тарабынан бериле турган Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендиги жөнүндө убактылуу күбөлүгү (түп нуска берилет, андан көчүрмөсү алынат);
- бар болгон учурда - жеке жакты Кыргыз Республикасынын аймагындагы жашаган жери боюнча салык органына каттоого коюу тууралуу күбөлүк (көчүрмөсү, ишкердик жүргүзгөн жактар беришет);
- социалдык жактан коргоо күбөлүгү (түп нуска берилет, андан көчүрмөсү алынат).
2. Чет өлкөлүк жарандар үчүн:
- чет өлкөлүк жарандын паспорту же болбосо мыйзам менен белгиленген же Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларына ылайык ким экенин ырастоочу документ катарында тааныла турган бөлөк документ (түп нуска берилет, андан көчүрмөсү алынат);
- Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында жүрүп турууга (жашап турууга) болгон укугун: жашап туруу укугун, убактылуу жашап турууга уруксатын тастыктоочу документ (түп нуска берилет, андан көчүрмөсү алынат) же Кыргыз Республикасынын расмий органдары тарабынан тастыкталган бөлөк документ.
2-тиркеме
1. Юридикалык жактарды идентификациялоо максатында алынуучу маалыматтар:
- толук, ошондой эле (эгерде бар болсо) кыскартылган аталышы жана чет тилдеги аталышы;
- уюштуруу-укуктук формасы;
- резидент үчүн - салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, резидент эмес үчүн - (эгерде бар болсо) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери же чет өлкөлүк уюмдун коду;
- мамлекеттик каттоо тууралуу маалыматтар: күнү, номери, каттоочу органдын аталышы, катталган жери;
- турган жеринин дареги жана почталык дареги;
- лицензияланчу ишкердикти жүзөгө ашыруу укугу жөнүндө лицензия тууралуу маалыматтар: лицензиянын түрү, номери, берилген күнү; ким тарабынан берилген; жарактуулук мөөнөтү, лицензиялануучу ишкердиктин түрлөрүнүн тизмеси;
- коммерциялык банктар-резиденттер үчүн - банктык идентификациялык код;
- юридикалык жактын органдары тууралуу маалыматтар (юридикалык жактын башкаруу органдарынын түзүмү жана адамдык курамы);
- катталган жана төлөнгөн уставдык (чогултма) капиталдын көлөмү же уставдык фонддун, мүлктүн көлөмү тууралуу маалыматтар;
- ишеним катсыз эле юридикалык жактын, анын туруктуу иштеп турган башкаруу органынын, башка органынын же юридикалык жактын атынан аракеттенүүгө укуктуу жактын өзүнүн турган жери боюнча бар экендиги же жок экендиги тууралуу маалыматтар;
- байланыш телефондорунун жана факстарынын номерлери;
2. Жеке ишкерлерди идентификациялоо максатында алынчу маалыматтар:
- ушул Жобонун 1-тиркемесинде камтылган маалыматтар;
- жеке ишкер катарында каттоо тууралуу маалыматтар: катталган күнү, мамлекеттик каттоо номери, каттоочу органдын аталышы, катталган жери;
- лицензияланчу ишкерикти жүргүзүү укугу жөнүндө лицензия тууралуу маалыматтар: лицензиянын түрү, номери, берилген күнү; ким тарабынан берилгендиги; жарактуулук мөөнөтү, лицензияланчу ишкердиктин түрлөрүнүн тизмеси;
- почталык дареги жана байланыш телефондорунун жана факстарынын номерлери.
1. Юридикалык жактар үчүн:
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк (көчүрмөсү);
- устав (нотариустан тастыкталган көчүрмөсү);
- уюштуруучу келишим - эгерде мыйзамдарда каралган болсо (эгерде коом бир жак тарабынан бекитилсе, анда түзүү тууралуу чечимдин чыгарган орган же уюмдун (кардардын) өзү тарабынан тастыкталган көчүрмөсү) (нотариустан тастыкталган көчүрмөсү);
- уюштуруучу документтерге киргизилген өзгөртүүлөр (толуктоолор) жана ошондой өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) мамлекеттик каттоо тууралуу ырастамалар (нотариустан тастыкталган көчүрмөлөрү);
- салык органына каттоого коюу тууралуу ырастамалар (нотариустан тастыкталган көчүрмөсү);
- коддорду жана классификациялык белгилерди ыйгаруу тууралуу статистика органдарынан маалымкат (нотариустан же уюмдун өзү тарабынан тастыкталган көчүрмөсү);
- колдордун үлгүлөрү жана мөөрдүн тагы бар карточкадагы биринчи жана экинчи колго укуктуу жактардын ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтер (башкаруу органдарынын чечимдери, буйруктар, ишеним каттар ж. б.) (түп нуска же уюмдун өзү тарабынан тастыкталган көчүрмөсү);
- кардардын милдеттүү түрдө лицензияланчу ишкердик жүргүзүү укугуна лицензиялар (көчүрмөсү);
- кошумча талап боюнча - юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен көчүрмө (нотариустан тастыкталган көчүрмөсү).
2. Жеке ишкерлер үчүн:
- 1-тиркемеде каралган документтер;
- жеке ишкер катарында катталгандыгы тууралуу күбөлүк (көчүрмөсү);
- зарыл болсо - кардардын милдеттүү түрдө лицензияланчу ишкердикти жүргүзүү укугуна лицензиялар же жеке ишкер катары кардардын статусун аныктаган патент - зарыл болсо (көчүрмөсү).
3-тиркеме
1. Кардар операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдө башка жактын пайдасына иштеп жаткандыгы тууралуу күбөлөндүрүүчү негиздер жөнүндө маалыматтар;
2. Бенефициардык менчик ээси (пайда табуучу) тууралуу маалыматтар.