Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-марты №192
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондун реформалоо жөнүндө
Өлкөнүн экономикасын андан ары инвестициялоо үчүн башкарууну оптималдаштыруу жана ички ресурстарды мобилизациялоо максатында, ошондой эле мамлекеттик башкаруу системасын реформалоого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду жөнүндө убактылуу жобо;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун 2009-жыл үчүн ишине кезексиз тартипте аудит жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынан суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине мурда берилген бюджеттик ссудаларды, чет өлкөлүк кредиттерди жана башка булактардын эсебинен берилген кредиттерди кайра кайтаруу менен байланышкан агенттик кызмат көрсөтүүлөрдү бир булактан сатып алуу ыкмасы менен жүргүзүүгө жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучу деп "Карыздарды башкаруу кызматы" жабык акционердик коомун аныктоого уруксат берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына белгиленген тартипте Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 58а дареги боюнча имаратта жайгашкан, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун пайдалануусунда турган кызматтык бөлмөлөргө "Карыздарды башкаруу кызматы" жабык акционердик коомун жайгаштыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Мүлк министрлигине сунуш киргизүү сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын сунушу боюнча Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 58а дарегиндеги имаратта жайгашкан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун пайдалануусунда турган, бошотулуучу кызматтык бөлмөлөрдү жана керектүү жабдууларды, аны менен тийиштүү келишим түзүп, белгиленген тартипте "Карыздарды башкаруу кызматы" жабык акционердик коомуна берсин.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү өткөрүп берүүнү жүргүзсүн:
- "Карыздарды башкаруу кызматы" жабык акционердик коомуна:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондусунун убактылуу же туруктуу пайдалануусунда турган бошотулуучу жана зарыл жабдууларды, транспорт каражаттарын жана башка материалдык баалуулуктарды убактылуу пайдаланууга берүүнү;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келтирилген, карыздарды андан ары өндүрүп алуу үчүн зарыл документтерди берүүнү;
- "Карыздарды башкаруу кызматы" жабык акционердик коому менен кызмат көрсөтүүлөр тууралуу келишим түзүп, анда эсептелинген пайыздар менен айыптарды эсепке алуу менен мурда берилген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча келип түшкөн каражаттардан 5% өлчөмүндө акы төлөө шарты каралсын;
- ушул токтомдон келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине белгиленген тартипте тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин;
- ушул токтомдон келип чыккан уюштуруучулук жана башка маселелерди чечсин.
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 20-сентябрындагы № 582 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн Мамлекеттик фонду жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 1-апрелиндеги № 174 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 20-сентябрындагы № 582 токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-майындагы № 406 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 20-сентябрындагы № 582 токтомуна толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-апрелиндеги № 226 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
8. Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы № 192 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун башкаруу СХЕМАСЫ
┌────────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын Финансы │
│ министрлиги │
└────────────────────────────────┘
┌────────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын Финансы │
│ министрлигине караштуу │
│ Экономиканы өнүктүрүүнүн │
│ мамлекеттик фонду │
└────────────────────────────────┘
┌────────────────────────────────┐
│ Баткен региондор аралык бөлүмү │
└────────────────────────────────┘
┌────────────────────────────────┐
│ Жалал-Абад региондор аралык │
│ бөлүмү │
└────────────────────────────────┘
┌────────────────────────────────┐
│Ысык-Көл региондор аралык бөлүмү│
└────────────────────────────────┘
┌────────────────────────────────┐
│ Нарын региондор аралык бөлүмү │
└────────────────────────────────┘
┌────────────────────────────────┐
│ Ош региондор аралык бөлүмү │
└────────────────────────────────┘
┌────────────────────────────────┐
│ Талас региондор аралык бөлүмү │
└────────────────────────────────┘
┌────────────────────────────────┐
│ Чүй региондор аралык бөлүмү │
└────────────────────────────────┘