Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №192 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Фонддун функциялары
3. Фонддун укуктары
4. Фонддун түзүмү жана башкаруу органдары
5. Фонддун каражатын түзүүнүн булактары
6. Корутунду жоболор
1.1. Ушул Убактылуу жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун (мындан ары - Фонд) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
1.2. Фонд Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмчөсү болуп саналат.
Фонд мамлекеттик мекеме болуп саналат жана пайда табууну өз ишинин негизги максаты катары эсептебейт.
1.3. Фонд республиканын облустук борборлорунда өзүнүн региондор аралык бөлүмдөрүнө ээ. Фонддун региондор аралык бөлүмдөрү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бекиткен жоболордун негизинде аракеттенет.
1.4. Фонд өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
1.5. Фонд өзүнүн ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, финансы-кредиттик жана камсыздандыруу мекемелери жана Кыргыз Республикасынын ишкердик ишинин субъекттери менен өз ара аракетте уюштурат.
1.6. Фонд юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана кыргыз жана орус тилдеринде аталышы жазылган мөөргө, ошондой эле банкта улуттук жана чет өлкөлүк валютада өзүнчө эсепке ээ.
1.7. Фондун карамагындагы мүлк Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат жана ушул Жободо каралган, Фонддун максаты менен милдеттерин камсыз кылуу үчүн гана пайдаланылат.
2. Фонддун ишинин негизги багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:
- карыздарды андан ары өндүрүп алуу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ыйгарым укук берген жакка берүү үчүн бардык кредиттик документтерди чогултуу боюнча ишти аяктоо;
- кийин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ыйгарым укук берген жакка берүү үчүн документтерди текшерүү жана инвентаризациялоо;
- жоготуу, бүлүндүрүү коркунучтарынан же базар коньюнктурасынын өзгөрүшү, суроо-талаптын жана баалардын түшүүсү, ошондой эле зайымчы тарабынан кыянаттык кылуу фактыларына байланышкан коркунучтардан коопсуздукту камсыздоо үчүн күрөөгө алынган мүлктүн эсебин алуу жана контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ыйгарым укук берген жакка кийин белгиленген тартипте берүү үчүн ссуда алуучулардын кредиттик-күрөө документтерин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келтирүү боюнча ишти аяктоо;
- ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу жана аларды белгиленген тартипте бекитүүгө берүү;
- келишимдик милдеттенмелерди инвентаризациялоо, карыздарды алардын кайтарымдуулугуна жараша бөлүштүрүү.
3. Фонд функцияларын жана милдеттенмелерин ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- зарыл болгон учурда кеңеш берүү жана ченемдик документтерди иштеп чыгуу үчүн ылайыктуу кызмат көрсөтүү акысы менен эксперттерди жана адистерди тартууга;
- белгиленген тартипте фонддун компетенциясына кирген маселелер боюнча кеңешмелерди жана семинарларды уюштурууга;
- белгиленген тартипте министрликтердин, ведомстволордун коллегияларынын жана башка чарба жүргүзүүчү органдардын ишине Фонддун компетенциясына кирген маселелер боюнча катышууга;
- келишимдерди түзүүгө, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага алууга, юридикалык жактар жана жеке адамдар менен башка жарандык-укук мамилелерин жасоого;
- фонддун максаттарына жана милдеттерине каршы келбеген башка иштерди жүргүзүүгө.
4.1. Фондду башкарууну фонддун директору ишке ашырат.
4.2. Фонддун түзүмү борбордук аппараттан жана региондор аралык органдардан турат.
4.3. Фондду директор жетектейт. Директор Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министринин сунуштоосу боюнча кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
4.4. Фонддун директору:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кароосуна жана бекитүүсүнө Фонддун ички документтерин, түзүмдүк бөлүктөрү жөнүндө жоболорду, усулдук иштеп чыгууларды жана сунуштамаларды берет;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кароосуна жасалган иштер жөнүндө отчетту (финансы отчетун кошкондо) берет;
- Фонддун ишин уюштурат жана Фондго тагылган милдеттердин аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болот.
- Фонддун региондор аралык бөлүмдөрүн түзүү, өзгөртүп түзүү, жоюу жөнүндө сунуштарды кароого жана бекитүүгө берет;
- Фонддун региондор аралык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин отчетторун угат жана кабыл алат;
- Фонддун ишин текшерүүлөрдүн натыйжасын карап чыгат;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрине эмгек акы, сыйлоо жана социалдык мүнөздөгү төлөөлөр жөнүндө жоболорду, ошондой эле Фонддун ишине таандык маселелер боюнча актыларды карап чыгууга жана бекитүүгө берет;
- колдонуудагы мыйзамдарга ылайык штаттык расписаниесин бекитет, фонддун борбордук аппаратынын жана региондор аралык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин ишке кабыл алат жана иштен бошотот;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар, ишкердик ишинин ата-мекендик жана чет өлкөлүк субъекттери, чет өлкөлүк мамлекеттердин юридикалык жактары жана жеке адамдары менен өз ара карым-катышта Фонддун укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын көздөйт;
- Фонддун атынан ишеним катсыз бүтүм жасайт;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрине региондор аралык бөлүмдөрдүн жетекчилерин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу жөнүндө сунуш киргизет;
- Фонддун облустук органдарынын чыгашалар сметасын бекитет;
- Фонддун кызматтык милдеттенмелерин жана башка ички документтерди бекитет;
- белгиленген тартипте Фонддун мүлкүн башкарат жана каражаттарын тескейт;
- Фонддун жана анын аймактык органдарынын кызматкерлери тарабынан аткарууга милдеттүү буйруктарды чыгарат;
- Фонддун региондор аралык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин ыйгарым укуктарынын чегинен чыккан же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобону бузуу менен чыгарылган актыларын жокко чыгарууга укуктуу;
- белгиленген тапшырманы, иш-чараларды жана кызматтык милдетти өз убагында сапаттуу аткаргандыгы үчүн, өзгөчө маанилүү жана татаал атайын тапшырманы ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн, иштин түпкү негизги натыйжасы жана сапаты үчүн, фонддун ишинин отчеттук мезгил ичиндеги жыйынтыгы боюнча жалпы натыйжасы үчүн кызматкерлерди сыйлоону жүргүзөт. Сыйлыктарды төлөө Фонддун каражаттарынын эсебинен жана чыгашалардын бекитилген сметасынын чегинде жүргүзүлөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.
5.1. Фонддун каражатын түзүүнүн булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
- Фонддун атайын эсебиндеги каражаттардын калдыгы;
- мурда берилген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча түшкөн каражаттан 2 пайызы;
- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына каршы келбеген башка булактар.
5.2. Фонд ресурстарды депозиттер түрүндө тартууга укуксуз.
5.3. Фонд эмгек акы, социалдык өнүктүрүү жана материалдык сыйлоо фондун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бекиткен Жобого ылайык каражаттардын чегинде аныктайт. Фонддун кирешелер жана чыгашалар сметасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бекитилет.
6.1. Фонд өз ишинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине отчеттуу болот.
6.2. Фонддун ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ыйгарым укук берген жактын сунушунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жүргүзүлөт.