Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 462 токтомуна ылайык күчүн жоготкон
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-марты №198
Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасында түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо механизмин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоонун ушул механизмин колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы №514 "Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |