Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 462 токтомуна ылайык күчүн жоготкон
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №198 токтому менен бекитилген |
Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор жана аныктамалар
2. Максаттары жана милдеттери
3. Долбоорлорду даярдоонун жүрүшү
4. Консультациялык жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр
5. Долбоорлорду тандоо
6. Грант берүүнүн тартиби
7. Грантты пайдалануу боюнча контроль жана отчеттуулук
Ушул Жобо "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
Түрткү берүүчү (үлүштүк) грант - бюджеттик каражаттарды, мамлекеттик артыкчылыктуу программалар жана долбоорлор боюнча каражаттарды натыйжалуу чыгымдоого түрткү берүү, жергиликтүү бюджеттин кирешесин көбөйтүү жана жергиликтүү киреше булактарын кыйла толук мобилизациялоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү трансферттер.
Капиталдык чыгымдар - негизги капиталды алууга (сатып алуу, куруу), негизги каражаттарды кайра конструкциялоого, техникалык кайра жабдууга, негизги каражаттарды капиталдык оңдоого кеткен сарптоолор.
Инвестициялык долбоор (мындан ары - долбоор) - капиталдык чыгымдарды ишке ашыруунун, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана белгиленген тартиптеги стандарт (ченемдер жана эрежелер) менен бекитилген долбоорлор боюнча зарыл долбоорлоо-сметалык документтердин социалдык-экономикалык максатка ылайыктуулугун, көлөмүн жана мөөнөттөрүн негиздөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бекитилген нускамага ылайык аткарылган түрткү берүүчү (үлүштүк) грантты алууга бериле турган инвестицияларды өздөштүрүү боюнча практикалык иш-аракеттерди баяндоо.
Арыз берүүчү - түрткү берүүчү (үлүштүк) грантты алууга долбоор (арызды) берген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ар кандай аткаруучу-тескөөчү органы, аймактык-коомдук өз алдынча башкаруу органы.
Грант алуучулар - долбоору түрткү берүүчү (үлүштүк) грантты алууга тандоодон өткөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ар кандай аткаруучу-тескөөчү органы, аймактык-коомдук өз алдынча башкаруу органы.
Грант алуу макулдашуусу - грант алуучу менен грант берүүчү кол койгон грант берүүнүн шарттары тууралуу документ.
Бюджеттик камсыздуулук - бир тургунга эсептелген киреше көлөмү, ал тийиштүү аймактын экономикалык өнүгүү деңгээлине негизденип, калктын түзүмүндөгү айырмачылыкты, бир тургунга эсептегенде бюджеттик кызмат көрсөтүүнүн наркына таасир этүүчү социалдык-экономикалык, климаттык, географиялык жана башка объективдүү факторлор менен шарттарды эсепке алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бюджети тарабынан алынышы мүмкүн.
Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттарды түзүүнүн булагы республикалык бюджеттин каражаттары болуп саналат.
Түрткү берүүчү (үлүштүк) грант (мындан ары - грант) билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт, турак жай-коммуналдык, айыл, суу чарбасы мекемелеринин көмөкчү жана кошумча объекттерди жана башка объекттерин куруу жана кайра конструкциялоо, оңдоо кайра конструкциялоо жана көрктөндүрүүнү каржылоого, ошондой эле инвентарларды сатып алууга жумшалат.
Гранттар жергиликтүү бюджеттердин мобилизациялык ресурстарына, эл аралык финансылык институттары, донорлор жана өкмөттүк эмес уюмдар каржылаган долбоорлорго карата кошумча кошо каржылоо түрүндө берилет.
Артыкчылыктуу долбоорлорго элет жериндеги бийик тоолуу жана алыскы райондордун калктуу конушунун көпчүлүк тургундары үчүн жеткиликтүү болгон объекттерди реабилитациялоо боюнча инвестициялык долбоорлор төмөнкүдөй тартипте кирет:
- мектептер;
- мектепке чейинки уюмдар;
- медициналык мекемелер;
- коммуналдык чарба объекттери;
- маданият объекттери;
- спорттук комплекстер менен курулмалар.
Грант алуу үчүн билдирме арыз берүүчүнүн аманат өлчөмдөрүн көрсөтүү менен берилет.
Арыз берүүчү долбоордун жалпы суммасынан 10дон 60 пайызга чейинки өлчөмдө долбоорду жүзөгө ашырууга өз салымын салууга милдеттүү, анын ичинен кеминде 50 пайызы акчалай каражат, калганы материалдар же эмгек ресурстары түрүндө болууга тийиш. Арыз берүүчүнүн салымы долбоорду жүзөгө ашырууга тийиштүү топтор боюнча (республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарлар жана айыл өкмөттөрү) орточо көрсөткүчтөн алынган пайызда жергиликтүү башкаруу органынын бир тургунуна эсептелген бюджеттик камсыздуулуктун деңгээлин эсепке алуу менен аныкталат.
Бюджеттик камсыздуулуктун деңгээли 300 пайыз жана андан жогору болсо - арыз берүүчүнүн салымы кеминде - 60 пайыз; 100 пайыздан 300 пайызга чейин болсо - арыз берүүчүнүн салымы кеминде 20 пайыздан 60 пайызга чейин; бюджеттик камсыздуулуктун деңгээли 100 пайыздан аз болсо (дотациялык региондор) - салым 10 пайыздан 20 пайызга чейин.
Бюджеттик камсыздуулуктун деңгээли Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан аныкталат.
Берилген билдирмелер Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги түзгөн түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттарды алууга табыштаманы карап чыгуу боюнча Комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан тиешелүү каттоо номерин ыйгаруу менен түрткү берүүчү (үлүштүк) грантты алуу долбоорлорун каттоо формасына ылайык катталат.
Грантты алуу долбоору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бекиткен талаптарга ылайык таризделет жана Комиссияга документтердин зарыл топтому менен берилет.
Зарыл учурда Комиссия арыз берүүчүдөн кошумча маалыматты жана документтерди талап кылууга укуктуу.
Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлорду даярдоо жана баалоо жөнүндө нускама, түрткү берүүчү (үлүштүк) грантты алууга билдирмелерди кароо боюнча Комиссиянын курамы жана иши жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министринин буйругу менен бекитилет.
Арыз берүүчүлөргө алуу жол-жоболорун түшүндүрүү жана алынган каражаттарды пайдалануу боюнча жардам көрсөтүү, окутуучу тренингдерди жана семинарларды өткөрүү, ошондой эле долбоорду ишке ашыруунун бардык этаптарында маалыматтык колдоо жана контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.
Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттарды алууга табыштаманы карап чыгуу боюнча Комиссия райондор, шаарлар жана облустардын деңгээлинде түзүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Комиссиясы түзүлөт.
Райондук, шаардык жана облустук комиссиялардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Комиссиясынын иш натыйжалары боюнча түрткү берүүчү (үлүштүк) грант түрүндө долбоорду кошо каржылоого ресурстарды бөлүү жана тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарындагы анын көлөмү жөнүндө протоколдук чечим кабыл алынат.
Райондордун, шаарлардын, облустардын деңгээлинде комиссиялардын чечимдери сунуштоочу мүнөзгө ээ болот. Түрткү берүүчү (үлүштүк) грант эсебинен каржылоо жөнүндө акыркы чечим Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин комиссиясы тарабынан кабыл алынат.
Долбоорду тандоо төмөнкүдөй критерийлер боюнча ишке ашырылат:
- тийиштүү аймактык түзүлүштүн социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээли;
- тийиштүү аймактык түзүлүштүн социалдык-экономикалык өнүгүү планына ылайыктуулук;
- өзүнчө аймактык түзүлүштүн долбоорунун артыкчылыгы;
- өзүнчө аймактык түзүлүштүн алдында коюлган милдетти чечүүдө долбоордун натыйжалуулугу;
- долбоорго аймакта жайгашкан калктын жана ишканалардын иш жүзүндө катышуусу, ошондой эле тартылган башка ресурстар.
Финансы министрлигинин комиссиясынын чечиминин натыйжасы боюнча грант алуучу менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосунда грант алуу макулдашуусу түзүлөт.
Республикалык бюджеттен бөлүнүүчү түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттын максималдуу суммасы бир долбоорго 2,0 млн. сомду түзөт.
Суралган суммага жана талап кылынган көлөмгө ылайык, грант долбоордун тибине жараша бөлүктөр менен берилет. Андан ары каржылоо өзүнүн жумшалуучу каражатын пайдаланууну эсепке алуу менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатты пайдалануу тууралуу отчетту грант алуучу тапшыргандан кийин ишке ашырылат.
Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен грант алуучу жүргүзгөн иштердин өткөрүлүшүн контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлөт. Грант алуучунун эсебине келип түшкөн жана 2 айдын ичинде пайдаланылбаган каражаттар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы тарабынан чакырылып алынат.
Иш аяктагандан кийин грант алуучу корутунду финансылык отчетту даярдайт жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жиберет, ал:
- эсептеги каражат жөнүндө банктын көчүрмөсүн;
- аткарылган иштерди кабыл алуу жөнүндө актыны;
- акча каражаттардын кыймылы жөнүндө маалымкатты;
- сатылып алынуучу товарларга, кызмат көрсөтүүлөргө эсеп-фактураны же сатып алуу актысын жана башка керектүү документтерди камтыйт.
Ушул Жобонун шарттары аткарылбаган жана объекттер боюнча иштерди аткарууну текшерүүнүн убагында тартип бузуулар аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Макулдашууну бузууга, төлөмдөрдү токтотуп коюуга жана Макулдашууну бузуучудан пайдаланылган акча каражаттардын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин адистери:
- бөлүнүүчү каражаттарды пайдалануунун максаттуу багытталышын;
- грант алуучунун билдирмесине жана Макулдашууга ылайык белгиленген иш-чаралардын аткарылышын текшерүүлөрдү жүргүзүшөт.
Аткарылган иштердин сапатын, алардын долбоорлоо-сметалык документтерге шайкештигин контролдоо жана алынган гранттардын максаттуу пайдаланышы үчүн жоопкерчилик объектинин заказчысына (грант алуучуга) жүктөлөт.
Зарыл учурда грант алуучу тийиштүү иш түрүнө укугу бар адис-куруучуларды техникалык көзөмөлдү жүргүзүү үчүн долбоорлордун сметаларында ушул максатка каралган каражаттардын эсебинен же грант алуучунун башка булактарынын эсебинен акы төлөө менен келишимдик негизде тартышы мүмкүн.