Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 470 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-сентябрындагы №225
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 17-августундагы № 131 «Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматын түзүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-майындагы № 384 «Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин кызматкерлеринин кийим-кече предметтеринин, атрибуттарынын жана айырмалоо белгилеринин сыпаттамасын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана бүткүл текстиндеги «агенттик» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «мамлекеттик кызмат» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- кириш сөзү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 204 «Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:»;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин кызматкерлеринин кийим-кече предметтеринин, атрибуттарынын жана айырмалоо белгилеринин сыпаттамасында:
аталышындагы жана бүткүл текстиндеги «агенттик» деген сөздөр «мамлекеттик кызматы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2.5-пунктундагы «АКН» деген кыскартылган сөз «ГСКН» деген кыскартылган сөзгө алмаштырылсын;
5.2-пунктундагы мамлекеттик тилдеги «Баңгизатка контролдук агенттиги» деген сөздөр «Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
5.2-пунктундагы расмий тилдеги «агенттиги» деген сөз «мамлекеттик кызматы» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-ноябрындагы № 875 «Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин убактылуу бөлөк кармоочу жайынын ички тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышында жана бүткүл тексти боюнча «агенттигинин» деген сөз «мамлекеттик кызматынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук Агенттигинин убактылуу бөлөк кармоочу жайынын ички тартибинин эрежесинин аталышында жана бүткүл текстинде ар кыл жөндөмөлөрдөгү «агенттигинин» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «мамлекеттик кызматынын» деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине азык-түлүк үлүштүн ордуна акчалай компенсациянын нормасы 2010-жылдын 17-августунан тартып суткасына 34 (отуз төрт) сом өлчөмүндө белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджетте бекитилген чыгымдардын сметасынын чегинде азык-түлүк үлүштүн ордуна компенсация төлөөнү ишке ашырсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 889 «Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча агентствосунун кызматкерлерине азык-түлүк үлүштүн нормалары жана азык-түлүк үлүштүн ордуна акчалай компенсация жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргонуу, коопсуздук жана укуктук тартип бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |