Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-сентябрындагы №225 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2004-жылдын 4-декабры №889
Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча агентствосунун кызматкерлерине азык-түлүк үлүштүн нормалары жана азык-түлүк үлүштүн ордуна акчалай компенсация жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча агентствосунун кызматкерлерин материалдык жактан колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2004-жылдын 1-ноябрынан баштап Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча агентствосунун кызматкерлерин азык-түлүк үлүштөр менен камсыздоо Кыргыз Республикасынын мыйзамында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн белгиленген нормалар боюнча колдонулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча агентствосунун кызматкерлерин азык-түлүк үлүштүн ордуна акчалай компенсациялоонун нормалары төмөнкүдөй белгиленсин:
- 2004-жылдын 1-ноябрынан баштап - суткасына 25 сом өлчөмдө;
- 2005-жылдын 1-январынан баштап - суткасына 34 сом өлчөмдө.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги азык-түлүк үлүштүн ордуна компенсация төлөөнүн каржыланышын камсыздасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Н. Танаев |