Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 231 токтому менен бекитилген |
1000 бөлүм «Жүгүртүү активдери»
2000 бөлүм «Жүгүртүүдөн тышкаркы активдер»
3000 бөлүм «Кыска мөөнөттүү милдеттенмелер»
4000 бөлүм «Узак мөөнөттүү милдеттенмелер»
5000 бөлүм «Капитал»
6000 бөлүм «Операциялык иштен кирешелер»
7000-8000 бөлүм «Операциялык чыгымдар»
9000 бөлүм Операциялык эмес иштен кирешелер
1000 «Жүгүртүү активдери»
1100 «Кассадагы акча каражаттары»
1110 «Улуттук валютадагы акча каражаттары»
1120 «Чет өлкө валютасындагы акча каражаттары»
1130 «Акча документтери»
1140 «Акча эквиваленттери»
1200 «Банктагы акча каражаттары»
1210 «Улуттук валютадагы эсептер»
1220 «Жергиликтүү банктардагы чет өлкө валютасындагы эсептер»
1230 «Чет өлкө банктарындагы эсептер»
1240 «Банктардагы пайдаланууга чектөө коюлган акча каражаттары»
1250 «Жолдогу акча каражаттары»
1300 «Кыска мөөнөттүү инвестициялар»
1310 «Карыздык баалуу кагаздар»
1320 «Үлүштүк баалуу кагаздар»
1330 «Берилген кредиттер, займдар»
1340 «Депозиттик аманаттар»
1350 «Узак мөөнөттүү инвестициялардын учурдагы бөлүгү»
1390 «Башка кыска мөөнөттүү инвестициялар»
1400 «Алууга каралган эсептер»
1410 «Товарлар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн алууга каралган эсептер»
1491 «Алууга каралган эсептер боюнча кайтарылбас карыздарга резерв»
1500 «Башка операциялар боюнча дебитордук карыздар»
1510 «Алууга каралган векселдер»
1520 «Кызматкерлердин жана директорлордун дебитордук карыздары»
1530 «Аванс менен төлөнгөн салыктар»
1540 «Орду толтурулуучу салыктар»
1550 «Алууга каралган пайыздар»
1560 «Алууга каралган дивиденддер»
1570 «Курулушка келишим боюнча буюртмачылардын (заказчиктердин) карыздары»
1580 «Узак мөөнөттүү дебитордук карыздын учурдагы бөлүгү»
1590 «Башка дебитордук карыз»
1600 «Товардык-материалдык запастар»
1610 «Товарлар»
1691 «Сатып өткөрүлбөгөн үстөк баа»
1620 «Чийки заттардын жана негизги материалдардын запастары»
1630 «Бүткөрүлө элек өндүрүш»
1640 «Даяр продукция»
1650 «Биологиялык активдерден айыл чарба продукциялары»
1700 «Көмөкчү материалдар запастары»
1710 «Отун»
1720 «Запастык бөлүктөр»
1730 «Курулуш материалдары»
1740 «Башка материалдар»
1750 «Баалуулугу аз жана тез эскирүүчү буюмдар»
1795 «Колдонуудагы баалуулугу аз жана тез эскирүүчү буюмдар»
1800 «Берилген аванстар»
1810 «Аванс менен төлөнгөн запастар»
1820 «Аванс менен төлөнгөн кызмат көрсөтүүлөр»
1830 «Аванс менен төлөнгөн ижара»
1890 «Авансталган төлөмдөрдүн башка түрлөрү»
1900 «Уюштуруучулардын (катышуучулардын) уставдык капиталга салымдары боюнча карыздары»
2000 «Жүгүртүүдөн тышкаркы активдер»
2100 «Негизги каражаттар»
2110 «Жер»
2120 «Бүткөрүлбөгөн курулуш»
2130 «Имараттар, курулмалар»
2193 «Топтолгон амортизация - имараттар, курулмалар»
2140 «Жабдуулар»
2194 «Топтолгон амортизация - жабдуулар»
2150 «Кеңселик жабдуулар»
2195 «Топтолгон амортизация - кеңселик жабдуулар»
2160 «Эмерек жана ага тиешелүү буюмдар»
2196 «Топтолгон амортизация - эмерек жана ага тиешелүү буюмдар»
2170 «Транспорттук каражаттар»
2197 «Топтолгон амортизация - транспорттук каражаттар»
2180 «Ижарага алынган менчикти ыңгайлаштыруу»
2198 «Топтолгон амортизация - ижарага алынган менчикти ыңгайлаштыруу»
2190 «Жер участкаларын өздөштүрүү»
2199 «Топтолгон амортизация - жер участкаларын өздөштүрүү»
2200 «Биологиялык активдер»
2210 «Жаныбарлар (керектелүүчү биологиялык активдер)»
2220 «Жаныбарлар (тукум берүүчү биологиялык активдер)»
2230 «Өсүмдүктөр (керектелүүчү биологиялык активдер)»
2240 «Мөмө берүүчү өсүмдүктөр»
2250 «Иш жүзүндө сарптоолор боюнча эсепке алынган биологиялык активдер»
2290 «Башка биологиялык активдер»
2300 «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар»
2310 «Жер»
2320 «Имараттар жана курулмалар»
2330 Инвестиция объекттерин кыймылсыз мүлккө реконструкциялоо»
2400 «Төлөө мөөнөтү кийинкиге жылдырылган салыктык талаптар»
2500 «Пайдаланууга чектелген акча каражаттары»
2700 «Узак мөөнөттүү дебитордук карыздар»
2710 «Алынган векселдер»
2720 «Сатып алуучулардын жана буюртмачылардын узак мөөнөттүү дебитордук карыздары»
2780 «Узак мөөнөттүү бери кийинкиге жылдырылган чыгымдар»
2790 «Башка узак мөөнөттүү дебитордук карыздар»
2800 «Узак мөөнөттүү инвестициялар»
2810 «Карыздык баалуу кагаздар»
2820 «Берилген кредиттер, займдар»
2830 «Туунду компанияларга инвестициялар»
2840 «Биргелешкен ишке инвестициялар»
2850 «Ассоциацияланган компанияларга инвестициялар»
2890 «Башка узак мөөнөттүү инвестициялар»
2900 «Материалдык эмес активдер»
2910 «Франшиза»
2991 «Топтолгон амортизация - франшиза»
2920 «Гудвилл»
2992 «Топтолгон амортизация - гудвилл»
2930 «Патенттер»
2993 «Топтолгон амортизация - патенттер»
2940 «Соода маркалары»
2994 «Топтолгон амортизация - соода маркалары»
2950 «Автордук укук»
2995 «Топтолгон амортизация - автордук укук»
2960 «Программалык камсыздоолор»
2996 «Топтолгон амортизация - программалык камсыздоолор»
2970 «Лицензияланган макулдашуу»
2997 «Топтолгон амортизация - лицензияланган макулдашуу»
2980 «Башка активдер»
2998 «Топтолгон амортизация - башка активдер»
2990 «Бүткөрүлбөгөн иштеп чыгуулар»
3000 «Кыска мөөнөттүү милдеттенмелер»
3100 «Төлөөгө каралган эсептер»
3110 «Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө каралган эсептер»
3190 «Төлөөгө каралган башка эсептер»
3200 «Алынган аванстар»
3210 «Сатып алуучулардын жана буюртмачылардын аванстары»
3220 «Курулушка келишим боюнча буюртмачыларга карыз»
3300 «Кыска мөөнөттүү карыздык милдеттенмелер»
3310 «Банктык кредиттер, займдар»
3320 «Башка кредиттер, займдар»
3330 Узак мөөнөттүү карыздык милдеттенмелердин учурдагы бөлүгү»
3390 «Башка кыска мөөнөттүү карыздык милдеттенмелер»
3400 «Төлөөгө каралган салыктар»
3410 «Төлөөгө каралган пайда салыгы»
3420 «Жеке адамдардын кирешесинен киреше салыгы»
3430 «Төлөөгө каралган КНС»
3440 «Төлөөгө каралган акциздер»
3490 «Төлөөгө каралган башка салыктар»
3500 «Чегерилген кыска мөөнөттүү милдеттенмелер»
3510 «Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча чегерилген милдеттенмелер»
3520 «Чегерилген эмгек акы»
3530 «Социалдык камсыздандырууга чегерилген төгүмдөр»
3540 «Төлөөгө каралган дивиденддер»
3550 «Карыздык милдеттенмелер боюнча кошуп эсептелген пайыздар»
3590 «Башка эсептелген чыгымдар»
3600 «Башка кыска мөөнөттүү милдеттенмелер»
3700 «Резервдер»
4000 «Узак мөөнөттүү милдеттенмелер»
4100 «Узак мөөнөттүү милдеттенмелер»
4110 «Төлөөгө каралган облигациялар»
4120 «Банктык кредиттер, займдар»
4130 «Башка кредиттер, займдар»
4140 «Төлөөгө каралган векселдер»
4150 «Финансы ижарасы боюнча милдеттенмелер»
4190 «Башка узак мөөнөттүү милдеттенмелер»
4200 «Мөөнөтү кийинкиге жылдырылган кирешелер»
4300 «Мөөнөтү кийинкиге жылдырылган салыктык милдеттенмелер»
5000 «Өздүк капитал»
5100 «Уставдык капитал»
5110 «Жөнөкөй акциялар»
5120 «Артыкчылык берилген акциялар»
5191 «Сатып алынган өздүк акциялар»
2130 «Башка уставдык капитал»
5200 «Башка капитал»
5210 «Кошумча төлөнгөн капитал»
5220 «Активдерди кайра баалоо боюнча оңдоо киргизүүлөр»
5230 «Чет өлкө компаниялары боюнча чет өлкө валютасындагы операцияларга тиешелүү курстук айырма»
5240 «Менчик ээси (ээлери) тарабынан авансталган капитал»
5300 «Бөлүштүрүлбөгөн пайда»
5400 «Резервдик капитал»
5999 «Кирешелердин жана чыгымдардын топтому»
6000 «Операциялык иштерден түшкөн кирешелер»
6100 «Түшкөн акча»
6110 «Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүүдөн түшкөн акча»
6120 «Сатылган товарлардын кайтарылышы жана жеңилдиктер»
6130 «Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдү алмашуудан түшкөн акча»
6140 «Курулушка келишим боюнча түшкөн акча»
6150 «Субъекттин активдерин башка уюмдардын пайдалануусунан түшкөн акча»
6160 «Камсыздандыруу келишимдери боюнча түшкөн акча»
6200 «Операциялык иштерден түшкөн башка кирешелер»
6300 «Биологиялык активдерден түшкөн пайда (зыян)»
6310 «Биологиялык активдерди баштапкы таануудан пайда (зыян)»
6320 «Айыл чарба продукциясын жыйноодон түшкөн киреше»
6330 «Биологиялык активдердин адилет наркынын өзгөрүүсүнөн пайда (зыян)»
7000-8000 «Операциялык чыгымдар»
7100 «Товардык-материалдык запастарды үзгүлтүксүз эсепке алуу ыкмасында аныкталган, сатылган продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркы»
7100 «Товардык-материалдык запастарды мезгил-мезгили менен эсепке алуу ыкмасында аныкталган, сатылган продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркы»
7110 «Кайтарып алууларды эске алуу менен чийки заттарды, материалдарды сатып алуу боюнча сарптоолор»
7120 «Эмгекке төлөөлөр боюнча сарптоолор»
7130 «Социалдык фондго чегерүүлөр боюнча сарптоолор»
7140 «Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө сарптоолор»
7150 «Негизги өндүрүштүк каражаттардын амортизациясына сарптоолор»
7160 «Негизги каражаттарды оңдоого жана тейлөөгө сарптоолор»
7170 «Башка өндүрүштүк сарптоолор»
7180 «Продукциянын запасын жеке керектөөлөр үчүн пайдалануу»
7190 «Запастардын наркына оңдоо киргизүүлөр»
7200 «Товардык-материалдык запастарды үзгүлтүксүз эсепке алуу ыкмасында аныкталган, сатылган товарлардын өздүк наркы (соода)»
7200 «Товардык-материалдык запастарды мезгил-мезгили менен эсепке алуу ыкмасында аныкталган, сатылган товарлардын өздүк наркы (соода»)
7210 «Товарларды сатып алуу»
7220 «Сатып алынган товарларды кайтарып берүү»
7230 «Товарларды өз керектөөлөрү үчүн пайдалануу»
7290 «Запастардын наркына оңдоо киргизүү»
7300 «Биологиялык активдерди өндүрүү боюнча чыгымдар»
7400 «Курулушка келишимдер боюнча сарптоолор»
7500 «Сатып өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар»
7510 «Жарнамага жана сатууга көмөктөшүүгө кеткен чыгымдар»
7520 «Эмгек акы төлөөгө кеткен чыгымдар»
7530 «Социалдык фондго чегерүүлөр боюнча чыгымдар»
7540 «Сактоого кеткен чыгымдар жана транспорттук чыгымдар»
7550 «Сатып өткөрүүгө тиешелүү, кайтарылбас карыздар боюнча чыгымдар»
7560 «Кепилдик тейлөө боюнча чыгымдар»
7570 «Башка соодалык чыгымдар»
7580 «Негизги каражаттарды амортизациялоо боюнча чыгымдар»
7590 «Сыйлыктуу (белектүү) сатууга чыгымдар»
7600 «Башка өндүрүштүк чыгымдар»
8000 «Жалпы жана административдик чыгымдар»
8010 «Эмгекке төлөө боюнча чыгымдар»
8020 «Социалдык фондго чегерүүлөр боюнча чыгымдар»
8030 «Ижарага төлөөлөр боюнча чыгымдар»
8040 «Кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөр боюнча чыгымдар»
8050 «Мүлк салыгы»
8060 «Кеңсе буюмдарына кеткен чыгымдар»
8070 «Коммуникацияга кеткен чыгымдар»
8080 «Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө боюнча чыгымдар»
8090 «Лицензияларды алууга жана башка макулдашуулар боюнча чыгымдар»
8100 «Чегеримде эске алынбаган КНС боюнча чыгымдар»
8110 «Негизги каражаттарды оңдоо жана техникалык тейлөө»
8120 «Компьютердик камсыздоо-программалык камсыздоо боюнча чыгымдар»
8130 «Өкүлчүлүк чыгымдары»
8140 «Аудиторлорго сыйакылар»
8150 «Юристтерге сыйакылар»
8160 «Окутуу боюнча чыгымдар»
8170 «Консультациялар боюнча чыгымдар»
8180 «Коомчулук менен байланыштар боюнча чыгымдар»
8190 «Башка салыктар боюнча чыгымдар»
8200 «Командировкалык чыгымдар (жергиликтүү)»
8210 «Командировкалык чыгымдар (эл аралык)»
8220 «Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгымдар»
8230 «Айыптар, туумдар, бюджетке бышманалар»
8240 «Айыптар, туумдар, чарбалык келишимдер боюнча бышманалар»
8300 «Илимий изилдөөлөр жана иштеп чыгууларга чыгымдар»
8470 «Негизги каражаттардын амортизациясына чыгымдар»
8480 «Материалдык эмес активдердин амортизациясына чыгымдар»
8490 «Башка жалпы жана административдик чыгымдар»
9000 «Операциялык эмес иштерден кирешелер жана чыгымдар»
9100 «Операциялык эмес иштерден кирешелер»
9110 «Пайыздар түрүндөгү киреше»
9120 «Ассоциацияланган жана туунду компаниялардан киреше»
9130 «Дивиденддерден киреше»
9140 «Чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча курстук айырмадан киреше»
9190 «Башка операциялык эмес кирешелер»
9500 «Операциялык эмес иштерден чыгымдар»
9510 «Пайыздар түрүндөгү чыгымдар»
9520 «Чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча курстук айырмадан чыгымдар»
9530 «Кайтарылбас карыздар боюнча чыгымдар»
9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар»
9800 «Күтүүсуз жагдайларды чагылдырган беренелер»
9810 «Күтүүсүз алынган пайда»
9820 «Күтүүсүз чыгым»
9900 «Пайда салыгы»
9910 «Пайда салыгы боюнча чыгымдар (кирешелер)»
1000 бөлүм «Жүгүртүү активдери»
1100-эсептер тобу «Кассадагы акча каражаттары»
1100 «Кассадагы акча каражаттары» эсептери улуттук жана чет өлкө валюталарындагы нак акча каражаттарынын, ошондой эле акча документтеринин бардыгы жана алардын кыймылы жөнүндөгү маалыматтарды жалпылоо үчүн арналган. 1100 эсептеринде алардын сакталган жерине карабастан субъект тескөө укугуна ээ болгон бардык накталай акча каражаттар эсепке алынат. Мисалы, банктык сейфтерде, башка депозитарийлерде сактоого жайгаштырылган акча каражаттары кассадагы акча каражаттары катары эсепке алынууга тийиш.
Эсептер планында төмөндөгү эң типтүү мааниге ээ категориялар боюнча акча каражаттарын эсепке алуу үчүн өзүнчө эсептер каралган:
1110 «Улуттук валютадагы акча каражаттары»
1120 «Чет өлкө валютасындагы акча каражаттары»
1130 «Акча документтери»
1140 «Акча эквиваленттери»
1110 «Улуттук валютадагы акча каражаттары» эсеби боюнча улуттук валютадагы гана акча каражаттарынын келип түшүшү жана берилиши чагылдырылат. Чет өлкө валюталарын улуттук валюта менен бир эсепте эсепке алынышына жол берилбейт. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын эсепке алуу 1120 эсепте жүргүзүлөт жана анда валютанын ар бир түрү боюнча субэсептер (субсчеттор) ачылат. 1120 эсептин дебети жана кредити боюнча баштапкы жазуулар чет өлкө валютасында сыяктуу эле, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (КРУБ) тарабынан валютада операциялар жүзөгө ашырылган күнгө карата белгиленген эсептик курс боюнча улуттук валютада кайрадан эсептелинүү менен жүргүзүлөт.
Ар бир отчеттук-датага карата 1120 «Чет өлкө валютасындагы акча каражаттары» эсебинин чет өлкө валютасындагы сальдосу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ушул күнгө карата курсу боюнча келип чыккан айырманы 6200 «Операциялык иштерден түшкөн башка кирешелер» эсебинин кредитине же болбосо 7600 «Башка өндүрүштүк чыгымдар» эсебинин дебетине чегерүү менен кайрадан эсептелинет.
Бир валютанын кассадан алынышы жана башка валютанын кассага келип түшүшү менен бирге коштолгон алмашуу операциялары (бир валютаны экинчисине алмаштыруу) алмашуудан түшкөн пайданы же зыянды чагылдыруу менен чет өлкө валюталарын сатып алуу-сатуу боюнча операциялар катары эсепке алынат. Бул жерде валюталарды алмашуудан түшкөн пайданы жана зыянды курстук айырмадан келип чыккан пайда жана зыяндан айырмалап алуу зарыл. Эгерде, алмашуу операциялары олуттуу пайданы жана зыянды алып келсе, аларды 6200 «Операциялык иштерден түшкөн башка кирешелер» жана 7600 «Башка өндүрүштүк чыгымдар» эсептерине карата ачылган өзүнчө субэсептерде эске алуу талап кылынат. Бул жобонун, алар үчүн алмашуу операциялары каражат алып келген иш болуп саналган, валюталарды алмашуу ишине адистешкен субъекттерге (алмашуу бюролоруна) тиешеси жок.
Накта валюталарды алмашуу боюнча операцияларды эсепке алуу боюнча бухгалтердик өткөрүүлөрдүн алгылыктуу схемаларынын бири төмөндө келтирилген. Бул схема, алмашуу операцияларына олуттуу маани берип, аларды дайыма жүзөгө ашырып келген субъекттер үчүн эсептелинген.
| Операциялардын мазмуну
| Корреспонденциялоочу эсептин номери | |
|
| Дебет | Кредит |
1
| Улуттук валютаны чет өлкө валютасына алмаштыруу: - кассадан акча каражаттарын алуу; - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик курсу боюнча бааланган суммадагы чет өлкө валютасынын кассага түшүүсү; - эсептик курс боюнча бааланган чет өлкө валютасынын наркы менен улуттук валютанын алмашуу учурунда төлөнгөн иш жүзүндөгү суммасынын ортосундагы айырма: а) пайда; б) зыян |
1520 1120
1520 7600 |
1110 1520
6200 1520 |
2
| Чет өлкө валютасын улуттук валютага алмаштыруу: - эсептик курс боюнча бааланган суммадагы акча каражаттарынын кассадан алынышы; - улуттук валютанын кассага келип түшүүсү; - улуттук валютанын алмашуу учурунда алынган суммасы менен төлөнгөн чет өлкө валютасынын эсептик курс боюнча бааланган наркынын ортосундагы айырма: а) пайда; б) зыян |
1520
1110
1520 7600 |
1120
1520
6200 1520 |
1130 «Акча документтери» эсебинин дебети боюнча кардарлардын чектеринин, акчалай которуулардын, мамлекеттик пошлиналардын маркаларынын жана башка эсептешүү каражаттарынын номиналдык наркы боюнча кассага келип түшүүсү чагылдырылат.
1140 «Акча эквиваленттери» эсебинин дебети боюнча ФОЭСтин «Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчеттор» деп аталган 7-стандартынын 7 жана 6-параграфтарына ылайык акча каражаттарынын эквиваленттери катары классификацияланган - кыска мөөнөттүү, өтүмдүүлүгү жогору акча каражаттарынын алдын ала белгилүү болгон суммасына оңой алмаштырылган жана алардын наркынын өзгөрүүсүндө бир аз тобокелдикке дуушар болгон инвестициялардын наркы чагылдырылат.
1200 эсептер тобу «Банктагы акча каражаттары»
1200 «Банктагы акча каражаттары» эсеби Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө ачылган банктык эсептердеги улуттук жана чет өлкө валюталарындагы акча каражаттарынын бардыгы жана алардын кыймылы жөнүндөгү маалыматтарды жалпылоо үчүн каралган. Субъекттердин эсептери боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу жана тариздөө тартиби банктарда иштелип чыккан эрежелер менен жөнгө салынат.
Эсептер планында төмөндөгү эң эле типтүү мааниге ээ категориялар боюнча акча каражаттарын эсепке алуу үчүн өзүнчө эсептер каралган:
1210 «Улуттук валютадагы эсептер»;
1220 «Жергиликтүү банктардагы чет өлкө валютасындагы эсептер»;
1230 «Чет өлкө банктарындагы эсептер»;
1240 «Банктардын эсептериндеги пайдаланууда чектөөлөр коюлган акча каражаттары»;
1250 «Жолдогу акча каражаттары».
Банктардагы эсептер боюнча операциялар бухгалтердик эсепке алууда банктардан алынган көчүрмөлөрдүн жана аларга кошо тиркелген акча-эсептешүү документтеринин негизинде чагылдырылат. Эсепке алуу банктарда ачылган ар бир эсеп боюнча өзүнчө жүргүзүлөт.
1210 «Улуттук валютадагы эсептер» эсеби боюнча улуттук валютадагы гана акча каражаттарынын келип түшүүсү жана берилиши чагылдырылат. Чет өлкө валюталарын улуттук валюта менен бир эсепте эсепке алынышына жол берилбейт. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын эсепке алуу 1220-1230 эсептеринде жүргүзүлөт жана аларда валютанын ар бир түрү боюнча субэсептер ачылат. 1220-1230 эсептердин дебети жана кредити боюнча баштапкы жазуулар чет өлкө валютасында сыяктуу эле, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (КРУБ) тарабынан валюта менен операциялар жүзөгө ашырылган күнгө карата белгиленген эсептик курс боюнча улуттук валютага кайрадан эсептелинүү менен жүргүзүлөт.
Ар бир отчеттук датага карата 1220 «Чет өлкө валютасындагы эсептер» жана 1230 «Чет өлкө банктардагы эсептер» эсептеринин сальдосу КРУБдун ушул күнгө карата курсу боюнча келип чыккан айырманы 6200 «Операциялык иштерден түшкөн башка кирешелер» эсебинин кредитине же болбосо 7600 «Башка өндүрүштүк чыгымдар» эсебинин дебетине чегерүү менен кайрадан бааланат.
Финансылык отчеттун Эл аралык стандарттары (ФОЭС) аларды пайдаланууга карата чектөөлөр белгиленген активдердин наркынын финансылык отчеттордо ачып көрсөтүлүшүн талап кылат. Акча каражаттарына карата мына ушундай ачып көрсөтүүнү талап кылган маалыматтарды топтоо максатында өзүнчө эсепти (милдеттүү түрдө эмес) пайдалануу максатка ылайыктуу. Эсептер планында 1240 «Банктардагы эсептерде пайдаланууда чектөөлөр коюлган акча каражаттары» эсеби каралган. Ал боюнча отчеттук датадан кийинки бир жылдан ашпаган мезгил аралыгында пайдаланышы мүмкүн болбогон акча каражаттары эсепке алынат. Анткени алар күрөө катары кызмат кылып, банктык ссудаларды камсыздоо үчүн зарыл болгон компенсациялык калдык болуп саналат жана кандайдыр бир башка укуктук чектөөлөргө дуушар болушу мүмкүн. Мисалы, эгерде ошол өлкөнүн Өкмөтүнүн чечими каражаттардын башка өлкөгө которулушун татаалдатса, чет өлкө банктарындагы эсептерде жайгашкан каражаттар, пайдаланууда чек коюлган каражаттар болуп калышы мүмкүн.
Эгерде, акча каражаттарына отчеттук датадан кийинки бир жылдан ашкан мезгил аралыгында аларды пайдаланууга чектөө коюлса, анда ушул каражаттарынын суммасы узак мөөнөттүү активдерге кайрадан классификацияланууга тийиш. Кайрадан классификациялоо тиешелүү сумманы 1240 эсептин кредитинен 2500 «Пайдаланууда чектөө коюлган акча каражаттары» эсебинин дебетине алып салуу менен жүзөгө ашырылат. Мисалы, башка узак мөөнөттүү активдердин курамында узак мөөнөткө карызга алуу боюнча келишимдердеги компенсациялык калдыктар катары каралган акча каражаттарын пайдаланууга чектөө эсепке алынууга тийиш.
Банк тарабынан эсептерге жана кардардын эсебиндеги калдыктардан ашкан суммага төлөм тапшырмаларына төлөө учурунда келип чыккан банктык овердрафт утурумдук милдеттенмелерге кайрадан классификацияланууга тийиш. Кайрадан классификациялоо «Банктагы акча каражаттары» эсебинин дебети боюнча 3310 «Банктык кредиттер, займдар» эсебинин кредити менен корреспонденцияда жүзөгө ашырылат.
Накталай эмес эсептешүүлөр жолу менен жүзөгө ашырылган алмашуу операциялары (бир валютаны экинчисине алмаштыруу) алмашуудан түшкөн пайданы же келип чыккан зыянды чагылдыруу менен чет өлкө валютасындагы сатып алуу-сатуу боюнча операциялар катары эсепке алынат. Бул жерде, валюталарды алмашуудан түшкөн пайданы жана зыянды курстук айырмадан келип чыккан пайда жана чыгымдан айырмалоо зарыл. Эгерде, алмашуу операциялары олуттуу пайда жана зыян алып келсе, аларды 6200 «Операциялык иштерден түшкөн кирешелер» жана 7600 «Башка өндүрүштүк чыгымдар» эсептерине карата ачылган өзүнчө субэсептерде эске алуу зарыл.
Валюталарды накталай эмес алмашуу боюнча операцияларды эсепке алуунун бухгалтердик өткөрүүлөрдүн алгылыктуу схемаларынын бири төмөндө келтирилген. Эгерде валюта эсеп ачылган банк тарабынан сатылып алынса (сатылса), ал бул схема 1250 «Жолдогу акча каражаттар» өзүнчө эсебин пайдаланууну болжолдойт. Валюталарды башка субъекттен сатып алуу (сатуу) учурунда 1590 «Башка дебитордук карыздар» эсеби пайдаланылат.
| Операциялардын мазмуну
| Корреспонденциялоочу эсептин номери | |
Дебет | Кредит | ||
1
| Улуттук валютаны чет өлкө валютасына алмаштыруу: - улуттук валютаны которуу;
- эсептик курс боюнча бааланган суммадагы чет өлкө валютасын эсепке чегерүү; - эсептик курс боюнча бааланган чет өлкө валютасынын наркы менен улуттук валютанын алмашуу учурунда төлөнгөн иш жүзүндөгү суммасынын ортосундагы айырма: а) пайда;
б) зыян
|
1250, 1590 1220, 1230
1250, 1590 7600
|
1210
1250, 1590
6200
1250, 1590 |
2
| Чет өлкө валютасын улуттук валютага алмаштыруу: - эсептик курс боюнча бааланган суммадагы чет өлкө валютасын которуу; - улуттук валюта эсебине чегерүү;
- улуттук валютанын алмашуу учурунда алынган суммасы менен чет өлкө валютасынын эсептик курс боюнча бааланган наркынын ортосундагы айырма: а) пайда;
б) зыян
|
1250, 1590 1210
1250, 1590 7600
|
1220, 1230 1250, 1590
6200
1250, 1590 |
1250 «Жолдогу акча каражаттары» эсеби субъекттин кассасынан инкассацияланган, бирок отчеттук датага карата эсептешүү эсебине чегериле элек улуттук валютадагы жана чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасын чагылдыруу үчүн да пайдаланылышы мүмкүн.
1300 эсептердин тобу «Кыска мөөнөттүү инвестициялар»
1300 «Кыска мөөнөттүү инвестициялар» эсеби ишкана тарабынан эң башкысы пайыздар түрүндө киреше алуу, ошондой эле баалардын же дилердин маржасынын кыска мөөнөткө өзгөрүүсүнүн (олку-солкулугунун) натыйжасында пайда көрүү максатында сатылып алынган кыска мөөнөттүү финансылык активдердин бардыгы жана алардын кыймылы жөнүндө маалыматтарды жалпылоо үчүн каралган.
Финансылык отчетто «Кыска мөөнөттүү инвестициялар» беренеси боюнча ФОЭСтин «Финансылык отчет берүү» деп аталган 1-стандартынын 57-параграфында аныкталган «жүгүртүү активдери» түшүнүгүнө жооп берген финансылык активдер гана чагылдырылат. Атап айтканда, 1300 эсепте карыздык жана үлүштүк баалуу кагаздарга, туунду финансылык каражаттарга (фьючерстик, форварддык, опциондук жана своп-контракттар) кыска мөөнөттүү салымдар (бир жылдан ашпаган мөөнөткө), ошондой эле субъект тарабынан берилген кредиттер жана займдар эсепке алынышы мүмкүн. Карыздык баалуу кагаздарга (облигациялар, векселдер) инвестициялар, ошондой эле берилген кредиттер жана займдар алардын төлөө мөөнөттөрү бир жылдан ашпаса, «Кыска мөөнөттүү инвестициялар» эсептерине эске алынат. Төлөө мөөнөтү белгиленбеген үлүштүк баалуу кагаздарга (акцияларга) жана төлөө мөөнөтү бир жылдан ашкан карыздык баалуу кагаздарга инвестициялар, эгерде бул салымдар алар боюнча бир жылдан кийин да киреше алуу ниетин көздөбөстөн жүзөгө ашырылган болсо, «Кыска мөөнөттүү инвестициялар» эсебинде эсепке алынат. ФОЭСтин 39-стандартында соода үчүн каралган финансылык активдер катары классификацияланган кайсыл болбосун финансылык активдер, кыска мөөнөттүү катары эсепке алынууга тийиш.
Инвестицияларды эсепке алуу улуттук валютада жүргүзүлөт. Эгерде инвестициялар менен операциялар ФОЭСтин «Валюта курстарынын өзгөрүүсүнүн таасири» деп аталган 21-стандартынын 8-параграфында аныкталган «чет өлкө валютасындагы операциялар» түшүнүгүнө жооп берсе, анда алар баштапкы таануудагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик курсу боюнча улуттук валютада эсепке алынууга тийиш. Отчеттук датага карата чет өлкө валютасында алынууга тийиш болгон активдерди эсепке алуу эсебинин сальдосу КРУБдун ушул күнгө карата эсептик курсуна ылайык кайрадан эсептелинет. Курстук айырмадан келип чыккан пайда жана зыян, операциялык эмес иштерден түшкөн пайда жана зыян катары классификациялануу менен 9140 «Чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча курстук айырмадан зыян» эсептеринде эске алынат, албетте эгерде, финансылык активдерди сатып алуу жана сатуу субъекттин операциялык иши болуп саналбаса.
Эсептер планында төмөндөгү эң эле типтүү мааниге ээ категориялар боюнча кыска мөөнөттүү инвестициялардын эсебин жүргүзүү үчүн өзүнчө эсептер каралган:
1310 «Карыздык баалуу кагаздар»;
1320 «Үлүштүк баалуу кагаздар»;
1330 «Берилген кредиттер, займдар»;
1340 «Депозиттик аманаттар»;
1350 «Узак мөөнөттүү инвестициянын учурдагы бөлүгү»;
1390 «Башка кыска мөөнөттүү инвестициялар».
Инвестицияларды Эсептер планында каралган эсептер боюнча бөлүштүрүү ФОЭСтин 39-стандартынын 10-параграфындагы категориялар боюнча бөлүштүрүүдө көз карандысыз, финансылык активдердин бардык түрү боюнча топтоштуруу максатын көздөйт. Ошентип, бир эле эсепте ар кандай ыкмада бааланган активдер эсепке алынышы мүмкүн.
1300 эсепте эске алынган финансылык активдер, субъект финансы каражатына карата келишим боюнча тарап болгон учурда гана таанылат. Алгач актив ал үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон суммаларды жана активдин сатылып алынышына байланыштуу түздөн-түз байланыштуу кошумча чыгымдарды (агенттерге, консультанттарга, брокерлерге жана дилерлерге төлөнгөн сыйакылар жана комиссиондук төлөмдөр, каражаттарды которуу үчүн төлөмдөр ж.б.) кошо алганда, сатып алууга кеткен айкын сарптоолор боюнча бааланат (1300 эсептин дебети боюнча жазуулар). Баштапкы таануу 1300 эсептин дебети боюнча жазуулар келишим түзүлгөн күнгө карата же болбосо ФОЭС 39дун 30-параграфында аныкталгандай, эсептешүү датасына карата жүзөгө ашырылат.
ФОЭС 39дун 66-пунктуна ылайык финансылык активди алууга жумшалган иш жүзүндөгү сарптоолор ал үчүн салынган ордун толтуруп берүүчүнүн адилет рыноктук наркына барабар, бул акчалай эмес алмашуунун натыйжасында алынган инвестицияларга баштапкы баа берүүнү аныктайт.
Субъекттин акциясына алмашуу жолу менен алынган инвестициялар 1300 «Кыска мөөнөттүү инвестициялар» эсебинин дебети боюнча чыгарылган баалуу кагаздардын адилет наркында эсепке алынат: 5110 «Жөнөкөй акциялар» же 5120 «Артыкчылыктуу акциялар» эсептеринин кредити менен акциялардын номиналдык наркы боюнча жана 5210 «Кошумча төлөнгөн капитал» эсебинин кредити менен инвестициялардын адилет наркы менен акциялардын номиналдык наркынын айырмасына корреспонденцияда ишке ашырылат.
Инвестицияларды башка активге алмаштыруу менен алуу, алынган инвестициялардын адилет рыноктук наркы бир кыйла так болуп саналган учурларды кошпогондо, «Кыска мөөнөттүү инвестициялар» эсебинин дебети боюнча өткөрүлүп берилген активдин адилет рыноктук наркына барабар суммада чагылдырылат.
Инвестицияларды товарлардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн ордуна алмашуу менен алуу 1300 «Кыска мөөнөттүү инвестициялар» эсебинин дебети боюнча:
- эгерде инвестициялардын түшүүсү жана товардык-материалдык баалуулуктардын жөнөтүлүшү бир учурда жүргүзүлсө, 6130 «Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдү алмашуудан түшкөн акча» эсеби менен;
- эгерде товарларды жөнөтүү инвестициялардын түшүүсүнөн мурда жүзөгө ашырылса, 1410 «Товарлар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн алууга каралган эсептер» эсеби менен;
- эгерде инвестициялардын түшүүсү товарлардын жөнөтүлүшүнөн мурда ишке ашырылса, 3190 «Төлөөгө каралган башка эсептер» эсеби менен корреспонденцияларында эсепке алынат.
Инвестицияларды негизги каражаттарга алмашуу менен алуу төмөнкүлөр боюнча чагылдырылат:
- «Кыска мөөнөттүү инвестициялар» эсебинин дебети боюнча өткөрүлүп берилген негизги каражаттардын адилет рыноктук наркы;
- «Топтолгон амортизация» эсебинин дебети боюнча өткөрүлүп жаткан негизги каражат боюнча топтолгон амортизациянын суммасы;
- «Негизги каражаттар» эсебинин кредити боюнча - негизги каражаттын баштапкы наркы;
- Негизги каражаттын адилет наркы менен анын баланстык наркынын ортосундагы айырма 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсебинен дебетине же 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» эсебинин кредитине чегерилет.
1300 эсептин дебети боюнча таанылган инвестицияларды андан ары баалоо инвестициянын ФОЭС 39дун 10-параграфында аныкталган финансылык активдердин төрт категориясынын кайсынысына кире тургандыгына жараша жүргүзүлөт. Инвестициялар төмөнкүлөр боюнча бааланышы мүмкүн:
(1) активдерди сатуу жана алардын кандайдыр бир жол менен колдонуудан калуусу учурунда орун алышы мүмкүн болгон бүтүмдөр боюнча сарптоолорду эске алуу менен адилет наркы боюнча;
(2) амортизацияланган наркы боюнча;
(3) иш жүзүндөгү наркы боюнча.
Бардык инвестициялар, баасынын түшүүсү жана кайтарылбас карыздар көзкарашынан алганда текшерүүгө алынууга тийиш.
Адилет наркы боюнча бааланган кыска мөөнөттүү инвестициялар
Адилет наркы боюнча бааланган кыска мөөнөттүү инвестициялардын мисалы катары, баанын кыска мөөнөттүү өзгөрүлүп турушунан пайда көрүү үчүн сатуу максатында алынган мамлекеттик казына векселдери, мамлекеттик жана корпоративдик облигациялар сыяктуу карыздык баалуу кагаздар, эгерде алар баалуу кагаздар рыногунда котировкага ээ жана алардын адилет наркы жетиштүү деңгээлдеги тактык менен аныкталышы мүмкүн болсо, жогоруда келтирилген максаттарда сатылып алынган үлүштүк баалуу кагаздар кызмат кылат.
Ар бир отчеттук күнгө карата субъект активдин адилет наркын аныктайт. Активдин адилет наркынын өзгөрүүсү (көбөйүүсү, азаюусу) 1300 эсептин дебети же кредити боюнча 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» эсеби же 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат, эгерде финансылык активдерди сатып алуу жана сатуу субъекттин операциялык иши болуп саналбаса.
Инвестициялардын баасынын түшүүсү жана аны калыбына келтирүү 1300 эсептин кредити же дебети боюнча операциялык эмес иштерден түшкөн жана башка кирешелерди жана чыгымдарды эсепке алуу системасы менен корреспонденцияда эске алынат. Активдин колдонуудан калуусу учурунда анын баланстык наркы менен ошол активдин ордуна алынуучу каражаттын суммасынын ортосундагы айырма 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер (пайда)»жана 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар (зыян)»эсептеринде чагылдырылат.
Амортизациялануучу наркы боюнча бааланган кыска мөөнөттүү инвестициялар
Катталган төлөө мөөнөтүнө ээ жана сатып алуу учурунда төлөөгө чейин кармалып туруучу инвестиция катары классификацияланган карыздык баалуу кагаздар амортизациялануучу наркы боюнча бааланган кыска мөөнөттүү инвестициялардын мисалы боло алат.
Ар бир отчеттук күнгө карата активдин баланстык наркы, ага баштапкы таанууда финансылык актив бааланган жана баштапкы нарк менен төлөө наркынын ортосундагы айырманын (жеңилдиктер жана үстөк кошуулар амортизациясы) топтолгон амортизациясынын суммасына азайтылган же көбөйтүлгөн өлчөмгө барабар.
Эгерде финансы активинин сатып алуу наркы анын номиналдык наркынан (төлөө наркынан) айырмалана турган болсо, анда ошол айырманын суммасы (жеңилдик же үстөк кошумча) сатып алуудан төлөө мөөнөтү келип жеткенге чейинки мезгил аралыгына, инвестицияга туруктуу киреше түшүп тургандай болуп амортизацияланат. Облигациялар боюнча жеңилдиктерди жана үстөктөрдү амортизациялоо мезгил аралыгы, алар боюнча пайыздык кирешелерди кошуп эсептөө аралыгына туура келүүгө тийиш.
Жеңилдиктер амортизациясы 1300 эсептин дебети боюнча 9110 «Пайыздар түрүндөгү киреше» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат. Үстөк кошулгандарды амортизациялоо 1300 эсептин кредитинен 9110 «Пайыздар түрүндөгү киреше» эсебинин дебетине алынат. Жеңилдиктер же үстөк кошуу менен алынган финансы активинин төлөө мөөнөтү келип жеткенде анын баланстык наркы төлөө наркына барабар болуп калат. Жеңилдиктердин жана үстөк кошулгандардын амортизациясы 1300 эсептин «Инвестициялар боюнча жеңилдиктер жана үстөктөр» деп аталган өзүнчө контрэсебинде 9110 «Пайыздар түрүндөгү кирешелер» эсеби менен корреспонденцияда эсепке алынышы мүмкүн (мисалы, 1391 «Облигациялар боюнча жеңилдиктер жана үстөктөр» эсеби). Финансылык отчетто инвестициялардын наркын чагылдырууда контрэсептин дебеттик сальдосу негизги эсептин сальдосу менен суммаланып, кредиттик сальдо негизги эсептин сальдосунан алынып салынат.
Баанын түшүүсүнөн же карыздардын кайтарылбастыгынан улам келип чыккан, ФОЭС 39дун 111 жана 115-параграфтарына ылайык эсептелген чыгымдар 1300 эсебинин кредитине 9530 «Кайтарылбас карыздар (ишенимсиз карыздар) боюнча чыгымдар», 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар (баанын түшүүсү)»эсептери менен корреспонденцияда алынып салынат, эгерде финансы активдерин сатып алуу жана сатуу субъекттин операциялык иши болуп саналбаса. Финансы активдерин сатып алуу жана сатуу анын адеттеги эле (операциялык) иши болуп саналган субъекттер баанын түшүүсүнөн жана карыздардын кайтарылбастыгынан улам келип чыккан зыянды баалоо резерви эсебин пайдалануу менен эсепке алышы мүмкүн.
Баанын түшүүсү жана карыздардын кайтарылбастыгы өлчөмүн андан ары эсепке алуу мезгил аралыгынын кыскаруусуна байланыштуу жарым-жартылай эсептен алып салынган суммаларды калыбына келтирүү 1300 эсептин дебети боюнча 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Активди таанууну токтотуу учурунда анын баланстык наркы менен активдин ордуна алынган же алынуучу каражаттардын суммасынын ортосундагы айырма операциялык эмес иштерден түшкөн пайда же зыян катары чагылдырылат, эгерде финансы активдерин алуу жана сатуу субъекттин операциялык иши болуп саналбаса.
Төлөөгө чейин кармалып туруучу карыздык баалуу кагаздарга (облигацияларга) инвестициялар менен ишке ашырылган операцияларды эсепке алуу боюнча бухгалтердик өткөрүүлөрдүн мүмкүн болгон схемаларынын бири төмөндө келтирилген.
| Операциялардын мазмуну
| Корреспонденциялоочу эсептин номери | |
|
| Дебет | Кредит |
1
| Облигацияларды төлөө наркынан төмөн же жогору баада сатып алуу (жеңилдиктер жана үстөк кошуу менен сатып алуу): - айкын сарптоолор боюнча таануу; же
- төлөө наркы менен номиналдык нарктын ортосундагы айырмага төлөө наркы боюнча: - жеңилдик; - үстөк |
1300
1300
3190 1391 |
3190, 1110, 1200 3190
1391 3190 |
2
| Бир эле учурда эсепке алынган операциялар: а) облигациялар боюнча пайыздык кирешени чегерүү; б) - жеңилдик амортизациясы же - өзүнчө эсепте эске алынган жеңилдик амортизациясы; в) - үстөк амортизациясы же - өзүнчө эсепте эске алынган үстөк амортизациясы |
1550
1300
1391
9110
9110
|
9110
9110
9110
1300
1300
|
3
| Облигацияларга ошол учурда төлөө наркына барабар болгон баланстык нарк боюнча төлөө | 1110, 1210 | 1300
|
Иш жүзүндөгү наркы боюнча бааланган кыска мөөнөттүү инвестициялар
Катталган төлөө мөөнөттөрүнө ээ эмес финансы активдери, анын ичинде активдүү рынокто котировкаланбаган үлүштүк баалуу кагаздарга инвестициялар иш жүзүндөгү сарптоолор боюнча бааланган кыска мөөнөттүү инвестициялардын мисалы. Ошондуктан, алардын рыноктук адилет наркын аныктоо мүмкүн эмес. Андан сырткары, алар боюнча алынган кирешелер субъекттин жүргүзгөн ишинин натыйжаларына байланыштуу болгон капиталдын үлүшүнө мөөнөтсүз атайы укуктар, депозиттик аманаттар ж.б. мындай инвестициялардын мисалы болушу мүмкүн.
Иш жүзүндөгү сарптоолор боюнча баалануучу инвестициялар ар бир отчеттук күнгө карата баанын түшүүсү көз карашынан бааланып турууга тийиш. Баалоо күтүлүп жаткан акча каражаттарынын түшүүсүнө талдоо жүргүзүүнүн негизинде ишке ашырылат. Ушул инвестициялардын баасынын түшүүсүнөн улам келип чыккан зыяндар, анын баланстык наркы менен акча каражаттарынын күтүлүп жаткан агымынын ушундай эле финансы каражаттары үчүн пайыздардын рыноктук ставкасы боюнча дисконттолгон учурдагы наркынын ортосундагы айырманы түшүндүрөт. Иш жүзүндөгү сарптоолор боюнча эсепке алынган инвестициялардын баасынын түшүүсү 1300 «Кыска мөөнөттүү инвестициялар» эсебинин кредити боюнча 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсебинен дебети менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Баанын түшүүсүнүн өлчөмүн андан кийинки эсепке алуу мезгилинин кыскартылышына байланыштуу жарым-жартылай эсептен алынып салынган суммаларды калыбына келтирүү 1300 эсептин дебети боюнча 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Инвестицияларды таанууну токтотуу учурунда анын баланстык наркы менен алынган же алынууга тийиш болгон каражаттардын суммасынын ортосундагы айырма, эгерде финансы активдерин сатып алуу жана сатуу субъекттин операциялык иши болуп саналбаса, операциялык эмес иштерден түшкөн пайда же зыян катары чагылдырылат.
Эгерде карыздык баалуу кагаздар эмитент тарабынан чегерилген жана төлөнүп берилбеген пайыздары менен кошо, ал эми акциялар эмитент тарабынан жарыяланган жана төлөнүп берилбеген дивиденддери менен алынган болсо, анда сатып алуу наркына кошулган чегерилген пайыздар же жарыяланган дивиденддер төмөнкүчө чагылдырылат:
- сатып алуу учурунда 1300 «Кыска мөөнөттүү инвестициялар» эсебинин дебети боюнча кошуп эсептелген пайыздарсыз (жарыяланган дивиденддерсиз) баалуу кагаздардын сатып алуу наркы чагылдырылат, ал эми кошуп эсептелген пайыздар (дивиденддер) 1590 «Башка дебитордук карыздар» эсебинен дебети боюнча акча каражаттарын эсебин жүргүзүү боюнча эсептин кредитине корреспонденциялануу менен чагылдырылат; пайыздарды (дивиденддерди) алуу учурунда бул сумма 1590 «Башка дебитордук карыздар» эсебинин кредитинен 1100 «Кассадагы акча каражаттары» же 1200 «Банктагы акча каражаттары» эсептеринин дебетине алынып салынат.
Кыска мөөнөттүү инвестицияларды узак мөөнөттүүгө кайрадан классификациялоо 1300 «Кыска мөөнөттүү инвестициялар» эсебинин кредити боюнча 2800 «Узак мөөнөттүү инвестициялар» тиешелүү эсептеринин дебетинде чагылдырылат.
1400 эсептердин тобу «Алууга каралган эсептер»
1410 «Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн алууга каралган эсептер»;
1491 «Алууга каралган эсептер боюнча кайтарылышы ишенимсиз карыздарга резерв» эсептери
1410 «Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн алууга каралган эсептер» эсеби соодалык дебитордук карыздарды - товарларды жана кызмат көрсөтүү кредитке сатуу учурунда (келишимде каралган тапшырманын белгилүү мөөнөттө субъект тарабынан аткарылышы) келип чыккан карыздар жөнүндө маалыматтарды жалпылоо жана бухгалтердик баланста чагылдыруу үчүн каралган. Субъекттин эсепке алуу саясатында бул эсеп, эсептешүү формаларына - кредитке сатуулар боюнча сыяктуу эле, дароо төлөө же алдын ала төлөө шартына көз карандысыз, бардык соода операциялары боюнча маалыматтарды жалпылоо үчүн каралышы мүмкүн. Ошондой болсо да, кайсыл болбосун учурда, ушул эсеп боюнча дебитордук карыз, жөнөтүлгөн товар жана көрсөтүлгөн кызмат үчүн төлөөнү алууга субъекттин мыйзамдуу укугу келип чыкканда гана таанылат.
1410 эсепке карата киреше алып келген операциялык иштердин түрлөрү боюнча субэсептер ачылышы мүмкүн, мисалы:
1411 «Негизги өндүрүштөн жөнөтүлгөн продукциялар үчүн алууга каралган эсептер»;
1412 «Көмөкчү өндүрүштүн көрсөткөн кызматтары үчүн алууга каралган эсептер»;
1413 «Давальческ чийки заттарын кайра иштетүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн алууга каралган эсептер» ж.б. у.с.
Эгерде дебитордук карыз чет өлкө валютасындагы операциялардын натыйжасында келип чыкса, анда 1400 эсебинин дебети жана кредит боюнча эсепке алуу чет өлкө валютасында сыяктуу эле, улуттук валютада да жүргүзүлөт. Отчеттук мезгилдин акырына карата 1400 эсебинен чет өлкө валютасындагы сальдосу, келип чыккан айырманы операциялык иштерден түшкөн жана башка кирешелер же чыгашаларды эсепке алуу эсебине чегерүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ушул күнгө карата белгиленген эсептик курсу боюнча кайрадан бааланат.
ФОЭСтин «Финансылык каражаттар: таануу жана баа берүү» деп аталган 39-стандартына ылайык, кыска мөөнөттүү дебитордук карыздар финансы отчетунда кайтарылбас карыздардан келип чыккан бааланган чыгымды алып салуу менен счет-фактурада көрсөтүлгөн баштапкы суммасында чагылдырылууга тийиш.
1491 «Алууга каралган эсептер боюнча кайтарылбас карыздарга резерв» эсеби, эгерде ишкананын эсепке алуу саясатында кайтарылбас дебитордук карыздарга бааланган резервди түзүү каралган болсо, «Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн алууга каралган эсептер» эсебинде эске алынган кайтарылбас дебитордук карыздарды баалоо боюнча маалыматтарды жалпылоо үчүн каралган.
7550 «Сатып өткөрүүгө тийиш болгон кайтарылбас карыздар боюнча чыгымдар» эсеби менен корреспонденцияда 1491 эсептин кредити боюнча алгач аныкталган сумма жана резервдин өсүшү чагылдырылат. Алынып салынууга тийиш болгон кайтарылбас дебитордук карыздын суммасы 1410 эсептин кредитинен 1491 эсептин дебетине алынып салынат. Эгерде мурда эсептен алынып салынган кайтарылбас карыз толугу менен же жарым-жартылай төлөнүп берилсе, анда бул операция (төлөө) 6200 «Операциялык иштерден түшкөн башка кирешелер» эсебинин кредити боюнча чагылдырылат.
Эгерде 1491 эсебинин сальдосу отчеттук мезгилдин акырына карата азаюу жагына оңдоо киргизүүнү талап кылса, анда азаюу суммасы 7557 эсебинин кредитинен 1491 эсебинин дебетине, ошол эсеп боюнча дебеттик сальдонун чегинде алынып салынат жана айырмасына 6200 «Операциялык иштерден түшкөн башка кирешелер» эсеби кредиттелет.
Эгерде субъект дебитордук карызды реализациялаган (карызды талап кылуу укугун кимдир бирөөгө өткөрүп берүү) болсо, анда ушундан улам келип чыккан киреше же зыян операциялык эмес иштерден алынган пайда же зыян катары классификацияланат. Мында, карызды талап кылуу укугун өткөрүп берүү тууралуу келишим боюнча алынууга тийиш болгон сумма 9190 «Операциялык эмес иштерден түшкөн башка кирешелер» эсебинин кредити боюнча 1590 «Башка дебитордук карыз» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат; бир эле учурда ал боюнча талап кылуу укугу өтүп кеткен дебитордук карыздын суммасы 1410 эсептин кредитинен 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсеби менен корреспонденцияда алып салынат.
1500 эсептер тобу «Башка операциялар боюнча дебитордук карыздар»
1500 топтун эсептери соодалык дебитордук карыздардан айырмаланган, 1410 «Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн алууга каралган эсептер» эсебинде чагылдырылуучу дебитордук карыздар жөнүндө маалыматтарды жалпылоо жана бухгалтердик баланста көрсөтүү үчүн каралган.
1510 «Алууга каралган векселдер» эсеби
Вексель берүүчүнүн же векселде көрсөтүлгөн башка төлөөчүнүн көрсөтүлгөн мөөнөттө вексель ээсине (кармап туруучуга) белгилүү сумманы төлөп берүүгө милдеттенмесин тастыктаган баалуу кагазды вексель (жөнөкөй вексель) деп түшүнүү зарыл. 1510 «Алууга каралган вексель» эсеби вексель менен тариздетилген, төлөө мөөнөтү финансы активин алгач таануу учурунан тартып бир жылдан ашпаган дебитордук карыздар жөнүндө маалыматтарды жалпылоо жана вексель кармап туруучунун финансылык отчетунда чагылдыруу үчүн каралган эсеп. Төлөө мөөнөтү бир жылдан ашкан векселдер узак мөөнөттүү дебитордук карыздардын курамында эсепке алынат.
1510 эсепте товарларды жана кызмат көрсөтүулөрдү түздөн-түз дебиторго берүү учурунда алынган векселдер эсепке алынат. Башка учурларда алынган кыска мөөнөттүү векселдер 1300 «Кыска мөөнөттүү инвестициялар» тобунун тиешелүү эсептеринде эске алынат. Мисалы, кредиттерди же займдарды берүү учурунда алынган векселдер 1330 «Берилген кредиттер жана займдар» эсебинде эсепке алынат.
Баштапкы таануу учурунда кыска мөөнөттүү вексель иш жүзүндө сарптоолору, б.а. алар үчүн төлөө алынган вексель менен камсыз кылынган сатылган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн адилет наркы боюнча эсепке алынат. Мында, 1510 «Алууга каралган вексель» эсебинин дебети боюнча сатылган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн адилет наркы 1400 «Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алууга каралган эсептер» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат. Андан ары векселдер амортизацияланган наркы боюнча эсепке алынат (амортизацияланган нарктын аныктамасын ФОЭСтин «Финансылык каражаттар: таануу жана баа берүү» деп аталган 39-стандартынын 10-параграфынан таба аласыңар). Вексель боюнча алынууга тийиш болгон сумма менен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн адилет наркынын ортосундагы айырма пайыздар боюнча киреше катары убакыт аралыгы боюнча пропорционалдуу негизде эсепке алынат жана 1510 эсептин дебети боюнча 9110 «Пайыздар түрүндөгү киреше» эсеби менен корреспонденцияда пайыздык кирешелердин таанылышына жараша чагылдырылат. Векселди төлөө күнүнө карата 1510 эсепте эске алынган векселдин баланстык наркы, төлөнүүгө тийиш болгон суммага барабар болуп калат. Эгерде векселдин төлөө мөөнөтү вексель сатылып алынган отчеттук мезгил ичинде келип жеткен болсо, анда финансылык отчетто баштапкы таануу иш жүзүндөгү наркы боюнча, ал эми пайыздык киреше - төлөө мөөнөтү келип жеткенде чагылдырылат.
Векселди сатуу учурунда анын баланстык наркы менен сатуудан түшкөн сумманын ортосундагы айырма операциялык иштерден түшкөн пайда же зыян катары, алууга каралган эсептер боюнча карызды талап кылуу укугун өткөрүп берүү тартибиндей эле чагылдырылат (1410 «Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн алууга каралган эсептер» эсебине карата түшүндүрмөнү кара).
Векселдин баасынын түшүүсүнөн же кайтарылбас карыздардан улам келип чыккан, ФОЭС 39дун 111 жана 115-параграфтарына ылайык эсептелген чыгым 1510 эсептин кредитинен баанын түшүүсүнөн жана кайтарылбас карыздардан операциялык эмес зыяндарды эсепке алуу эсептеринин дебетине алынып салынат.
Эгерде вексель боюнча карыздын суммасы чет өлкө валютасында эсепке алынса, анда отчеттук мезгилдин акырына карата карыздын калдыгы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик курсу боюнча, келип чыккан айырманы 9140 «Чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча курстук айырмадан алынган киреше» же 9520 «Чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча курстук айырмадан улам келип чыккан зыяндар» эсептерине чегерүү менен кайрадан бааланат.
1520 «Кызматкерлердин жана директорлордун дебитордук карыздары» эсеби соодалык дебитордук карыздардан жана кредиттер менен займдар боюнча карыздардан айырмаланып, отчет талап кылуу менен берилген суммалар, эмгек акы, субъектке келтирилген чыгымдын ордун толтуруп берүүлөр жана дебитордук карыздардын башка түрлөрү боюнча аванстарга тиешелүү субъекттин кызматкерлеринин жана жетекчилигинин карыздары жөнүндөгү маалыматтарды жалпылоо үчүн каралган.
1520 эсебине карата операциялардын түрлөрү боюнча дебитордук карыздарды эсепке алуу үчүн субэсептер ачылышы мүмкүн, мисалы:
1521 «Отчет талап кылуу менен берилген суммалар боюнча карыздар»;
1522 «Кызматкерлердин, аванс менен берилген эмгек акы боюнча карыздары» ж.б.
Эгерде дебитор субъекттин эсепке алуу саясатына ылайык кайтарылбас катары таанылса, анда 1520 «Кызматкерлердин жана директорлордун дебитордук карыздары» эсеби боюнча анын карызынын калдыгы жалпы жана административдик чыгашалардын эсебин жүргүзүүнүн тиешелүү эсептери менен корреспонденцияда кайтарылбас карыздын суммасына азайтылат.
1530 «Аванс менен төлөнгөн салыктар» эсеби, 1540 «Орду толтурулууга тийиш болгон салыктар» эсеби аванс менен төлөнгөн салыктар жана субъект тарабынан бюджетке же товар берүүчүлөргө төлөнгөн, бирок бюджеттен орду толтурулуп берилүүгө же салык мыйзамдарына ылайык тиешелүү салыкты төлөө учурунда эсепке алынууга тийиш болгон салыктар тууралуу маалыматтарды жалпылоо үчүн каралган.
Салыктардын түрлөрү боюнча дебитордук карыздарды эсепке алуу үчүн 1530, 1540 эсептерге карата субэсептер ачылышы мүмкүн, мисалы:
1531 «ККЖФна чегерүүлөр боюнча аванстык төлөм»;
1532 «Пайда салыгы боюнча аванстык төлөмдөр» ж.б.;
1541 «Сатылып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС»;
1542 «Акциздик товарларды өндүрүүгө пайдаланылуучу чийки заттар боюнча акциздик салыктар».
Салыктар боюнча аванстык төлөмдөрдүн суммасы 3400 «Төлөөгө каралган салыктар» эсебинин дебетине түздөн-түз алынып салынышы мүмкүн. Бирок, бул учурда салыктык мезгилдин акырында 3400 эсептерин, салыктарды аванс менен төлөө учурунда келип чыгышы мүмкүн болгон, салыктар боюнча ашыкча төлөөлөр 1530 эсепте чагылдырылгандай оңдоо киргизүүнү талап кылынат. Ошондуктан, эсепке алуунун төмөндө келтирилген тартиби кыйла ыңгайлуу:
- салыктык мезгил аралыгында салыктарды ар кандай түрдө төлөө 1530 эсепке карата субэсептердин дебети боюнча чагылдырылат;
- салыктык мезгилдин акырында 1530 эсепке карата субэсептердин сальдосу 3400 эсептеринин кредити боюнча чегерилген карыздардын суммасынын чегинде 1530 эсебине карата субэсептердин кредитинен 3400дүн тиешелүү эсебинин дебетине алып салынат.
КНСти жана акциздик салыкты чегерүү учурунда эске алынууга тийиш болгон салыктардын суммасы салыктык мезгилдин акырында 1540 эсепке карата субэсептердин кредитинен 3400 эсептердин дебетине алып салынат.
Отчеттук мезгилдин акырына карата 1530, 1540, 3400 эсептеринин сальдосу Салык кызматы менен салыштыруу актысында ырасталууга тийиш.
1550 «Алууга каралган пайыздар» эсеби пайыздык киреше алып келген бүтүмдөр боюнча пайыздык кирешени чегерүү учурунда келип чыккан дебитордук маалыматтарды жалпылоо үчүн каралган, мисалы: карыздык баалуу кагаздарды сатып алуу, кредиттерди жана займдарды берүү. Баалуу кагаздарды чыгаруу келишимдеринде же шарттарында белгиленген пайыздарды төлөө мөөнөттөрүнө көз карандысыз, пайыздар боюнча киреше жана ага байланыштуу дебитордук карыздар активдин натыйжалуу кирешелүүлүгүн эске алуу менен пропорционалдуу убакыт аралыгынын негизинде таанылууга тийиш. 1550 эсепте ошондой эле, ижара алуучунун финансылык ижара боюнча кошуп эсептелинген дебитордук карызы, ФОЭСтин «Ижара» деп аталган 17-стандартынын 30-параграфында белгиленген эрежелерге ылайык ошол отчеттук мезгил аралыгына бөлүштүрүлгөн финансылык кирешенин суммасына барабар болгон бөлүгүндө эске алынат.
1550 «Алууга каралган пайыздар» эсебине карата пайыздык киреше алып келген бүтүмдөрдүн ар бир түрү боюнча пайыздарды эсепке алуу үчүн субэсептер ачылышы мүмкүн.
Алууга каралган пайыздык кирешелерди, ошондой эле финансылык ижара боюнча финансылык кирешени чегерүү 1550 «Алууга каралган пайыздар» эсебинин дебети боюнча 9110 «Пайыздар түрүндөгү киреше» эсеби менен корреспонденциядагы өткөрүүлөрдө чагылдырылат.
Алууга каралган пайыздар боюнча кайтарылбас карыздарды эсепке алуу, алууга каралган эсептер боюнча кайтарылбас карыздарды эсепке алуу тартибинде эле, баалоо резерви эсебин пайдалануу менен же ансыз деле жүргүзүлүшү мүмкүн. Мында, кайтарылбас карыздардан улам келип чыккан чыгымдар 9530 «Кайтарылбас карыздар боюнча чыгымдар» эсебинин дебети боюнча эсепке алынат.
1560 «Алууга каралган дивиденддер» эсеби отчет берип жаткан ишкана анын үлүштүк каражаттарына ээлик кылган компанияларда алынган пайданы бөлүштүрүүнүн натыйжасында келип чыккан дебитордук карыздар жөнүндөгү маалыматтарды жалпылоо үчүн каралган (үлүштүк каражаттардын аныктамасын ФОЭС 39дун 8-параграфынан таба аласыздар).
Ушул эсеп боюнча дебитордук карыз дивиденддерди алууга укук келип чыккан шартта гана таанылат, демек ага байланыштуу алынган киреше да таанылууга тийиш.
Субъект, үлүштүк каражатты сатып алуу күнүнөн кийин чегерилген дивиденддерди киреше катары тааныйт. Эгерде үлүштүк каражаттар дивиденддер жарыялангандан кийин алынган болсо, бирок алар төлөнүп берилгенге чейин жарыяланган дивиденддердин суммасы финансы активинин баштапкы наркынан алынып салынат да, киреше катары таанылбайт. ФОЭСтин ушул жобосу төмөнкүлөрдү эске алуу менен аткарылууга тийиш: сатып алуу учурунда башка компаниянын үлүштүк каражатын түшүндүргөн финансылык активдерди эсепке алуу эсебинин дебети боюнча жарыяланган дивиденддерсиз активдин иш жүзүндөгү анык наркы чагылдырылат. Ал эми чегерилген дивиденддер 1590 «Башка дебитордук карыздар» эсебинин дебети боюнча чагылдырылат. Дивиденддерди алуу учурунда бул сумма 1590 эсептин кредитине алып салынат.
1560 эсепке карата үлүштүк каражаттардын түрлөрү боюнча дивиденддерди эсепке алуу үчүн субэсептер ачылышы мүмкүн:
1561 «Артыкчылыктуу акциялар боюнча алууга каралган дивиденддер»;
1562 «Кадимки эле акциялар боюнча алууга каралган дивиденддер;
1563 «Чарбалык коомдогу үлүштөр боюнча алууга каралган дивиденддер» ж.б.
Эгерде дивиденддер боюнча карыздардын суммасы чет өлкө валютасында эсепке алынса, анда карыздын калдыгы отчеттук мезгилдин акырына карата айырманы операциялык эмес кирешелер жана чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча курстук айырмадан келип чыккан чыгымдарды эсепке алуу эсебине чегерүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик курсу боюнча кайрадан бааланат.
Алууга каралган дивиденддер боюнча кайтарылбас карыздарды эсепке алуу алууга каралган эсептер боюнча кайтарылбас карыздарды эсепке алуу тартибинде эле баалоочу резерв эсебин пайдалануу менен же ансыз деле жүргүзүлүшү мүмкүн. Мында, кайтарылбас карыздардан улам келип чыккан чыгымдар 9530 «Кайтарылбас карыздар боюнча чыгымдар» эсебинин дебети боюнча эсепке алынат.
1570 «Курулушка келишимдер боюнча буюртмачылардын карызы» эсеби келишим боюнча ошол учурда аткарылып жаткан курулуш иштери үчүн буюртмачылардан кармалып калууга тийиш болгон дүңүнөн алгандагы суммаларды эсепке алуу жана аларды ишканалардын финансылык отчетунда чагылдыруу үчүн каралган.
6140 «Курулушка келишим боюнча түшкөн акча» эсеби менен корреспонденцияда 1570 эсептин дебети боюнча ФОЭСтин «Курулушка келишимдер» деп аталган 11-стандартынын 22-параграфына ылайык «даярдыгына жараша» ыкмасында аныкталган киреше катары таанылган сумма чагылдырылат. 1570 эсептин кредити боюнча буюртмачы тарабынан салынган аралык төлөмдөрдүн суммасы чагылдырылат.
Буюртмачы тарабынан төлөнгөн төлөмдөрдүн суммасы таанылган түшкөн акчанын суммасынан ашса, анда келип чыккан айырма 3220 «Курулушка келишим боюнча буюртмачынын карызы» эсебинде чагылдырылат.
1580 «Узак мөөнөттүү дебитордук карыздардын учурдагы бөлүгү» эсеби узак мөөнөттүү дебитордук карыздын отчеттук күндөн кийинки бир жылдан ашпаган мезгил ичинде алынууга тийиш болгон бөлүгү жөнүндөгү маалыматтарды жалпылоо үчүн каралган.
Эсептер тобу: 1600 «Товардык-материалдык запастар»;
1700 «Көмөкчү материалдар запастары»
1600 «Товардык-материалдык запастар» жана 1700 «Көмөкчү материалдар запастары» эсептер тобу субъектке тиешелүү товардык-материалдык запастар түрүндөгү материалдык активдердин бардыгы жана алардын кыймылы жөнүндөгү маалыматтарды (анын ичинде жолдо келе жаткан, кайра иштетүүдөгү же жооптуу сактоодо тургандарды да) жалпылоо үчүн каралган жана төмөндөгүлөр үчүн багытталат:
- сатып өткөрүү үчүн;
- жаңы активдерди, жаңы иш чөйрөсүн же кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү процесси үчүн; ошондой эле
- өндүрүш процесси, сатып өткөрүү жана башкаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн.
Субъектке алар боюнча менчикке укук өткөрүлүп берилбеген же аларга байланыштуу бардык тобокелдиктер жана пайдалар ага өтпөгөн товардык-материалдык запастар ошол субъекттин финансылык отчетунда эсепке алынбайт. Мисалы:
- кардардын буюртмасы боюнча даярдалган жана ал тарабынан төлөнгөн, бирок алар ташылып кеткенге чейин жооптуу сактоого убактылуу тариздетилген товарлар;
- жооптуу сактоого түзүлгөн келишимге ылайык субъекттин колунда турган кайсыл болбосун башка запастар;
- өнөр жайлык кайрадан иштетүүгө буюртмачылардан алынган чийки заттар жана материалдар (давальческ сырьелору);
- жогоруда аталган сырьедон даярдалган продукция жана өндүрүш тарабынан бүткөрүлбөгөн запастар;
- комиссия келишиминин же агенттик келишимдин чегинде субъект тарабынан алынган товарлар ж.б.
Колдо болгон бирок, субъектке менчик укугуна өткөрүлүп бериле элек товардык-материалдык запастарды эсепке алуу финансы отчетун даярдоо үчүн каралган эсептер системасынан тышкары, б.а. баланстан тышкаркы эсептерде ишке ашырылат.
Эсептер планында кыйла типтүү категориялар боюнча өндүрүштүк запастарды эсепке алуу үчүн өзүнчө эсептер каралган:
- операциялык иштер үчүн каралган негизги өндүрүштүк запастар:
1610 «Товарлар»;
1691 «Сатып өткөрүлбөгөн соодалык үстөк эсептөөлөр»;
1620 «Чийки заттардын жана негизги материалдардын запастары»;
1630 «Бүткөрүлө элек өндүрүш»;
1640 «Даяр продукция»;
1650 «Биологиялык активдерден алынган айыл чарба азыктары»;
- көмөкчү запастар:
1710 «Отун»;
1720 «Запастык бөлүктөр»;
1730 «Курулуш материалдары»;
1740 «Башка материалдар»;
1750 «Арзан баадагы жана тез эскирүүчү буюмдар»;
1795 «Пайдалануудагы арзан баадагы жана тез эскирүүчү буюмдар».
Субъекттер өндүрүштүк запастарды жогоруда келтирилген категориялар боюнча алар анын иш мүнөзүнө жооп бергидей деңгээлде классификациялайт. Мисалы, курулуш субъекттери курулуш материалдарынын запастарын 1620 эсепте чагылдырат. Ал эми өнөржай жана соода ишканалары курулуш материалдарынын запастарын көмөкчү материал катары, б.а. 1730 эсепте чагылдырат.
Субъекттин эсептеринин иш планын иштеп чыгууда классификацияда сунуш кылынган негиздерде төмөнкүлөрдү эске алуу менен эсепке алуу эсептерин деталдаштыруу жүргүзүлөт:
- товардык-материалдык запастарды эсепке алуунун тандалып алынган системасы (мезгил-мезгили менен же үзгүлтүксүз), ошондой эле
- өздүк наркты аныктоонун колдонуудагы ыкмасы (иш жүзүндөгү сарптоолор ыкмасы, ченемдик сарптоолор ыкмасы, чекене баа ыкмасы) жана
- кабыл алынган эсепке алуу саясатына ылайык, бухгалтердик эсепке алуу жол-жоболору.
Эреже катары, запастарга баштапкы баа берүү аларды сатып алууга кеткен иш жүзүндөгү сарптоолордун суммасы же аларды өндүрүп чыгарууда кайра иштетүүгө кеткен сарптоолор менен аныкталат (өздүк наркы боюнча). Буга мүмкүн болгон сатуу баасында бааланган же болжолдуу сатып өткөрүүдө кеткен чыгымдарды эсептен алып салгандан кийинки (мисалы, ФОЭСтин «Айыл чарбасы» деп аталган 41-стандартындагы айыл чарба продукциялары), адилет наркы боюнча бааланган запастар кирбейт (өнөр жайдын айрым тармактарында кабыл алынган эсепке алуу саясаттарына ылайык).
Иш жүзүндөгү сарптоолордон тышкары, запастардын өздүк наркы чекене соода үчүн чекене баалар ыкмасында, ал эми өндүрүштүк субъекттер үчүн нормативдик сарптоолор ыкмасында аныкталышы мүмкүн. Бирок, бул мына ушул ыкмаларда запастарга баа берүүнүн натыйжалары запастарга кеткен иш жүзүндөгү сарптоолорго мүмкүн болушунча жакындашкан шартта гана жүргүзүлөт (1610 «Товарлар» жана 1630 «Бүткөрүлө элек өндүрүш» эсептерине карата түшүндүрмөлөрдү карагыла).
Эгерде запастар чет өлкө валютасында ишке ашырылган операциялардын натыйжасында алынган болсо, анда 1600, 1700 эсептердин дебети боюнча эсептешүүлөрдү эсепке алуунун тиешелүү эсептери менен корреспонденцияда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан, операция ишке ашырылган күнгө карата белгиленген курс боюнча улуттук валютага кайрадан эсептелинген, чет өлкө валютасында сарпталган сумманын эквиваленти өлчөмүндө алынган запастын наркы чагылдырылат. Материалдар үчүн төлөөгө каралган эсептер боюнча убагында төлөнбөгөн карыздардын орун алышы жана алар боюнча хеджирлөө жүргүзүлбөгөн шартта валюталардын олуттуу девальвациясы жүргөн учурду эске албаганда, валюта курсу өзгөргөн шартта эсепке алынган запастардын өздүк наркы кайрадан эсептелбейт. Мында, алынган запастын наркы келип чыккан курстук айырманын суммасына, товардык-материалдык запастарды эсепке алуунун тиешелүү эсебинин дебети боюнча 3110 «Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө караган эсеп» эсеби менен корреспонденцияда кошумча көбөйтүлүшү мүмкүн.
Пайдаланылган запастардын жана алардын калдыктарынын өздүк наркы төмөнкү ыкмада аныкталат:
- жеке сарптоолорду идентификациялоо жолу менен;
- биринчи келип түшсө - биринчи жөнөтүлөт формуласы (FIFO) же орточо салмактанып алынган наркы боюнча. Эки ыкма тең ФОЭСтин «Запастар» деп аталган 2-стандартында эсепке алуунун негизги тартиби катары каралган;
- акыркы келип түшкөн - биринчи жөнөтүлөт (LIFO) формуласы боюнча - эсепке алуунун жол берилген альтернативалуу тартиби.
Баштапкы таануудан кийин запастар келтирилген эки өлчөмдүн эң азы боюнча бааланууга тийиш: өздүк наркы жана сатуунун мүмкүн болуучу накта баасы боюнча. Запастын наркын өздүк нарктын эң аз өлчөмүнө барабар болгон өлчөмгө чейин оңдоо киргизүү 1600, 1700 эсептердин кредитинен реализацияланган запастардын өздүк наркын эсепке алуу эсеби менен корреспонденцияда өткөрүү аркылуу ишке ашырылат.
Запастарды эсепке алуу системасы
Товардык-материалдык запастарды эсепке алуунун үзгүлтүксүз системасы, товардык-материалдык запастардын ар бир келип түшүүсү жана алардын колдонуудан чыгуусун эсепке алуу эсептеринде түздөн-түз чагылдырылышын карайт. Мында, «Запастар» эсебинин дебети боюнча колдо болгон запастардын жана жаңыдан келип түшкөн запастардын наркы чагылдырылат; «Запастар» эсебинин кредити боюнча запастардын иш жүзүндө пайдаланылышы жана алардын наркын эсептен алып салуулар чагылдырылат. Эсепке алуунун бул системасы тигил же бул запастардын бар экендиги жана кайсыл болбосун календардык күнгө карата алардын наркы тууралуу ыкчам маалыматтарды камсыз кылат. Үзгүлтүксүз эсепке алуу системасында товардык-материалдык запастарды инвентаризациялоо, алардын эсепке алынган санынын инвентаризациялоо башталган күнгө карата товардык-материалдык запастын колдо болгон санына ылайык келүүсүн аныктоого мүмкүндүк берет. Эсепке алуунун ушул системасы кайсыл болбосун тармак үчүн: өндүрүш, кызмат көрсөтүүлөр, соода жүргүзүү чөйрөсү үчүн алгылыктуу болуп саналат.
Товардык-материалдык запастарды мезгил-мезгили менен эсепке алуу системасы, отчеттук мезгилдин акырына карата абал боюнча товардык-материалдык запастарга инвентаризациялоону жүргүзүү учуруна чейин алардын орун которушун, пайдаланылышын же колдонуудан калуусун эсепке алууда чагылдырылышын карабайт. Эсепке алуунун бул системасында товардык-материалдык запастардын эсеби болгону үч гана жазууга ээ:
1) дебеттик баштапкы сальдо (мурда жүргүзүлгөн инвентаризациялоонун жыйынтыгы);
2) отчеттук мезгилдин акырына карата инвентаризациялоо жыйынтыгы боюнча оңдоо киргизилүүчү өткөрүүлөр (запастардын эсепке алуунун баланстык эсебинин дебет же кредити боюнча 7100 жана 7200 «Запастардын наркын оңдоолор» бөлүктөрдүн убактылуу эсептери менен корреспонденцияда ишке ашырылган жүгүртүүлөр);
3) түпкү дебеттик сальдо (отчеттук мезгилдин акырына карата жүргүзүлгөн инвентаризациялоо жыйынтыгы).
Мында, алынган запастар жана инвентаризациялоо жүргүзүлгөн мезгил аралыгында аларды кайра иштетүүгө кеткен сарптоолор жөнүндө маалыматтар товардык-материалдык запастардын баланстык эсептеринде эмес, сарптоолордун тиешелүү беренелери менен корреспонденцияда өздүк нарктын атайы убактылуу эсептеринин дебети боюнча эске алынат. Запастардын өздүк наркын түзүүдө айырмачылыктардын орун алышынан улам (товардык - сатып алууга кеткен сарптоолор, ал эми өндүрүштүк - кайра иштетүүгө кеткен сарптоолор боюнча).
Эсептер планында өздүк нарктын убактылуу эсептеринин эки тобу каралган:
- соода ишканалары үчүн - 72О0 «Сатып өткөрүлгөн товарлардын өздүк наркы» эсептер тобу;
- өндүрүштүк ишканалар үчүн - 7100 «Сатып өткөрүлгөн продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркы» эсептер тобу.
Запастарды мезгил-мезгили менен эсепке алуу системасында 7100 эсептер тобунун ар бир эсеби запастарды алуу жана кайра иштетүүгө кеткен сарптоолордун белгилүү бир беренесине ылайык келет. Сатып алууга жана кайра иштетүүгө сарптоолор 7100 эсебинде өзүнчө категорияларга бөлүнбөстөн топтолот. Өзүнчө эсептер боюнча сарптоолорду бөлүштүрүү аналитикалык максаттарды гана көздөйт.
1610 эсеп «Товарлар»
1610 «Товарлар» эсеби кайра сатуу максатында сатылып алынган товардык-материалдык запастардын бардыгы жана алардын кыймылы жөнүндө маалыматтарды жалпылоо үчүн каралган. Бул эсеп соодалык субъекттер жана коомдук тамактануу субъекттери, ошондой эле өндүрүштүк субъекттер тарабынан белгиленген максаттарга ылайык сатылып алынган запастарды эсепке алуу үчүн пайдаланылат.
Товарлардын топтору, ошондой эле топтордун ичинде аналитикалык эсепке алуу, ар бир жоопкерчиликтүү жак, запастардын аталышы боюнча, ал эми олуттуу мааниге ээ болсо, товарлардын сакталган жери боюнча жүргүзүлөт. Зарылчылыкка жараша товарлардын белгилүү бир тобу боюнча өзүнчө эсеп ачылышы мүмкүн, мисалы:
1611 «Кампадагы товарлар»;
1612 «Соода жайларындагы товарлар»;
1613 «Комиссияга берилген товарлар»;
1614 «Жолдогу товарлар» ж.б.
«Товар» эсебинин дебети боюнча товарлар жана алардын келип түшүүсүнө тиешелүү маалыматтар сатып алууга сарптоолорду чагылдырган эсептер менен корреспонденцияда чагылдырылат:
- акча каражаттарын эсепке алуу эсептери менен - төлөнгөн пошлиналарды жана орду толтурулуп берилбеген салыктардын суммаларын кошо алганда, накталай акчага товарларды сатып алуу; же
- 3110 «Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө каралган эсептер» эсеби менен - товарларды кредитке алууда;
- алдын ала же дароо төлөөсүз эле, сатуу учурунда сатуучу тарабынан белгиленген кредиттөөнүн адаттагы эле мөөнөттөрүнөн ашкан убакытка төлөмдөрдү кийинкиге калтыруу менен товарларды кредитке алууда 4190 «Башка узак мөөнөттүү милдеттенмелер» эсеби менен;
- 3110 «Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө каралган эсептер» эсеби менен - товарларды жеткирип берүү, сатылып алынган товарларды жөнөтүү жана кампага жайгаштырууга байланыштуу башка көрсөтүлгөн транспорттук кызматтарга кеткен сарптоолор;
- 3520 «Чегерилген эмгек акы» эсеби менен - сатылып алынган товардык-материалдык запастарды жөнөтүү жана кампага жайгаштырууга байланыштуу иштерди аткарган кызматкерлердин эмгек акысына ички чыгымдар;
- 3530 «Социалдык камсыздандырууга төлөмдөрдү чегерүүлөр» эсеби менен - товардык-материалдык запастарды жөнөтүү жана кампага жайгаштырууга байланыштуу иштерди аткарган кызматкерлердин эмгек акысынан чегерүүлөр;
- товарлардын сатып алууга байланыштуу жана башка сарптоолорду чагылдырган эсептер менен.
«Товарлар» эсебинин дебети боюнча төмөндөгүлөр да чагылдырылат:
- акысыз алынган товарлардын адилет (базар) наркы 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» эсеби менен корреспонденцияда;
- уюштуруучулардын төлөмдөрү катары алынган товарлардын адилет наркы 1900 «Уюштуруучулардын (катышуучулардын) уставдык капиталга салымы боюнча карыздары» эсеби менен корреспонденцияда - катышуучунун акцияларынын (үлүшүнүн) номиналдык наркына барабар суммада жана 5210 «Кошумча төлөнгөн капитал» эсеби менен корреспонденцияда - үлүштүн (акциянын) номиналдык наркынан ашкан суммада;
- кыймылсыз мүлккө инвестициялар катары эсепке алынган жана «Товарлар» категориясына которулган кыймылсыз мүлк объекттеринин адилет наркы;
- сатып алуучулар тарабынан кайтарылган товарлардын өздүк наркы үзгүлтүксүз эсепке алуу системасында 7200 «Сатып өткөрүлгөн товарлардын өздүк наркы» эсеби менен корреспонденцияда.
Сатып өткөрүлгөн, пайдаланууга жараксыз болуп калган товарлардын наркы, накта сатуу баасына чейинки арзандатуу суммасы мурда сатылып алынган товарлардын кайтарып берилишинин наркы «Товарлар» эсебинин кредити боюнча чагылдырылат.
Сатып өткөрүлгөн товарларды эсептен чыгаруу
Сатып өткөрүлгөн товарларды эсептен чыгаруу үзгүлтүксүз эсепке алуу системасында төмөндө келтирилген өткөрүүлөрдө чагылдырылат:
Дт 7200 «Сатылган товарлардын өздүк наркы» эсеби XX;
Кт 1610 «Товарлар» эсеби XX.
Мезгил-мезгили менен эсепке алуу системасында сатып өткөрүлгөн товарлардын өздүк наркы эсептен төмөнкүчө алынып салынат:
- 7210-7230 убактылуу эсептеринде инвентаризациялоо мезгили аралыгында товарларды сатып алуу жана кайтарып берүү, ошондой эле аларды субъекттин өз керектөөлөрү үчүн пайдалануу боюнча сарптоолор топтолот;
- акыркы жолу жүргүзүлгөн инвентаризациялоонун жыйынтыгына карата «Товарлар» эсеби боюнча сальдо (мурда жүргүзүлгөн инвентаризациялоонун сальдосу) төмөнкү бухгалтердик өткөрүүлөр менен оңдолот:
а) эгерде акыркы жолу жүргүзүлгөн инвентаризациялоонун жыйынтыгы 1610 «Товарлар» эсебинин сальдосунан көп болсо, анда алардын ортосундагы айырманын суммасы 1610 «Товарлар» эсебинин дебетине 7290 «Запастардын наркына оңдоо киргизүү» эсеби менен корреспонденцияда чегерилет;
б) эгерде акыркы жолу жүргүзүлгөн инвентаризациялоонун жыйынтыгы 1610 «Товарлар» эсебинин сальдосунан аз болсо, анда алардын ортосундагы айырманын суммасы 1610 «Товарлар» эсебинин кредитинен 7290 «Запастардын наркына оңдоо киргизүү» эсебинин дебетине алынып салынат. Мында, отчетто финансылык-чарбалык иштердин жыйынтыгын чагылдырган сатылган товарлардын өздүк наркы 7200 топтун эсептеринин сальдосун суммалоо менен аныкталат:
Сатып өткөрүлгөн товарлардын өздүк наркы = 7210 эсептин сальдосу 7220 эсептин сальдосу - 7230 эсептин сальдосу + 7290 эсептин дебеттик сальдосу (минус 7290 эсептин кредиттик сальдосу).
Алмашуу операциялары
Товарлар андан айырмаланган (аларга окшош болбогон) башка товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө алмашуу менен сатылса, бул операция кошумча акча алып келген операция катары каралат (ФОЭСтин «Түшкөн акча» деп аталган 18-стандартынын 12-параграфы).
Мында:
- алмашуу иретинде берилген товарлардын эсепке алынган наркын «Товарлар» эсебинин кредитинен 7200 «Сатып өткөрүлгөн товарлардын өздүк наркы» эсебинин дебетине товарлардын өткөрүлүп берилиши фактысы боюнча (үзгүлтүксүз эсепке алуу) эсептен алып салынат;
- алмашуу жолу менен алынган товар эсепке алууда 1610 «Товарлар» эсебинин дебетинде чагылдырылат.
Алмашуу жолу менен алынган товарларды эсепке алууну чагылдыруу схемасы төмөндө келтирилген:
- алмашылып алынган товардын же көрсөтүлгөн кызматтын ордуна алынган товарлардын адилет наркы төмөнкүлөргө барабар болгон шартта:
| Операциянын мазмуну
| Корреспонденциялануучу эсептин номери | |
|
| Дебет | Кредит |
1
| Товар, анын ордуна товар же кызмат көрсөтүү берилгенге чейин алынган: - товарды алуу; - анын ордуна товарды (же кызмат көрсөтүүнү) берүү |
1610 3110
|
3110 6130
|
2
| Товар, анын ордуна товар же көрсөтүү берилгенден кийин алынган: - анын ордуна башка товарды кызмат көрсөтүүнү) сунуштоо; - товарларды алуу |
1410
1610 |
6130
1410 |
- алынган товардын адилет наркы сатып өткөрүлгөн товардын (же көрсөтүлгөн кызматтын) наркынан айырмаланган шартта:
а) эгерде алынган товардын адилет наркы берилген товардын (же көрсөтүлгөн кызматтын) адилет наркынан жогору болсо:
| Операциянын мазмуну
| Корреспонденциялануучу эсептин номери | |
|
| Дебет | Кредит |
1
| Товар, ордуна товар же кызмат көрсөтүү сунуш кылынганга чейин эле алынган: - алынган товардын адилет наркы; - берилген товардын же көрсөтүлгөн кызматтын адилет наркы; - алмашуу учурунда төлөнгөн акча каражаты
|
1610 3110
3110
|
3110 6130
1100, 1200 |
2
| Товар, ордуна товар же кызмат көрсөтүүлөр сунуш кылынгандан кийин алынган: - берилген товардын же көрсөтүлгөн кызматтын адилет наркы; - алынган товардын адилет наркы; - алмашуу учурунда төлөнгөн акча каражаты
|
1410
1610 1410
|
6130
1410 1100, 1200 |
б) эгерде алынган товардын адилет наркы берилген товардын (кызмат көрсөтүүнүн) адилет наркынан аз болсо:
| Операциянын мазмуну
| Корреспонденциялануучу эсептин номери | |
|
| Дебет | Кредит |
1
| Товар, ордуна товар же кызмат көрсөтүү сунуш кылынганга чейин эле алынган: - алынган товардын адилет наркы; - берилген товардын же көрсөтүлгөн кызматтын адилет наркы; - алмашуу учурунда төлөнгөн акча каражаты
|
1610 3110
1100, 1200 |
3110 6130
3110
|
2
| Товар, ордуна товар же кызмат көрсөтүүлөр сунуш кылынгандан кийин алынган: - берилген товардын же көрсөтүлгөн кызматтын адилет наркы; - алынган товардын адилет наркы; - алмашуу учурунда төлөнгөн акча каражаты
|
1410
1610 1100, 1200 |
6130
1410 1410
|
Товарларды башка эсептен чыгаруулар
Товарлардын ар кандай себептерден улам жоготууга учуроосу (инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча жетпей калуулар, жараксыз болуп калуу жана башка) төмөнкүдөй чагылдырылат:
- үзгүлтүксүз эсепке алуу системасында жоголгон товарлардын өздүк наркы 1610 «Товарлар» эсебинин кредитинен 7200 «Сатып өткөрүлгөн товарлардын өздүк наркы» эсебинин дебетине алып салынат;
- мезгил-мезгили менен эсепке алуу системасында жоголгон запастарды эсептен чыгаруу боюнча өткөрүүлөрдүн жүргүзүлүшү талап кылынбайт.
Товарларды мүмкүн болгон накта сатуу баасына чейин арзандатуу үзгүлтүксүз эсепке алуу системасында 1610 эсептин кредити боюнча 7200 «Сатып өткөрүлгөн товарлардын өздүк наркы» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат. Отчеттук датага карата сатуунун накта баасынын жогорулоосунан улам келип чыккан мурда арзандатылган запастын кайсыл болбосун наркын калыбына келтирүү өлчөмү үзгүлтүксүз эсепке алуу системасында 1610 «Товарлар» эсебинин дебети боюнча 7200 «Сатып өткөрүлгөн товарлардын өздүк наркы» чыгымдар эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Мезгил-мезгили менен эсепке алуу системасында арзандатылган сумма 1610 эсептин кредитинен 7290 «Запастардын наркына оңдоо киргизүү» эсеби менен корреспонденцияда эсептен алып салынат. Отчеттук датага карата сатуунун накта баасынын жогорулоосунан улам келип чыккан мурда арзандатылган запастын кайсыл болбосун наркын калыбына келтирүү өлчөмү 1610 «Товарлар» эсебинин дебети боюнча 7290 «Запастардын наркына оңдоо киргизүү» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Мүмкүн болгон накта сатуу баасына чейин арзандатылышына байланыштуу запастардын наркынын өзгөрүүсүн эсепке алуу үчүн 1610 эсепке карата контрактивдүү эсеп пайдаланылышы мүмкүн (1640 «Даяр продукция» эсебине карата түшүндүрмөнү карагыла).
Субъекттин жеке керектөөлөрү үчүн пайдаланылган товарлардын өздүк наркы үзгүлтүксүз эсепке алуу системасында 1610 «Товарлар» эсебинин кредитине жана 7130 «Жеке керектөөлөр үчүн товарларды пайдалануу» эсебинин кредитине активдерди же чыгымдарды эсепке алуунун тиешелүү эсептеринин дебетине эсептен алып салынат.
Товарларды чекене баа ыкмасында эсепке алуу
Товарларды чекене баа ыкмасында эсепке алуу үчүн Эсептер планында 1691 «Соодалык сатып өткөрүлбөгөн үстөк баа» кошумча эсеби каралган, ал 1610 «Товарлар» эсебине карата контрактивдүү эсеп болуп саналат. Бухгалтердик баланста «Товарлар» статьясы боюнча 1691 эсебинин сальдосун кемитүү менен 1610 эсептин сальдосу көрсөтүлөт.
Товарларды 1610 эсепте эсепке алуу чекене сатуу баасы боюнча жүргүзүлөт. Товарларды сатып алуу учурунда 1610 «Товарлар» эсебинин дебети боюнча ага кеткен иш жүзүндөгү сарптоолор жана соодалык үстөк баанын суммасы «Соодалык сатып өткөрүлбөгөн үстөк баа» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Отчеттук мезгилдин акырында сатып өткөрүүдөн түшкөн акчаны дүңүнөн алынган пайданын ченине (нормасына) көбөйтүү менен сатылып өткөрүлгөн соодалык үстөк баа аныкталат (товардын чекене баасындагы соодалык үстөк баанын пайызы). Сатып өткөрүлгөн товарларды эсептен алып салуу төмөнкүчө чагылдырылат:
а) чекене баа боюнча сатып өткөрүлгөн товардын наркы 1610 «Товарлар» эсебинин кредитинен 7200 «Сатып өткөрүлгөн товарлардын өздүк наркы» эсебинин дебетине алып салынат (сатып өткөрүдөн түшкөн акчанын суммасында);
б) 1691 «Соодалык сатып өткөрүлбөгөн үстөк баа» эсебинин дебетине 7200 «Сатып өткөрүлгөн товарлардын өздүк наркы» эсеби менен корреспонденцияда сатып өткөрүлгөн соодалык үстөк акынын суммасы алып салынат; же
а) 1610 «Товарлар» эсебинин кредитинен 7200 «Сатып өткөрүлгөн товарлардын өздүк наркы» эсебинин дебетине сатып өткөрүүдөн түшкөн акча менен сатып өткөрүлгөн соодалык үстөк акынын ортосундагы айырма катары эсептелинген, сатып өткөрүлгөн товардын өздүк наркы алып салынат;
б) 1610 «Товарлар» эсебинин кредитинен 1691 «Соодалык сатып өткөрүлбөгөн үстөк баа» эсебинин дебетине сатып өткөрүлгөн соодалык үстөк акынын суммасы алып салынат.
1691 эсеп менен сатып алуучулар тарабынан кайтарылган товар чекене баада 1610 «Товарлар» эсебинин дебети боюнча 7200 «Сатып өткөрүлгөн товарлардын өздүк наркы» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат; ал эми, кайтарылган товарларга туура келген соодалык үстөк акы 7200 «Сатып өткөрүлгөн товарлардын өздүк наркы» эсебинин дебети боюнча «Сатып өткөрүлбөгөн соодалык үстөк акы» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Товарлардын мүмкүн болгон накта сатуу баасына чейин арзандатылган суммасы 1610 «Товарлар» эсебинин кредити боюнча 7200 «Сатып өткөрүлгөн товарлардын өздүк наркы» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат. Отчеттук датага карата накта сатуу баасынын өзгөрүүсүнөн улам келип чыккан мурда арзандатылган запастын кандай болбосун наркын калыбына келтирүү өлчөмү 1610 «Товарлар» эсебинин дебети боюнча 7200 «Сатып өткөрүлгөн товарлардын өздүк наркы» чыгашалар эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Товарлардын ар кандай жоготууларынын өздүк наркы товарлардын сатып өткөрүлүшү сыяктуу эле эсептелет жана эсептен алып салынат.
Товар берүүчүлөргө товардын кайтарылышы 1400 «Алууга каралган эсептер» эсебинин дебети боюнча төмөндөгүлөр менен корреспонденцияда чагылдырылат:
- 1610 «Товарлар» эсеби менен сатып алуу наркына барабар суммада. Бир эле учурда 1610 эсептин кредити боюнча 1691 «Соодалык сатып өткөрүлбөгөн үстөк баа» эсеби менен соодалык үстөк акынын суммасына корреспонденция менен өткөрүүлөр ишке ашырылат; же
- 1610 «Товарлар» эсебинин кредитинен чекене сатуу баасындагы товарлардын наркына барабар суммада. Бир эле учурда 1400 эсебинин кредити боюнча 1691 «Соодалык сатып өткөрүлбөгөн үстөк баа» эсеби менен корреспонденцияда - товардын чекене сатуу баасындагы наркы менен сатып алуу наркынын ортосундагы айырмага өткөрүүлөр жүзөгө ашырылат.
1620 эсеп «Чийки заттардын жана негизги материалдардын запасы»
1620 «Чийки заттардын жана негизги материалдардын запасы» эсеби алардын негизин түзүү менен өндүрүлүп жаткан продукциянын курамына кирген же ал продукцияларды даярдатууда зарыл компонент болуп саналган запастарды, ошондой эле ишти аткаруу учурунда ошол запастар керектелген кызмат көрсөтүүлөр үчүн каралган запастарды эсепке алуу үчүн колдонулат. Кызмат көрсөтүү дегенден улам, аныкталган тапшырмалардын келишимде макулдашылган мезгил аралыгында субъект тарабынан аткарылышы түшүндүрүлөт.
Запастарды аналитикалык эсепке алуу алардын түрү же аталышы боюнча, ошондой эле сакталган жери же болбосо алар тиешелүү отчетторду берүүчү адамдар тарабынан уюштурулат.
Үзгүлтүксүз эсепке алууда 1620 эсептин дебети же мезгил-мезгили менен эсепке алууда 7110 «Кайтарылып берилгендерин эске алуу менен чийки заттарды, материалдарды сатып алуу боюнча сарптоолор» эсебинин дебети боюнча чийки заттарды сатып алууга кеткен сарптоолор чагылдырылат (1610 «Товарлар» эсебине карата түшүндүрмөнү карагыла).
Даяр продукцияларды чыгарууда же кызмат көрсөтүүдө пайдаланылган запастардын өздүк наркы запастарды үзгүлтүксүз эсепке алуу системасында 1620 эсептин кредитинен 1630 «Бүткөрүлбөгөн өндүрүш» эсебинин дебетине эсептен алып салынат. Эгерде чийки заттардын жана материалдардын бөлүгү сатылып кеткен болсо, анда сатылган запастардын өздүк наркы 1620 эсептин кредитинен 7200 «Сатып өткөрүлгөн товарлардын өздүк наркы» эсебинин дебетине алып салынат.
Запастарды сатуунун накта наркына чейин баасын арзандатуу, ошондой эле алардын мүмкүн болгон жоготуулары (инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча аныкталган жетпей калуулар, уурдоолор, жараксыз болуп калуулар ж.б.) төмөнкүчө чагылдырылат:
- үзгүлтүксүз эсепке алуу системасында жоголуп кеткен запастардын баасын төмөндөтүү жана алардын өздүк наркы 1620 «Чийки заттардын жана негизги материалдардын запастары» эсебинин кредитинен 7100 «Сатып өткөрүлгөн продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркы» эсебинин дебетине эсептен алынат; отчеттук датага карата накта сатуу баасынын жогорулоосунан улам келип чыккан запастын мурда баасынын төмөндөтүлүшүнүн кандай болбосун наркын калыбына келтирүү өлчөмү 1620 эсептин дебети боюнча 7100 «Сатып өткөрүлгөн продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркы» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат;
- мезгил-мезгили менен эсепке алуу системасында жоголгон запастарды эсептен алып салуу боюнча өткөрүүлөрдүн жүргүзүлүшү талап кылынбайт. Төмөндөтүлгөн баанын суммасы 1620 эсептин кредитинен 7190 «Запастардын наркын корректировкалоо» эсеби менен корреспонденцияда алынып салынат. Отчеттук датага карата накта сатуу баасынын жогорулоосунан улам келип чыккан запастын мурда баасынын төмөндөтүлүшүнүн кандай болбосун наркын калыбына келтирүү өлчөмү 1620 эсептин дебети боюнча 7190 «Запастардын наркын корректировкалоо» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Сатуунун накта наркына чейин баанын төмөндөтүлүшүнө байланыштуу запастардын наркында жүргөн өзгөрүүлөрдү эсепке алуу үчүн 1620 эсебине карата контрактивдүү эсеп пайдаланылышы мүмкүн (1640 «Даяр продукция» эсебине карата түшүндүрмөнү карагыла).
Мезгил-мезгили менен эсепке алуу системасында отчеттук датага карата калдыктардын өздүк наркы жана пайдаланылган запастардын өздүк наркы инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча аныкталат жана эсепке алууда төмөнкүчө чагылдырылат:
1) инвентаризациялоо мезгили аралыгында сатылып алынган чийки заттарга сарптоолор 7110 «Кайтарып алынгандарын эске алганда, чийки заттарды, материалдарды сатып алууга кеткен сарптоолор» убактылуу эсебинин дебети боюнча чагылдырылат;
2) акыркы инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча 1620 эсепке тиешелүү сальдо төмөнкү бухгалтердик өткөрүүлөр менен корректировкаланат:
- эгерде акыркы инвентаризациялоонун жыйынтыгы запастардын эсепке алынган сальдосунан көп болсо, анда алардын ортосунда келип чыккан айырма 7190 «Запастардын наркын корректировкалоо» эсеби менен корреспонденцияда 1620 эсептин дебетине чегерилет;
- эгерде акыркы инвентаризациялоонун жыйынтыгы запастардын эсепке алынган сальдосунан аз болсо, анда алардын ортосунда келип чыккан айырма 1620 эсептин кредитинен 7190 «Запастардын наркын корректировкалоо» эсебине алынып салынат;
3) запастардын наркы сатуунун накта наркынын өзгөрүүсүнө байланыштуу корректировкаланат.
1620 эсепте эске алынган запастарды алмашуу боюнча операциялар товарларды алмашуу операциялардай эле чагылдырылат.
1630 эсеп «Бүткөрүлбөгөн өндүрүш»
1630 «Бүткөрүлбөгөн өндүрүш» эсеби, товардык-материалдык запастарды пайдаланууга кеткен сарптоолорду кошо алганда, продукция өндүрүүгө кеткен айкын сарптоолорду эсепке алуу үчүн каралган. Кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнүн ишканалары 1630 эсепте көрсөтүлгөн кызматтарга кеткен айкын сарптоолорду эсепке алат.
1630 «Бүткөрүлбөгөн өндүрүш» эсебинин сальдосу ишти баштаган, бирок отчеттук датага карата өндүрүп чыгарууну бүткөрө албаган буюм жасап чыгарууга өндүрүштүк сарптоолордун наркы же субъект алардан түшкөн акчаны тааный элек иштерди аткаруу жана кызмат көрсөтүү боюнча сарптоолордун наркы чагылдырылат.
Өндүрүштүк сарптоолордун бирдей эместигине жана аларды даяр продукцияга бөлүштүрүү ыкмаларынын да ар түрдүүлүгүнө байланыштуу, 1630 эсепке карата тике өндүрүштүк сарптоолорду туруктуу жана өзгөрүлмөлүү кошумча сарптоолорду эсепке алуу үчүн субэсептер ачылат. Даяр продукциялардын ар кандай түрлөрүн өндүрүп чыгарууда жана кызмат көрсөтүүдө ар кандай базалар кеткен өндүрүштүк сарптоолорду бөлүштүрүү үчүн (демек, аларды эсепке алуу үчүн эсептерди да) туруктуу жана өзгөрүлмөлүү белгилери боюнча гана эмес, бөлүштүрүү базалары жана продукциянын түрлөрү боюнча сарптоолорду деталдаштырууну талап кылышы мүмкүн. Мисалы:
1631 «Бүткөрүлбөгөн өндүрүш: тике сарптоолор» эсеби;
1632 «Бүткөрүлбөгөн өндүрүш: демейдеги тике сарптоолордун негизинде бөлүштүрүлүүчү туруктуу кошумча сарптоолор» эсеби;
1633 «Бүткөрүлбөгөн өндүрүш: демейдеги машина-саат негизинде бөлүштүрүлүүчү туруктуу кошумча сарптоолор» эсеби;
1634 «Бүткөрүлбөгөн өндүрүш: кеткен айкын эмгек сарптоолордун негизинде бөлүштүрүлүүчү өзгөрүлмөлүү кошумча сарптоолор» эсеби ж.б.
Кошумча сарптоолорду кылдат иликтеп чыгуу (деталдаштыруу), субэсептерди ачуусуз эле 1630 эсепке карата аналитикалык регистрлерде ишке ашырылышы мүмкүн.
Үзгүлтүксүз эсепке алуу системасында 1630 «Бүткөрүлбөгөн өндүрүш» эсебинин дебетине пайдаланылган чийки заттардын жана кошумча материалдардын наркы, ошондой эле аларды кайра иштетүүгө кеткен сарптоолор (өндүрүшкө кеткен сарптоолор) эсептен алып салынат.
Даяр продукциялардын өздүк наркына төмөнкүлөр кошулат:
- бөлүштүрүлбөгөн кошумча чыгымдар;
- нормадан тышкары сарпталган чийки заттар, жумшалган эмгек же башка өндүрүштүк сарптоолор.
Мына ушул сарптоолор 1630 «Бүткөрүлбөгөн өндүрүш» эсебинин кредитинен 7100 «Сатып өткөрүлгөн продукциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркы» эсебинин дебетине алып салынууга тийиш.
Даяр продукциялардын иш жүзүндөгү өздүк наркы 1630 «Бүткөрүлбөгөн өндүрүш» эсебинин кредитинен 1640 «Даяр продукция» эсебинин дебетине алып салынат.
Эгерде субъект, запастардын өздүк наркын аныктоо үчүн нормативдик сарптоолор ыкмасын пайдаланса, анда бир мезгилдин акырына карата бүткөрүлбөгөн өндүрүштүн өздүк наркы жана даяр продукциянын өздүк наркы нормативдик калькуляция боюнча аныкталат. Запастардын өздүк наркын аныктоонун ушул ыкмасын колдонуу даяр продукцияны өндүрүү үчүн сарптоолордун бардык статьялары боюнча колдонуудагы нормативдерин кайрадан каралышын талап кылат. Нормативдик сарптоолор ыкмасынын колдонулушуна байланыштуу, эсепке алуунун кандайдыр бир атайын эсептерин жүргүзүү талап кылынбайт. Нормативдик сарптоолор ыкмасында аныкталган бүткөрүлбөгөн өндүрүштүн наркы менен анын иш жүзүндөгү өздүк наркынын ортосундагы айырма, отчеттук мезгилдин акырында 7100 «Сатып өткөрүлгөн продукциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркы» эсебинин дебетине же кредитине алып салынат.
Запастарды мезгил-мезгили менен эсепке алуу системасында инвентаризациялоолорду жүргүзүү мезгили аралыгында продукцияларды өндүрүүгө кеткен сарптоолор 7110-7170 убактылуу эсептердин дебети боюнча эске алынат. Акыркы жолу жүргүзүлгөн инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча 1630 «Бүткөрүлбөгөн өндүрүш» эсебинин эске алынган сальдосу (мурда жүргүзүлгөн инвентаризациялоонун сальдосу) төмөнкүчө корректировкаланат:
- эгерде отчеттук мезгилдин акырына карата бүткөрүлбөгөн өндүрүштүн наркы 1630 эсептин эске алынган сальдосунан көп болсо, анда алардын ортосунда келип чыккан айырманын суммасы 7190 «Запастардын наркын корректировкалоо» эсеби менен корреспонденцияда 1630 эсептин дебетине чегерилет;
- эгерде отчеттук мезгилдин акырына карата бүткөрүлбөгөн өндүрүштүн наркы 1630 эсептин эске алынган сальдосунан аз болсо, анда алардын ортосунда келип чыккан айырманын суммасы 1630 эсептин кредитинен 7190 «Запастардын наркын корректировкалоо» эсебинин дебетине корректировкаланат.
1640 эсеп «Даяр продукция»
1640 «Даяр продукция» эсеби сатып өткөрүү максатында өндүрүлгөн товардык-материалдык запастардын бардыгы жана алардын жылышы жөнүндөгү маалыматтарды жалпылоо үчүн каралган.
Аналитикалык эсепке алуу даяр продукциялардын түрү ар бир материалдык жоопкерчиликтүү адамдар боюнча жана зарылчылык келип чыккан учурда, сакталган жайлары боюнча уюштурулат.
Запастарды үзгүлтүксүз эсепке алуу системасында 1640 «Даяр продукция» эсебинин дебетинде 1630 «Бүткөрүлбөгөн өндүрүш» эсебинин кредитинен кампага өткөрүлүп берилген даяр продукциянын өздүк наркы алынып салынат. Мезгил-мезгили менен эсепке алуу системасында даяр продукцияларды кампага өткөрүп берүү бухгалтердик өткөрүүлөрдө чагылдырылбайт; отчеттук мезгилдин акырына карата даяр продукциялардын өздүк наркындагы өзгөрүүлөр 1640 «Даяр продукция» эсебинин дебети же кредити боюнча 7190 «Запастардын өздүк наркын корректировкалоо» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
ФОЭСтин «Запастар» деп аталган 2-стандартына ылайык, даяр продукция эки өлчөмдүн (чоңдуктун) эң азы боюнча: өздүк нарк жана сатуунун мүмкүн болгон баасында бааланууга тийиш.
Даяр продукциянын сатуунун мүмкүн болгон накта баасына чейин төмөндөтүлгөн баасынын суммасы эки ыкмада чагылдырылышы мүмкүн:
а) 1640 эсептин кредитинен 7100 «Сатып өткөрүлгөн продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркы» эсеби менен корреспонденцияда алынып салынат;
б) даяр продукция эсебине карата ачылган 1641 «Даяр продукциянын баасынын төмөндөтүлүшү» өзүнчө субэсебинде эске алынат. Мында, төмөндөтүлгөн баанын суммасы 1641 субэсептин кредитинен 7100 «Сатып өткөрүлгөн продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркы» эсебинин дебетине алынып салынат. Финансылык отчетто даяр продукциянын калдыгынын чагылдырууда субэсептин кредиттик сальдосу 1640 эсептин сальдосунан алып салынат.
Отчеттук күнгө карата накта сатуу баасынын жогорулоосунан улам келип чыккан даяр продукциянын мурда баасынын төмөндөтүлүшүнүн кандай болбосун наркын калыбына келтирүү өлчөмү үзгүлтүксүз эсепке алуу системасында 1640 «Даяр продукция» эсептин дебети боюнча 7100 «Сатып өткөрүлгөн продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркы» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Даяр продукциянын жоготууларынын өздүк наркы (инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча жетпей калуулар, жараксыз болуп калгандар ж.б.) үзгүлтүксүз эсепке алуу системасында 1640 «Даяр продукция» эсебинин кредитинен 7100 «Сатып өткөрүлгөн продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркы» эсебинин дебетине алып салынат.
Мезгил-мезгили менен эсепке алуу системасында даяр продукциялардын айырмасын эсептен алып салуу боюнча өткөрүүлөрдүн жүргүзүлүшү талап кылынбайт, запастардын айырмасы инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча даяр продукциянын наркын корректировкалоо аркылуу эсептен алып салынат.
Үзгүлтүксүз эсепке алуу системасында сатып өткөрүлгөн даяр продукциянын өздүк наркы 1640 «Даяр продукция» эсебинин кредитинен 7100 «Сатып өткөрүлгөн продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркы» эсебинин дебетине алып салынат.
Ал эми, запастарды мезгил-мезгили менен эсепке алуу системасында сатып өткөрүлгөн даяр продукциялардын өздүк наркы төмөнкүчө түптөлөт:
- эгерде акыркы инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча даяр продукциянын наркы запастардын эсепке алынган сальдосунан көп болсо, анда алардын ортосунда келип чыккан айырманын суммасы 7190 «Запастардын наркын корректировкалоо» эсеби менен корреспонденцияда 1640 «Даяр продукция» эсебинин дебетине чегерилет;
- эгерде акыркы инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча даяр продукциянын наркы чийки заттардын эсепке алынган сальдосунан аз болсо, анда алардын ортосунда келип чыккан айырманын суммасы 1640 «Даяр продукция» эсебинин кредитинен 7190 «Запастардын наркын корректировкалоо» эсебинин дебетине корректировкаланат;
- даяр продукциянын наркы накта сатуу баасынын мүмкүн болгон өзгөрүүсүнө байланыштуу 1640 (1641) эсебинин кредити (дебети) боюнча 7190 «Запастардын наркын корректировкалоо» эсеби менен корреспонденцияда корректировкаланат.
Мында, финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы жөнүндөгү отчетто чагылдырылган даяр продукциянын өздүк наркы, ушул эле топтун эсептеринин кредиттик сальдосунун суммасын минуска чыгаруу менен 7100 топтун эсептеринин дебеттик сальдосунун суммасы катары аныкталат.
Субъекттин жеке керектөөлөрү үчүн пайдаланылган даяр продукциялардын өздүк наркы үзгүлтүксүз эсепке алуу системасында 1640 эсебинин кредитинен жана мезгил-мезгили менен эсепке алуу системасында 7180 «Даяр продукцияларды жеке керектөөлөр үчүн пайдалануу» эсебинин кредитинен активдердин же чыгашалардын тиешелүү эсептеринин дебетине эсептен алынат.
Даяр продукцияларды ага окшобогон активдерге алмашуу боюнча операциялар товарларды алмашуу боюнча операциялар сыяктуу эле чагылдырылат.
1650 «Биологиялык активдерден айылчарба продукциялары» эсеби
1650 «Биологиялык активдерден айыл чарба продукциялары» эсеби субъектке тиешелүү жана сатып өткөрүү үчүн каралган сыяктуу эле, кийинки кайра иштетүү үчүн да каралган биологиялык активдерден алынган айыл чарба продукцияларын эсепке алуу үчүн багытталган.
Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъекттер бул эсепте башка өндүрүүчүлөрдү же айыл чарба азыктүлүгүн берүүчүлөрдөн кийинчерээк кайра иштетүү же кайрадан сатуу үчүн каралган сатылып алынган продукцияларды да эсепке алышы мүмкүн.
Айыл чарба ишин жүргүзбөгөн субъекттер бул эсепте кайра иштетилген айыл чарба продукцияларын эсепке алат:
- эгерде продукция кайрадан сатуу максатында алынган болсо, 1610 «Товарлар» эсебинде товарларды эсепке алуу үчүн белгиленген тартипте;
- эгерде продукция кайра иштетүү максатында сатылган болсо, 1620 «Чийки заттардын жана негизги материалдын запастары» эсебинде аларды эсепке алуу үчүн белгиленген тартипте.
Айыл чарба продукциясын кайра иштетип чыгуунун натыйжасында алынган азыктүлүк ФОЭСтин «Айыл чарбасы» деп аталган 41-стандартына ылайык биологиялык активдерден айыл чарба продукциясы эмес, кайра иштетилүүчү продукция болуп саналат. Биологиялык активдерден алынган кайра иштетилүүчү айыл чарба продукциялары төмөнкү эсептерде эске алынууга тийиш:
- 1640 «Даяр продукция» эсебинде даяр продукцияларды эсепке алуу үчүн белгиленген тартипте; же
- 1620 «Чийки заттардын жана негизги материалдардын запастары» эсебинде эгерде, алынган продукт ошол субъекттин өзүндө кайра иштетилүүгө тийиш болсо, чийки заттарды жана жарым-жартылай даяр азыктүлүктөрдү эсепке алуу үчүн белгиленген тартипте.
Биологиялык активдерден алынган айыл чарба продукцияларын баштапкы таануу өздүк нарк боюнча эсепке алууда чагылдырылат, ал ФОЭС 41дин талабына ылайык сатып өткөрүүгө байланыштуу болжолдонуп жаткан чыгашаларды эсептен алып салуу менен жыйналып алынган айыл чарба продукцияларынын адилет наркы катары аныкталат.
Керектелүүчү биологиялык активдерден алынган айыл чарба продукцияларын баштапкы таанууда эсептердин төмөнкүдөй корреспонденциясы ишке ашырылышы мүмкүн: 1650 эсептин дебети боюнча сатып өткөрүү чыгашаларын эсептеп алып салуу менен аныкталган, жыйнап алуу учуруна карата алардын адилет нарктын өлчөмү боюнча айыл чарба продукциясынын наркы 6320 «Айыл чарба продукцияларын жыйнап алуудан түшкөн киреше» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат. Мында, керектелинген биологиялык активдин баланстык наркы 2200 «Биологиялык активдер» эсебинин кредитинен 6330 «Биологиялык активдердин адилет наркынын өзгөрүүсүнөн пайда (зыян)»эсеби менен корреспонденцияда эсептен алынып салынат.
Мөмө берүүчү биологиялык активдерден алынган айыл чарба продукцияларын баштапкы таанууда 1650 «Айыл чарба продукциялары» эсебинин дебети боюнча сатып өткөрүү чыгашаларын эсептеп алып салуу менен аныкталган, жыйнап алуу учуруна карата алардын адилет нарктын өлчөмү боюнча айылчарба продукциясынын наркы 6320 «Айыл чарба продукцияларын жыйнап алуудан түшкөн киреше» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Айыл чарба продукцияларын баштапкы таануудан кийин аларды андан кийинки эсепке алуу ФОЭСтин «Запастар» деп аталган экинчи стандартынын талабына ылайык запастарды эсепке алуу үчүн каралган тартипте жүргүзүлөт, атап айтканда:
- эгерде айыл чарба продукциясы андан кийинки кайра иштетүү үчүн каралган болсо, анда аларды андан аркы эсепке алуу 1620 «Чийки заттардын жана негизги материалдардын запастары» эсеби боюнча чагылдырылуучу запастарды эсепке алуу үчүн каралган тартипте жүргүзүлөт. Айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө пайдаланылган нарк мында 1650 эсептин кредитинен 1630 «Бүткөрүлбөгөн өндүрүш» эсебинин дебетине алынып салынат, анда кайра иштетүүгө байланыштуу бардык сарптоолор топтолот. Пайдаланылган айылчарба продукцияларынын наркы ар кандай формула: FIFO, LIFO боюнча орточо салмактанып алынган наркы же идентификациялык ыкмада аныкталышы мүмкүн;
- эгерде айыл чарба продукциясы сатуу үчүн каралган болсо, анда аларды кийинки эсепке алуу 1610 «Товарлар» эсеби боюнча чагылдырылуучу запастарды эсепке алуу үчүн каралган тартипте жүргүзүлөт. Сатып өткөрүлгөн продукциялардын эсепке алынган наркы 1650 эсептин кредитинен 7100 «Сатып өткөрүлгөн продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркы» эсебинин дебетине алынып салынат. Сатып өткөрүлгөн айыл чарба продукцияларынын наркы ар кандай формула: FIFO, LIFO боюнча орточо салмактанып алынган наркы же идентификациялык ыкмада аныкталышы мүмкүн. Мында, айыл чарба продукцияларын сатып өткөрүүдөн түшкөн акча 6110 «Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүүдөн түшкөн акча» эсебинин кредити боюнча чагылдырылат.
Баштапкы таануудан кийин айыл чарба продукцияларынын запастарынын наркы, баасынын түшүүсү, ошондой эле башка жоготуулар ФОЭСтин «Запастар» деп аталган экинчи стандарттарына ылайык эске алынат.
1750 «Арзан баадагы жана тез тосулуучу буюмдар»;
1795 «Колдонуудагы арзан баадагы жана тез тосулуучу буюмдар» эсептери
Арзан баадагы жана тез тосулуучу буюмдарга төмөнкү критерийлерге жооп берген активдер кирет:
- наркынан көзкарандысыз бир жылдан ашпаган мөөнөткө пайдалуу кызмат өтөгөн эмгек буюмдары (тез тосулуучу буюмдар);
- бир жылдан ашкан мөөнөткө пайдалуу кызмат өтөй алса да, бирок алардын наркы бир аз эле өлчөмдү түзгөн эмгек буюмдары (арзан баадагы буюмдар).
Жогоруда белгиленген критерийлерге жооп бербеген эмгек буюмдары жүгүртүүдөн тышкаркы активдер (негизги каражаттар) катары эсепке алынат. Эмгек буюмдарын баасы арзан буюмдарга чегерүүнүн нарктык критерийи субъекттин эсепке алуу саясатында аныкталат.
Сатылып алынган арзан баадагы, тез тосулуучу буюмдардын наркы 1750 эсебинин дебети боюнча чагылдырылат.
Аларды сатып алууга, пайдаланууга, оңдотууга, колдонуудан калуусуна байланыштуу арзан баадагы тез тосулуучу буюмдарга кеткен жылдык чыгымдар болжол менен алганда бирдей болсо, бул буюмдарга кеткен чыгымдар пайдаланууга берилген арзан баадагы тез тосулуучу буюмдардын наркына барабар суммада таанылат. Мында, арзан баадагы тез тосулуучу буюмдарга кеткен чыгымдар төмөнкүлөрдү колдонуу менен эсепке алынат:
а) 1795 «Колдонуудагы арзан баадагы жана тез тосулуучу буюмдар» эсебин колдонуу менен. Колдонууга берилген арзан баадагы тез тосулуучу буюмдардын наркы 1795 «Колдонуудагы арзан баадагы жана тез тосулуучу буюмдар» эсебинин кредити боюнча чыгымдарды эсепке алуу эсептери менен корреспонденцияда чагылдырылат. Колдонуудан калган арзан баадагы тез тосулуучу буюмдарды эсептен алып салуу 1750 эсептин кредити боюнча 1795 эсеп менен корреспонденцияда чагылдырылат. 1795 эсеп 1750 эсепке карата контрэсеп болуп саналат; финансылык отчетто арзан баадагы тез тосулуучу буюмдардын наркы 1795 эсептин сальдосун эсептеп алып салуу менен көрсөтүлөт;
б) 1750 эсептин кредитинен чыгымдарды эсепке алуу эсептин дебетине түздөн-түз алып салынат.
Эгерде жылдан жылга сатылып алынган буюмдардын саны олуттуу өзгөрүп турса, арзан баадагы тез тосулуучу буюмдарга кеткен чыгымдарды мезгил-мезгили менен инвентаризациялоо ыкмасында аныктоо сунуш кылынат. Отчеттук мезгил ичинде колдонууга берилген арзан баадагы тез тосулуучу буюмдардын наркы 1750 эсептин кредитинен 1795 эсептин дебетине алып салынат. Отчеттук жылдын акырында пайдаланууга жарактуу эмгек буюмдарына инвентаризациялоо жүргүзүлүп, алар эскилиги жеткендерин эске алуу менен бааланат. Арзан баадагы тез тосулуучу буюмдардын инвентаризациялык ведомость боюнча наркы менен 1795 эсептин алдынала сальдосунун ортосундагы айырма 1795 эсептин кредитинен бул буюмдарга кеткен чыгымдарды эсепке алуу эсептеринин дебетине алып салынат.
1800 эсептер тобу «Берилген аванстар»
Эсептердин бул тобу келечекте берилүүчү товардык-материалдык запастардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебине отчеттук жылдан кийинки мезгилде, бирок бир жылдан ашпаган убакытка берилген аванстар тууралуу маалыматтарды жалпылоо үчүн каралган. Отчеттук күндөн кийинки бир жылдан ашкан мезгилде келечекте берүүлөрдүн эсебине төлөнгөн аванстар 2780 «Узак мөөнөткө кийинкиге калтырылган чыгымдар» эсебинде эске алынат.
Эсептер планында алдынала төлөнгөн чыгымдардын жана запастардын эң эле мүнөздүү категориялары боюнча аванстарды эсепке алуу үчүн өзүнчө эсептер каралган:
1810 «Аванс менен төлөнгөн запастар»;
1820 «Аванс менен төлөнгөн кызмат көрсөтүүлөр»;
1830 «Аванс менен төлөнгөн ижара»;
1840 «Авансталган төлөмдөрдүн башка түрлөрү».
Авансталган төлөмдөрдүн башка түрлөрү 1890 эсепке бириктирилет. Зарылчылык келип чыккан шартта, «Берилген аванстар» статьясында чагылдырылган өзүнчө эсептердин тизмеси узартылышы мүмкүн, б.а. ошол субъект үчүн олуттуу болгон башка аванстык төлөмдөр көрсөтүлөт.
Эгерде берилген аванстар боюнча дебитордук карыз чет өлкө валютасындагы операциялардын натыйжасында келип чыкса, анда 1800 эсептин дебети жана кредити боюнча эсепке алуу чет өлкө валютасында сыяктуу эле, улуттук валютада да жүргүзүлөт. Отчеттук мезгилдин акырына карата 1800 эсептин чет өлкө валютасында чагылдырылган сальдосу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан ошол күнгө карата белгиленген эсептик курс боюнча, келип чыккан айырманы операциялык иштерден түшкөн жана башка кирешелер же чыгымдарды эсепке алуу эсебине чегерүү менен кайрадан бааланат.
Берилген аванстар боюнча кайтарылышы ишенимсиз карыздарды эсепке алуу алууга каралган эсептер боюнча ишенимсиз карыздарды эсепке алуу тартибинде баалоо резервдери эсебин пайдалануу менен же аны пайдаланбастан эле жүргүзүлөт. Мында, ишенимсиз карыздардан улам келип чыккан зыян операциялык чыгымдар эсебинин дебети боюнча эске алынат.
1900 «Уюштуруучулардын (катышуучулардын) уставдык капиталга салымдары боюнча карыздары»
1900 эсеби субъекттин катышуучулар (уюштуруучулар) менен уставдык капиталга салымдары боюнча эсептешүүлөрүнө тиешелүү маалыматтарды жалпылоо үчүн каралган.
Субъект 1900 эсепке карата өзүнчө субэсептерди ачышы мүмкүн, мисалы:
а) 1910 «Уюштуруучуларды юридикалык жакты түзүү учурунда келип чыккан карызы» субэсеби. Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, юридикалык жакты түзүү учурунда уюштуруучулар кол койгон уюштуруу келишими, мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып уставдык капиталга салымдар боюнча юридикалык жактар менен эсептешүүлөрдү бир жыл аралыгында аягына чыгарууга кол койгон жактар үчүн милдеттенмелерди шарттайт. Ушуга байланыштуу 1910 эсептин дебети боюнча юридикалык жакты уюштуруу учурунда жарыяланган уставдык капиталдын суммасы 5100 «Уставдык капитал» эсептер тобунун тиешелүү эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат. 1910 эсептин кредити боюнча юридикалык жакты мамлекеттик каттоодон өткөртүүгө чейинки сыяктуу эле, каттоодон өткөндөн кийинки жыл ичинде уюштуруучулар тарабынан салынган акча каражаттарынын, ошондой эле акчалай түрүндө эмес активдердин адилет наркы чагылдырылат. Салынган акчалай түрүндө эмес активдердин адилет наркы менен карыздын номиналдык суммасынын ортосундагы айырма 5210 «Кошумча төлөнгөн капитал» эсебинин кредитине алып салынат.
Жоопкерчилиги чектелген коомдун мамлекеттик каттоодон өткөн учурунан тартып бир жыл өткөндөн кийин 1910 эсептин дебеттик сальдосу 5130 «Башка уставдык капитал» эсебинин дебетине алып салынат.
Уюштуруу келишиминин талабына ылайык, акционердик коомдун уюштуруучуларына чегерилген акцияларына төлөбөй койгондук үчүн неустойкалардын суммасы 1910 эсептин дебети боюнча 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат;
б) 1920 «Экинчи жана андан кийинки эмиссиядагы акцияларга кол коюшкан жактардын карыздары» субэсеби баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндөгү отчет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө кызматынан каттоодон өткөрүлгөндөн кийин түзүлөт (5110 «Жөнөкөй акциялар», 5120 «Артыкчылыктуу акциялар» эсептерине карата түшүндүрмөнү карагыла);
в) 1930 «Субъект тарабынан сатылып алынган өздүк акциялардын сатылышы учурунда келип чыккан сатып алуучулардын карызы» субэсеби (5191 «Сатылып алынган өздүк акциялар» эсебине карата түшүндүрмөнү карагыла).
2000 бөлүм «Жүгүртүүдөн тышкаркы активдер»
2100 эсептер тобу «Негизги каражаттар»
Негизги каражаттар - өндүрүш үчүн же товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) берүүлөр, ижарага берүүлөр же болбосо административдик максаттар үчүн пайдаланылган жана бир жылдан ашкан убакытта пайдаланууга болжолдонуп жаткан материалдык активдер.
2100 «Негизги каражаттар» эсеби субъектин менчикке укугуна тиешелүү болгон же финансылык ижара шарттарында ижарага алынган негизги каражаттардын; пайдаланылып жаткан, запаста турган негизги каражаттардын; монтаждоону талап кылган жабдуулардын; негизги каражаттардын курулуп жаткан объекттеринин бардыгы жана алардын жылышы жөнүндөгү маалыматтарды жалпылоо үчүн каралган.
Эсептер планында түрү жана колдонуу ыкмаларына жараша негизги каражаттардын эсебин жүргүзүү үчүн өзүнчө эсептер каралган:
2110 Жер;
2120 Бүткөрүлбөгөн курулуш;
2130 Имараттар, курулмалар;
2193 Топтолгон амортизация - имараттар курулмалар;
2140 Жабдуулар;
2194 Топтолгон амортизация - жабдуулар;
2150 Кеңселик жабдуулар;
2195 Топтолгон амортизация - кеңселик жабдуулар;
2160 Эмерек жана ага тиешелүү буюмдар;
2196 Топтолгон амортизация - эмерек жана ага тиешелүү буюмдар;
2170 Транспорттук каражаттар;
2197 Топтолгон амортизация - транспорттук каражаттар;
2180 Ижарага алынган менчикти ыңгайлаштыруу;
2198 Топтолгон амортизация - ижарага алынган менчикти ыңгайлаштыруу;
2190 Жер участкаларын өздөштүрүү;
2199 Топтолгон амортизация - жер участкаларын өздөштүрүү.
Ээлик кылуучунун тескөөсүндө же финансы ижарасы келишими боюнча ижарачынын карамагында турган жана товарларды өндүрүү же берүү, кызмат көрсөтүүлөр же административдик максаттар үчүн каралган жер же имарат (имараттын бөлүгү) ФОЭСтин «Негизги каражаттар» деп аталган 16-стандартынын талабына ылайык классификацияланат жана «Негизги каражаттар» категориясында эсепке алынат.
Ижаралык төлөмдөрдү, нарктын жогорулоосунан улам киреше алуу максатында менчик ээсинин тескөөсүндө турган, бирок товарларды өндүрүү же берүүлөр (кызмат көрсөтүү) же иш жагдайында сатуу үчүн каралбаган кыймылсыз мүлк (жер, имарат же анын бөлүгү) ФОЭСтин «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» деп аталган 40-стандартынын талабына ылайык классификацияланат жана «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» категориясында эске алынат.
2193-2199 «Топтолгон амортизация» эсептери - бул, «Негизги каражаттар» эсебине карата контрактивдүү эсептер болуп саналат жана белгилүү бир негизги каражаттардын же каражаттардын тобунун амортизациясы тууралуу маалыматтарды жалпылоо үчүн каралган.
2110-2190 «Негизги каражаттар» эсебинин дебети боюнча негизги каражаттарды сатып алууга (баштапкы нарк) кеткен айкын сарптоолор чагылдырылат. Бул айкын сарптоолорго сатып алуу баасы, анын ичинде импорттук пошлиналар жана сатып алуудан орду толтуруп берилбеген салыктар, ошондой эле активдердин багытталышы боюнча пайдаланылышы үчүн аны иш абалына келтирүү боюнча кандай болбосун тике сарптоолор кошулат.
Сатып алууга кеткен чет өлкө валютасында чагылдырылган айкын сарптоолор 2110-2190 «Негизги каражаттар» эсебинин дебети боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан валюта менен операцияларды ишке ашыруу учуруна карата белгиленген курс боюнча сом түрүндө чагылдырылат.
Негизги каражаттарды субъекттин акциясына алмашуу менен сатып алуу учурунда негизги каражаттарды сатып алууга кеткен айкын сарптоолор төмөнкүчө аныкталат:
а) ишканалардын негизги каражаттардын ордуна берилген акцияларынын рыноктук наркы боюнча (баа берүү ишкананын акциялары ачык рынокто котировкаланган шартта, алгылыктуу болуп саналат);
б) сатылып алынган негизги каражаттардын рыноктук наркы боюнча;
в) негизги каражаттарга көз карандысыз баа берүү ыкмасы (экспорттук корутунду) боюнча жана алар 2110-2190 «Негизги каражаттар» эсебинин дебети боюнча 5110 «Жөнөкөй акциялар» эсеби менен корреспонденцияда анын ордуна берилген акциялардын номиналдык наркына барабар суммада жана 5210 «Кошумча төлөнгөн капитал» эсеби менен акциялардын номиналдык наркынан ашкан суммада чагылдырылат.
Төлөмдөрдү, кредиттөөнүн адетте каралган шарттарынан ашкан мезгилге кийинкиге калтыруу менен негизги каражаттарды сатып алуу учурунда аларга кеткен айкын сарптоолор дароо эле нак акча менен төлөнгөн баанын эквивалентине барабар болот. Сатып алууга кеткен айкын сарптоолор 2110-2190 «Негизги каражаттар» эсебинин дебети боюнча 4190 «Башка узак мөөнөттүү милдеттенмелер» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат. Мына ушул өлчөмдөрдүн жана суммардык төлөп берүүлөрдүн ортосундагы айырмачылык кредиттөө мезгили аралыгындагы пайыздарды төлөөгө кеткен чыгашалар катары таанылат.
Узак мөөнөткө каралган кредиттик контракттар боюнча сатылып алынган негизги каражаттар тараптар тарабынан бүтүмгө келишилген күнү белгиленген ошол учурдагы (дисконттолгон) наркы боюнча эсепке алынат.
Сатып алуучу менен сатуучунун ортосунда келишим түзүү учурунда пайыздык ставкаларды (ченди) белгилөөдө каралууга тийиш болгон факторлорго карыз алуучунун кредиттик рейтинги жана векселдин суммасы жана төлөө күнү, ошондой эле басымдуулук кылып турган рыноктук пайыздык ставкалар кирет.
Мисалы, январь айында 10000 сом суммасына төлөө мөөнөтү келишим түзгөн учурдан тартып төрт жылга каралган пайызсыз вексел боюнча сатылып алынган активдин дисконттолгон наркы, рыноктук 12 пайыздык ставкада 6355 сом наркы боюнча эсепке алынууга тийиш. Төмөндө ошол активди сатып алуу боюнча операцияларды эсепке алууга тиешелүү өткөрүүлөрдүн схемасы келтирилген:
- активди сатып алуу;
Дт 2110-2190 «Негизги каражаттар» эсеби 6355;
Дт 4141 «Векселдер боюнча төлөөгө каралган дисконт» эсеби 3645;
Кт 4140 «Төлөөгө каралган вексел» эсеби 10000;
- биринчи жыл үчүн пайыздар боюнча чыгашаларды чегерүү (6355 х 12% = 763):
Дт 9510 «Пайыздар түрүндөгү чыгымдар» эсеби 763;
Кт 4140 «Векселдер боюнча төлөөгө каралган дисконт» 763;
- экинчи жыл үчүн пайыздар боюнча чыгашаларды чегерүү (6355 + 763) х 125 = 854);
Дт 9510 «Пайыздар түрүндөгү жана башка чыгымдар» эсеби 854;
Кт 4140 «Векселдер боюнча төлөөгө каралган дисконт» 854 ж.б.
Негизги каражаттарды алмашуу боюнча операциялардын жыйынтыгын эсепке алуу, алмашылып жаткан негизги каражаттар ошондой элеби же андан башкачабы, ошого жараша болот.
Негизги каражатты же башка активди андай болбогон объектке алмашуунун натыйжасында алынган негизги каражаттар объектинин наркы алынган активдин адилет наркы боюнча аныкталат, ал өткөрүлүп берилген активдин адилет наркына плюс төлөнгөн сумма же минус алынган акча каражаттарынын суммасына барабар болот. Ага окшобогон негизги каражаттарга алмашуу учурунда алмашуу операцияларынан улам келип чыккан пайда же зыян толук көлөмүндө чагылдырылууга тийиш.
Ошондой эле, активге алмашуунун натыйжасында алынган жана ошол эле чарбалык ишкердикте пайдаланылуучу жана ошондой эле адилет наркка ээ жаңы активдин наркы, берилген активдин баланстык наркына барабар өлчөмдө кабыл алынат.
Эгерде, алынган активдин адилет наркы берилген активдин баланстык наркынан төмөн болсо, анда берилген активдин баланстык наркы алынган активдин адилет наркына чейин эсептен алынып салынат, ал эми алынган актив жаңы төмөндөтүлгөн наркы боюнча эсепке алынат.
Эгерде ошондой эле активге алмашуу учурунда кошумча акча каражатын төлөө ишке ашырылса, анда алмашуунун натыйжасында алынган жаңы активдин наркы берилген активдин баланстык наркына барабар кабыл алынат, плюс төлөнгөн акча каражаттарынын суммасы эске алынат.
Эгерде, ошондой эле активдерге алмашуу учурунда тараптар акча каражаттары түрүндө кошумча төлөп берүүгө ээ болсо, алмашуунун натыйжасында алынган жаңы активдин наркы берилген активдин баланстык наркына барабар кабыл алынат, минус төлөнгөн акча каражаттарынын суммасы жана плюс сатылган активдин бөлүгү боюнча таанылган киреше.
Мисалы, А компаниясы өзүнүн жүк ташуучу унааларын В компаниясынын ошондой эле унааларына алмашып жана 10000 сом өлчөмүндө кошумча төлөп берген болсо, төмөндө алмашуу күнү ишке ашырылган операцияларга тиешелүү маалыматтар келтирилген:
А компаниясы (сом) | В компаниясы (сом) |
А компаниясынын жүк 40000 ташуучу унаалары Топтолгон амортизация 10000 Баланстык нарк 30000 Адилет нарк А компаниясынын жүк 40000 ташуучу унаалары | В компаниясынын жүк 60000 ташуучу унаалары Топтолгон амортизация 20000 Баланстык нарк 40000 Адилет нарк В компаниясынын жүк 50000 ташуучу унаалары |
А компаниясынын талдоосу
А компаниясынын жүк 30000 ташуучу унааларынын баланстык наркы Плюс кошуп төлөөлөр 10000 В компаниясынын жүк 40000 ташуучу унааларынын наркы
| В компаниясынын талдоосу
В компаниясынын жүк 40000 ташуучу унааларынын баланстык наркы Минус кошуп төлөөлөр 10000 Плюс таанылган киреше(*) 2000 А компаниясынын жүк 32000 ташуучу унааларынын наркы |
(*) Сатылган активдин бөлүгү боюнча киреше = (өткөрүлүп берилген активдин адилет наркы - өткөрүлүп берилген активдин баланстык наркы) х Алынган акча каражаттары / алынган акча каражаттары + Алынган активдин адилет наркы. Биздин мисалда: (50000 - 40000) х 10000 / 10000 + 40000 = 2000 | |
А компаниясынын бухгалтердик өткөрүүлөрү
В компаниясынын жүк 40000 ташуучу унаалары 10000 Топтолгон амортизация | В компаниясынын бухгалтердик өткөрүүлөрү
Касса 10000 А компаниясынын жүк 32000 ташуучу унаалары |
А компаниясынын жүк 40000 ташуучу унаалары Касса 10000 | Топтолгон амортизация 20000 В компаниясынын жүк 60000 ташуучу унаалары Сатуудан түшкөн киреше 2000 |
Негизги каражаттардын ар бир өзүнчө объектти боюнча чарбалык ыкмада жүзөгө ашырылып жаткан курулуш процессинде өсүш жыйынтыгы менен чегерилген сарптоолор 2120 «Бүткөрүлбөгөн курулуш» эсебинин дебети боюнча «Акча каражаттары», «Төлөөгө карата эсептер», «Товардык-материалдык запастар», «Кыска мөөнөткө чегерилген милдеттенмелер» жана башка эсептер менен корреспонденцияда чагылдырылат. Бул эсепте ошондой эле, негизги каражаттардын монтаждоону талап кылган объекттери да эсепке алынышы мүмкүн. Курулуш ишинин бүткөрүлүшү боюнча 2120 «Бүткөрүлбөгөн курулуш» эсеби негизги каражаттардын тиешелүү объекттерин эсепке алуу эсеби менен корреспонденцияда кредиттелет.
Ошондой эле, 2120 «Бүткөрүлбөгөн курулуш» эсебинин дебети боюнча, келечекте кыймылсыз мүлккө инвестиция катары пайдаланылышы болжолдонуп жаткан бүткөрүлбөгөн курулуш объектисин курууга (реконструкциялоого) кеткен сарптоолор чагылдырылат. Мына ушундай объектке карата курулуш (реконструкциялоо) иштери аягына чыгарылганга чейин ФОЭСтин 16-стандартынын жоболору колдонулат. Курулуш иштеринин бүткөрүлүшү боюнча 2120 «Бүткөрүлбөгөн курулуш» эсеби 2300 «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» эсеби менен корреспонденцияда кредиттелет жана андан аркы эсепке алуу үчүн ФОЭСтин 40-стандартынын жоболору колдонулат.
Бекер (тартуу катары) алынган негизги каражаттар алынган күнгө карата адилет наркы боюнча бааланат. Тартуу кылынган негизги каражаттардын адилет наркы 2110-2190 эсептердин дебети боюнча 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Субсидия катары алынган негизги каражаттар адилет наркы боюнча бааланып ФОЭСтин «Мамлекеттик субсидияларды эсепке алуу жана мамлекеттик жардамдар жөнүндөгү маалыматтарды ачып көрсөтүү» деп аталган 20-стандартынын 24-параграфында каралган эки ыкманын бири боюнча эсепке алууда чагылдырылат. Эки ыкма тең алгылыктуу альтернатива катары каралат, ошондой болсо да эсепке алууну кылдат жүргүзүү көзкарашынан алганда, келечекте алынуучу киреше катары субсидияларды эсепке алуу ыкмасы кыйла алгылыктуу. Мында, негизги каражаттардын адилет наркы 2110-2190 эсептердин дебети боюнча 4200 «Кийинкиге калтырылган кирешелер» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат. Амортизацияны чегерүү боюнча жүргүзүлгөн өткөрүүлөр менен бир эле учурда чегерилген амортизациянын суммасындагы субсидиялардан түшкөн кирешелерди таануу боюнча өткөрүүлөр да ишке ашырылат:
Дт 4200 «Кийинкиге калтырылган кирешелер» эсеби XX;
КТ 6200 «Операциялык иштен түшкөн башка кирешелер» эсеби XX.
Финансылык ижара укугунда ижарага алынган активдин баштапкы наркы ФОЭСтин «Ижара» деп аталган 17-стандартына ылайык аныкталат. Финансылык ижара шарттарында ижарага алынган негизги каражаттардын келип түшүүсү 2110-2190 «Негизги каражаттар» эсебинин дебети боюнча 4150 «Финансылык ижара боюнча милдеттенме» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
2130-2190 «Негизги каражаттар» эсебинин дебети боюнча негизги каражаттардын колдонуудагы объекттерине, алар активдин абалын баштапкы бааланган нормативдик көрсөткүчтөрдөн да олуттуу жакшырткан шартта (кызмат өтөө мөөнөтүн узартуу, баштапкы эсептелинген өндүрүмдүүлүгүн арттыруу), активдердин баланстык наркын көбөйткөн кийинки сарптоолор чагылдырылат.
Жеке жер участкаларын өздөштүрүүгө кеткен сарптоолор 2190 «Жер участкаларын ыңгайлаштыруу» эсебинин дебети боюнча чагылдырылат.
Ижарага алынган менчикти ыңгайлаштырууга сарптоолор 2180 «Ижарага алынган менчикти ыңгайлаштыруу» эсебинин дебети боюнча чагылдырылат.
2193-2199 «Негизги каражаттардын топтолгон амортизациясы» эсебинин кредити боюнча негизги каражаттардын амортизациясынын чегерилген суммасы төмөнкү эсептер менен корреспонденцияда чагылдырылат:
- 2120 «Бүткөрүлбөгөн курулуш», эгерде негизги каражаттар объектиси башка активдерди өндүрүүдө колдонулса;
- 1630 «Бүткөрүлбөгөн өндүрүш», эгерде негизги каражаттардын амортизациясы запастарды кайра иштетүү боюнча сарптоолорго кошулса;
- 7580 «Негизги каражаттардын амортизациясы боюнча чыгашалар», эгерде негизги каражаттар товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү реализациялоо процессинде пайдаланылса;
- 8470-8476 «Жалпы жана административдик чыгымдар - амортизацияга чыгымдар», эгерде негизги каражаттар административдик максаттарда пайдаланылса;
- 7600 «Жана башка өндүрүштүк чыгымдар», эгерде негизги каражаттар операциялык ижарага берилсе.
Амортизацияны чегерүү ыкмасы активден алынуучу экономикалык пайданын болжолдуу схемасынын негизинде тандалып алынат жана эгерде, активди пайдалануудан пайда алуунун ушул болжолдонгон схемасы өзгөрбөй турган болсо, бир мезгилден экинчисине ырааттуу колдонулат. Негизги каражаттын пайдалуу кызмат өтөө мөөнөтү аралыгында амортизацияланган наркын системалуу эсептен алып салуу үчүн бирдей ченемде чегерүү ыкмасы, калдыкты азайтуу ыкмасы жана жасалган буюмдардын суммасы ыкмасы пайдаланылышы мүмкүн.
Финансылык ижара шарттарында ижарага алынган активдер боюнча амортизация өздүк активдердин амортизациясын чегерүү саясатына ылайык келген ыкманын жардамы менен эки мөөнөттүн: ижаранын же активдин пайдалуу кызмат өтөө мөөнөтүнүн эң кыска болуп саналганынын аралыгында чегерилет. Эгерде ижарачы ижара мөөнөтүнүн акырында менчикке укукту алган болсо, амортизацияны чегерүү мезгили болуп активдин пайдалуу кызмат өтөө мөөнөтү саналат.
Операциялык ижарага өткөрүлүп берилген активдердин амортизациясы ижарачы тарабынан ушундай эле активдерге карата колдонулган амортизацияны чегерүүнүн нормалдуу саясатына ылайык чегерилет. Чегерилген амортизация 2193-2199 «Негизги каражаттарга топтолгон амортизация» эсебинин кредити боюнча 7600 «Башка өндүрүштүк чыгымдар» эсебинин дебетинде чагылдырылат. Бул жобо, негизги каражат катары классификацияланган, бирок кыймылсыз мүлккө инвестиция болуп саналбаган активдерге да тиешелүү. Сатып алууда кеткен айкын сарптоолор боюнча бааланган кыймылсыз мүлккө инвестициялардын объекттеринин амортизациясы «Топтолгон амортизация кыймылсыз мүлккө инвестициялар» эсебинин кредити боюнча (2300 «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» эсебине карата түшүндүрмөнү карагыла) ишкана кыймылсыз мүлккө инвестицияларга тиешелүү операцияларды кандайча классификациялоосуна жараша операциялык же операциялык эмес чыгымдар эсептеринин дебетинде чагылдырылат.
Сатуунун, алмаштыруунун, жок кылуунун же аны пайдаланууну токтотуунун натыйжасында негизги каражаттардын объектисинин колдонуудан чыгуусу учурунда, эгерде ошол активден эч кандай экономикалык пайданын алынышы күтүлбөсө, башка негизги каражаттар да баланстан алынып салынууга тийиш.
Негизги каражаттар эсептен алынып салынган учурда активдин наркын эсепке алуу жана топтолгон амортизация эсептери жабылат. Негизги каражаттардын колдонуудан калуусун эсепке алууда чагылдыруунун тартиби кандайча колдонуудан калышына жараша болот.
Жок кылынган негизги каражаттарды эсептен алып салуу төмөнкүчө ишке ашырылат:
- негизги каражаттардын наркын эсепке алуу эсеби (2130-2190) жана топтолгон амортизация эсеби (2193-2199) жабылат, ал эми калдык нарк (эгерде болгон болсо) 9590 «Башка операциялык эмес чыгашалар» эсебине алынып салынат:
Дт 2193-2199 «Топтолгон амортизация» XX;
Кт 2130-2190 «Негизги каражаттар» XX;
Дт 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» XX;
Кт 2130-2190 «Негизги каражаттар» XX;
- негизги каражаттарды жок кылуу (жоюу) боюнча чыгымдар 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсебинин дебети боюнча «Башка кыска мөөнөттүү милдеттенмелер», «Төлөөгө каралган эсептер» ж.б. эсептер менен корреспонденцияда чагылдырылат, мисалы:
Дт 9590 «Башка операциялык эмес чыгашалар» XX;
Кт 3520 «Чегерилген эмгек акы» XX;
- жок кылуу учурунда алынган материалдардын наркы 1700 «Көмөкчү материалдар» эсебинин дебети боюнча 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсеби менен корреспонденцияда кириштелет:
Дт 1700 «Көмөкчү материалдар» XX;
Кт 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» XX.
Татаал бухгалтердик өткөрүүлөрдү пайдалануу учурунда жазуулардын саны олуттуу кыскарат:
Дт 1700 «Көмөкчү материалдар» XX;
Дт 2193-2199 «Топтолгон амортизация» XX;
Дт 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» XX;
Кт 2130-2190 «Негизги каражаттар» XX;
Кт 3520 «Чегерилген эмгек акы» XX.
Сатып өткөрүлгөн негизги каражаттарды эсептен алып салуу төмөнкүчө ишке ашырылат:
- негизги каражаттарды сатып өткөрүүдөн түшкөн акча 1100 «Кассадагы акча каражаттары», 1200 «Банктагы акча каражаттары», 1590 «Башка дебитордук карыздар» эсептеринин дебети боюнча 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» жана 3430 «Төлөөгө каралган КНС» эсептери менен корреспонденцияда чагылдырылат:
Дт 1100-1200 «Акча каражаттары» XX;
Кт 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» XX;
Дт 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» XX;
Кт 3430 «Төлөөгө каралган КНС» XX;
- негизги каражаттардын наркын эсепке алуу эсептери (2130-2190) жана топтолгон амортизация эсептери (2193-2199) жабылат, ал эми баланстык нарк 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсебине алып салынат:
Дт 2193-2199 «Топтолгон амортизация» XX;
Кт 2130-2190 «Негизги каражаттар» XX;
Дт 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» XX;
Кт 2130-2190 «Негизги каражаттар» - XX;
- негизги каражаттарды сатып өткөрүүдөн келип чыккан чыгымдар (сатып алуучуга жеткирилүүлөр, демонтаж ж.б.) 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсебинин дебети боюнча «Башка кыска мөөнөттүү милдеттенмелер», «Төлөөгө каралган эсептер» эсептери менен корреспонденцияда чагылдырылат;
- эгерде колдонуудан калуунун натыйжасында пайда алынса, анда ал 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» эсебинде чагылдырылат; эгерде колдонуудан калуунун натыйжасында чыгым келип чыкса, ал 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсебинде чагылдырылат:
Дт 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» XX;
Кт 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» XX.
Татаал бухгалтердик өткөрүүлөрдү пайдалануу учурунда жазуулардын саны олуттуу кыскарат:
Дт 1100 «Акча каражаттары» же XX;
Дт 1590 «Башка дебитордук карыз» XX;
Дт 2193-2199 «Топтолгон амортизация» XX;
Дт 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар»
(эгерде колдонуудан калуунун жыйынтыгы - зыян болсо) XX;
Кт 3430 «Төлөөгө каралган КНС» XX;
Кт 2110-2190 «Негизги каражаттар» XX;
Кт 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер»
(эгерде колдонуудан калуунун жыйынтыгы - пайда болсо) XX.
Баштапкы таануудан кийин негизги каражаттар субъекттин эсепке алуу саясатына ылайык эске алынат:
а) топтолгон амортизацияны жана нарктын төмөндөшүнөн улам топтолгон зыяндарды эсептен алып салуу менен баштапкы нарк боюнча, же
б) амортизацияны жана нарктын төмөндөшүнөн улам кийинчерээк келип чыккан жана топтолгон зыяндарды эсептен алып салуу менен кайра баалоо күнүнө карата анын адилет наркы болуп саналган кайрадан бааланган наркы боюнча.
Эгерде негизги каражаттарды эсепке алуу кайра бааланган наркы боюнча жүргүзүлсө, кайра баалоо күнүнө карата кандай болбосун топтолгон амортизация:
1) амортизацияны эсептен алып салганга чейинки активдин баланстык наркына пропорционалдуу кайрадан эсептелип чыгат, мындан кийин баланстык наркты кайрадан баалоо анын кайрадан бааланган наркына барабар болуп калат;
2) амортизацияны эсептен алып салууга чейинки активдин баланстык наркына каршы алып салынат, ал эми накта өлчөм активдин кайрадан бааланган наркына чейин кайрадан эсептелет.
Амортизацияны корректировкалоонун өлчөмү кайрадан баалоонун натыйжасында баланстык нарктын көбөйүүсүнүн же азаюусунун жалпы суммасынын бир бөлүгүн түзөт. Баланстык нарк - топтолгон амортизацияны жана нарктын төмөндөшүнөн улам келип чыккан топтолгон чыгымдын суммаларын эсептен алып салуу менен бухгалтердик баланста актив ал боюнча таанылган сумма.
Эгерде, негизги каражаттын баланстык наркы кайра баалоонун натыйжасында көбөйсө, анда көбөйүү «Капитал» бөлүгүндө 5220 «Активдерди кайра баалоо боюнча корректировкалоолор» эсебинин кредити боюнча чагылдырылат. Кайра баалоонун натыйжасында нарктын көбөйүүсүнүн суммасы 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» эсебинин кредити боюнча кайра баалоодон баланстык нарктын азаюусунан улам келип чыккан, мурда таанылган чыгымдардын ордун жапкан өлчөмдө чагылдырылат. Келип чыккан айырманын суммасы (орун алган шартта) 5220 «Активдерди кайра баалоо боюнча корректировкалоолор» эсебинин кредити боюнча чагылдырылат.
Эгерде, негизги каражаттын баланстык наркы кайрадан баалоонун натыйжасында азайган болсо, анда азаюу суммасы 5220 «Активдерди кайрадан баалоо боюнча корректировкалоолор» эсебинин тиешелүү статьясынан азаюу, ошол статьянын ошол активге карата өлчөмүнөн ашпаган чекте эсептелинип алынып салынат. Келип чыккан айырманын суммасы (орун алган шартта) 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсебинин дебетинде чагылдырылат.
Эгерде кайра баалоо күнүнө карата топтолгон амортизация амортизацияны эсептен алып салганга чейинки активдин баланстык наркына пропорционалдуу кайрадан эсептелинсе, анда негизги каражаттарды кайрадан баалоону эсепке алууда алар төмөнкүчө чагылдырылат:
а) активдин амортизацияны эсептен алып салууга чейинки баланстык наркы кайрадан эсептелинип чыгат. Баланстык нарктын амортизацияны эсептен алып салууга чейинки көбөйүүсү 2110-2190 «Негизги каражаттар» эсебинин дебети боюнча 5220 «Активдерди кайра баалоо боюнча корректировкалоолор» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат:
Дт 2110-2190 «Негизги каражаттар» XX;
Кт 5220 «Активдерди кайра баалоо боюнча корректировкалоолор» XX;
- кайра баалоо күнүнө карата топтолгон амортизация активдин амортизациялоону эсептен алып салууга чейинки баланстык наркына пропорционалдуу деңгээлде кайрадан эсептелинип чыгат:
Дт 5220 «Активдерди кайра баалоо боюнча корректировкалоолор» XX;
Кт 2193-2199 «Топтолгон амортизация» XX;
б) активдин амортизацияны эсептен алып салганга чейинки баланстык наркы кайрадан эсептелет. Баланстык нарктын амортизацияны эсептен алып салууга чейинки азаюусу 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсебинин дебети боюнча 2110-2190 «Негизги каражаттар» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат:
Дт 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» XX;
Кт 2110-2190 «Негизги каражаттар» XX;
- кайра баалоо күнүнө карата топтолгон амортизация активдин амортизациялоону эсептен алып салууга чейинки баланстык наркына пропорционалдуу деңгээлде кайрадан эсептелет:
Дт 2193-2199 «Топтолгон амортизация» XX;
Кт 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» XX.
Эгерде, кайра баалоо күнүнө карата топтолгон амортизация активдин амортизациялоону эсептен алып салууга чейинки баланстык наркына каршы алынып салынса, ал эми накта өлчөм активдин кайра бааланган наркына чейин кайра эсептелсе, анда эсепке алууда чагылдыруу тартиби төмөнкүчө ишке ашырылат:
- кайрадан баалоо күнүнө карата топтолгон амортизация активдин амортизациялоону эсептен алып салууга чейинки баланстык наркына каршы алып салынат.
Дт 2193-2199 «Топтолгон амортизация» XX;
Кт 2110-2190 «Негизги каражаттар» XX;
- накта өлчөм активдин кайрадан бааланган наркына чейин кайрадан эсептелет. Нарктын көбөйүүсү 2110-2190 «Негизги каражаттар» эсебинин дебети боюнча 5220 «Активдерди кайрадан баалоо боюнча корректировкалоолор» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат:
Дт 2110-2190 «Негизги каражаттар» XX;
Кт 5220 «Активдерди кайра баалоо боюнча корректировкалоолор» XX.
Амортизацияны эсептен алын салганга чейин баланстык нарктын азаюусу 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсебинин дебети боюнча 2110-2190 «Негизги каражаттар» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат:
Дт 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» XX;
Кт 2110-2190 «Негизги каражаттар» XX.
Ар бир отчеттук күнгө карата абал боюнча субъект ФОЭСтин «Активдердин баасынын түшүүсү» деп аталган 36-стандартына ылайык активдин мүмкүн болуучу баасынын түшүүсүн билдирген кандай болбосун орун алган белгилерге баа берип турууга тийиш. Эгерде, кандайдыр бир белгилер пайда болсо, субъект активдин орду толтурулуучунун наркына баа берүүсү зарыл.
Эгерде негизги каражаттын баланстык наркы анын орду толтурулуп берилүүчү наркынан аша турган болсо, активдин баасынын түшүүсүнөн улам келип чыккан чыгым таанылат.
Иш жүзүндө орун алган керектөөлөргө жараша, баанын түшүүсүнүн натыйжасында негизги каражаттардын наркынын азаюусуна тиешелүү маалыматтарды жалпылоо үчүн субъект негизги каражаттар эсебине карата контрактивдүү эсептерди - «Баанын түшүүсүнө топтолгон чыгым» эсебин пайдаланышы мүмкүн.
Баанын түшүүсүнөн улам келип чыккан зыян 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсебинин дебети боюнча 2193-2199 «Топтолгон амортизация» эсеби менен же «Баанын түшүүсүнө топтолгон зыян» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Кайрадан бааланган наркында эсепке алынуучу негизги каражаттар үчүн баанын түшүүсүнөн келип чыккан чыгым 2193-2199 «Топтолгон амортизация» эсебинин кредитинен (же «Негизги каражаттардын баасынын түшүүсүнөн топтолгон зыян» эсебинин кредитинен) 5220 «Активдерди кайра баалоо боюнча корректировкалоолор» эсебинин дебетине, ошол активди кайрадан баалоодон улам алынган өлчөмдөн ашпаган суммада алынып салынат. Айырма келип чыккан шартта ал 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсебинин дебетине чегерилет.
Баанын түшүүсүнөн келип чыккан зыянды таануудан кийин негизги каражаттардын баланстык наркынын өзгөрүүсү, активдин калган пайдалуу кызмат өтөө мөөнөтү аралыгына амортизацияны чегерүү үчүн системалык негизде бөлүштүрүлөт.
Негизги каражаттардын объектисин которууну (кайрадан классификациялоону) эсепке алууда кыймылсыз мүлккө инвестициялар категориясында чагылдыруу тартибин 2300 «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» эсебине карата түшүндүрмөдөн кароо зарыл.
Пайдалануу токтотулган жана колдонуудан чыгаруу үчүн каралган негизги каражаттар активди пайдалануудан чыгаруу күнүнө карата баланстык наркы боюнча эсепке алынат.
2200 эсептер тобу «Биологиялык активдер»
2200 «Биологиялык активдер» эсеби субъекттин менчикке укугуна тиешелүү же айыл чарба ишин жүргүзүүгө байланыштуу финансылык ижаранын шарттарында ижарага алынган активдердин - биологиялык активдердин (тирүү мал же өсүмдүктөр) бардыгы жана алардын колдонулушу жөнүндөгү маалыматтарды жалпылоо үчүн каралган.
Айыл чарба ишкердиги өзүндө иштин ар кандай түрүн: мал чарбасын, токой чарбасын, жылына бир жолу же бүтүндөй жыл ичинде отургузулган бак-дарактардан түшүмдөрдү жыйноо, гүл өстүрүүчүлүк, суу биоресурстарын (балыкчылыкты кошо алганда) кеңири жайылтуу сыяктуу иш багыттарын өзүнө камтыйт.
Негизги мүнөздөмөлөрү боюнча (мисалы, жашы же сапаты) мал жана өсүмдүктөр керектелүүчү жана мөмө берүүчү, бир топ жылга каралган же жаш биологиялык активдерге бөлүштүрүлүү менен биологиялык активдердин тобуна топтоштурулат.
Керектелүүчү биологиялык активдер - айыл чарба азык-түлүгү түрүндө жыйналып алынган же биологиялык активдер түрүндө сатылган активдер. Сатуу үчүн каралган, эт багытындагы ири мүйүздүү малдар, балык чарбаларында өстүрүлгөн балыктар, жүгөрү жана буудай сыяктуу дан өсүмдүктөрү, ошондой эле тактай алуу максатында өстүрүлгөн бак-дарактар, керектелүүчү биологиялык активдердин мисалы.
Мөмө берген биологиялык активдер - керектелинбеген бардык башка биологиялык активдер, мисалы, сүт багытындагы ири мүйүздүү мал, жүзүм багы, мөмө берген башка бак-дарактар.
Убакыты жеткен биологиялык активдер - продукцияларды жыйнап алууга киришүүгө мүмкүндүк берген көрсөткүчтөргө жеткен (керектелүүчү биологиялык активдер), же болбосо ар дайым продукция алып турууну камсыз кылган активдер (мөмө берген биологиялык активдер).
Эсептер планында негизги мүнөздөмөлөрү боюнча бири-бирине окшош биологиялык активдерди эсепке алуу үчүн өзүнчө эсептер каралган:
2210 Малдар (керектелүүчү биологиялык активдер);
2220 Малдар (тукум берүүчү биологиялык активдер);
2230 Өсүмдүктөр (керектелүүчү биологиялык активдер);
2240 Мөмө берүүчү өсүмдүктөр;
2250 Айкын сарптоолор боюнча эсепке алынган биологиялык активдер;
2290 Башка биологиялык активдер.
ФОЭСтин 41-стандартынын 45-параграфына ылайык субъекттер биологиялык активдердин ар бир тобу (убактысы жеткен, убактысы жете элек) боюнча субэсептерди ачышы мүмкүн.
Алгач, биологиялык активдер сатып алуунун натыйжасында (сатып алуу, алмашуу ж.б.) же субъекттин тескөөсүндө турган биологиялык активдердин биотрансформацияланышынын (мисалы, тукум улашынын) натыйжасында сатып өткөрүүгө кеткен болжолдуу чыгымдарды эсептен алып салуу менен активдин адилет наркы боюнча таанылат. Сатып өткөрүүгө кеткен чыгымдарга брокерлерге жана дилерлерге комиссиондук төлөмдөр, тескөөчү органдардын жана товардык биржалардын жыйымдары, менчиктин өткөрүлүп берилишинен салыктар жана пошлиналар кирет. Активдерди рынокко жеткирүүгө тиешелүү транспорттук жана башка чыгымдар сатып өткөрүү чыгымдарына кошулбайт.
Биологиялык активди баштапкы таануу учурунда пайданын же зыяндын келип чыгышы мүмкүн. Биотрансформациялануунун натыйжасында активдин таанылышы учурунда пайда келип чыгат (мисалы, отчеттук мезгил ичинде туулган малдын адилет наркынын эсепке алууда чагылдырылышы). Биологиялык активди адилет наркы боюнча болжолдонуп жаткан сатып өткөрүүгө кеткен чыгымдарды эсептен алып салуу менен баштапкы таануу учурунда келип чыккан пайда, 6310 «Биологиялык активдерди баштапкы таануудан пайда (зыян)»эсебинин кредити боюнча 2200 «Биологиялык активдер» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Сатып өткөрүүгө байланыштуу болжолдуу чыгымдарды эсептен алып салуудан кийинки биологиялык активдердин адилет наркы активдин физикалык касиетинин өзгөрүүсү сыяктуу эле, рыноктогу баанын өзгөрүүсүнө байланыштуу өзгөртүлүшү мүмкүн. Физикалык касиеттердин ар бир өзгөрүүсү өсүшү, биологиялык белгилеринин начарлашы, продукцияларды өндүрүү жана кайра өндүрүү - байкоого жана баалоого алынууга тийиш. Ар бир отчеттук күнгө карата абал боюнча биологиялык актив сатып өткөрүүгө байланыштуу болжолдонуп жаткан чыгымдарды эсептен алып салуу менен адилет наркы боюнча бааланат. Активдин адилет наркынын өзгөрүүсү биологиялык активдерден түшкөн кирешелердин суммасын арттырат же азайтат 6330 «Биологиялык активдердин адилет наркынын өзгөрүүсүнөн пайда (зыян)»эсебинин дебети же кредити боюнча 2200 «Биологиялык активдер» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Айыл чарба өсүмдүктөрүн (продукцияларын) жыйнап алууга байланыштуу келип чыккан биологиялык активдердин адилет наркынын өзгөрүүсү да физикалык касиеттердин өзгөрүүсүн түшүндүрөт. Керектелинүүчү биологиялык активдер үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноо учуруна биологиялык активдин баланстык наркы 2200 «Биологиялык активдер» эсебинин кредитинен 6330 «Биологиялык активдердин адилет наркынын өзгөрүүсүнөн пайда (зыян)»эсебинин дебетине алынып салынат.
Биологиялык активдин сатуунун, алмаштыруунун, жок кылуунун натыйжасында колдонуудан калуусунан улам, биологиялык активдер баланстан алынып салынууга тийиш.
Биологиялык активдердин колдонуудан калуусунун эсепке алууда чагылдырылышынын тартиби анын жүрүшүнө жараша болот.
Жок кылынган биологиялык активдерди эсептен алып салуу төмөнкүчө жүргүзүлөт:
- биологиялык активдин баланстык наркы ишкана биологиялык активдер менен операцияларды кандайча классификациялоосуна жараша операциялык же операциялык эмес чыгымдардын эсебине алып салат;
- биологиялык активди жок кылуу боюнча чыгымдар ишкана биологиялык активдер менен операцияларды кандайча классификациялоосуна жараша операциялык же операциялык эмес чыгымдар эсебинин дебети боюнча «Башка кыска мөөнөттүү милдеттенмелер», «Төлөөгө каралган эсептер» жана башка эсептер менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Сатып өткөрүлгөн биологиялык активдерди эсептен алып салуу субъект алар менен ишке ашырылган операцияларды кандайча классификациялоосуна жараша, төмөнкүчө ишке ашырылат:
- биологиялык активди сатып өткөрүүдөн түшкөн акча 1100 «Кассадагы акча каражаттары», 1200 «Банктагы акча каражаттары», 1400 «Алууга каралган эсептер» эсептеринин дебети боюнча 6100 «Түшкөн акча» жана 3430 «Төлөөгө каралган КНС» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат;
- биологиялык активдин баланстык наркы сатып өткөрүүнүн өздүк наркы эсебинен алып салынат; же
- биологиялык активди сатып өткөрүүдөн түшкөн акча 1100 «Кассадагы акча каражаттары», 1200 «Банктагы акча каражаттары», 1400 «Алууга каралган эсептер» эсептеринин дебети боюнча 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» жана 3430 «Төлөөгө каралган КНС» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат;
- биологиялык активдин баланстык наркы 9590 «Башка операциялык эмес чыгашалар» эсебине алынып салынат;
- эгерде колдонуудан калуунун натыйжасында пайда келип чыкса, ал 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» эсебинде чагылдырылат; ал эми колдонуудан калуунун натыйжасында чыгымга учураса, ал 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсебинде чагылдырылат.
Биологиялык активдерге байланыштуу кийинки сарптоолор (баштапкы таануудан кийинки) 7300 «Биологиялык активдерди өндүрүп алуу боюнча чыгымдар» эсебинин дебети боюнча чагылдырылат.
Коркунучтуу жугуштуу илдет, суу ташкыны, катуу кургакчылык же каардуу кыш, зыянкеч курт-кумурскалардын көбөйүп кетүүсү сыяктуу күтүүсүз жагдайлардын келип чыгышынын натыйжасында түптөлгөн чыгымдар 9820 «Күтүүсүз зыян» эсебинин дебети боюнча 2200 «Биологиялык активдер» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Ага тиешелүү рыноктук баалар жана көрсөткүчтөр жөнүндө маалыматтар колдо жок биологиялык активди баштапкы таануу учурунда, ал айкын сарптоолор боюнча бааланат жана 2250 «Айкын сарптоолор боюнча эсепке алынган биологиялык активдер» эсебинин дебети боюнча эске алынат. Мындай активдердин мисалы катары баштапкы сарптоолорду жумшоо учурунда аларда олуттуу биотрансформациялануу жүрбөгөн биологиялык активдерди атоого болот (мөмө берген бак-дарактардын көчөттөрү, отчеттук күнгө чейин себилген дан же жашылча-жемиш өсүмдүктөрү). Амортизацияланууга тийиш болгон биологиялык актив (мисалы, ишке тартылган мал) топтолгон амортизацияны жана баанын түшүүсүнөн улам келип чыккан топтолгон чыгымдарды эсептен алып салуу менен өздүк наркы боюнча бааланат.
Биологиялык активдин адилет наркын аныктоо мүмкүндүгү пайда болгон шартта, субъект сатып өткөрүүгө тиешелүү болжолдуу чыгашаларды эсептен алып салуу менен адилет нарк боюнча баалоо үлгүсүн иштеп чыгууга киришүүгө тийиш. Бул учурда биологиялык активдин адилет наркы 2250 «Айкын сарптоолор боюнча эсепке алынган биологиялык активдер» эсебинин кредитинен 2210-2240, 2290 эсептердин дебетине алынып салынат. Биологиялык активдин адилет наркы менен баланстык наркынын ортосунда айырма 2210-2240, 2290 эсептеринин дебети боюнча 6330 «Биологиялык активдердин адилет наркынын өзгөрүүсүнөн пайда (чыгым)»эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Айкын сарптоолорду (өздүк наркты), топтолгон амортизациянын жана баанын түшүүсүнөн улам келип чыккан топтолгон зыяндардын суммаларын аныктоо учурунда ФОЭСтин «Запастар» деп аталган 2, «Негизги каражаттар» деп аталган 16, «Активдердин баасынын түшүүсү» деп аталган 36-стандарттарынын жоболоруна таянуу зарыл.
2300 эсептер тобу «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар»
Кыймылсыз мүлккө инвестициялар - ижаралык төлөмдөрдү алуу, капиталдын наркынын өсүшүнөн кирешелерди же болбосо тигинисин же мунусун тең бирдей алуу максатында тескөөдө (менчик ээсинин же болбосо финансылык ижара келишими боюнча ижара алуучунун) турган кыймылсыз мүлк (жер же имарат, же болбосо имараттын бөлүгү), бирок булар төмөндөгүлөр үчүн каралбаган:
а) товарларды өндүрүү же берүү, кызмат көрсөтүү, административдик максаттар; же
б) адеттеги чарбалык иштин жүрүшүндө сатуу.
Кыймылсыз мүлктү менчикке укуктун негизинде тескөөгө алган субъекттер төмөндөгү активдердин бардыгы жана алардын колдонулушу жөнүндөгү маалыматтарды жалпылоо үчүн 2300 «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» эсебин пайдаланышат:
- капиталдын наркынын өсүшүнөн киреше алуу максатында колдонууда турган кыймылсыз мүлк;
- ижаралык төлөмдөр түрүндө киреше алуу максатында операциялык ижарага өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлк.
Кыймылсыз мүлктү финансылык ижара келишиминин шарттарында тескөөгө алган субъекттер операциялык ижарага өткөрүлүп берилген мына ушундай кыймылсыз мүлктүн бардыгы жана алар колдонулуп жаткандыгы жөнүндөгү маалыматтарды жалпылоо үчүн 2300 «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» эсебин пайдаланышат.
Эсептер планында өтө мүнөздүү болгон категориялар боюнча кыймылсыз мүлккө инвестицияларды эсепке алуу үчүн өзүнчө эсептер каралган:
2310 «Жер»;
2320 «Имараттар жана курулмалар»;
2330 «Кыймылсыз мүлккө инвестиция объекттерин реконструкциялоо»;
2300 «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» эсебинин дебети боюнча сатып алууга кеткен айкын сарптоолор чагылдырылат. Сатып алууга кеткен айкын сарптоолордо сатып алуу баасы жана активдин алынышына байланыштуу бардык тике сарптоолорду камтыйт. Мисалы: ортомчулардын жана консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркы, мамлекеттик пошлиналар башкалар.
Чарбалык ыкмада курулган кыймылсыз мүлккө инвестицияларды
алууга кеткен айкын сарптоолор курулуш иши же реконструкциялоо
бүткөрүлгөн күнгө карата анын наркын түшүндүрөт.
2300 «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» эсебинин дебети боюнча отчетто чагылдырылган кыймылсыз мүлккө инвестицияларга байланыштуу, баштапкы эсептелинген нормативдик көрсөткүчтөрдөн үстөк экономикалык пайданын алынышынын олуттуу ыктымалдыгы орун алган шартта, активдин баланстык наркын көбөйткөн кийинки сарптоолор чагылдырылат.
Баштапкы таануудан кийин кыймылсыз мүлккө инвестициялар адилет наркы же сатып алуу учурундагы айкын сарптоолор боюнча эсепке алынат. Субъект эсепке алуу үлгүлөрүнүн бирин тандап алуу менен аны кыймылсыз мүлккө инвестициялардын бардык объектилерине колдонууга тийиш.
Адилет нарк боюнча эсепке алуу үлгүсү
Баштапкы таануудан кийин кыймылсыз мүлккө инвестициялардын бардык объекттери отчеттук күнгө карата адилет наркы боюнча чагылдырылат. Адилет наркты аныктоодо активдин келечекте сатып өткөрүлүшүнө жана колдонуудан калуусуна байланыштуу болжолдонгон сарптоолор бааланбайт жана эсептен алынып салынбайт. Имараттын ажырагыс бөлүгүн түзгөн жабдуулар (мисалы, лифт же аба желдеткич каражаттары) кыймылсыз мүлккө инвестициялардын курамына кирет жана негизги каражаттардын курамында өзүнчө чагылдырылбайт.
Кыймылсыз мүлккө инвестициялардын адилет наркынын өзгөрүүсү
төмөнкүчө чагылдырылат:
- 2300 «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» эсебинин дебети боюнча 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» эсеби менен корреспонденцияда активдин наркынын көбөйүүсү учурунда;
- 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсебинин дебети боюнча 2300 «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» эсеби менен корреспонденцияда активдин наркынын азаюусу учурунда.
9190 жана 9590 эсептери кыймылсыз мүлккө инвестициялар менен операциялар алардын операциялык иши болуп саналбаган субъекттер тарабынан пайдаланылат.
Иш жүзүндө пайдаланылышына жараша, кыймылсыз мүлккө инвестициялардын адилет наркынын өзгөрүүсү тууралуу маалыматтарды жалпылоо үчүн субъекттер 9190 жана 9590 эсептерге карата өзүнчө субэсептерди пайдаланышы мүмкүн.
Кыймылсыз мүлккө инвестициялардын объекттин таануу (колдонуудан калуусу) токтотулган учурда, сатып өткөрүүдөн түшкөн накта акчанын суммасы менен объекттин баланстык наркынын ортосундагы айырма операциялык эмес ишкердиктен түшкөн пайда же чыгым катары эсепке алынат. Төмөндө, адилет наркы боюнча эсепке алынган кыймылсыз мүлккө инвестициялардын объекттин сатуу боюнча операцияларды эсепке алууга тиешелүү бухгалтердик өткөрүүлөрдүн мүмкүн болгон схемаларынын бири келтирилген:
| Операциялардын мазмуну
| Корреспонденциялоочу эсептин номери | |
|
| Дебет | Кредит |
1
| Алууга тийиш болгон суммадагы сатып өткөрүүдөн түшкөн акча (КНСти эске албаганда) | 1590, 1410 | 9190
|
2
| Инвестициялардын баланстык наркын эсептен алып салуу | 9590
| 2300
|
3
| Сатып өткөрүүдөн улам келип чыккан чыгашалар (сатып алуучуга жеткирип берүү, демонтаж ж.б.) | 9590
| 3100 жана башкалар |
4
| Сатып өткөрүүнүн натыйжасында: - пайда; - зыян |
9190 9590 |
9590 9190 |
Татаал бухгалтердик өткөрүүлөрдү пайдалануу учурунда жазуулардын саны олуттуу кыскарат:
Дт 1590 «Башка дебитордук карыз» XX;
Дт 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар»
(эгерде колдонуудан калуунун жыйынтыгы - зыян болсо) XX;
Кт 2300 «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» XX;
Кт 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер»
(эгерде колдонуудан калуунун жыйынтыгы - пайда болсо) XX.
Инвестицияланган кыймылсыз мүлктүн объекттин финансылык ижарага өткөрүп берүү учурунда 2300 «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» эсебинин кредитинен 2890 «Башка узак мөөнөттүү инвестициялар» эсебинин дебетине ижарага берилген инвестициялардын суммасы алып салынат. Ижарага берилген накта инвестициялар менен кыймылсыз мүлккө инвестициялар объекттин баланстык наркынын ортосундагы айырма операциялык эмес иштерден түшкөн пайда же келип чыккан чыгым катары чагылдырылат (эгерде ФОЭСтин «Ижара» деп аталган 17-стандартынын кайтара ижарага берүү менен сатууга тиешелүү жобосунда башкасы белгиленбесе).
Дт 2890 «Башка узак мөөнөттүү инвестициялар» XX;
Дт 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» (эгерде колдонуудан калуунун жыйынтыгы - зыян болсо) XX;
Кт 2300 «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» XX;
Кт 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» (эгерде колдонуудан калуунун жыйынтыгы - пайда болсо) XX.
Адилет наркы боюнча чагылдырылган «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» категориясындагы объектти которуу же аны ошол категориядан чыгаруу объекттин колдонулушу багыты өзгөргөн шартта гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
Объектти «Негизги каражаттар» же «Товарлар» категориясына сатып алууга кеткен айкын сарптоолор катары которуу учурунда, кийинки эсепке алуу үчүн объекттин колдонуу багыты өзгөртүлгөн күнгө карата анын адилет наркы кабыл алынат. Адилет нарк 2300 «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» эсебинин кредитинен 2100 «Негизги каражаттар» же 1610 «Товарлар» эсептеринин дебетине алынып салынат.
Актив, «Товарлар» категориясынан «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» категориясына которулган учурда, ал колдонуу багыты өзгөртүлгөн күнгө карата адилет наркы боюнча бааланат. Активди «Товарлар» категориясынан «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» категориясына которуу боюнча операцияларды эсепке алуу үчүн бухгалтердик өткөрүүлөрдүн мүмкүн болгон схемасынын бири төмөндө келтирилген:
| Операциялардын мазмуну
| Корреспонденциялоочу эсептин номери | |
|
| Дебет | Кредит |
1
| Товарлардын наркын сатып алууга айкын кеткен сарптоолор суммасында алып салуу | 2300
| 1610
|
2
| Которуу күнүнө карата активдин адилет наркы менен баланстык наркынын ортосундагы айырма | 2300 9590 | 9190 2300 |
Татаал бухгалтердик өткөрүүлөрдү пайдалануу учурунда жазуулардын саны олуттуу кыскарат:
Дт 2300 «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» XX;
Дт 9590 «Башка операциялык эмес чыгашалар» (эгерде колдонуудан калуунун жыйынтыгы - чыгым болсо) XX;
Кт 1610 «Товарлар» XX;
Кт 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» (эгерде колдонуудан калуунун жыйынтыгы - пайда болсо) XX.
Эгерде, ээликте турган кыймылсыз мүлк «Негизги каражаттар» категориясынан «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» категориясына которулса, анда чегерилген амортизация жана баанын түшүүсүнөн келип чыккан чыгымды таануу которуу күнүнө чейин улантылат. Активдин баланстык наркы менен анын өзгөрүү күнүнө карата адилет наркынын ортосундагы айырма ФОЭСтин «Негизги каражаттар» деп аталган 16-стандартына ылайык кайрадан баалоо катары эсепке алынат:
(а) баланстык нарктын азаюусу 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсебинин дебети боюнча чагылдырылат. Ошол объекттин наркынын кайрадан баалоодон улам өсүшүнүн чегинде азайтылган сумма 5220 «Активдерди кайрадан баалоо боюнча корректировкалоолор» эсебинин дебети боюнча чагылдырылат;
(б) баланстык нарктын көбөйүүсү 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» эсебинин кредити боюнча ал ошол объекттин баасынын түшүүсүнөн улам, мурда таанылган чыгымдын ордун жапкан өлчөмдө чагылдырылат. Баланстык нарктын көбөйүү суммасынын калган бөлүгү 5220 «Активдерди кайрадан баалоо боюнча корректировкалоолор» эсебинин кредитине чегерилет.
Объектти «Негизги каражаттар» категориясынан «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» категориясына которуу төмөнкүчө чагылдырылат:
а) өзгөрүү күнүнө карата эсепке алуу объекттин адилет наркына чейин кайрадан баалоо ишке ашырылат:
- кайрадан баалоо күнүнө карата топтолгон амортизация, амортизацияны алып салууга чейинки активдин баланстык наркына каршы алынып салынат:
Дт 2193 «Топтолгон амортизация» XX;
Кт 2110, 2130 «Негизги каражаттар» XX;
- накта өлчөм активдин адилет наркына чейин кайрадан эсептелет жана кайрадан баалоонун натыйжасында баланстык нарк азайган учурда ал 9590 «Башка операциялык эмес чыгашалар» эсебинин дебети боюнча чагылдырылат:
Дт 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» XX;
Кт 2110-2130 «Негизги каражаттар» XX;
же, кайрадан баалоонун натыйжасында баланстык нарк көбөйгөн учурда ал 2110-2130 «Негизги каражаттар» эсебинин дебети боюнча 5220 «Активдерди кайрадан баалоо боюнча корректировкалоолор» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат:
Дт 2110-2130 «Негизги каражаттар» XX;
Кт 5220 «Активдерди кайрадан баалоо боюнча корректировкалоолор» XX;
б) баланстык нарк (кайрадан бааланган) 2300 «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» тиешелүү эсебинин дебетине алынып салынат:
Дт 2300 «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» XX;
Кт 2110-2130 «Негизги каражаттар» XX.
Татаал бухгалтердик өткөрүүлөрдү пайдалануу учурунда жазуулардын саны олуттуу кыскарат:
- объектти «Негизги каражаттар» категориясынан «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» категориясына которуу, эгерде адилет нарк баланстык нарктан төмөн болсо:
Дт 2300 «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» XX;
Дт 5220 «Активдерди кайрадан баалоо боюнча корректировкалоолор» XX;
Дт 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» XX;
Дт 2193 «Топтолгон амортизация» XX;
Кт 2110-2130 «Негизги каражаттар» XX;
- объектти «Негизги каражаттар» категориясынан «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» категориясына которуу, эгерде адилет нарк баланстык нарктан жогору болсо:
Дт 2300 «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» XX;
Дт 2193 «Топтолгон амортизация» XX;
Кт 2110-2130 «Негизги каражаттар» XX;
Кт 5220 «Активдерди кайрадан баалоо боюнча корректировкалоолор» XX;
Кт 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» (кайрадан баалоодон улам мурда таанылган чыгымдардын ордун толтуруп берүү өлчөмүндө) XX.
Сатып алууга айкын сарптоолор боюнча эсепке алуунун үлгүсү
Баштапкы таануудан кийин кыймылсыз мүлккө инвестициялардын бардык объекттери топтолгон амортизацияны жана активдин баасынын түшүүсүнөн топтолгон чыгымдарды ФОЭСтин «Негизги каражаттар» деп аталган 16-стандартына ылайык эсепке алуунун негизги ыкмасынын жобосуна таянып, эсептен алып салуу менен сатып алууга айкын сарптоолор боюнча чагылдырылат.
Бул учурда «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» эсептерине карата активдин амортизациясы жана баанын түшүүсүнүн натыйжасында нарктын азаюусуна тиешелүү маалыматтарды жалпылоо үчүн контрактивдүү эсептерди ачуу сунуш кылынат, мисалы:
2320 Имараттар жана курулмалар;
2392 Топтолгон амортизация - имараттар жана курулмалар.
Кыймылсыз мүлккө инвестициялар объектти таануунун токтотулушу, объекттин колдонуудан калуусунан кийин ага байланыштуу экономикалык пайда алуу болжолдонбосо, эсепке алууда сатуу, финансылык ижарага өткөрүп берүү же башка негизде колдонуудан калуу учурунда чагылдырылат.
Кыймылсыз мүлккө инвестициялардын объекттин эсептен алып салууда активдин наркын жана топтолгон амортизацияны эсепке алуу эсептери жабылат. Сатуунун натыйжасында кыймылсыз мүлккө инвестициялардын колдонуудан калуусу төмөнкүчө чагылдырылат:
| Операциялардын мазмуну
| Корреспонденциялоочу эсептин номери | |
|
| Дебет | Кредит |
1
| Сатып өткөрүүдөн улам алынууга тийиш болгон суммадагы акча (КНСти эске албаганда) | 1590, 1410 | 9190
|
2 | Топтолгон амортизация эсебинин жабылышы | 2392 | 2320 |
3 | Активдин баланстык наркын эсептен алып салуу | 9590 | 2320 |
4
| Сатып өткөрүүдөн улам келип чыккан чыгымдар (сатып алуучуга жеткирип берүү, демонтаж ж.б.) | 9590
| 3100 жана башкалар |
5
| Сатып өткөрүүнүн натыйжасында: - пайда; - зыян. |
9190 9590 |
9590 9190 |
Эгерде объекттин колдонуудан калуусунан кийин ага байланыштуу экономикалык пайда алуу болжолдонбосо, активди таануунун токтотулушу төмөнкүчө чагылдырылат:
| Операциялардын мазмуну
| Корреспонденциялоочу эсептин номери | |
|
| Дебет | Кредит |
1 | Топтолгон амортизациянын эсебин жабуу | 2392 | 2320 |
2
| Баланстык наркты эсептен алып салуу
| 9590
| 2310, 2320 |
3
| Активди жокко чыгаруу боюнча чыгымдар
| 9590
| 3100 жана башкалар |
4
| Жокко чыгаруудан улам алынган материалдардын наркы | 1700
| 9590
|
Финансылык ижарага өткөрүп берүү учурунда кыймылсыз мүлккө инвестициялар объекттин наркынын эсебин жүргүзүү эсеби жана топтолгон амортизация эсеби жабылат, ал эми объекттин баланстык наркы 2300 эсептин кредитинен 2890 «Башка узак мөөнөттүү инвестициялар» эсебинен дебетине алынып салынат. Ижарага накта инвестициялар менен баланстык нарктын ортосундагы айырма операциялык эмес ишкердиктен алынган жана башка кирешелер (Дт 2890 эсеби, Кт 9190 эсеби) же чыгымдар (Кт 2890 эсеп, Дт 9590 эсеп) катары чагылдырылат (эгерде, ФОЭСтин «Ижара» деп аталган 17-стандартынын кайтара ижарага берүүгө байланыштуу сатууга тиешелүү жобосунда башкасы белгиленбесе).
Объекти, айкын наркы боюнча чагылдырылуучу «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» категориясына которуу же ал категориядан алып салуу объекттин пайдаланылышынын багыты өзгөргөн шартта гана жүргүзүлөт.
Объекти, «Кыймылсыз мүлккө инвестициялар» категориясынан «Негизги каражаттар» жана «Товарлар» категорияларына которуу же тескерисинче, объекттин баланстык наркы боюнча ишке ашырылат жана ал объекттин наркынын өзгөрүүсүнө алып келбейт.
2400 эсеп «Төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык талаптар»
ФОЭСтин «Пайда салыгы» деп аталган 12-стандартынын талабына ылайык, пайда салыгы эсепке алууда милдеттенмелер ыкмасында чагылдырылат.
Милдеттенмелер ыкмасында аныкталган пайда салыгы боюнча салыктык милдеттенмелер жөнүндөгү маалыматтарды жалпылоо үчүн эсептер планында үч эсеп каралган:
3410 Төлөөгө каралган пайда салыгы (кыска мөөнөттүү милдеттенмелер);
2400 Төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык талаптар (узак мөөнөткө кийинкиге калтырылган активдер);
4300 Мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык милдеттенмелер (узак мөөнөткө кийинкиге калтырылган милдеттенмелер).
3410 «Төлөөгө каралган пайда салыгы» эсебинде отчеттук мезгил ичинде пайдадан утурумдук салыктын суммасындагы кыска мөөнөттүү милдеттенме - салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык төлөөгө чегерилген салыктар чагылдырылат.
Мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык талаптар же мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык милдеттенмелер бухгалтердик пайда (бир мезгил ичиндеги салыктарды төлөө боюнча чыгымдар эсептен алып салынганга чейинки таза пайда же зыян) жана салык алынуучу пайданын ортосунда айырманын орун алышына байланыштуу келип чыгат жана белгилүү себептерден улам мындай айырманын же анын бөлүгүнүн орун алышы кийинчерээк бухгалтердик пайданын базасында эсептелинген салыктык милдеттенмелерге салыштырганда утурумдук салыктык милдеттенмелердин көбөйүүсүнө же азаюусуна алып келет.
2400 «Төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык талаптар» эсеби пайда салыгынын төлөнбөй кийинкиге калтырылган суммасын эсепке алууда чагылдыруу үчүн каралган жана бул суммалардын келечекте бухгалтердик пайданын базасында тиешелүү салыктык мезгилде аныкталган салыктык милдеттенмелерди азайтуу аркылуу орду жабылууга тийиш.
Төлөө мөөнөтү кийинки калтырылган салыктык талаптар төмөндө келтирилгендердин натыйжасында пайда болушу мүмкүн, мисалы:
а) отчеттук датага карата активдин баланстык наркы менен милдеттенмелердин жана алардын салыктык базасынын ортосундагы айырманын орун алышы; же
б) салыктык чыгымдардын кийинки мезгилге пролонгацияланышы (кийинкиге калтырылышы); же
в) ФОЭСте каралган башка шарттарда.
Төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык талаптар жакынкы келечекте салык алынуучу пайданын түшүшү ыктымалдуулугу орун алган шартта таанылууга тийиш. Эгерде субъект салыктык чыгымдарга дуушар болсо, ал эрежедегидей эле салык алынуучу убакыт айырмачылыгынан салыктык эффектин өлчөмү менен чектелген суммада кийинкиге калтырылган салыктык талаптарды тааныйт.
Баштапкы таанууда төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык талаптар 2400 «Төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык талаптар» бөлүгүнүн эсептеринин дебети боюнча бир эле учурда төмөнкү эсептер менен корреспонденцияда чагылдырылат:
9910 «Пайда салыгы боюнча чыгашалар (кирешелер)»;
3410 «Төлөөгө каралган пайда салыгы»; жана
4300 «Төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык милдеттенмелер» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылышы мүмкүн.
Мында, бир мезгил ичиндеги салык боюнча чыгашалардын суммасы учурдагы салыктык милдеттенмелердин суммасына туура келүүгө тийиш (Кт 3410), плюс же минус төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктар (Дт 2400 же Кт 4300).
Төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык талаптар бир нече убактылуу кемитилүүчү айырмалардын таасири астында келип чыгышы мүмкүн. Эсепке алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү үчүн эсептер Планында төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык талаптарды убакыт аралыгы боюнча эсепке алуу үчүн өзүнчө субэсептер каралган.
Эсепке алуунун бир эле статьясындагы убакыт аралыгынын айырмасы ар кайсы учурда салык алынуучу же кемитилүүчү катары аныкталышы мүмкүн. Булардан улам келип чыккан салыктык эффект тиешелүүлүгүнө жараша, кийинкиге калтырылган салыктык милдеттенме же кийинкиге калтырылган салыктык талап катары чагылдырылат.
Убакыт айырмасынан улам өзгөрүүгө дуушар болгон салыктык эффекти эсепке алууну жөнөкөйлөтүү үчүн мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктарды кош нумерациялоо менен бир эсепте чагылдыруу сунуш кылынат, мисалы 2410/4310 «Негизги каражаттар боюнча убакыт айырмасынан салыктык эффект (же кайтарылышы ишенимсиз карыздар боюнча)», ошондой эле бул эсепте мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктар боюнча бардык өзгөрүүлөр көрсөтүлүшү зарыл:
- мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык талаптар орун алган шартта, алынган натыйжаны ошол эсептин дебети боюнча чагылдыруу;
- мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык милдеттенмелер орун алса, ошол эсептин кредити боюнча 9910 «Пайда салыгы боюнча чыгымдар (кирешелер)»жана 3410 «Төлөөгө каралган пайда салыгы» эсептери менен корреспонденцияда чагылдыруу зарыл.
Бухгалтердик баланста кош нумерацияланган эсептердин дебеттик сальдосу «Мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык талаптар» статьясы, ал эми кредиттик сальдо «Мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык милдеттенмелер» статьясы боюнча чагылдырылууга тийиш.
ФОЭСтин «Пайда салыгы» деп аталган 12-стандартында мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктардын дебеттик жана кредиттик сальдосун өз ара чегериштирүү үчүн катуу чектөөлөр белгиленген. Башкача айтканда, мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык талаптын (2400 эсеп) жана мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык милдеттенмелердин (4300 эсеп) ортосундагы чегеришүүнү: субъект бул үчүн белгилүү бир шарттар орун алган учурда гана кийинкиге калтырылган салыктык талаптарды кийинкиге калтырылган салыктык милдеттенмелерге каршы эсепке алышы (чегерүү) мүмкүн.
Кийинкиге калтырылган салыктык талаптар азайтылган же төлөнгөн учурда кемитилүүчү убакыт айырмасынан алынган салыктык эффекттин кандай болбосуна азаюусу 2400 «Мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык талаптар» эсебинин кредити боюнча төмөнкү эсептер менен корреспонденцияда чагылдырылат:
9910 «Пайда салыгы боюнча чыгымдар (кирешелер)»;
3410 «Төлөөгө каралган пайда салыгы»; жана
4300 «Төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык милдеттенмелер» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылышы мүмкүн.
Мында, бир мезгил ичиндеги салык боюнча чыгымдардын суммасы учурдагы салыктык милдеттенмелердин суммасына туура келүүгө тийиш (Кт 3410), плюс же минус төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктар (Дт 2400 же Кт 4300).
2500 эсеби «Пайдаланууда чектелген акча каражаттары»
2500 «Пайдаланууда чектелген акча каражаттары» эсеби узак мөөнөткө карыз алышуулар боюнча түзүлгөн келишимдердин талаптарына ылайык, ордун жабуучу (компенсациялык) калдыктар, ошондой эле облигациялар үчүн төлөө фондусу жана башка топтоо фондулары катары кармалып туруучу же болбосо кандайдыр бир башка негиздерде отчеттук күндөн кийин 12 айдан ашпаган мезгил ичинде пайдаланууда чектөөлөр коюлган банктагы утурумдук же сактык эсептеринде турган акча каражаттары жана алардын жылышы жөнүндөгү маалыматтарды жалпылоо үчүн каралган.
2700 эсептер тобу Узак мөөнөттүү дебитордук карыз
2700 эсептер тобу. Узак мөөнөттүү дебитордук карыз жоюу мөөнөтү бир жылдан ашык болгон дебитордук карыз жөнүндө маалыматтарды жалпылоо жана бухгалтердик баланста берүү үчүн арналган.
Узак мөөнөттүү дебитордук карыздын учурдагы бөлүгү 1580 «Узак мөөнөттүү дебитордук карыздын учурдагы бөлүгү» эсеби боюнча которулат жана эсепке алынат. Бул учурда субъект ушул методикалык рекомендациялардын кыска мөөнөттүү дебитордук карыздарга тиешелүү жоболорун жетекчиликке алуулары керек.
Эгерде дебитордук карыз чет өлкөлүк валютадагы операциялардын натыйжасында келип чыкса, анда 2700 эсебинин дебети жана кредити боюнча эсепке алуу чет өлкөлүк валютада, ошондой эле улуттук валютада жүргүзүлөт. Отчеттук мезгилдин акырына карата чет өлкөлүк валютада берилген 2700 эсебинин сальдосу ушул күнгө карата белгиленген Кыргыз Республикасынын улуттук банкынын эсептик курсу боюнча кайра бааланат, бул учурда эсептеги айырма операциялык иштерден башка кирешелерди же чыгымдарды эсепке алууга киргизилет.
Узак мөөнөттүү дебитордук карыздар менен операцияларды жүргүзүүдө субъект ФОЭС 39дун «Финансылык каражаттар: таануу жана баалоо» деген статьясын жетекчиликке алышы керек.
2800 эсептер тобу «Узак мөөнөттүү инвестициялар»
Башка компаниялардын үлүштүк каражаттарына салынган, өтүп жаткан мезгилде сатуу үчүн каралбаган узак мөөнөттүү салымдардын төлөө мөөнөтү бир жылдан ашкан мамлекеттик жана корпоративдик облигациялар, биргелешкен иштерге салымдардын, берилген узак мөөнөттүү кредиттердин жана займдардын, ошондой эле ФОЭСтин 1-стандартынын 57-параграфына ылайык жүгүртүүдөн тышкаркы катары классификацияланган башка финансылык активдердин бардыгы жана алардын колдонулушу жөнүндөгү маалыматтарды жалпылоо үчүн «Узак мөөнөттүү инвестициялар» эсеби каралган.
Эсептер планында узак мөөнөттүү инвестицияларды эң эле мүнөздүү категориялары боюнча эсепке алуу үчүн өзүнчө эсептер каралган:
2810 Карыздык баалуу кагаздар;
2820 «Берилген кредиттер, займдар»;
2830 «Туунду компанияларга инвестициялар»;
2840 «Биргелешкен ишкердикке инвестициялар»;
2850 «Ассоциацияланган компанияларга инвестициялар»;
2890 «Башка узак мөөнөттүү инвестициялар».
Туунду, биргелешкен жана ассоциацияланган ишканаларга салынган инвестициялар болуп саналбаган, карыздык баалуу кагаздарга, ошондой эле үлүштүк каражаттарга узак мөөнөттүү инвестицияларды таануу, андан кийинки баалоо, баасынын түшүүсү жана таануунун токтотулушу, ФОЭСтин «Финансылык каражаттар: таануу жана баа берүү» деп аталган 39-стандартынын 10-параграфына ылайык классификациялануучу инвестицияларды эске албаганда, кадимки эле тиешелүү кыска мөөнөттүү инвестициялар сыяктуу эле (1300 «Кыска мөөнөттүү инвестициялар» бөлүгүнүн статьяларын карагыла) эсепке алынат. Мындай инвестициялар баштапкы таануудан кийин адилет наркы боюнча бааланат, ал эми кайрадан баалоодон улам келип чыккан пайда же чыгым 5220 «Активдерди кайрадан баалоо боюнча корректировкалоолор» эсеби менен корреспонденцияда узак мөөнөттүү инвестицияларды эсепке алуунун тиешелүү эсебинин дебетине же кредитине чегерилет. Кайра баалоонун жыйынтыгы инвестициялардын сатылышы, төлөнүшү же башкача жол менен колдонуудан калуусу учуруна же болбосо, инвестициялардын баасынын түшүүсү фактысы белгиленген учурга чейин 5220 эсепте эсепке алынат.
Сатуу үчүн колдо турган инвестициялардын баасынын түшүүсү жана баанын түшүүсүн калыбына келтирүү төмөнкүчө чагылдырылат:
ФОЭСтин 39-стандартынын 117, 118-параграфтарына ылайык эсептелинген зыяндын суммасы 5220 «Активдерди кайрадан баалоо боюнча корректировкалоолор» эсебинин кредитинен 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсебинин дебетине алынып салынат;
ФОЭСтин 39-стандартынын 119-параграфтарына ылайык эсептелинген баанын түшүүсүн калыбына келтирүү суммасы узак мөөнөттүү инвестицияларды эсепке алуунун тиешелүү эсебинин дебети боюнча 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Колдонуудан калган учурда инвестициялардын баланстык наркы менен инвестициялардын ордуна алынган же алынууга тийиш болгон акча каражаттарынын суммасынын ортосундагы айырма 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер (пайда)»жана 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар (зыян)»эсептеринде чагылдырылат. Колдонуудан калуу күнүнө карата инвестициялардын 5220 «Активдерди кайрадан баалоо боюнча корректировкалоолор» эсебинде топтолгон инвестициялардын кандай болбосун кайрадан бааланышы 9190 (кайрадан баалоодон пайда) жана 9590 (кайрадан баалоодон зыян) эсептерине алынып салынат.
Башка компаниялардын уставдык капиталына, биргелешкен ишкердикке салымдар сыяктуу үлүштүк финансылык каражаттарга инвестициялар ишкананын өзүнчө (жыйынтыкталбаган) финансылык отчетунда ФОЭСтин «Жыйынтыктоочу финансылык отчет жана туунду компанияларга инвестицияларды эсепке алуу» деп аталган 27, «Ассоциацияланган компанияларга инвестицияларды эсепке алуу» деп аталган 28, «Биргелешкен ишкердикке катышуу боюнча финансылык отчет» деп аталган 31-стандарттарына ылайык эске алынат.
Субъект тарабынан бир жылдан ашкан мөөнөткө берилген кредиттерди жана займдарды эсепке алуу үчүн 2820 «Берилген кредиттер, займдар» эсеби каралган. ФОЭСтин 39-стандартынын 190-параграфында белгиленген аныктамаларга жооп берген учурда гана кредиттер жана займдар субъект тарабынан берилген катары классификацияланат.
Баштапкы таануу учурунда берилген кредиттер, займдар бүтүмгө келишүү боюнча сарптоолорду кошо алганда, айкын сарптоолору боюнча бааланат.
Баштапкы таануудан кийин субъект тарабынан берилген жана соода жүргүзүү үчүн каралган кредиттер жана займдар компания аларды төлөөгө чейин кармап турабы же жокпу, ага карабастан, амортизацияланган сарптоолор боюнча бааланат. Эгерде, компания ссуда берүүнүн келишимдик шарттарына ылайык карыздын толук суммасын өндүрүп ала албай калуусу ыктымалдыгы орун алса, баанын түшүүсүнөн же кайтарылышы ишенимсиз дебитордук карыздардан зыян келип чыгышы мүмкүн (амортизацияланган сарптоолор боюнча эсепке алуунун түшүндүрмөсүн 1300 «Кыска мөөнөттүү инвестициялар» бөлүгүнө карата түшүндүрмөдөн кароого болот).
Кредиттер жана займдар түрүндөгү узак мөөнөткө каралган финансылык активдер, эгерде алар субъекттин өзү тарабынан берилбей, алар боюнча талап кылуу укугун ыйгаруунун натыйжасында алынган болсо, 2890 «Башка узак мөөнөттүү инвестициялар» эсебинде эске алынат. Мындай активдерди эсепке алуу ыкмасы (адилет наркы же амортизацияланган сарптоолор боюнча) субъекттин ошол активдер менен иш алып баруу ниетине жараша болот (ФОЭСтин 39-стандартынын 20-параграфын карагыла).
2830 «Туунду компанияларга инвестициялар» эсеби башкы компаниялардын өзүнчө финансылык отчетунда башкы компаниялардын улуттук сыяктуу эле, чет өлкөлөрдөгү туунду компаниялардын уставдык капиталына салымдарды чегерүүсүн эсепке алуу үчүн каралган. Компанияларды башкы жана туунду компаниялар катары классификациялоо ФОЭСтин «Жыйынтыкталган финансылык отчет жана туунду компанияларга инвестицияларды эске алуу» деп аталган 27-стандартынын 12-параграфына ылайык жүргүзүлөт.
ФОЭСтин 27-стандартынын 29-параграфына ылайык туунду компанияларга узак мөөнөттүү инвестициялар иш жүзүндөгү өздүк наркы боюнча же үлүштүк катышуу ыкмасында же болбосо, сатуу үчүн колдо турган финансылык активдер катары адилет наркы боюнча эсепке алынат.
Өздүк нарк боюнча эсепке алуу ыкмасы
Агенттерге жана брокерлерге, консультанттарга сыйакылар, акча каражаттарын которуу ж.б. төлөмдөр сыяктуу бүтүмдөр боюнча кошумча сарптоолорду кошо алганда, инвестицияларды алууга айкын сарптоолор 2830 эсептин дебети боюнча чагылдырылат.
Эгерде, инвестициялар (акциялар же туунду ишкананын уставдык капиталына үлүш) жарыяланган жана төлөнүп берилбеген дивиденддер менен алынган болсо, анда сатып алуу наркына кошулган дивиденддер төмөнкүчө чагылдырылат: 2830 эсептин дебети боюнча жарыяланган, бирок төлөнө элек дивиденддердин суммаларын эсептен чыгаруу менен сатып алууга кеткен айкын сарптоолор чагылдырылат. Дивиденддердин суммасы 1590 «Башка дебитордук карыздар» эсебинин дебети боюнча чагылдырылат. Дивиденддерди алуу учурунда бул сумма 1590 «Башка дебитордук карыздар» эсебинин кредитинен акча каражаттарын эсепке алуу эсептеринин дебетине алынып салынат.
Туунду компаниялардан сатып алуу күнүнөн кийин алынган дивиденддер башкы компания тарабынан 9120 «Ассоциацияланган, туунду компаниялардан кирешелер» эсебинин кредити боюнча эсепке алынат.
Акцияларды же туунду компаниялардын уставдык капиталындагы үлүштү сатуу учурунда инвестициялардын баланстык наркы менен төлөм катары алынган же алынууга тийиш болгон каражаттардын суммаларынын ортосундагы айырма операциялык эмес иштерден түшкөн пайда же зыян катары таанылуу менен төмөнкүчө чагылдырылышы мүмкүн:
а) пайда алуу менен сатуу:
- инвестициянын баланстык наркы 2830 «Туунду компанияларга 2830 инвестициялар» эсебинин кредитинен 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» эсебинин дебетине алынып салынат;
- төлөм катары алынууга тийиш болгон каражаттын суммасы 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» эсебинин кредити боюнча 1590 «Башка дебитордук карыздар» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат. Сатууга байланыштуу чыгашалар (брокерлердин, юристтердин жана башкалардын кызмат көрсөтүүлөрүнө) 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» эсебинин дебети боюнча чагылдырылат;
б) зыян тартуу менен сатуу:
- инвестициялардын баланстык наркы 2830 «Туунду компанияларга инвестициялар» эсебинин кредитинен 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсебинин дебетине алынып салынат;
- төлөм катары алынууга тийиш болгон каражаттын суммасы 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсебинин кредити боюнча 1590 «Башка дебитордук карыздар» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат. Сатууга байланыштуу чыгымдар (брокерлердин, юристтердин жана башкалардын кызмат көрсөтүүлөрүнө) 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсебинин дебети боюнча чагылдырылат.
Үлүштүк катышуу боюнча эсепке алуу ыкмасы
Алгач, инвестициялар 2830 эсептин дебети боюнча сатып алууга кеткен айкын сарптоолордун суммасында чагылдырылат. Инвестордун үлүшү туунду компаниялардын накта идентификацияланган (тастыкталган) активдердин адилет наркында эсепке алынат. Сатып алууга кеткен айкын сарптоолор менен туунду компаниянын накта активдеринин адилет наркындагы инвестордун үлүшүнүн ортосунда келип чыккан айырма (оң же терс) ФОЭСтин «Бизнести бириктирүү» деп аталган 22-стандартына ылайык эсепке алынат: сатып алууга кеткен сарптоолордун бүтүмгө келишүү күнүнө карата абал боюнча накта активдердин адилет наркындагы сатылып алынган үлүштөн артып турушу гудвилл катары классификацияланат да 2920 «Гудвилл» эсебинин дебети боюнча 2830 эсеп менен корреспонденцияда материалдык эмес актив катары таанылат. Гудвилл системалуу негизде туунду компанияларга инвестициялардан экономикалык пайданын түшүүсү күтүлүп жаткан мезгил аралыгында, бирок жыйырма жылдан ашпаган убакытта түз линиялык ыкмада амортизацияланууга тийиш (ФОЭСтин 22-стандартынын 44-параграфы).
Инвестордун туунду компаниянын накта активдеринин адилет наркындагы үлүшүнүн бүтүмгө келишүү күнүнө карата сатып алууга кеткен айкын сарптоолордон артышы терс гудвилл катары классификацияланат. Терс гудвилл эсепке алууда терс гудвиллдин - ар кандай эки үлүшүнө карата колдонулуучу эки ыкмада таанылат:
а) инвестордун туунду компаниянын акчалай эмес (амортизацияланган) активдеринин адилет наркындагы үлүшүнө барабар суммада, ал системалуу негизде туунду компаниялардын амортизацияланган активдери пайдалуу кызмат өтөө мөөнөтү аралыгында финансылык-чарбалык ишкердиктин натыйжалары жөнүндөгү отчетто камтылат (ФОЭСтин - 22-стандартынын 62-параграфы). Ушул эле стандарттын 64-параграфынын талабына ылайык терс гудвилл 2920 «Гудвилл» эсебинин контрэсептеринин (мисалы, бул 2921 «Терс гудвилл» эсеби болушу мүмкүн) кредити боюнча баланстын активинде таанылат;
б) инвестордун туунду компаниялардын сатылып алынган ишенимсиз (амортизацияланган) активдеринин адилет наркындагы үлүшүнөн ашкан суммада.
Отчеттук күнгө карата инвестициялардын наркы туунду компаниянын пайдаларындагы же зыяндарындагы инвестордун үлүшүнүн суммасына, келип чыккан айырманы операциялык эмес иштерден түшкөн кирешелерди же чыгымдарды эсепке алуу системасына чегерүү менен көбөйөт же азаят. Корректировкалоо суммалары ФОЭСтин «Ассоциацияланган компанияларга инвестицияларды эсепке алуу» деп аталган 28-стандартынын 6 жана 16-параграфтарына ылайык аныкталат. Инвестициялардын объекттеринен алынган кирешелер (дивиденддер) инвестициянын наркын азайтат жана 2830 эсептин кредити боюнча чагылдырылат.
Башкы компаниянын туунду компаниялардын зыянындагы үлүшү 2830 эсептин кредитине инвестициялардын баланстык наркынан ашпаган суммада алынып салынат. Зыяндардагы үлүштүн калган суммасы таанылбайт (ФОЭСтин 28-стандартынын 22-параграфында келтирилген жагдайларды эске албаганда). Эгерде кийинчерээк туунду компания пайда ала баштаса, башкы компания ошол пайдадагы өз үлүшүн таанылбаган чыгымды минуска чыгаруу (кемитүү) менен инвестициялардын наркынын көбөйүүсү катары чагылдырууну калыбына келтирет. Ушуга байланыштуу субъект системадан тышкаркы бухгалтердик регистирде (мисалы, баланстан тышкаркы эсеп) таанылбаган чыгымдарды эсепке алууну жүргүзүүсү зарыл.
Эгерде, туунду компанияга салынган инвестициялардын баасынын түшүүсү мүмкүндүгүнүн белгилери орун алса, баанын түшүүсүнөн келип чыккан чыгым биринчи кезекте гудвилл эсебине гудвиллден ашкан суммада гана чегерилет да, операциялык эмес чыгаша катары таанылат.
Чет өлкөдөгү туунду компанияларга салынган накта инвестициялардын бөлүгү болуп саналган акча каражаты статьясы боюнча келип чыккан курстук айырма инвестордун өзүнчө финансылык отчетунда ФОЭСтин «Валюта курстарынын өзгөрүүсүнүн таасири» деп аталган 21-стандартынын 17-параграфына ылайык, өздүк капитал катары 5230 «Чет өлкө компанияларында чет өлкө валютасында ишке ашырылган операциялар боюнча курстук айырма» эсебинин дебети же кредити боюнча ошол инвестиция сатып өткөрүлгөнгө чейин эсепке алынат. Андан кийин ал, финансы-чарбалык иштердин натыйжалары жөнүндөгү отчетто киреше же чыгаша катары таанылууга - 5230 эсептин дебетине же кредитине субъекттин операциялык эмес ишкердиктен алынган кирешелеринин жана чыгашаларынын курамында курстук айырмаларды эсепке алуу эсептери менен корреспонденцияда эсептен алынууга тийиш.
Туунду компанияларга инвестицияларды үлүштүк катышуу ыкмасында эсепке алуу үчүн бухгалтердик өткөрүүлөр схемасы төмөндө келтирилген.
| Операциялардын мазмуну
| Корреспонденциялоочу эсептин номери | |
|
| Дебет | Кредит |
1
| Инвестицияларды айкын сарптоолордун суммасында баштапкы таануу. Сатып алуу наркы менен туунду компаниялардын накта активдеринин адилет наркынын ортосундагы айырма: - гудвилл; - инвестордун туунду компаниянын ишенимсиз (амортизациялануучу) активдердин адилет наркындагы үлүшүнө барабар суммадагы терс гудвилл; - инвестордун туунду компаниянын ишенимсиз (амортизациялануучу) активдердин адилет наркындагы үлүшүнө ашкан суммадагы терс гудвилл | 2830
2920 2830
2830
| 3190
2830 2921
9150
|
2
| Тике линиялык ыкмада системалуу негизде амортизациялоо: - гудвилл; - терс гудвилл |
9590 2921 |
2920 9190 |
3
| Инвестициянын наркынын туунду компаниянын пайдасындагы анын үлүшүнүн суммасына көбөйүүсү | 2830
| 9190
|
4
| Инвестициянын наркынын туунду компаниянын чыгымдарындагы үлүшүнүн суммасын 2830 эсеп боюнча сальдодон ашпаган суммадагы суммага азаюусу | 9590
| 2830
|
5
| Туунду компания тарабынан төлөөгө карата жарыяланган дивиденддер | 1560
| 2830
|
6
| Инвестициянын баасынын түшүүсү: - терс гудвилл суммасында; - терс гудвиллден ашкан суммада |
2921 9590 |
2830 2830 |
7
| Инвестициянын баасынын түшүүсүнүн өлчөмүн калыбына келтирүү | 2830
| 9190
|
Эскертүү: Сунуш кылынган схемада операциялык эмес иштерден түшкөн башка кирешелер жана чыгымдар эсеби инвестицияларды үлүштүк катышуу ыкмасында эсепке алуу тартибин ачык көрсөтүү максатында гана пайдаланылган. Өзүнчө финансылык отчетту сунуш кылууда башкы компания финансылык-чарбалык иштердин натыйжалары жөнүндөгү отчетунда туунду компаниянын түшкөн пайдасы жана кеткен чыгымдарындагы үлүштүн өзүнчө сапта көрсөтүүгө тийиш. Ушуга байланыштуу инвестициялардын наркынын өсүшүн же азаюусун эсепке алуу үчүн 9100 жана 9500 бөлүктөрүндө өзүнчө эсепти пайдалануу максатка ылайыктуу.
Үлүштүк катышуу боюнча ыкмада эсепке алынган инвестицияларды жүзөгө ашыруу өздүк наркы боюнча ишке ашырылган ыкмадагыдай эле эсепке алынат.
Адилет нарк боюнча эсепке алуу ыкмасы
Туунду компанияга, адилет наркы боюнча сатуу үчүн колдо болгон инвестициялар катары эсепке алынган инвестицияларга баа берүү кыска мөөнөттүү активдер сыяктуу эле жүзөгө ашырылат (1300 «Кыска мөөнөттүү инвестициялар» бөлүгүнө карата түшүндүрмөнү карагыла).
2840 «Биргелешкен иштерге инвестициялар» эсеби, анын түзүмүнө жана формасына көз карандысыз, биргелешкен иштерге салынган инвестицияларды субъекттин өзүнчө (жыйынтыктоочу эмес) финансылык отчетунда эсепке алуу үчүн каралган. Биргелешкен иштерге инвестицияларды классификациялоо ФОЭСтин «Биргелешкен иштерге катышууга тиешелүү финансылык отчет» деп аталган 31-стандартына ылайык жүзөгө ашырылат. Биргелешкен иштердин жүзөгө ашырылышынын формасына жараша отчет берүүчү субъект ишкер же инвестор катары классификацияланат:
ишкер - ишкердикке биргелешип контролдукту жүзөгө ашырган тарап;
инвестор - иштерге биргелешкен контролдукту жүргүзүүгө ашырууга катышпаган тарап.
Эгерде, отчет берүүчү субъект биргелешкен иштерге карата ишкер катары классификацияланса, анда 2840 эсеп боюнча анын биргелешкен иштерге инвестициялары эсепке алынат, албетте биргелешкен иштер биргелешип контролдонуучу компания аркылуу жүзөгө ашырылган шартта. ФОЭСтин 31-стандартында биргелешкен иштерге инвестицияларды ишкердин өзүнчө финансылык отчетунда эсепке алуунун кандайдыр бир айкын тартибине артыкчылык берилген эмес. Ушуга байланыштуу ишкердин биргелешип контролдонуучу компанияга инвестициясы туунду же ассоциацияланган компаниялар үчүн каралган шарттагыдай эле эсепке алынат.
Эгерде, отчет берген субъект биргелешкен иштерге карата инвестор катары классификацияланса, анда биргелешкен иштерге катышуудагы анын үлүшү эсепке алууда ФОЭСтин 31-стандартынын 42-параграфына ылайык чагылдырылат:
- биргелешкен иштерге олуттуу таасири болбогон инвестор (ФОЭСтин 31-стандартынын 2-параграфын караңыз) инвестицияларга ээ болууну, аларды андан ары адилет же өздүк наркы боюнча баалоону, баанын түшүүсүн жана анын таанылышынын токтотулушун эсепке алууда чагылдыруу үчүн ФОЭСтин «Финансылык каражаттар: таануу жана баа берүү» деп аталган 39-стандартына таянуусу зарыл (1300 «Кыска мөөнөттүү инвестициялар» бөлүгүнө карата түшүндүрмөлөрдү кароо зарыл);
- биргелешкен иштерге олуттуу таасирин тийгизе алган инвестор ФОЭСтин «Ассоциацияланган компанияларга инвестицияларды эсепке алуу» деп аталган 28-стандартына таянуусу зарыл (2830 «Туунду компанияларга инвестициялар» эсебине карата түшүндүрмөдөгү үлүштүк катышуу ыкмасы боюнча чечмелөөлөрдү кароо зарыл).
2850 «Ассоциацияланган компанияларга инвестициялар» эсеби инвестордун өзүнчө финансылык отчетторунда ФОЭСтин 28-стандартына ылайык ассоциацияланган катары классификацияланган ишканаларга инвестицияларын эсепке алуу үчүн каралган.
Ассоциацияланган компанияларга инвестицияларды эсепке алуу туунду компанияларга салынган инвестицияларды эсепке алуу ыкмасында эле жүргүзүлөт (2830 «Туунду компанияларга инвестициялар» эсебине карата түшүндүрмөнү караңыз).
Инвестицияларды эсепке алуу үчүн үлүштүк катышуу ыкмасын колдонгон инвестор өзү ассоциацияланган компанияга олуттуу таасир этүүсүн токтоткон, бирок өз инвестицияларынын бөлүгүн же толугу менен сактап турган күндөн тартып; ассоциацияланган компаниялар инвесторго каражаттарды которуу боюнча узак мөөнөткө каралган катуу чектөөлөр шартында иштеп турса; инвестор жакынкы келечекте инвестицияларды сатуу жөнүндө чечим кабыл ала турган болсо, бул ыкманы пайдаланууну токтотууга тийиш. Инвестициялардын ушул күнгө карата баланстык наркы андан ары өздүк нарк катары каралат.
2900 эсептер тобу «Материалдык эмес активдер»
Материалдык эмес актив - бул, физикалык формага ээ эмес, өндүрүштө же товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) сунуштоо, ижарага өткөрүү же болбосо административдик максаттарга пайдалануу үчүн каралган акчалай эмес түрдөгү идентификациялануучу актив.
2900 «Материалдык эмес активдер» эсеби материалдык эмес активдердин бардыгы жана алардын колдонулушуна тиешелүү маалыматтарды жалпылоо үчүн каралган.
Эсептер планында материалдык эмес активдерди эң эле мүнөздүү категориялары боюнча эсепке алуу үчүн өзүнчө эсептер каралган:
2910 Франшиза;
2991 Топтолгон амортизация - франшиза;
2920 Гудвилл;
2992 Топтолгон амортизация - гудвилл;
2930 Патенттер;
2993 Топтолгон амортизация - патенттер;
2940 Соода маркалары;
2994 Топтолгон амортизация - соода маркалары;
2950 Автордук укук;
2995 Топтолгон амортизация - автордук укук;
2960 Программалык камсыздоолор;
2996 Топтолгон амортизация - программалык камсыздоолор;
2970 Лицензияланган келишимдер;
2997 Топтолгон амортизация - лицензияланган келишимдер;
2980 Башка активдер;
2998 Топтолгон амортизация - башка активдер;
2990 Бүткөрүлбөгөн иштеп чыгуулар.
2991-2999 «Топтолгон амортизация» эсептери - бул, материалдык эмес активдер эсептерине карата контрактивдүү эсеп болуп саналат жана белгилүү бир материалдык эмес - активдин амортизациясы тууралуу маалыматтарды жалпылоо үчүн каралган.
Материалдык эмес ресурстарды сатып алуу, иштетүү, оңдоо жана жакшыртуу боюнча сарптоолордун өзүнөн-өзү орун алышы материалдык эмес активди таанууну түшүндүрбөйт. Материалдык эмес ресурстарга сарптоолор материалдык эмес активди таануу боюнча аныктамаларга жана критерийлерге жооп берген шартта гана, материалдык эмес актив катары таанылат (ФОЭСтин «Материалдык эмес активдер» деп аталган 38-стандартынын 7-17 жана 19-55-параграфтарын карагыла). Материалдык эмес активди таануу боюнча аныктамаларга жана критерийлерге жооп бербеген сарптоолор отчеттук мезгил ичиндеги чыгашалар катары чагылдырылат.
2910-2980 «Материалдык эмес активдер» эсебинин дебети боюнча материалдык эмес активдерди сатып алуунун өздүк наркы чагылдырылат. Сатып алуунун өздүк наркында сатып алуу баасы, анын ичинде импорттук пошлиналар жана сатып алуудан орду толтурулуп берилбеген салыктар, ошондой эле активди болжолдонуп жаткан пайдаланууга даярдоого кеткен тике сарптоолор камтылат (мисалы, юридикалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөнгөн гонорар). Чет өлкө валютасында чагылдырылган сатып алуу наркы 2910-2980 «Материалдык эмес активдер» эсебинин дебети боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан валютада операцияларды жүзөгө ашыруу учуруна карата белгиленген курс боюнча сом түрүндө чагылдырылат.
Материалдык эмес активдерди кредиттөөнүн адетте каралган шарттарынан өткөрүлүп жиберилген (ашкан) убакытка төлөмдөрдү кийинкиге калтыруу шартында сатып алуу учурунда өздүк нарк дароо нак акча менен төлөнгөн баанын эквивалентине барабар болот, өздүк нарк 2910-2980 «Материалдык эмес активдер» эсебинин дебети боюнча 4100 «Узак мөөнөттүү милдеттенмелер» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат. Ушул өлчөм менен суммардык төлөмдөрдүн ортосундагы айырма кредиттөө мезгили аралыгына пайыздарды төлөөгө кеткен чыгашалар катары таанылат (эсепке алууда чагылдыруу тартибин 2100 «Негизги каражаттар» эсептер тобуна карата түшүндүрмөдөн карагыла).
Эгерде пайыздар боюнча чыгашалар ФОЭСтин «Займдар боюнча сарптоолор» деп аталган 23-стандартына ылайык капитализацияланса, анда пайыздар боюнча чыгашалардын суммасы 2910-2980 «Материалдык эмес активдер» эсебинин дебети боюнча 3550 «Карыздык милдеттенмелер боюнча чегерилген пайыздар» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Акысыз (бекер) алынган материалдык эмес активдер, бекер берилген материалдык эмес активди алуу берүүчү тарабынан кандайдыр бир шарттар менен чектелбесе же белгиленбесе, алынган күнгө карата алардын адилет наркы боюнча бааланат жана 2910-2990 «Материалдык эмес активдер» эсебинин дебети боюнча 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Субсидия түрүндө алынган материалдык эмес актив адилет наркы боюнча бааланат жана эсепке алууда ФОЭСтин «Мамлекеттик субсидияларды эсепке алуу жана мамлекеттик жардамдар жөнүндөгү маалыматтарды ачып көрсөтүү» деп аталган 20-стандартынын 24-параграфында каралган эки ыкманын бири боюнча чагылдырылат. Эки ыкма тең алгылыктуу альтернатива катары каралат, ошондой болсо да эсепке алууну кылдат уюштуруу көз карашынан алганда, келечекте алынуучу киреше катары субсидияларды эсепке алуу ыкмасы кыйла алгылыктуу. Мында, материалдык эмес активдердин адилет наркы 2910-2990 «Материалдык эмес активдер» эсептеринин дебети боюнча 4200 «Кийинкиге калтырылган кирешелер» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат. Материалдык эмес активге амортизацияны чегерүү боюнча жүргүзүлгөн өткөрүүлөр менен бир эле учурда чегерилген амортизациянын суммасындагы субсидиялардан түшкөн кирешелерди таануу боюнча өткөрүүлөр да ишке ашырылат:
Дт 4200 «Кийинкиге калтырылган кирешелер» XX;
Кт 6200 «Операциялык иштен түшкөн башка кирешелер» XX.
Ишкана тарабынан акчалай субсидиялардын эсебинен алынган материалдык эмес активдер да ушундай эле тартипте эсепке алынат. Мында, субсидия катары алынган акча каражаттары, акча каражаттарын эсепке алуу эсебинин дебети боюнча 4200 «Кийинкиге калтырылган кирешелер» эсеби менен корреспонденцияда эске алынат.
Субъект тарабынан түзүлгөн (иштелип табылган) материалдык эмес активдин (ичте түзүлгөн материалдык эмес актив) өздүк наркында активди түзүүгө, өндүрүп чыгарууга жана аларды багытталышы боюнча пайдаланууга даярдоого ырааттуу негизде түздөн-түз бөлүштүрүлүшү же чегерилиши мүмкүн болгон бардык сарптоолор камтылат. Ичте түзүлгөн материалдык эмес актив эсепке алууда ФОЭСтин «Материалдык эмес активдер» деп аталган 38-стандартынын 19-20 жана 45-параграфтарында келтирилген таануу критерийлерине жооп берген күндөн тартып таанылат. Материалдык эмес активди таануу учуруна чейин иликтөөлөргө жана иштеп чыгууларга жумшалган сарптоолор материалдык эмес активдин наркын арттырбайт, алар бир мезгилдин чыгашалары катары таанылуу менен 8000 «Жалпы жана административдик чыгымдар» эсептер тобунун өзүнчө эсебинде эске алынат.
Материалдык эмес активди иштеп чыгуу боюнча кеткен сарптоолорду эсепке алуу үчүн таануу учурунан иштеп чыгууну аягына чыгарганга чейин 2990 «Бүткөрүлбөгөн иштеп чыгуулар» эсеби пайдаланылат.
2910-2980 «Материалдык эмес активдер» эсебинин кредити боюнча материалдык эмес активди сатуунун, алмаштыруунун же активдүү пайдалануудан чыгаруунун натыйжасында колдонуудан калуусу учурундагы анын наркы чагылдырылат. Материалдык эмес активди эсептен алып салууда активдин наркын эсепке алуу эсеби жана топтолгон амортизация эсеби жабылат.
Эсепке алууда материалдык эмес активдердин колдонуудан калуусун чагылдыруу анын кандайча колдонуудан чыгуусуна жараша болот.
Пайдаланууну токтотуунун натыйжасында материалдык эмес активди эсептен алып салуу төмөнкүчө ишке ашырылат:
- материалдык эмес активдин наркын эсепке алуу эсеби (2910-2980) жана топтолгон амортизация эсеби (2991-2998) жабылат, ал эми баланстык нарк 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсебинин дебетине алып салынат.
Сатып өткөрүлгөн материалдык эмес активдерди эсептен алып салуу төмөнкүчө ишке ашырылат:
- материалдык эмес активди сатып өткөрүүдөн түшкөн акча 1100 «Кассадагы акча каражаттары», 1200 «Банктагы акча каражаттары» 1590 «Башка дебитордук карыздар» эсептеринин дебети боюнча 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат;
- материалдык эмес активдин наркын эсепке алуу эсеби (2910-2980) жана топтолгон амортизация эсеби (2991-2998) жабылат, ал эми баланстык нарк 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсебинин дебетине алып салынат;
- эгерде сатып өткөрүүнүн натыйжасында пайда алынса, анда ал 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» эсебинде чагылдырылат; эгерде чыгымга дуушар болсо, ал 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсебинде чагылдырылат.
2991-2998 «Материалдык эмес активдердин топтолгон амортизациясы» эсептеринин кредити боюнча төмөнкү эсептер менен корреспонденцияда амортизациянын чегерилген суммасы чагылдырылат:
- 1630 «Бүткөрүлбөгөн өндүрүш» эсеби, эгерде материалдык эмес активдердин амортизациясында запастарды кайрадан иштетүү боюнча сарптоолор камтылса;
- 7570 «Башка соодалык чыгымдар» эсеби, эгерде материалдык эмес активдер товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүү процессинде пайдаланылса;
- 8477 «Материалдык эмес активдердин амортизациясына чыгымдар» эсеби, эгерде материалдык эмес активдер административдик максаттарда пайдаланылса.
Амортизацияны чегерүү ыкмалары активден экономикалык пайда алуунун болжолдонгон схемасынын негизинде тандалып алынат жана эгерде, ошол схема өзгөртүлбөй турган болсо, бир мезгилден экинчисине ырааттуу колдонулат. Материалдык эмес активдин анын пайдалуу кызмат өтөө мөөнөтү аралыгында амортизацияланган суммасын системалуу түрдө эсептен алып салуу үчүн бирдей өлчөмдө чегерүү ыкмасы, калдыкты азайтуу ыкмасы жана буюмдардын суммалары ыкмасы колдонулушу мүмкүн.
Пайдалуу кызмат өтөө мөөнөтү актив пайдаланууга даяр болгон же болбосо юридикалык укук аракеттенип турган мезгилден тартып жыйырма жылдан ашпоого тийиш. Амортизацияланган сумманы эсептөөдө материалдык эмес активдин жоюу (калдык) наркы нөлгө барабар кабыл алынат.
Баштапкы таануудан кийин материалдык эмес активдер субъекттин эсепке алуу саясатына ылайык эске алынат:
а) топтолгон амортизацияны жана нарктын төмөндөшүнөн улам топтолгон чыгымдарды эсептен алып салуу менен баштапкы нарк боюнча; же
б) топтогон амортизацияны жана кийинчерээк баанын кандай болбосун топтолгон чыгымдарды эсептен алып салуу менен кайрадан баалоо күнүнө карата анын адилет наркы болуп саналган кайрадан бааланган наркы боюнча. Материалдык эмес активдерди кайрадан бааланган наркы боюнча эсепке алууга, эгерде ошол актив үчүн активдүү рынок бар болсо гана жол берилет. Активдүү рыноктун аныктамасын ФОЭСтин «Материалдык эмес активдер» деп аталган 38-стандартынын 7-параграфынан карагыла.
Эгерде эсепке алуу саясатынын талабына ылайык материалдык эмес активдерди кайрадан баалоо жүргүзүлсө, кайрадан баалоо күнүнө карата топтолгон эскилиги жеткендер:
1) амортизацияны эсептен алып салганга чейинки активдин баланстык наркына, кайрадан баалоодон кийинки баланстык нарк анын кайрадан бааланган наркына барабар болуп калгандай болуп өзгөрүүгө пропорционалдуу кайрадан эсептелиниши мүмкүн;
2) эскилиги жеткендерди эсептен алып салууга чейинки активдин баланстык наркына каршы алынып салынат, ал эми накта өлчөм активдин кайрадан бааланган наркына чейин кайрадан эсептелет.
Эгерде материалдык эмес активдин баланстык наркы кайра баалоонун натыйжасында жогоруласа, анда бул 5220 «Активдерди кайрадан баалоо боюнча корректировкалоолор» эсебинин кредити боюнча чагылдырылат. Кайрадан баалоонун натыйжасында нарктын көбөйүү суммасы 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» эсебинин кредити боюнча кайрадан баалоодон баланстык нарктын азаюусунан мурда таанылган чыгымдын ордун жапкандай өлчөмдө чагылдырылат; айырманын суммасы (албетте, орун алган шартта) 5220 «Активдерди кайрадан баалоо боюнча корректировкалоолор» эсебинин кредити боюнча чагылдырылат.
Эгерде материалдык эмес активдин баланстык наркы кайра баалоонун натыйжасында азайса, анда бул 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсебинин дебети боюнча чагылдырылат. Кайрадан баалоонун натыйжасында баланстык нарктын азаюу суммасы 5220 «Активдерди кайрадан баалоо боюнча корректировкалоолор» эсебинин тиешелүү статьясынан эсептен алынып салынат, бирок анда азаюу бул активге карата ошол статьянын өлчөмүнөн ашпаган чекте. Айырманын суммасы (орун алган шартта) 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсебинин дебетинде чагылдырылат).
Ар бир отчеттук күнгө карата абал боюнча субъект ФОЭСтин «Активдердин баасынын түшүүсү» деп аталган 36-стандартына ылайык активдин мүмкүн болуучу баасынын түшүүсүн билдирген кандай болбосун орун алган белгилерге баа берип турууга тийиш. Эгерде, кандайдыр бир белгилер аныкталса, субъект активдин орду толтурулуучу суммасына баа берүүсү зарыл. Эгерде материалдык эмес активдин баланстык наркы анын орду толтурулуп берилүүчү наркынан аша турган болсо, активдин баасынын түшүүсүнөн улам келип чыккан чыгым таанылат.
Иш жүзүндө орун алган керектөөлөргө жараша, баанын түшүүсүнүн натыйжасында материалдык эмес активдердин наркынын азаюусуна тиешелүү маалыматтарды жалпылоо үчүн ишкана, материалдык эмес активдер эсебине карата контрактивдүү эсептерди - «Баанын түшүүсүнө топтолгон зыян» эсептерин пайдаланышы мүмкүн.
Баанын түшүүсүнөн улам келип чыккан зыян 9590 «Башка операциялык эмес чыгашалар» эсебинин дебети боюнча 2910-2998 «Топтолгон амортизация» эсеби же «Баанын түшүүсүнө топтолгон зыян» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Кайрадан бааланган наркында эсепке алынуучу материалдык эмес активдер үчүн баанын түшүүсүнөн келип чыккан чыгымдын суммасы 2910-2989 «Топтолгон амортизация» эсептеринин кредитинен (же «Баасынын түшүүсүнөн топтолгон зыян» эсебинин кредитинен) 5220 «Активдерди кайра баалоо боюнча корректировкалоолор» эсебинин дебетине ошол активди кайрадан баалоодон улам алынган өлчөмдөн ашпаган суммада алынып салынат. Айырма келип чыккан шартта ал 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсебинин дебетине чегерилет.
Баанын түшүүсүнөн келип чыккан чыгымды таануудан кийин материалдык эмес активдердин баланстык наркынын өзгөрүүсү, активдин калган пайдалуу кызмат өтөө мөөнөтү аралыгына амортизацияны чегерүү үчүн системалык негизде бөлүштүрүлөт.
3000 бөлүм «Кыска мөөнөттүү милдеттенмелер»
3000 «Кыска мөөнөттүү милдеттенмелер» бөлүмүнүн эсептери компаниялардын, ФОЭСтин «Финансылык отчетторду берүү» деп аталган 1-стандартынын 60-65-параграфтарына ылайык кыска мөөнөттүү катары классификацияланган милдеттенмелерин эсепке алуу үчүн каралган.
3100 эсептер тобу «Төлөөгө каралган эсептер»
3110 «Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө каралган эсептер» эсеби товар берүүчүлөр тарабынан алынган жана фактураланган жөнөтүлгөн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн субъекттин кыска мөөнөттүү соодалык кредитордук карыздары жөнүндөгү маалыматтарды жалпылоо үчүн каралган.
ФОЭСтин талабына ылайык финансылык отчеттордо таанылууга тийиш болгон алынбаган же фактураланбаган берүүлөр үчүн кредитордук карыз 3510 «Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөр боюнча чегерилген милдеттенмелер» эсеби боюнча чагылдырылат.
ФОЭСтин «Финансылык отчетторду берүү» деп аталган 1-стандартына ылайык чечмелеп көрсөтүүнү талап кылган маалыматтарды ыкчам алуу максатында эсептер планын түзүүдө башкы компаниялардын, туунду жана ассоциацияланган компаниялардын жана башка байланыштуу жактардын кредитордук карыздарын эсепке алуу үчүн өзүнчө субэсептерди кароо максатка ылайыктуу.
3110 эсепте чагылдырылган, ФОЭСтин «Валюта курстарынын өзгөрүүсүнүн таасири» деп аталган 21-стандартында берилген «Чет өлкө валютасындагы операциялар» аныктамасына жооп берген операциялар чет өлкө валютасында сыяктуу эле, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан операция ишке ашырылган күнгө карата белгиленген курс боюнча улуттук валютага кайрадан эсептелүү менен эске алынат. Ар бир отчеттук күнгө карата 3110 эсептин чет өлкө валютасындагы сальдосу, ушул күнгө карата белгиленген эсептик курс боюнча, келип чыккан айырманы 6200 «Операциялык ишкердиктен түшкөн башка кирешелер» эсебинин кредитине же болбосо 7600 «Башка өндүрүштүк чыгымдар» эсебинин дебетине чегерүү менен кайрадан эсептелинет.
Алгач, 3110 эсептин кредити боюнча субъекттин алынган товарларга жана көрсөтүлгөн кызматтарга алынган активдердин же керектелген кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы боюнча төлөөгө тиешелүү милдеттенмеси чагылдырылат. Эгерде, товар берүүчүнүн эсебинде мөөнөтүнөн мурда төлөгөндүгү үчүн жеңилдиктер каралса, анда кредитордук карызды баштапкы таануу жана аны жеңилдик суммасына корректировкалоо төмөнкүчө чагылдырылат:
- запастарды эсепке алуу эсептери менен корреспонденцияда 3110 эсебинин кредити боюнча счет-фактураны алуу учурунда эсепте көрсөтүлгөн жеңилдик суммасын алып салуу менен запастардын наркы чагылдырылат;
- эгерде субъект жеңилдиктен пайдаланбаса (жеңилдик күчүндө турган мөөнөт ичинде эсепке төлөбөсө), анда пайдаланбай калган жеңилдиктин суммасы операциялык эмес иштерден чыгым катары классификацияланат: эсеп үчүн төлөнгөн учурда жеңилдик суммасы 3110 эсептин кредитинде 9510 «Пайыздар түрүндөгү чыгымдар» эсебине карата «Пайдаланылбаган жеңилдиктер» субэсеби менен корреспонденцияда жазууларды чагылдыруу менен калыбына келтирилет.
Субъект кредитордук карызды ал (же анын бөлүгү) толук төлөнгөн шартта гана, башкача айтканда келишимде каралган милдеттенмелер аткарылып, жокко чыгарылып же анын аракеттенүү мөөнөтү бүткөндө гана баланстан алып салат. 3110 эсептин дебети боюнча кредитордук карыздардын төлөнүшүнө тиешелүү бардык операциялар чагылдырылууга тийиш.
Товар берүүчүгө келип түшкөн товарларды толук көлөмүндө же анын бөлүгүн анын эсептерине төлөгөнгө чейин эле кайтарып берүү, товар берүүчү ага макулдугун берген алынган товарларды арзандатуу 3110 эсептин дебети боюнча алынган материалдык баалуулуктарды эсепке алуу эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Эгерде субъект соттун же кредитордун өз чечими боюнча келишимде каралган милдеттенмелерди (же алардын бөлүгүн) аткаруудан бошотулса, анда кредитордук карыздын тиешелүү суммасы 3110 эсептин дебети боюнча 6200 «Операциялык иштерден түшкөн башка кирешелер» эсеби менен корреспонденцияда жүргүзүлгөн өткөрүүлөрдө алынып салынат. Мында, кредитордук карызды эсептен алып салуу үчүн негиз болгон документ болуп, соттун мыйзам талабына ылайык күчүнө кирген чечими жана кредитордун карызды талап кылуудан кат жүзүндө баш тартуусу саналат.
Тиешелүү талаптар үчүн жарандык мыйзамдарда белгиленген доонун эскириши мөөнөтү бүткөн кредитордук карыз 3110 эсептен 6200 «Башка операциялык иштерден түшкөн кирешелер» эсебинин кредитине мөөнөтү бүткөндүгү фактысы боюнча эсептен алынат. Милдеттенмелердин мисалы, соттун чечими боюнча калыбына келтирилиши учурунда төлөөгө каралган эсептер боюнча кредитордук карыздын тиешелүү суммасы 3110 эсептин кредити боюнча 7600 «Башка өндүрүштүк чыгымдар» эсеби менен корреспонденцияда милдеттенмелер калыбына келтирилген отчеттук мезгилде чагылдырылат.
Келишимде каралган милдеттенмелер, ошондой эле юридикалык жактын карызгердин жоюлуп кетишине байланыштуу да жокко чыгарылат. Мында, төлөөгө каралган эсептер боюнча кредитордук карыздын тиешелүү суммасы 6200 «Операциялык ишкердиктен түшкөн башка кирешелер» эсебинин кредити боюнча 3110 эсеп менен корреспонденцияда өткөрүүлөр аркылуу эсептен алынат.
Векселдер менен камсыз кылынган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө каралган эсептер боюнча кыска мөөнөттүү кредитордук карыздар 3110 эсептин дебети боюнча 3390 «Башка кыска мөөнөттүү карыздык милдеттенмелер» эсеби менен корреспонденцияда ишке ашырылган өткөрүүлөр менен алынып салынат.
ФОЭСтин «Финансылык отчетту берүү» деп аталган 1-стандартына ылайык узак мөөнөттүү мезгил аралыгына рефинансылануучу (мөөнөтү узартылуучу) кыска мөөнөттүү милдеттенмелер, эгерде бул факт рефинансылоо келишими менен тастыкталган болсо, 3110 «Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө каралган эсептер» эсебинин дебети боюнча 4100 «Узак мөөнөттүү милдеттенмелер» тобундагы эсептердин кредити менен корреспонденцияда, рефинансылоонун тиешелүү шарттары менен узак мөөнөттүү милдеттенмелерге кайрадан классификацияланат.
3190 «Төлөөгө каралган башка эсептер» эсеби компаниялардын, инвестициялык иштердин жүрүшүндө активдерди, атап айтканда, жүгүртүүдөн тышкаркы активдерди жана башка инвестицияларды алуу учурунда келип чыккан кыска мөөнөттүү милдеттенмелерин эсепке алуу үчүн каралган.
Атап айтканда, 3190 эсептин кредити боюнча негизги каражаттарды, материалдык эмес активдерди, кыймылсыз мүлккө инвестицияларды, биологиялык активдерди, карыздык баалуу кагаздарды (векселдерди, облигацияларды), үлүштүк каражаттарды (акцияларды, башка субъекттердин уставдык капиталына үлүштөрдү) сатып алуу үчүн кредитордук карыздар чагылдырылат.
Инвестициялык иштерге байланыштуу өзүнчө милдеттенмелерди баштапкы таануунун өзгөчөлүктөрүн жүгүртүүдөн тышкаркы активдерди жана инвестицияларды эсепке алуу эсептерине карата түшүндүрмөлөрдөн карагыла.
Төлөөгө каралган башка эсептер боюнча чет өлкө валютасында операциялардын жүргүзүлүшүнүн натыйжасында келип чыккан кредитордук карыздардын суммасына валюта курстарынын өзгөрүүсүнүн таасирин эсепке алуу, милдеттенмелерди таануунун токтотулушу, узак мөөнөттүү милдеттенмелерге классификациялоону 3110 «Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө каралган эсептер» эсебине карата түшүндүрмөдөн таба аласыздар.
3200 эсептер тобу «Алынган аванстар»
3210 «Сатып алуучулардан жана буюртмачылардан алынган аванстар» эсеби сатып алуучулардан жана буюртмачылардан товарлардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн берилишине келишим боюнча алдын ала төлөөлөрдөн улам келип чыккан кыска мөөнөттүү милдеттенмелерди эсепке алуу үчүн каралган. Милдеттенмелер, эгерде алар отчеттук күндөн кийинки 12 айдан ашпаган мөөнөттө жөнгө салынууга тийиш болсо, 3210 эсебинде эске алынат. Алынган аванстарга байланыштуу калган бардык милдеттенмелер 4190 «Башка узак мөөнөттүү милдеттенмелер» эсебинде узак мөөнөткө каралгандар катары эсепке алынууга тийиш. ФОЭСтин «Валюта курстарынын өзгөрүүсүнүн таасири» деп аталган 21-стандартында белгиленген «чет өлкө валютасындагы операциялар» аныктамасына жооп берген 3210 эсепте чагылдырылган операциялар чет өлкө валютасында сыяктуу эле, Улуттук банктын операция жүзөгө ашырылган күнгө карата белгиленген курсу боюнча кайрадан эсептелген улуттук валютада да эске алынат. Ар бир отчеттук күнгө карата 3200 эсебинин чет өлкө валютасында чагылдырылган сальдосу ушул күнгө карата белгиленген эсептик курс боюнча кайрадан эсептелинет жана келип чыккан айырма 6200 «Операциялык иштерден түшкөн башка кирешелер» эсебинин кредитине же болбосо 7600 «Башка өндүрүштүк чыгымдар» эсебинин дебетине чегерилет.
Субъект, аванстар боюнча кредитордук карыздарды, кредитордук карыздар (же алардын бөлүгү) төлөнгөн учурда, б.а. келишимде каралган милдеттенмелер аткарылган, жок кылынган же алардын аракеттенүү мөөнөтү бүткөн учурда гана баланстан алынып салынат. Кредитордук карыздарды төлөө боюнча бардык операциялар 3210 эсептин дебети боюнча чагылдырылат.
Товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүүлөр боюнча милдеттенмелердин аткарылышы шартында, тиешелүү сумма 3210 эсептин дебети боюнча товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн алууга каралган эсептерди эсепке алуу эсеби менен корреспонденциясында же сатып өткөрүүдөн түшкөн кирешелерди эсепке алуу эсебинин кредитине түздөн-түз алып салынат.
Милдеттенмелердин жокко чыгарылышы же аракеттенүү мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу кредитордук карыздарды эсептен алып салуу, төлөөгө каралган эсептер боюнча карыздардын алынып салынышындай эле чагылдырылат (3100 эсепке карата түшүндүрмөнү караңыз).
3220 «Курулушка келишим боюнча буюртмачыларга карыз» эсеби курулушка келишим боюнча иштер аткарылган учурда буюртмачыларга төлөнүп берилүүчү дүңүнөн алгандагы сумманы эсепке алуу жана субъекттин финансылык отчетунда чагылдыруу үчүн каралган. Кредитордук карыздар аткаруу процессинде турган курулушка келишимдер боюнча түзүлөт, ал ар боюнча буюртмачылардан алынган аралык төлөмдөр болжолдонгон түшүүчү акчанын суммасынан ашат. Эгерде субъект курулушка келишим боюнча иш башталганга чейин эле кандай болбосун алдын ала төлөөлөрдү алган болсо, анда аванстын суммасы, ошондой эле буюртмачы тарабынан төлөнгөн кийинки аралык төлөмдөр 3220 эсептин кредити боюнча чагылдырылат. ФОЭСтин «Курулушка келишимдер» деп аталган 11-стандартынын 22-параграфынын талабына ылайык «даяр болгонуна жараша» ыкмасында аныкталган түшкөн акчалардын суммасы 3200 эсебинин дебети боюнча 6140 «Курулушка келишимдер боюнча түшкөн акча» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат. Эгерде буюртмачы тарабынан төлөгөн төлөмдүн суммасы болжолдонгон (таанылган) түшүүчү акчанын суммасынан аз болсо, анда келип чыккан айырма «Курулушка келишим боюнча буюртмачыларга» карыз статьясы боюнча баланстын активинде чагылдырылат.
3300 эсептер тобу «Кыска мөөнөттүү карыздык милдеттенмелер»
3300 «Кыска мөөнөттүү карыздык милдеттенмелер» тобунун эсептери ишкердикти каржылоо үчүн карыздык каражаттарды: өлкөнүн аймагындагы жана чет өлкөдөгү банктардан жана башка займ берүүчүлөрдөн улуттук жана чет өлкө валюталарында алынган кредиттер, жүгүртүүгө чыгарылган карыздык баалуу кагаздар, ошондой эле узак мөөнөттүү карыздык милдеттенмелердин ошол учурда колдонуу үчүн бөлүгүн тартуунун натыйжасында келип чыккан, субъекттин милдеттенмелер жөнүндөгү маалыматтарын жалпылоо үчүн каралган. 3300 эсептер тобунда отчеттук күндөн кийинки 12 ай ичинде төлөнүүгө тийиш болгон карыздык милдеттенмелер гана эсепке алынат.
Эсептер планында милдеттенмелерди эң эле мүнөздүү категориялар боюнча эсепке алуу үчүн өзүнчө эсептер каралган.
3310 «Банктык кредиттер, займдар»;
3320 «Башка кредиттер, займдар»;
3330 «Узак мөөнөттүү карыздык милдеттенмелердин ошол учурга каралган бөлүгү»;
3390 «Башка кыска мөөнөттүү карыздык милдеттенмелер».
3310 «Банктык кредиттер, займдар»;
3320 «Башка кредиттер, займдар» эсептери
3310, 3320 эсептердин кредити боюнча карыз алуучу тарабынан банктардан, башка кредиторлордон (юридикалык жактардан жана жеке адамдардан) алынган же займ же кредит келишими боюнча карыз алуучунун тапшыруусунун негизинде кредиторлор тарабынан үчүнчү жактарга өткөрүлүп берилген акча каражаттарынын суммасы чагылдырылат. 3310 эсептин кредити боюнча ошондон эле, банк тарабынан кардарлардын эсептерине жана төлөм тапшырмаларына эсептеги калдыктан ашкан сумманын төлөнүп берилиши учурунда келип чыккан банктык овердраф суммалары да чагылдырылат (1200 «Банктагы акча каражаттары» эсебине карата түшүндүрмөнү карагыла).
Чет өлкө валютасында төлөнүүгө тийиш болгон милдеттенмелер орун алган шартта 3310, 3320 эсептерге карата улуттук жана чет өлкө валюталарында алынган займдарды өзгөчө эсепке алуу үчүн субэсептер ачылышы мүмкүн:
3311 «Банктык улуттук валютадагы кредиттер, займдар»;
3312 «Банктык чет өлкө валютасындагы кредиттер, займдар»;
3321 «Улуттук валютадагы башка кредиттер, займдар»;
3322 «Чет өлкө валютасындагы башка кредиттер, займдар».
Кредиттер жана займдар боюнча милдеттенмелерди өз алдынча субэсептерде кылдат эсепке алуу субъекттин аналитикалык керектөөлөрүнө жараша жүргүзүлөт.
Чет өлкө валютасындагы кредиттерди жана займдарды алуу жана төлөө боюнча операциялар чет өлкө валютасында сыяктуу эле, Улуттук банктын операция ишке ашырылган күнгө карата эсептик курсу боюнча улуттук валютага кайрадан эсептелинүү менен эске алынат. Ар бир отчеттук күнгө карата чет өлкө валютасында жөнгө салынууга тийиш болгон кредиттер жана займдар боюнча милдеттенмелер эсепке алуу курсу боюнча кайрадан эсептелинип чыгат жана келип чыккан айырма 9140 «Чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча курстук айырмалардан киреше» эсебинин кредитине же 9520 «Чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча курстук айырмалардан чыгымдар» эсебинин дебетине чегерилет.
Субъект кредиттер жана займдар боюнча карыздарды алар төлөнгөн шартта гана, б.а. келишимде каралган милдеттенмелер аткарылган, жок кылынган же алардын аракеттенүү мөөнөтү бүткөн учурда гана баланстан алынып салынат. Милдеттенмелерди төлөө боюнча бардык операциялар 3310, 3320 эсептердин дебети боюнча чагылдырылат. Жокко чыгарылган милдеттенмелер боюнча карыздарды эсептен алып салуулар (3110 эсепке карата түшүндүрмөнү карагыла) 3310, 3320 эсептердин дебети боюнча 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Кыска мөөнөттүү кредиттер жана займдар боюнча төлөөгө чегерилген пайыздар 9510 «Пайыздар түрүндөгү чыгымдар» эсебинин дебети боюнча 3550 «Карыздык милдеттенмелер боюнча чегерилген пайыздар» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
ФОЭСтин «Финансы отчетун берүү» деп аталган 1-стандартына ылайык узак убакытка рефинансылануучу (мөөнөтү узартылуучу) жана бул факт рефинансылоо келишими менен тастыкталган кыска мөөнөттүү займдар 3310, 3320 эсептердин дебети боюнча 4120, 4130 эсептердин кредити менен корреспонденцияда узак мөөнөттүү өткөрүүлөр менен кайрадан классификацияланат.
3330 «Узак мөөнөттүү карыздык милдеттенмелердин ошол учурга каралган бөлүгү» эсеби
Отчеттук күндөн кийинки 12 ай ичинде аткарылууга тийиш болгон узак мөөнөттүү карыздык милдеттенмелердин бөлүгү 3330 «Узак мөөнөттүү карыздык милдеттенмелердин ошол учурга каралган бөлүгү» эсебинин кредити боюнча узак мөөнөттүү милдеттенмелерди эсепке алуунун тиешелүү эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
3390 «Башка кыска мөөнөттүү карыздык милдеттенмелер» эсеби субъекттин кредиттерден жана займдардан башка карыздык милдеттенмелерин эсепке алуу үчүн каралган. Атап айтканда, бул эсепте субъект тарабынан чыгарылган кыска мөөнөттүү векселдер жана облигациялар сыяктуу карыздык баалуу кагаздар эсепке алынышы мүмкүн. Эгерде милдеттенме финансылык отчет күнүнөн кийинки бир жылдан ашпаган мөөнөттө аткарылууга тийиш болсо, ушул эле эсепте алдынала же дароо төлөөлөрсүз эле сатуу сатуучу тарабынан белгиленген, кредиттөөнүн адеттеги мөөнөттөрүнөн ашкан убакытка төлөмдөрдү кийинкиге калтыруу менен сатылып алынган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча карыздар да эсепке алынат (коммерциялык кредит).
Чет өлкө валютасында жөнгө салынууга тийиш болгон милдеттенмелер чет өлкө валютасында сыяктуу эле, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан операция жүзөгө ашырылган күнгө карата белгиленген курс боюнча кайрадан эсептелинген улуттук валютада да эске алынат. Ар бир отчеттук күнгө карата 3390 эсептин чет өлкө валютасында чагылдырылган сальдосу ушул күнгө карата белгиленген курс боюнча кайрадан эсептелинет жана келип чыккан айырма 9140 «Чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча курстук айырмалардан киреше» эсебинин кредитине же 9520 «Чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча курстук айырмалардан чыгым» эсебинин дебетине чегерилет.
Облигацияларды эсепке алуу
Облигация чыгарган жактан, анда көрсөтүлгөн мөөнөттө, облигацияларды номиналдык наркы боюнча же башка мүлктүк эквивалентте алууга аны кармап туруучунун укугун тастыктаган баалуу кагаз, облигацияны түшүндүрөт. Облигация ошондой эле, аны кармап туруучуга облигациянын номиналдык наркынан, же болбосо башка мүлктүк укуктан катталган пайызды алууга да укук берет.
Облигациялар боюнча милдеттенмелер эсепке алууда эки ыкмада чагылдырылышы мүмкүн:
а) облигацияларды сатуу учурунда эмитент 3390 эсептин кредити боюнча сатуу учурунда алынган суммадагы милдеттенмени чагылдырат. Облигациялардын баштапкы наркы менен алардын номиналдык наркынын ортосундагы айырма (жеңилдик же үстөк) амортизацияланат: пайыздарды төлөөнүн ар бир белгиленген күнү жеңилдиктердин же үстөк кошуулардын тиешелүү бөлүгү 9510 «Пайыздар түрүндөгү чыгымдар» эсебинин дебетине же кредитине 3390 эсеби менен корреспонденцияда алынып салынат. Эгерде пайыздарды төлөө күнү отчеттук күн менен дал келбей калса, жеңилдиктердин же үстөк кошуулардын амортизациясы пайыздарды төлөөнүн акыркы күнү менен отчеттук күндүн ортосундагы мезгил үчүн да чегерилет;
б) облигацияларды сатуу учурунда эмитент 3390 эсебинин кредити боюнча облигациялардын номиналдык наркын чагылдырат, ал эми жеңилдиктердин же үстөк кошуулардын суммасы 3390 эсепке карата «Облигациялар боюнча жеңилдиктер же үстөк кошуулар» деп аталган контрэсептин дебети же кредити боюнча чагылдырылууга тийиш. Жеңилдиктердин же үстөк кошуулардын амортизациясы 9510 эсептин дебети (кредити) боюнча контрэсеп менен корреспонденцияда чагылдырат. Мында, бухгалтердик баланста облигациялардын номиналдык наркын эсепке алуу эсебинин сальдосу катары эсептелинген милдеттенмелердин баланстык наркы, плюс (минус) жеңилдиктерди жана үстөк кошууларды эсепке алуунун субэсептеринин сальдосу көрсөтүлөт.
Жокко чыгарылган милдеттенмелер боюнча карыздарды эсептен алып салуу (3310, 3320 эсептерге карата эсептин түшүндүрмөлөрдү карагыла) 3390 эсептин дебети боюнча 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Облигациялар менен ишке ашырылган операцияларды эсепке алуу боюнча бухгалтердик өткөрүүлөрдүн мүмкүн болгон схемаларынын бири төмөндө келтирилген:
| Операциялардын мазмуну
| Корреспонденциялоочу эсептин номери | |
|
| Дебет | Кредит |
1
| Субэсептеги жеңилдикти же үстөк кошууну эсепке алуу: Облигацияларды сатуу: - сатылган облигациялардын номиналдык наркы;
- номиналдык нарктан жеңилдиктер;
- номиналдык наркка үстөк кошуулар
|
1100, 1200, 1590 3391
1100, 1200, 1590 |
3390
1100, 1200, 1590 3391
|
2
| Амортизацияны чегерүү: - жеңилдик; - үстөк кошуу |
9510 3391 |
3391 9510 |
1
| Субэсепти колдонуусуз жеңилдиктерди жана үстөк кошууларды эсепке алуу: Облигацияларды сатуу: - сатылган облигациялар үчүн алууга каралган сумма |
1590
|
3390
|
2
| Чегерилген амортизация: - жеңилдиктер; - үстөк кошуу |
9510 3390 |
3390 9510 |
| Облигациянын наркын төлөп берүү
| 3390
| 1110, 1210 |
Чыгарылган облигациялар боюнча төлөөгө карата кошуп эсептелинген пайыздар 9510 «Пайыздар түрүндөгү чыгымдар» эсебинин дебети боюнча 3550 «Карыздык милдеттенмелер боюнча чегерилген пайыздар» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Векселдерди эсепке алуу
Вексел берүүчүнүн векселде каралган мөөнөт келип жеткенде вексел ээсине белгиленген сумманы (төлөө наркын) төлөп берүүгө эч нерсе менен шартталбаган милдеттенмесин тастыктаган баалуу кагаз, вексел катары таанылат. Вексел пайыздык (векселди төлөө учурунда төлөнүүгө тийиш болгон пайыздарын көрсөтүү менен) же пайызсыз (пайыздардын суммасы төлөө наркына кошулат) болушу мүмкүн.
Пайыздык векселдер, вексел берүүчүнүн эсепке алуусунда номиналдык (төлөө) наркы боюнча таанылат. Пайыздарды чегерүү 9510 «Пайыздар түрүндөгү чыгашалар» эсебинин дебети боюнча 3550 «Карыздык милдеттенмелер боюнча чегерилген пайыздар» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат жана эсепке алууда ал, ошол боюнча таанылган кыска мөөнөттүү карыздык милдеттенмелердин наркына таасирин тийгизбейт.
Пайызсыз векселдер, вексел берүүчү тарабынан жеңилдиктер (дисконт) менен чыгарылат жана алар ошол вексел боюнча пайызды түшүндүрөт, башкача айтканда, пайызсыз векселдин номиналдык наркында алынган займ сыяктуу эле, ал боюнча пайыздардын суммасы камтылат. Төлөөгө каралган пайызсыз векселдер эсепке алууда эки ыкмада чагылдырылат:
а) 3390 «Башка кыска мөөнөттүү карыздык милдеттенмелер» эсебинин кредити боюнча вексел боюнча алынган айкын сумма чагылдырылат. Жеңилдиктер амортизациясы 3390 эсептин кредити боюнча 9510 «Пайыздар түрүндөгү чыгымдар» эсеби менен корреспонденцияда түздөн-түз чагылдырылат. Векселди төлөө күнүнө карата анын баланстык наркы минималдык наркына - төлөнүүгө тийиш болгон суммага барабар болуп калат.
б) 3390 эсептин кредити боюнча векселдин номиналдык (төлөө) наркы, ал эми жеңилдиктин (дисконттун) суммасы 3391 «Төлөөгө каралган вексель боюнча жеңилдик (дисконт)»контрэсебинин дебети боюнча чагылдырылат. Жеңилдик амортизациясы 9510 эсептин дебети боюнча 3391 эсеп менен корреспонденцияда эске алынат. Төлөөгө каралган вексель боюнча милдеттенмелерди бухгалтердик баланста чагылдырууда 3391 эсептин дебеттик сальдосу 3390 эсептин сальдосунан кемитилет.
3400 эсептер тобу «Төлөөгө каралган салыктар»
3400 «Төлөөгө каралган салыктар» эсеби субъекттер тарабынан төлөнүүчү салыктар, субъекттин персоналдарынын кирешесинен салыктар жана башка салыктар боюнча бюджет алдындагы милдеттенмелер тууралуу маалыматтарды жалпылоо үчүн каралган, ал эми салыктарды эсептеп кармап калуу жана төлөө боюнча милдеттенмелер салык мыйзамдарынын талабына ылайык, субъектке жүктөлөт.
Эсептер планында салыктарды эн эле мүнөздүү категориялар боюнча эсепке алуу үчүн өзүнчө эсептер каралган:
3410 Төлөөгө каралган пайда салыгы;
3420 Жеке адамдардан киреше салыгы;
3430 Төлөөгө каралган КНС;
3440 Төлөөгө каралган акциздер;
3490 Төлөөгө каралган башка салыктар.
Салыктарды эсептөө жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Салык кодекси менен жөнгө салынат.
Отчеттук күндөн кийинки он эки ай ичинде төлөнүүгө тийиш болгон салыктар боюнча милдеттенмелер «Төлөөгө каралган салыктар» эсебинин кредити боюнча чагылдырылат. Эсепке алууда пайда салыгы боюнча милдеттенмелерди чагылдыруу өзгөчөлүктөрү тууралуу 2400 «Төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык талаптар» жана 4300 «Төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык милдеттенмелер» эсептерине карата түшүндүрмөлөрдөн таба аласыңар.
Бюджетке салыктарды төлөө боюнча операциялар, ошондой эле салыктык милдеттенмелердин азаюусуна алып келген башка операциялар 3400 «Төлөөгө каралган салыктар» эсебинин дебети боюнча чагылдырылат (сатылып алынган материалдык ресурстар үчүн КНСти эсептөө (зачет), алардан акциздик товарлар өндүрүлгөн акциздик чийки заттар үчүн төлөнгөн акциздик салыкты эсептөө, субъект менен эсептешүүлөр эсебине салыктын үчүнчү жак тарабынан төлөнүшү ж.б.).
Салыктык мыйзамдарды бузууга жол бергендикке байланыштуу бюджетке чегерилүүчү айыптык төлөмдөр, пайыздар чегерилген чыгашалардын өзүнчө, мисалы 3590 «Башка чегерилген чыгымдар» эсебинде эсепке алынышы сунуш кылынат.
3500 эсептер тобу «Кыска мөөнөттүү чегерилген милдеттенмелер»
Отчеттук мезгил ичинде таанылган, бирок 3100 «Төлөөгө каралган эсептер» эсебинде эске алынган төлөөгө каралган эсептер боюнча соодалык кредитордук карыздарды жана салыктарды төлөө боюнча чегерилген чыгашаларды эске албаганда, отчеттук күнгө карата төлөнбөгөн сарптоолорго жана чыгашаларга байланыштуу кыска мөөнөттүү милдеттенмелерди чагылдыруу үчүн 3500 «Кыска мөөнөттүү чегерилген милдеттенмелер» эсеби каралган.
Чегерилген милдеттенмелер, эгерде алар отчеттук күндөн кийинки он эки ай ичинде аткарылууга тийиш болсо, кыска мөөнөттүү катары классификацияланат. Эгерде милдеттенмени аткаруу мөөнөтү он эки айдан ашса, бирок милдеттенме субъекттин операциялык циклынын адаттагыдай жүрүшүндө колдонулушу болжолдонуп жатса, милдеттенме анда да кыска мөөнөттүү катары таанылат. Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөр боюнча иш жүзүндө чегерилген милдеттенмелер, ошондой эле кызматкерлер үчүн чегерилүүлөр да дайыма кыска мөөнөттүү катары эсепке алынып келинген.
Эсептер планында чегерилген милдеттенмелердин эң эле мүнөздүү категорияларын эсепке алуу үчүн өзүнчө эсептер каралган:
3510 Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча чегерилген милдеттенмелер;
3520 Чегерилген эмгекакы;
3530 Социалдык камсыздандырууга чегерилген төлөмдөр;
3540 Төлөөгө каралган дивиденддер;
3550 Карыздык милдеттенмелер боюнча кошуп эсептелинген пайыздар;
3590 Башка чегерилген чыгымдар.
3510 «Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча чегерилген милдеттенмелер» эсебинин кредити боюнча, эгерде милдеттенме формалдуу түрдө берүүчү менен макулдашылып, жетиштүү деңгээлдеги тактык менен эсептелинген болсо, субъект тарабынан алынган же ага жеткирилип берилген фактураланбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн карыздар чагылдырылат. Атап айтканда, 3510 эсептин кредити боюнча төмөнкүлөр эсепке алынат:
- отчеттук күнгө карата алар боюнча эсептер алынбаган келип түшкөн товардык материалдык баалуулуктар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн товар берүүчүлөр алдындагы карыздар - товардык-материалдык запастарды, кызмат көрсөтүүлөргө чыгымдарды эсепке алуу эсептери менен корреспонденцияда;
- субъект тарабынан алынбаган, бирок субъекттин дарегине жөнөтүлгөн жана келишим шарттарына ылайык жеткирип келүүгө байланыштуу бардык тобокелдиктер сатып алуучуга өткөн товардык-материалдык запастар үчүн товар берүүчүнүн алдындагы карыз;
- келишимдерге ылайык чегерилген фактураланбаган кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөр боюнча карыздар, ж.б.
Алар боюнча карыздар 3510 эсепте катталган берүүлөргө счет-фактураларды алуу учурунда милдеттенменин айкын суммасы 3510 эсептин дебетине 3100 «Төлөөгө каралган эсептер» эсеби менен корреспонденцияда алынып салынат. Эгерде келип түшкөн счет-фактурага ылайык милдеттенме такталууга тийиш болсо, анда корректировкалоо суммасы 3510 эсептин дебети же кредити боюнча сарптоолорду жана чыгашаларды эсепке алуунун тиешелүү эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Чет өлкө валютасындагы операциялардын натыйжасында келип чыккан чегерилген милдеттенмелердин суммасына чет өлкө валюталарынын курстарынын өзгөрүүсүнүн таасирин, талап кылынбаган кредитордук карыздарды, узак мөөнөттүү милдеттенмелерге кайра классификациялоону эсепке алууну 3110 «Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө каралган эсептер» эсебине карата түшүндүрмөдөн таба аласыздар.
3530 «Социалдык камсыздандырууга чегерилген төлөмдөр» эсебинин кредити боюнча камсыздандыруучу субъект тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандырууга чегерүүлөрдүн суммасы, ошондой эле камсыздандыруучу тарабынан камсыздандырылган жактардын кирешесинен кармалып калган суммалар чагылдырылат. Албетте эгерде, камсыздандыруучуга мыйзам тарабынан камсыздандыруу төлөмдөрүн кармап калуу жана камсыздандыруучуга чегерүү боюнча милдеттер жүктөлгөн болсо.
Төлөнгөн камсыздандыруу төлөмдөрдүн суммалары жана милдеттенмелерди азайтуучу башка суммалар 3520 эсептин дебети боюнча чагылдырылат. Камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу төлөмдөрүн өз учурунда же толук эмес төлөгөндүгү үчүн чегерилген айыптык санкциялар 3530 эсептин же 3590 «Жана башка чегерилген чыгымдар» эсебинин кредити боюнча чагылдырылат.
Акционерлердин (катышуучулардын) жалпы жыйындын чечимине жана уюштуруу документтеринин жоболоруна ылайык пайданы бөлүштүрүү тартибинде акционерлерге (катышуучуларга) төлөнүп берилүүгө тийиш болгон дивиденддердин суммасы 3540 «Төлөөгө каралган дивиденддер» эсебинин кредити боюнча 5300 «Бөлүштүрүлбөгөн пайда» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Артыкчылыктуу акциялар боюнча дивиденддерди төлөө үчүн пайда жетишсиз же жок болсо, төлөөгө каралган дивиденддер 5300 «Бөлүштүрүлбөгөн пайда» эсебинин дебети боюнча өткөрүүлөр менен чегерилет. Артыкчылыктуу акциялар боюнча дивиденддерди чегерүүгө байланыштуу келип чыккан пайда тартыштыгы резервдик (фонддун) жана кошумча төлөнгөн капиталдын каражаттарынын эсебинен жабылат: бул операция 5300 «Бөлүштүрүлбөгөн пайда» эсебинин кредити боюнча 5400, 5210 эсептери менен корреспонденциядагы өткөрүүлөрдө чагылдырылат. 5400, 5210 эсептеринде каражаттар жетишсиз же жок болсо, пайда тартыштыгы толукталбаган бойдон кала берет.
3550 «Карыздык милдеттенмелер боюнча чегерилген пайыздар» эсебинин кредити боюнча карыздык каражаттарды пайдаланууга байланыштуу келип чыккан, келишимдин шарттарына же баалуу кагаздарды чыгаруу шарттарына ылайык чегерилген пайыздарга сарптоолорго төлөөлөр боюнча милдеттенмелер чагылдырылат, ал эми келишимдин шарттары пайыздардын төлөө мөөнөттөрүнө көзкарандысыз төлөнүшү карайт жана милдеттенмелер карыздык каражаттарды пайдалануу мезгил аралыгына пропорционалдуу чегерилүүгө тийиш. 3550 эсептин кредити боюнча, ошондой эле ижарачынын ФОЭСтин «Ижара» деп аталган 17-стандартынын 17-параграфында белгиленген эрежелерге ылайык, ошол отчеттук мезгил аралыгына бөлүштүрүлгөн финансылык чыгымдары да чагылдырылат.
ФОЭСтин «Займдар боюнча сарптоолор» деп аталган 23-стандартында займдар боюнча сарптоолорду эсепке алуунун эки ыкмасы аныкталган:
- эсепке алуунун негизги тартиби: пайыздарга кеткен сарптоолор карыздык каражаттар кандай максаттарга багытталгандыгына карабастан, сарптоолор жумшалган мезгилдеги чыгашалар катары таанылат. Таанылган чыгашалар эсепке алууда 3550 «Карыздык милдеттенмелер боюнча чегерилген пайыздар» эсебинин кредити боюнча 9510 «Пайыздар түрүндөгү чыгашалар» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылууга тийиш;
- эсепке алуунун жол берилген альтернативалуу тартиби: аларды болжолдонуп жаткан пайдаланууга даярдоо олуттуу убакытты талап кылган активди (мындан ары текст боюнча - квалификацияланган актив) сатып алууга, курууга же өндүрүүгө түздөн-түз тиешелүү болгон займдар боюнча сарптоолор аларды ошол активдин наркына кошуу аркылуу капитализацияланат. Капитализациялоого уруксат берилген займдар боюнча сарптоолордун суммасы ФОЭСтин «Займдар боюнча сарптоолор» деп аталган 23-стандартынын 10-19-параграфтарына ылайык аныкталат. Займдар боюнча пайыздарды капитализациялоо 3550 эсептин кредити боюнча активге кеткен чыгашаларды эсепке алуу эсептери менен корреспонденцияда (мисалы 2120 «Бүткөрүлбөгөн курулуш» эсеби менен) чагылдырылат. Пайыздарды капитализациялоо квалификациялуу активди түзүү жана болжолдонуп жаткан пайдаланууга же сатууга даярдоо боюнча иштин башталышы менен башталат, ал эми активди түзүү боюнча жигердүү иш токтотулган шартта убактылуу токтотулуп турат жана активди түздөн-түз пайдаланууга даярдоо боюнча бардык иш аягына чыгарылган шартта токтотулат. Капитализациялоонун убактылуу токтотулушу же таптакыр токтотулушу мезгили аралыгында чегерилген пайыздар ошол мезгилдин чыгашалары катары таанылат жана 9510 «Пайыздар түрүндөгү чыгымдар» эсебинде чагылдырылат.
Эгерде, пайыздарды төлөө боюнча милдеттенме чет өлкө валютасында жөнгө салынууга тийиш болсо, анда чегерилген милдеттенмелерди жана алардын төлөнүшүн эсепке алуу чет өлкө валютасында сыяктуу эле, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чегерүү же төлөө күнүнө карата белгиленген эсептик курс боюнча улуттук валютага кайрадан эсептелүү менен жүргүзүлөт. 3550 эсептин отчеттук мезгилдин акырына карата чет өлкө валютасындагы сальдосу эсептик курс боюнча кайрадан эсептелип чыгат. Кайрадан эсептөө учурунда келип чыккан курстук айырмалардын эсебин жүргүзүү тартиби займдар боюнча сарптоолорду эсепке алуунун кабыл алынган тартибине жараша жүргүзүлөт. Эгерде эсепке алуунун негизги тартиби колдонулса, анда курстук айырмалар 9520 «Чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча курстук айырмалардан чыгым» эсебинин дебети же 9140 «Чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча курстук айырмалардан киреше» эсебинин кредити боюнча чагылдырылат. Эгерде, эсепке алуунун жол берилген альтернативалуу тартиби колдонулса, анда ага пайыздар капитализацияланган ошол эле эсептин дебети же кредити боюнча чагылдырылууга тийиш.
Ижарачынын ошол отчеттук мезгил аралыгына бөлүштүрүлгөн финансылык чыгымдарды 3550 эсептин кредити боюнча 9510 «Пайыздар түрүндөгү чыгымдар» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Эгерде субъект соттун же кредитордун өзүнүн чечими менен чегерилген пайыздарды төлөө боюнча милдеттенмелерди (же алардын бөлүгүн) аткаруудан бошотулса, анда кредитордук карыздын тиешелүү суммасы 3550 эсептин дебети боюнча 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» эсеби менен корреспонденцияда жүргүзүлгөн өткөрүүлөрдө алып салынат. Мында, кредитордук карызды эсептен алып салуу үчүн негиз болгон документ болуп, соттун мыйзам талабына ылайык күчүнө кирген чечими жана кредитордун карызды талап кылуудан кат жүзүндө баш тартуусу саналат.
Тиешелүү талаптар үчүн жарандык мыйзамдарда белгиленген доонун эскириши мөөнөтү бүткөн кредитордук карыз 3550 эсептен 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» эсебинин кредитине алынып салынат. Милдеттенмелердин мисалы, соттун чечими боюнча калыбына келтирилиши учурунда кредитордук карыздын тиешелүү суммасы 3550 эсептин кредити боюнча 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсеби менен корреспонденцияда милдеттенмелер калыбына келтирилген отчеттук мезгилде чагылдырылат.
3590 «Башка чегерилген чыгымдар» эсебинин кредити боюнча 3510-3550 эсептерде чагылдырылган милдеттенмелерден тышкары, кандай болбосун чыгымдарга байланыштуу чегерилген милдеттенмелер чагылдырылат. Атап айтканда, 3590 эсепте эмгек келишиминде каралган эмгек өргүүлөрүнө чыгууга төлөөлөр, субъекттин персоналына жеңилдик төлөмдөр боюнча алдыда турган чыгымдар эсепке алынат.
3600 эсеп «Башка кыска мөөнөттүү милдеттенмелер»
3600 эсеби ар кандай кыска мөөнөттүү милдеттенмелерди эсепке алуу үчүн каралган жана 3100-3500, 3700 эсептеринде эске алынган милдеттенмелерден айырмаланат. Мисалы 3600 эсепте субъекттин кызматкерлердин жана жетекчилердин алдында иш боюнча кыдырууларга, товардык-материалдык запастарды жана башкаларды сатып алууга берилген аванстардын артыкча жумшалып кеткен суммалары боюнча карызы эсепке алынышы мүмкүн.
3700 эсеп «Резервдер»
3700 «Резервдер» эсеби жөнгө салынышы экономикалык пайданы камтыган ресурстардын келечекте колдонуудан калуусуна алып келген өлчөмү боюнча аныкталбаган же болбосо аткаруу мөөнөтү аныкталбаган чегерилген милдеттенмелерди эсепке алуу үчүн каралган. Резервдер төмөнкү шарттар орун алган учурда түзүлөт:
- субъект өткөн окуялардын натыйжасында башка тараптардын алдында формалдуу милдеттенмелерге ээ болсо. Милдеттенме юридикалык жактан аныкталышы мүмкүн, башкача айтканда келишимден же мыйзамдан улам келип чыгышы (мисалы, келишимдин шарттары аткарылбай калган же талап кылынгандай аткарылбай калса, ошондон улам келип чыккан зыяндын ордун жабууга буюртмачынын алдында алынган милдеттенме), же субъект жарыяланган саясатында же жетиштүү деңгээлде айкын билдирилген билдирүүсүндө өзүнө белгилүү бир милдеттенмелерди алгандыгын ачык жарыялоо менен ошол алган милдеттенменин аткарыла тургандыгына башка тараптын күтүүлөрүн жараткан анын иш алып баруу тажрыйбасынан келип чыгышы мүмкүн (мисалы азык-түлүктөрдүн гарантиялык талондор менен сатылышы, купондук жана белектерди кошуу менен сатуу ж.б.);
- милдеттенмелердин ордун жабуу үчүн экономикалык пайданы түптөгөн ресурстардын колдонуудан чыгуусу талап кылынышы ыктымал;
- милдеттенменин суммасы ишенимдүү бааланышы мүмкүн.
Резервдерди түзүү жана аларды финансылык отчетто таануу маселесин чечүүдө субъект, ФОЭСтин «Резервдер, шарттуу милдеттенмелер жана шарттуу активдер» деп аталган 37-стандартына таянуусу зарыл.
Келечектеги операциялык зыяндар үчүн түзүлгөн резервдер ФОЭСте активдердин баасынын түшүүсү катары каралат, мындай резервдер чегерилген милдеттенмелер катары таанылбайт жана активдердин баланстык наркынан кемитилет. Мисалы, кайтарылышы ишенимсиз дебитордук карыздарга түзүлгөн 1491 эсепте эске алынган резервдер финансылык отчетто төлөөгө каралган эсептер боюнча дебитордук карыздардын суммасынан кемитилет.
Чегерилген резервдер эсепке алууда 3700 «Резервдер» эсебинин кредити боюнча тиешелүү чыгашаларды эсепке алуу эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат. Мисалы, гарантиялык тейлөө боюнча чыгымдарга чегерилген резервдер 7560 «Гарантиялык тейлөө боюнча чыгымдар» эсебинин дебети боюнча 3700 эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Чегерилген резервдердин ар бир түрүн 3700 эсебине карата өзүнчө субэсепте эске алуу сунуш кылынат, мисалы:
3710 «Гарантиялык тейлөөгө резервдер»;
3720 «Соттук доолорго төлөөлөргө резерв»;
3730 «Башка резервдер».
Ошол субъект үчүн эң эле олуттуу болгон резервдер бухгалтердик баланста «Резервдер» деп аталган статьяны камтыган өзүнчө сапта чагылдырылууга тийиш.
Резервдер ар бир отчеттук күнгө карата кайрадан каралып жана утурумдук алгылыктуу баалоолорду чагылдыруу үчүн корректировкаланып турууга тийиш. Резервдердин көбөйүүсү тиешелүү чыгымдар эсебинин дебети боюнча 3700 эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат. Резервдердин азаюусу 3700 эсебинин дебети боюнча тиешелүү чыгымдарды эсепке алуу эсеби менен корреспонденцияда көрсөтүлөт.
Алар үчүн резервдер түзүлгөн айкын чыгымдар 3700 эсебинин дебетине алып салынат. Резервдер, ал баштапкы таанылган чыгашалар үчүн гана пайдаланылууга тийиш.
Акчанын убакыт аралыгындагы наркынын таасири олуттуу болсо, резервдер дисконттолууга тийиш (ФОЭСтин 37-стандартынын 45-47-параграфтарын карагыла). Дисконттоонун натыйжасында резервдердин наркынын көбөйүүсү займдар боюнча чыгашалар катары таанылат да эсепке алууда 3700 эсебинин кредити боюнча 9510 «Пайыздар түрүндөгү чыгымдар» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
4000 бөлүм «Узак мөөнөттүү милдеттенмелер»
4100 эсептер тобу «Узак мөөнөттүү милдеттенмелер»
Субъекттин отчеттук күндөн кийинки он эки айдан ашкан убакытка аткаруу мөөнөтү менен шартталган милдеттенмелери тууралуу маалыматтарды жалпылоо үчүн 4100 «Узак мөөнөттүү милдеттенмелер» эсеби каралган.
Эсептер планында узак мөөнөттүү милдеттенмелерди өтө мүнөздүү категориялар боюнча эсепке алуу үчүн өзүнчө эсептер каралган:
4110 «Төлөөгө каралган облигациялар»;
4120 «Банктык кредиттер, займдар»;
4130 «Башка кредиттер, займдар»;
4140 «Төлөөгө каралган векселдер»;
4150 «Финансы ижарасы боюнча милдеттенмелер»;
4190 «Башка узак мөөнөттүү милдеттенмелер».
Узак мөөнөттүү милдеттенмелерди эсепке алуу ар бир милдеттенме боюнча өзүнчө, пайыздык ставкаларын (чендерин), төлөө мөөнөттөрүн, конверсиондук артыкчылыктарын, облигацияларды мөөнөтүнөн мурда сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн же ижара келишимин токтотуу, күрөөгө коюлган облигациялык займдын камсыздалынышы, төлөө валютасы жана башкаларды милдеттүү түрдө чагылдыруу менен жүргүзүлөт. Аналитикалык керектөөлөргө жараша милдеттенмелер 4100 эсептерине карата өзүнчө субэсептерде топтоштурулушу мүмкүн, мисалы:
4110 «Төлөөгө каралган - камсыз кылынган узак мөөнөттүү облигациялар»;
4111 «Төлөөгө каралган - камсыз кылынбаган узак мөөнөттүү облигациялар»;
4112 «Төлөөгө каралган - мөөнөттүү узак мөөнөттүү облигациялар»;
4113 «Төлөөгө каралган - сериялык узак мөөнөттүү облигациялар»;
4114 «Төлөөгө каралган конвертирленүүчү узак мөөнөттүү облигациялар»;
4120 «Улуттук валютадагы узак мөөнөттүү банктык займдар, кредиттер»;
4121 «Чет өлкө валютасындагы узак мөөнөттүү банктык займдар, кредиттер»;
4130 «Улуттук валютадагы узак мөөнөттүү банктык эмес займдар, кредиттер»;
4131 «Чет өлкө валютадагы узак мөөнөттүү банктык эмес займдар, кредиттер».
Займдарды жана кредиттерди, анын ичинде камсыз кылынган берилген векселдерди алуу учурунда келип чыккан узак мөөнөттүү финансылык милдеттенмелерди эсепке алуу үчүн 4110-4140 эсептер каралган.
ФОЭСтин «Финансылык каражаттар: таануу жана баа берүү» деп аталган 39-стандартына ылайык узак мөөнөттүү финансылык милдеттенмелер алгач эсепке алууда айкын сарптоолор боюнча, башкача айтканда ФОЭСтин 39-стандартынын 67-параграфына ылайык аныкталган алынган, ордун толтуруп берүүчүнүн адилет наркы боюнча (бүтүмгө келишүү боюнча сарптоолорду кошо алганда) таанылат. Мында, чет өлкө валютасында операцияларды жүзөгө ашыруунун натыйжасында келип чыккан милдеттенмелер эсепке алууда «Узак мөөнөттүү карыздык милдеттенмелер» эсептеринин кредити боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан операция ишке ашырылган күнгө карата белгиленген курс боюнча улуттук валютада таанылууга тийиш.
Баштапкы таануудан кийин финансылык милдеттенмелер амортизацияланган наркы боюнча бааланат (амортизацияланган нарктын аныктамасын ФОЭСтин 39-стандартынын 10-параграфынан карагыла). Алгач, милдеттенме ошол суммада таанылган айкын сарптоолор менен төлөө баасынын ортосундагы айырманын амортизациясы милдеттенмелер эсебине карата контрэсеп болгон өзүнчө эсепте чагылдырылышы же милдеттенмелерди эсепке алуу эсебинин дебетине же кредитине түздөн-түз алынып салынышы мүмкүн. Амортизацияны эсепке алуу тартибин 3310 «Банктык кредиттер, займдар», 3320 «Башка кредиттер займдар» эсептерине карата түшүндүрмөлөрдөн карагыла. Чет өлкө валютасында жөнгө салынууга тийиш болгон милдеттенмелердин наркынын өзгөрүүсүн эсепке алуу чет өлкө валютасында сыяктуу эле, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан операция жүзөгө ашырылган күнгө карата белгиленген курс боюнча улуттук валютага кайрадан эсептөө менен жүргүзүлөт. Ар бир отчеттук күнгө карата чет өлкө валютасындагы милдеттенме айырманы 9140 «Чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча курстук айырмалардан киреше» эсебинин кредитине же 9520 «Чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча курстук айырмалардан чыгым» эсебинин дебетине чегерүү менен эсептик курс боюнча кайрадан эсептелип чыгат.
Отчеттук күндөн кийинки он эки ай ичинде аткарылууга тийиш болгон милдеттенме (же анын бөлүгү) 4100 эсебинен 3330 «Узак мөөнөттүү карыздык милдеттенмелердин ошол учурга каралган бөлүгү» эсебинин кредитине эсептен алынып салынат. Пайыздардын төлөнүшү каралган милдеттенмелер алар отчеттук күндөн кийинки он эки ай ичинде төлөнүүгө тийиш болсо да, узак мөөнөттүү катары классификацияланат. Бирок, баштапкы төлөө мөөнөтү он эки айдан ашкан жана узак мөөнөткө каралган убакытка рефинансыланышы болжолдонуп жатса жана бул, рефинансылоо келишими же болбосо төлөмдөрдүн графигинин өзгөртүлүшү менен тастыкталган болсо.
ФОЭСтин «Финансылык отчеттун берилиши» деп аталган 1-стандартына ылайык узак мөөнөткө рефинансылануучу жана бул ниет рефинансылоо келишими менен тастыкталган кыска мөөнөттүү милдеттенмелер кыска мөөнөттүү карыздык милдеттенмелерди эсепке алуунун тиешелүү эсебинин дебети боюнча узак мөөнөттүү милдеттенмелер эсеби менен корреспонденцияда өткөрүүлөрдү жүргүзүү аркылуу узак мөөнөттүү милдеттенмелерге кайрадан классификацияланат.
Узак мөөнөттүү карыздык милдеттенмелерди таануунун токтотулушу эсепке алууда кыска мөөнөттүү карыздык милдеттенмелерди таануунун токтотулушундай эле чагылдырылат (3300 «Кыска мөөнөттүү карыздык милдеттенмелер» топторунун эсептерине карата түшүндүрмөлөрдү карагыла).
4150 эсеп ижарачынын финансылык ижара келишими боюнча келип чыккан милдеттенмелерин эсепке алуу үчүн каралган. Финансылык ижара боюнча милдеттенмелерди эсепке алуу тартиби ФОЭСтин «Ижара» деп аталган 17-стандартында аныкталган.
4150 эсептин кредити боюнча узак мөөнөттүү активдерди эсепке алуу эсептери менен корреспонденцияда ижарага алынган мүлктүн адилет наркына же эгерде дисконттолгон нарк адилет нарктан төмөн болсо, минималдуу ижаралык төлөмдөрдүн дисконттолгон наркына барабар суммадагы милдеттенмелер чагылдырылат.
Келишимде аныкталган ижаралык төлөмдөрдүн суммасында ижарачынын финансылык чыгымдары жана төлөнбөгөн милдеттенмелердин азаюусу камтылат.
Финансылык чыгымдар ижара мөөнөтү аралыгына, милдеттенменин калган сальдосуна пайыздын туруктуу чени сакталып тургандай негизде бөлүштүрүлөт. Отчеттук мезгилге туура келген финансылык чыгымдардын суммасы 9510 «Пайыздар түрүндөгү чыгымдар» эсебинин дебети боюнча 3550 «Карыздык милдеттенмелер боюнча чегерилген пайыздар» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат. Бир мезгилге чегерилген ижаралык төлөмдүн калган бөлүгү 4150 эсептин дебети боюнча 3600 «Башка кыска мөөнөттүү милдеттенмелер» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
4200 эсеби «Кийинкиге калтырылган кирешелер»
Бул эсеп, келишилген айрым бир бүтүмдөрдүн натыйжасында алынган кирешелердин - келечекте алынуучу кирешелерди эсепке алуу үчүн каралган, бирок, ФОЭСтин талабына ылайык мына ушул кирешелерди таануу кийинки отчеттук мезгилге жылдырылат. 4200 «Кийинкиге калтырылган кирешелер» эсебинде аларды таануу отчеттук күндөн кийинки он эки айдан ашкан мезгилге калтырылган келечекте алынуучу кирешелердин суммалары чагылдырылат.
Кийинкиге калтырылган кирешелердин пайда болуу жагдайынын мисалы катары субсидияларды эсепке алуу, кайтара ижара шартында активдерди сатуу операцияларын эсепке алууну атоого болот.
ФОЭСтин «Мамлекеттик субсидияларды эсепке алуу жана мамлекеттик жардамдар жөнүндөгү маалыматтарды ачып көрсөтүү» деп аталган 20-стандартында кирешеге чегерилүүчү катары аныкталган субсидиялар кандай формада - акчалай түрүндөбү же акчалай эмес түрүндө, алынгандыгына көзкарандысыз, субсидия таанылышы мүмкүн болгон учурда 4200 эсебинин кредити боюнча чагылдырылат. Акчалай эмес түрүндөгү субсидия, субсидия катары алынган акчалай эмес активдердин адилет наркы боюнча бааланат. Баштапкы таануудан кийин субсидия системалуу түрүндө, ал ордун жабууга тийиш болгон тиешелүү чыгымдарга жол берилген мезгил аралыгындагы киреше катары таанылат.
Кирешеге таандык болгон субсидиялар каралган мезгил аралыгындагы кирешелерди таануу, эсепке алууда 4200 эсебинин дебети боюнча 6200 «Операциялык ишкердиктен түшкөн башка кирешелер» эсеби менен корреспонденциядагы өткөрүүлөрдө чагылдырылат.
ФОЭСтин 20-стандартында активге чегерилген субсидиялар катары аныкталган субсидиялар боюнча кирешелерди таануу эсепке алууда ФОЭСтин 20-стандартында алар алгылыктуу альтернатива катары каралган эки ыкмада чагылдырылат. Ошол ыкмалардын биринин талабына ылайык субсидиялар боюнча кийинкиге калтырылган киреше, субсидиялардын эсебинен алынган же түзүлгөн узак мөөнөттүү активдин пайдалуу кызмат өтөө мөөнөтү аралыгында системалуу жана рационалдуу негиздеги киреше катары таанылат. Эсепке алууда бул жобо төмөнкүчө жүзөгө ашырылат: таанылган кирешенин суммасы 4200 «Кийинкиге калтырылган кирешелер» эсебинен 6200 «Операциялык ишкердиктен түшкөн башка кирешелер» эсебинин кредитине узак мөөнөттүү активге амортизацияны чегерүү боюнча өткөрүүлөр менен бир эле учурда эсептен алынып салынууга тийиш.
Эгерде, кийинкиге калтырылган кирешелер эсебинде эсепке алынган субсидияларга карата тигил же бул себеп боюнча кайтарып берүү жөнүндөгү талап орун алса, анда кайтарылып берилүүгө тийиш болгон сумма төмөнкүлөргө алынып салынат:
- 4200 эсебинин дебетине акча каражаттарын эсепке алуу эсеби менен корреспонденцияда же 3600 «Башка кыска мөөнөттүү милдеттенмелер» эсеби менен - 4200 эсебинин кайтарып берүү жөнүндөгү талаптын келип чыгуу учуруна карата сальдосунун чегинде;
- операциялык чыгымдар эсебинин дебетине - 4200 эсебинин сальдосунан ашкан суммада.
Коммерциялык эмес субъекттерден алынган субсидиялар да мамлекеттик субсидиялар сыяктуу эле эсепке алынууга тийиш. Мында, тажрыйбада дайыма колдонулуп келинген «грант» терминин «субсидия» термининин синоними катары түшүнүү зарыл. Албетте, эгерде грант субъектке анын экономикалык ишкердигине байланыштуу белгилүү бир шарттардын ал тарабынан аткарылышынын ордуна бекер болбогон негизде берилсе.
Кайтара ижара менен сатуу операциялары, активдин кийинчерээк сатуучу тарабынан кайтара ижарага алынышы менен сатылышын түшүнүү зарыл.
Эгерде, кайтара ижара менен сатуу финансылык ижарага алып келе турган болсо, анда активди сатуудан келип түшкөн жана сатып өткөрүүдөн түшкөн акча менен баланстык нарктын ортосунда айырма катары аныкталган пайда, келечекте алынуучу киреше катары чагылдырылат да, ижара мөөнөтү аралыгындагы отчеттук мезгилдин кирешеси катары таанылат. ФОЭСтин «Ижара» деп аталган 17-стандартынын бул жобосу эсепке алууда төмөнкүчө чагылдырылат:
- 4200 эсебинин кредити боюнча кайтара ижара менен сатылган активди сатып өткөрүүдөн түшкөн акча чагылдырылат;
- 4200 эсебинин дебети боюнча активдин баланстык наркы чагылдырылат;
- 4200 эсебинин сальдосу (активди сатып өткөрүүдөн түшкөн пайда) ижара мөөнөтү аралыгында бирдей өлчөмдө 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» эсебинин дебетине эсептен алынып салынат.
Эгерде, кайтара ижара менен сатуу операциялык ижарага алып келсе жана мында сатуу баасы сатылган активдин адилет наркынан жогору болсо, анда активдин баланстык наркы адилет наркка чейин кайрадан бааланат жана кайрадан баалоо суммасы операциялык эмес иштерден түшкөн пайда же зыян катары таанылат. Активди сатып өткөрүүдөн түшкөн акча менен анын адилет наркынын ортосундагы айырма, кийинкиге калтырылган киреше катары эсепке алынат жана активди пайдалануунун болжолдонуп жаткан мезгили ичиндеги операциялык эмес иштерден түшкөн кирешенин эсебине алынып салынат. Иш жүзүндө кайтарым операциялык ижара менен сатуу операциясы, эсепке алууда төмөнкүчө чагылдырылышы мүмкүн:
- сатуу күнүнө карата сатылган актив боюнча топтолгон амортизациянын суммасы негизги каражаттарды эсепке алуу эсебинин кредитине эсептен алынып салынат;
- активдин адилет наркы менен баланстык наркынын ортосундагы айырма негизги каражаттарды эсепке алуу эсебинин дебетине же кредитине 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер», 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсептери менен корреспонденцияда эсептен алынат;
- анын адилет наркына барабар болгон активдин жаңы баланстык наркы 4200 эсебинин дебетине алып салынат;
- активди сатып өткөрүүдөн түшкөн акча 4200 эсебинин кредити боюнча чагылдырылат.
4300 эсеп «Төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык милдеттенмелер»
4300 «Төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык милдеттенмелер» эсеби, эсепке алууда пайда салыгын ФОЭСтин «Пайда салыгы» деп аталган 12-стандартына ылайык милдеттенмелер ыкмасында чагылдыруу учурунда келип чыккан төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык милдеттенмелер жөнүндөгү маалыматтарды жалпылоо үчүн каралган.
Пайда салыгын чагылдыруу үчүн ФОЭСтин «Пайда салыгы» деп аталган 12-стандарты талап кылган милдеттенмелер ыкмасына ылайык, белгилүү шарттар орун алган учурда субъекттер, эсепке алууда отчет күнүнө карата орун алган салык алынуучу убакыт айырмаларынан алынган салыктык эффектке туура келген суммадагы кийинкиге калтырылган салыктык милдеттенмелерди чагылдырууга милдеттүү.
Баштапкы таанууда, кийинкиге калтырылган салыктык милдеттенмелер 4300 эсептин кредити боюнча төмөндө келтирилген эсептер менен корреспонденцияда чагылдырылат:
- 9910 «Пайда салыгы боюнча чыгашалар (кирешелер)»;
- 3410 «Төлөөгө каралган пайда салыгы»; жана
- 2400 «Төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык талаптар» эсеби менен да корреспонденцияланышы мүмкүн.
Мында, бир мезгил ичиндеги салыктар боюнча чыгымдардын суммасы утурумдук салыктык милдеттенмелердин суммасына дал келүүгө тийиш (Кт 3410), плюс же минус мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген салыктар (Дт 2400 же Кт 4300).
Кийинкиге калтырылган салыктык талаптар бир нече убакыт аралык кемитилүүчү айырмалардын таасири астында келип чыгышы мүмкүн. Эсепке алуу жол-жобосун жеңилдетүү максатында, эсептер планында орун алган убакыт аралык айырмалар боюнча кийинкиге калтырылган салыктык талаптарды эсепке алуу үчүн өзүнчө субэсептер каралган.
Эсепке алуунун бир эле статьясынын убакыт аралык айырмасы ар бир мезгил ичинде алардан салыктык эффект тиешелүүлүгүнө жараша, кийинкиге калтырылган салыктык милдеттенме же кийинкиге калтырылган салыктык талап катары чагылдырылуучу салык алынуучу же кемитилүүчү катары аныкталышы мүмкүн.
Убакыт айырмасынан улам өзгөрүүгө дуушар болгон салыктык эффекти эсепке алууну жөнөкөйлөтүү үчүн мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктарды кош нумерациялоо менен бир эле эсепте чагылдыруу сунуш кылынат, мисалы 2410/4310 «Негизги каражаттар боюнча убакыт айырмасынан салыктык эффект (же кайтарылбас карыздар боюнча)», ошондой эле бул эсепте мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктар боюнча бардык өзгөрүүлөр чагылдырылышы зарыл:
- мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык талаптар орун алган шартта, алынган натыйжаны ошол эсептин дебети боюнча чагылдыруу;
- мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык милдеттенмелер орун алса, ошол эсептин кредити боюнча;
- 9910 «Пайда салыгы боюнча чыгымдар (кирешелер)»жана 3410 «Төлөөгө каралган пайда салыгы» эсептери менен корреспонденцияда чагылдыруу зарыл.
Бухгалтердик баланста кош нумерацияланган эсептердин дебеттик сальдосу «Мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык талаптар», ал эми кредиттик сальдо «Мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык милдеттенмелер» статьясы боюнча чагылдырылууга тийиш.
ФОЭСтин «Пайда салыгы» деп аталган 12-стандартында мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктардын дебеттик жана кредиттик сальдосун өзара чегериштирүү үчүн катуу чектөөлөр белгиленген. Башкача айтканда, мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык талаптардын (2400 эсеп) жана мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык милдеттенмелердин (4300 эсеп) ортосундагы чегеришүүнү субъект бул үчүн белгилүү бир шарттар каралган учурда гана кийинкиге калтырылган салыктык талаптарды кийинкиге калтырылган салыктык милдеттенмелерге каршы чегериштириши мүмкүн.
Кийинкиге калтырылган салыктык талаптар азайтылган же төлөнгөн учурда салык алынуучу убакыт айырмасынан салыктык эффектин кандай болбосуна азаюусу 4300 «Төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктар» эсебинин дебети боюнча төмөнкү эсептер менен корреспонденцияда чагылдырылат:
9910 «Пайда салыгы боюнча чыгашалар (кирешелер)»;
3410 «Төлөөгө каралган пайда салыгы»; жана
2400 «Төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык талаптар» бөлүгүнүн эсептери менен корреспонденцияда да чагылдырылышы мүмкүн.
Мында, бир мезгил ичиндеги салык боюнча чыгашалардын суммасы учурдагы салыктык милдеттенмелердин суммасына туура келүүгө тийиш (Кт 3410), плюс же минус төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктар (Дт 2400 же Кт 4300).
5000 бөлүм «Капитал»
Эл аралык стандарттар боюнча финансылык отчетту даярдоо жана түзүү концепциясында капитал финансы отчетунун элементи катары субъекттин бардык милдеттенмелерин кемитип алып салуудан кийинки анын активдериндеги үлүшү катары аныкталат. Баланста капитал, финансы отчетун пайдалануучуларга субъекттин капиталды бөлүштүрүүсү же башкача бир пайдалануусуна жөндөмдүүлүгүн чектеген юридикалык жана башка аспектилер, ошондой эле дивиденд алуу жагында бир менчик ээсинин экинчисинин алдында белгилүү бир артыкчылыктарынын орун алышы жөнүндөгү маалыматтарды берүү максатында класстарга бөлүштүрүлүшү мүмкүн. Эсептер планында Кыргыз Республикасынын юридикалык жактардын ишин жөнгө салган мыйзам өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен класстарга бөлүштүрүү каралган.
5000 «Капитал» бөлүгүнүн эсептери коммерциялык змес уюмдардын капиталын эсепке алуу үчүн каралган эмес.
5100 эсептер тобу «Уставдык капитал»
Чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталынын абалы жана алардын колдонулушу жөнүндөгү маалыматтарды жалпылоо үчүн 5100 эсеби каралган.
Кыргыз Республикасынын акционердик коомдордун ишин жөнгө салган мыйзамдарынын талабына ылайык, уставдык капиталды түзүү жана көбөйтүү боюнча операциялар 5110, 5120 эсептердин кредити боюнча; ал эми мыйзамдарда каралган учурларда уставдык капиталдын азаюусу - дебети боюнча чагылдырылат.
Уюштуруу негизинде чыгарылган акциялардын жалпы номиналдык наркы 5110 жана 5120 эсептердин кредити боюнча 1900 «Уставдык капиталга салымдар боюнча уюштуруучулардын (катышуучулардын) карызы» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат. Уюштуруучулардын уюштуруу негизинде чыгарылган акцияларга төлөөсү төмөндөгү эсептер менен корреспонденцияда 1900 эсептин кредити боюнча чагылдырылат:
- эгерде, акциялар акча каражаттарында төлөнгөн болсо, акча каражаттарын эсепке алуу эсептери менен. Эгерде акциялар чет өлкө валютасы менен төлөнсө, анда валюталардын түшүүсү 1900 эсебинин кредити боюнча чет өлкө валютасынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан валюта менен операцияларды жүзөгө ашыруу күнүнө карата белгиленген курс боюнча бааланган чет өлкө валютасынын наркына барабар суммада чагылдырылат;
- товардык-материалдык запастарды жүгүртүүдөн тышкаркы материалдык жана материалдык эмес активдерди, инвестицияларды эсепке алуу эсептери менен - эгерде акцияларга алынган активдердин адилет наркына барабар суммадагы акчалай эмес активдер менен төлөнгөн болсо. Уюштуруучунун дебитордук карызынын суммасы менен алынган активдердин адилет наркынын ортосундагы айырма 1900 эсебинен 5210 «Кошумча төлөнгөн капитал» эсеби менен корреспонденцияда эсептен алынат.
Акциялардын кийинки эмиссиясынын натыйжасында акционердик коомдун уставдык капиталынын көбөйүүсү, эмиссиянын болгондугун фактысын тастыктаган баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндөгү отчет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө кызматынан каттоодон өткөртүлгөндөн кийин гана 5110 жана 5120 эсептердин кредити боюнча чагылдырылат. Кыргыз Республикасынын «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, акцияларды жайгаштыруудан алынган каражаттар топтоо эсебинде сакталып турат жана жазылуу жана отчетту каттоодон өткөрүү мөөнөтү бүткөнгө чейин эмитентке аларды пайдалануусуна тыюу салынат. Акцияга жазылуунун жүрүшүндө эмитенттин эсебине келип түшкөн каражаттар 1240 «Банктардагы пайдаланууга чектөөлөр коюлган акча каражаттары» эсебинин дебети боюнча 3600 «Башка кыска мөөнөттүү милдеттенмелер» эсеби, «Акцияларды жайгаштыруудан алынган каражаттар» субэсеби менен корреспонденцияда эсепке алынат. Эгерде, эмиссия жүзөгө ашырылса, анда акцияларды чыгаруунун жыйынтыгы тууралуу отчет каттоодон өткөртүлгөндөн кийин алардын натыйжалары төмөнкүчө чагылдырылат:
- сатуу келишими түзүлгөн акциялардын номиналдык наркы 5110 жана 5120 эсептердин кредити боюнча 1900 «Уставдык капиталга салымдар боюнча уюштуруучулардын (катышуучулардын) карызы» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат;
- эгерде акциялар номиналдык нарктан ашкан баада сатылса, анда ашкан сумма 5210 «Кошумча төлөнгөн капитал» эсебинин кредити боюнча 1900 «Уставдык капиталга салымдар боюнча уюштуруучулардын (катышуучулардын) карызы» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат;
- «Акцияларды жайгаштыруудан алынган каражаттар» субэсебинин жазылуу бүткөн күнгө карата түптөлгөн сальдосу 1900 «Уставдык капиталга салымдар боюнча уюштуруучулардын (катышуучулардын) карызы» эсебинин кредитине алып салынат.
Акционердик коомдун уставдык капиталын чыгарылган акциялардын номиналдык наркын көбөйтүү аркылуу арттыруу 5110 жана 5120 эсептеринин кредити боюнча 1900 «Уставдык капиталга салымдар боюнча уюштуруучулардын (катышуучулардын) карызы» эсеби менен корреспонденцияда, акциялардын номиналдык наркынын өсүш өлчөмүнө барабар суммада чагылдырылат. Эгерде, акциялардын номиналдык наркынын көбөйүүсү кошумча төлөнгөн капиталды бөлүштүрүүнүн эсебинен жүзөгө ашырылса, анда уставдык капиталдын номиналдык наркынын өсүш өлчөмү 1900 эсебин пайдалануусуз эле, 5110 жана 5120 эсептердин кредити боюнча 5210 «Кошумча төлөнгөн капитал» эсеби менен корреспонденциядагы өткөрүүлөрдө чагылдырылышы зарыл.
Акционердик коомдун уставдык капиталынын акциялардын номиналдык наркынын төмөндөшүнүн эсебинен азаюусу 5110, 5120 эсептеринин дебети боюнча 3600 «Башка кыска мөөнөттүү милдеттенмелер» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Акционердик коомдун уставдык капиталынын сатылып алынган өздүк акциялардын жокко чыгарылышы (төлөнүшүнүн) эсебинин азаюусу 5191 эсептин кредити боюнча 5110, 5120 эсептер менен корреспонденцияда жокко чыгарылган акциялардын номиналдык наркына барабар суммада чагылдырылат.
5191 «Сатылып алынган өздүк акциялар» эсеби акционердик коомдор тарабынан жүгүртүүгө чыгарылган өздүк акцияларды сатып алуусун жана сатуусун эсепке алуу үчүн каралган. Бул эсеп, 5110, 5120 эсептерге карата контрпассивдүү эсеп болуп саналат жана бухгалтердик баланста 5191 эсептин сальдосу 5000 «Өздүк капитал» бөлүгүндө «минус» белгисинде көрсөтүлөт.
Акционердик коомдор тарабынан өздүк акциялардын сатылып алынышы эсепке алууда төмөнкүчө чагылдырылат:
- сатылып алынган акциялардын номиналдык наркы 5191 «Сатылып алынган өздүк акциялар» эсебинин дебети боюнча 3600 «Башка кыска мөөнөттүү милдеттенмелер» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат;
- акцияларды номиналдык нарктан ашкан баада сатып алуу учурунда, ашкан сумма (үстөк кошулган сумма) 5210 «Кошумча төлөнгөн капитал» эсебинин дебети боюнча 3600 «Башка кыска мөөнөттүү милдеттенмелер» эсеби менен корреспонденцияда 5210 эсептин операцияны жүзөгө ашыруу учуруна карата сальдосунун чегинде жана 5300 «Бөлүштүрүлбөгөн пайда» эсебинин дебети боюнча 5210 эсептин сальдосуна үстөк кошулган суммадан ашкан суммада чагылдырылат;
- акцияларды номиналдык нарктан төмөн баада сатып алуу учурунда жеңилдик суммалары 5210 «Кошумча төлөнгөн капитал» эсебинин кредити боюнча 3600 «Башка кыска мөөнөттүү милдеттенмелер» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Компаниялар тарабынан сатылып алынган өздүк акциялардын андан аркы сатылышы төмөнкүчө чагылдырылат:
- сатылган акциялардын номиналдык наркы 5191 «Сатылып алынган өздүк акциялар» эсебинин кредити боюнча 1900 «Уставдык капиталга салымдар боюнча уюштуруучулардын (катышуучулардын) карызы» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат;
- акцияларды номиналдык нарктан ашкан баада саткан учурда, үстөк кошулган сумма 5210 «Кошумча төлөнгөн капитал» эсебинин кредити боюнча 1900 «Уставдык капиталга салымдар боюнча уюштуруучулардын (катышуучулардын) карызы» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат;
- акцияларды номиналдык нарктан төмөн баада сатуу учурунда, жеңилдик суммасы 1900 «Уставдык капиталга салымдар боюнча уюштуруучулардын (катышуучулардын) карызы» эсебинин кредити боюнча 5210 «Кошумча төлөнгөн капитал» эсеби менен корреспонденцияда - 5210 эсептин операцияны жүзөгө ашыруу учуруна карата сальдосунун чегинде жана 5300 «Бөлүштүрүлбөгөн пайда» эсеби менен 5210 эсептин сальдосунан ашкан жеңилдик суммасында чагылдырылат.
Акцияларды жайгаштыруу же өздүк акцияларды сатып алууга байланыштуу бүтүмдөр боюнча сарптоолор (трансакциондук чыгымдар) 5210 «Кошумча төлөнгөн капитал» эсебинин дебети боюнча 5210 эсептин сальдосунун чегинде жана 5300 «Бөлүштүрүлбөгөн пайда» эсебинин дебети боюнча 5210 эсептин сальдосунан ашкан суммада чагылдырылат. Акцияларды чыгарууга байланыштуу сарптоолор (каттоо учурундагы төлөмдөр, басып чыгаруу, фондулук биржада листинг жол-жоболорунан өтүүгө кеткен сарптоолор, тейлөөгө, кадрларды тартууга байланыштуу ички чыгымдар, эмиссия проспекттерин даярдоого кеткен сарптоолор, акцияларды экинчилик рыногунда жайгаштырууга кеткен сарптоолор ж.б.) трансакциондук чыгымдарга кирбейт. Мындай сарптоолор финансы отчетунда операциялык эмес (финансылык) иштерден улам келип чыккан чыгымдар катары чагылдырылат да, 9570 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсебинде эске алынат. Ушул эле эсеп боюнча, жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогон бүтүмдөр боюнча трансакциондук чыгымдар да чагылдырылат.
5130 «Башка уставдык капитал» эсеби акционердик коомдорду эске албаганда, бардык башка чарбалык шериктештиктерди жана башка коомдордун уставдык капиталын топтоо жана алардын жылышы боюнча операцияларды эсепке алуу үчүн каралган. Уставдык капиталды топтоо жана көбөйтүү боюнча операциялар 5130 эсептин кредити боюнча 1900 «Уставдык капиталга салымдар боюнча уюштуруучулардын (катышуучулардын) карызы» эсеби менен корреспонденцияда, каттоодон өткөртүлгөн уюштуруу документтериндеги уставдык капиталдын өлчөмүнө барабар суммада чагылдырылат. 1900 эсепке карата ар бир катышуучу тарабынан уставдык капиталга төлөнгөн үлүштөрдү эсепке алуу үчүн субэсептер ачылышы мүмкүн.
Эгерде катышуучу уставдык капиталга өз үлүшүн акчалай эмес активдер менен төлөгөн шартта, активдердин адилет наркынын үлүштүн номиналдык наркынан артып турушу 5210 «Кошумча төлөнгөн капитал» эсебинин кредити боюнча чагылдырылат.
Жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталы уюштуруучулар тарабынан коомдун ишинин биринчи жылы ичинде толугу менен төлөнүүгө тийиш. Ушул милдетти бузууга жол берген учурда коом уставдык капиталды азайткандыгы же болбосо жоюу аркылуу өз ишинин токтоткондугу тууралуу жарыялоого тийиш. Уюштуруучулардын өз үлүштөрүн толук төлөбөгөндүгүнүн кесепетинен уставдык капиталдын азаюусу 5130 «Башка уставдык капитал» эсебинин дебети боюнча 1900 «Уставдык капиталга салымдар боюнча уюштуруучулардын (катышуучулардын) карызы» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Жоопкерчилиги чектелген чарбалык шериктештиктердин, коомдордун, кошумча жоопкерчиликтүү коомдордун уставдык капиталы, коомдун курамынан катышуучулардын чыгып кетүүсүнүн натыйжасында же катышуучунун коомдун мүлкүндөгү үлүшүнө катышуучунун кредиторлорунун талабы боюнча анын жеке карызына тиешелүү өндүрүүнүн жүргүзүлүшүнүн натыйжасында азайтылышы мүмкүн. Мында, 5130 эсептин дебетине 3600 «Башка кыска мөөнөттүү милдеттенмелер» эсеби менен корреспонденцияда катышуучунун шериктештиктин же коомдун уставдык капиталындагы үлүшүнүн номиналдык наркы эсептен алып салынат. Курамдан чыгып жаткан катышуучуга же анын кредиторуна төлөнүп берилүүчү мүлктүн наркынын калган суммасы 3600 эсебинин кредити боюнча 5210 «Кошумча төлөнгөн капитал», 5300 «Бөлүштүрүлбөгөн пайда», 5400 «Резервдик капитал» эсептеринин кайсынысы менен болбосун корреспонденцияда чагылдырылат.
5200 эсептер тобу «Башка капитал»
5210 «Кошумча төлөнгөн капитал» эсебинин кредити боюнча катышуучулар (уюштуруучулар) жана акционерлер тарабынан уставдык капиталдагы өз үлүштөрүнө төлөөнүн эсебине юридикалык жактын менчигине өткөрүлүп берилген мүлктүн наркынын алардын салымынын номиналдык наркына же алар сатып алган акциялардын номиналдык наркынан артышы чагылдырылат, атап айтканда:
- капиталдын уставда аныкталган бөлүгүнүн номиналдык наркы менен уюштуруучулар (катышуучулар) тарабынан уставдык капиталдагы өз үлүштөрүн төлөөнүн эсебине салынган акчалай эмес активдердин адилет наркы боюнча баалоонун ортосундагы айырма;
- сатуудан түшкөн акча менен уюштуруу негизинде чыгарылгандан кийинки эмиссиядагы акциялардын номиналдык наркынын ортосундагы айырма (эмиссиондук киреше);
- акционердик коомдун өздүк акцияларын сатып алуу жана кийинчерээк сатуу учурунда алынган кирешелер (эмиссиондук киреше);
- жоопкерчилиги чектелген же кошумча жоопкерчиликтүү коомдордун катышуучуларынын уставдык капиталдан тышкары, катышуучулардын жыйынынын чечими боюнча коомдун уставдык капиталындагы алардын үлүшүнө пропорционалдуу кошумча салынган салымдары.
5210 «Кошумча төлөнгөн капитал» эсебинин дебети боюнча төмөндөгүлөр чагылдырылат:
- өздүк акцияларды жайгаштыруу же төлөп кайра сатып алууга байланыштуу трансакциондук чыгымдар;
- эгерде бул акционерлердин чечиминде каралса, акциялардын номиналдык наркынын көбөйүүсүнө байланыштуу уставдык, капиталга кошумча төлөнгөн капиталды кайрадан бөлүштүрүү;
- чарбалык шериктештиктердин, жоопкерчилиги чектелген же кошумча жоопкерчиликтүү коомдордун катышуучуларына коомдун курамынан чыгуусу учурунда төлөнүп берилүүчү же ошол катышуучунун жеке карызы боюнча кредиторлорунун талаптарын канааттандыруу тартибинде төлөнүп берилүүчү мүлктүн наркынын бөлүгү;
- акционердик коомдун өздүк акцияларын төлөп кайтара сатып алуу жана кийинки сатуу учурунда келип чыккан чыгымдар.
5210 «Кошумча төлөнгөн капитал» эсеби дебеттик сальдого ээ эмес. Кандай болбосун дебеттик сальдо 5300 «Бөлүштүрүлбөгөн пайда» же 5400 «Резервдик капитал» эсептеринин дебетине, дебеттик сальдонун келип чыгышын шарттаган операциялардын мүнөзүнө жараша эсептен алып салынууга тийиш.
5220 «Активдерди кайрадан баалоо боюнча корректировкалоолор» эсеби активдерди баштапкы наркына каршы кайрадан баалоо боюнча операцияларды эсепке алуу үчүн каралган жана алар ФОЭСтин талабына ылайык отчетто «Капитал» бөлүгүндө чагылдырылат. Кайрадан баалоонун эсепке алынышын активдердин тиешелүү эсептерине карата түшүндүрмөдөн таба аласыңар.
5230 «Чет өлкөдө компаниялары боюнча четөлкө валютасындагы операцияларга тиешелүү курстук айырма» эсеби субъекттин финансылык отчетунун акча статьялары келип чыккан, ФОЭСтин «Валюта курстарынын өзгөрүүсүнүн таасири» деп аталган 21-стандартына ылайык, чет өлкөдөгү компанияларга салынган накта инвестициялардын бөлүгү катары классификацияланган, ошондой эле субъект чет өлкөдө жүргүзгөн иши боюнча финансылык отчетту кайрадан карап чыгууда (эсептөөдө) келип чыккан курстук айырмаларды эсепке алуу үчүн каралган. Чет өлкөдөгү ишкердик - бул, субъекттин туунду же ассоциацияланган компаниясы, биргелешкен ишкердик же отчет берип жаткан субъекттин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары иш жүргүзүп жаткан бөлүмү.
Эгерде, субъекттин финансылык отчетунун статьясы ФОЭСтин 21-стандартынын 18-параграфында түшүндүрүлгөн «чет өлкө компаниясына накта инвестициялар» аныктамасына жооп берсе, анда ушул статья боюнча курстук айырма 5230 эсепте ушул статьяны эсепке алуу эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат. Мисалы, субъект тарабынан чет өлкө компаниясына берилген займдар боюнча курстук айырма 5230 эсептин дебети же кредити боюнча 2820 «Берилген кредиттер, займдар» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат. Накта инвестицияларды жүзөгө ашыруу учурунда (биз келтирип жаткан мисалда - займдын төлөнүшү) ушул статья боюнча 5230 эсепте топтолгон курстук айырма 5230 эсептин дебетине же кредитине операциялык эмес ишкердиктен түшкөн кирешелер же чыгашаларды эсепке алуу эсептери менен корреспонденцияда эсептен алынып салынат.
Эгерде компания чет өлкөдө бөлүмдөргө, өкүлчүлүктөргө же филиалдарга ээ болсо, анда эрежедегидей эле алардын иши ФОЭСтин 21-стандартына ылайык «Отчет берип жаткан компаниянын ишинин ажырагыс бөлүгүн түзгөн чет өлкөдө жүзөгө ашырылган операциялар» катары классификацияланууга тийиш (ФОЭСтин 21-стандартынын 23-параграфын карагыла). Компаниянын финансылык отчетуна кошуу максатында мындай бөлүмдөрдүн финансылык отчетун кайрадан карап чыгуу (эсептөө) учурунда келип чыккан курстук айырмалар компаниянын капиталынын өзгөрүүсүнө алып келбейт жана курстук айырмалардан пайда же чыгым катары чагылдырылат. Финансылык отчетту кайрадан эсептөө жол-жоболору ФОЭСтин 21-стандартынын 8-22-параграфында аныкталган.
Эгерде субъект туунду же ассоциацияланган компанияларга чет өлкөдөгү биргелешкен ишкердикке инвестиция жумшаган болсо, анда ал ФОЭС 27, ФОЭС 28, ФОЭС 31ге ылайык өзүнчө финансылык отчетто үлүштүк катышуу ыкмасы боюнча берилүүчү отчеттук күнгө карата инвестициялардын наркын аныктоо максатында чет өлкө компанияларынын финансылык отчетторун кайрадан эсептеп чыгат. Кайрадан эсептөө жол-жобосу ФОЭСтин 21-стандартынын 30-параграфында аныкталган. Кайрадан эсептөө учурунда келип чыккан курстук айырма 5230 эсептин дебети же кредити боюнча чагылдырылат. Чет өлкө компаниясына инвестицияларды жүзөгө ашырууда 5230 эсепте ушул статья боюнча топтолгон курстук айырма 5230 эсептин дебетине же кредитине, операциялык эмес ишкердиктен түшкөн кирешелер же чыгашаларды эсепке алуу эсептери менен корреспонденцияда алынып салынат. Жарым-жартылай жүзөгө ашыруу учурунда топтолгон курстук айырманын инвестицияны жүзөгө ашырылган бөлүгүнө пропорционалдуу бөлүгү гана эсептен 5230 эсептин дебетине же кредитине алынып салынат.
5240 «Менчик ээси (менчик ээлери) тарабынан авансталган капитал» эсеби мүлкүнө алардын уюштуруучулары менчик укугун же башка буюм укугун сактап турган субъекттердин (мамлекеттик жана коммуналдык субъекттер жана коммерциялык субъекттер формасында түзүлгөн кооперативдер) - коммерциялык субъекттердин капиталына уюштуруучулардын (катышуучулардын) салымын эске алуу үчүн каралган. 5240 эсептин дебети жана кредити боюнча менчик ээлери менен юридикалык жактын ортосундагы капиталдык мүнөздөгү операциялар чагылдырылат.
Пайданы алып коюу жана бөлүштүрүү боюнча операциялар 5300 «Бөлүштүрүлбөгөн пайда» эсеби боюнча чагылдырылат.
5300 эсеби «Бөлүштүрүлбөгөн пайда»
Субъекттин бүтүндөй иштеп турган мезгил ичинде топтолгон жана акционерлер менен катышуучулардын ортосунда бөлүштүрүлүшү мүмкүн болгон накта пайдасынын суммасы бөлүштүрүлбөгөн пайданы түшүндүрөт. 5300 эсептин дебеттик сальдосу (топтолгон чыгымдар) бухгалтердик баланста 5000 «өздүк капитал» бөлүгүндө «минус» белгиси менен чагылдырылат.
Отчеттук мезгил ичинде алынган накта пайда 5300 эсептин кредити боюнча 5999 «Кирешелердин жана чыгашалардын жыйындысы» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат; отчеттук мезгил ичинде келип чыккан чыгым 5999 эсептин кредитинен 5300 эсептин дебетине алынып салынат.
5300 эсебинин дебети боюнча 3540 «Төлөөгө каралган дивиденддер» эсеби менен корреспонденцияда акционердик коомдун акциялары боюнча төлөөгө карата жарыяланган дивиденддердин суммасы, ошондой эле башка чарбалык коомдордун катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон пайданын суммасы чагылдырылат.
ФОЭСтин «Бир мезгил ичиндеги накта пайда же зыян, фундаменталдык каталар жана эсепке алуу саясатына өзгөртүүлөр» деп аталган 8-стандартында каралган фундаменталдык каталарды эсепке алуунун негизги тартибине ылайык, өткөн мезгилдерге тийиштүү болгон фундаменталдык каталарды оңдоонун өлчөмү финансылык отчетто бөлүштүрүлбөгөн пайданын баштапкы сальдосун корректировкалоо аркылуу чагылдырылууга тийиш. Ушуга байланыштуу, учурдагы отчеттук мезгилде өткөн мезгилдерге тиешелүү болгон фундаменталдык каталардын суммасына 5300 эсебинин дебети же кредити боюнча финансылык отчеттун корректировкаланууга тийиш болгон статьяларын эсепке алуунун тиешелүү эсептери менен корреспонденцияда өткөрүүлөр ишке ашырылат. Бухгалтердик баланста оңдоолордун суммасына 5300 эсебинин баштапкы сальдосу корректировкаланат.
Эсеп саясатына өзгөртүүлөрдүн киргизилишине байланыштуу финансы отчетуна карата корректировкалар, эгерде алар эсепке алуунун негизги тартибине ылайык ретроспективдүү (өткөнгө серп салуу) колдонулса (ФОЭСтин 8-стандартынын 49-параграфы), өтүп жаткан жылдын финансылык отчетунда ошондой эле чагылдырылат.
5300 эсептин дебети боюнча акциялардын номиналдык наркына карата өздүк акцияларды төлөп сатып алуу жана кийинчерээк сатуу учурунда келип чыккан, 5210 «Кошумча төлөнгөн капитал» эсебиндеги каражаттардын калдыгынан ашкан суммадагы устөк кошуулардын жана жеңилдиктердин суммалары, ошондой эле 5210 эсепте каражаттар жетишсиз болуп калган шартта капиталдын корректировкаланышын талап кылган башка операциялар чагылдырылат.
5300 эсебинин дебети боюнча 5400 «Резервдик капитал» эсеби менен корреспонденцияда бөлүштүрүүдө чектөөлөр коюлган топтолгон накта пайданын суммалары чагылдырылат (5400 «Резервдик капитал» эсебине карата түшүндүрмөнү карагыла).
5400 эсеби «Резервдик капитал»
5400 «Резервдик капитал» эсебинин кредити боюнча 5300 «Бөлүштүрүлбөгөн пайда» эсеби менен корреспонденцияда мыйзамдарга ылайык же акционерлердин жана катышуучулардын чечими боюнча бөлүштүрүүдө чектөөлөр коюлган топтолгон пайданын суммалары чагылдырылат.
Мыйзам талабына ылайык, пайдалардын бөлүштүрүлүшүнө коюлган чектөөлөрдүн мисалы болуп, Кыргыз Республикасынын «Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндөгү» Мыйзамынын 70-статьясынын талабы саналат. Бул талапка ылайык ачык акционердик коом уставдык капиталдын кеминде он пайыз өлчөмүндө резервдик фонд түзүүгө милдеттүү. Башка чектөөлөр келишимдерде же акционерлер менен катышуучулардын чечимдеринде белгилениши мүмкүн. Мисалы, кредит берүүгө келишимде дивиденддерди төлөөгө чектөөлөр каралышы мүмкүн; акционерлер жана катышуучулар өндүрүштү кеңейтүү, жүгүртүү каражаттарын толуктоо үчүн каражаттарды резервдөө жөнүндө чечимди кабыл алышы мүмкүн.
5400 эсебине карата резервдердин түрлөрү боюнча резервдик капиталды эсепке алуу үчүн субэсептер ачылышы мүмкүн.
5400 эсебинин дебети боюнча 5300 «Бөлүштүрүлбөгөн пайда» эсеби менен корреспонденцияда пайданы бөлүштүрүүгө чектөөлөрдү алып салуу жөнүндө кабыл алынган чечимге ылайык резервдерди корректировкалоонун (азаюу) суммалары чагылдырылат.
5400 эсептин дебети боюнча ошондой эле, резервдик капиталды өздүк капиталдын башка эсептерине кайрадан бөлүштүрүү боюнча калган бардык башка операциялар да чагылдырылат.
5999 эсеп «Кирешелер жана чыгымдар жыйындысы»
Бул эсеп, субъекттин отчеттук мезгил ичиндеги ишинин жыйынтыктоочу финансылык натыйжаларын түптөө боюнча маалыматтарды жалпылоо үчүн каралган. Отчеттук мезгилдин акырында 6000, 7000, 8000, 9000 бөлүктөрдүн убактылуу эсептери 5999 эсептин дебетине (чыгымдар эсебинин сальдосу) же кредитине (кирешелер эсебинин сальдосу) сальдону эсептен алып салуу менен жабылат. 5999 эсептин сальдосу 5300 «Бөлүштүрүлбөгөн пайда» эсебинин дебетине (чыгымдар) же кредитине (пайда) алынып салынат.
6000 бөлүм «Операциялык иштен кирешелер»
Финансылык отчеттун эл аралык стандарттары кирешени отчеттук мезгил ичиндеги экономикалык пайданын артышы катары аныктайт жана ал субъекттин менчик ээлеринин салымдарына байланыштуу болбогон өздүк капиталдын көбөйүүсүнө алып келген активдердин келип түшүүсү же өсүшкө ээ болуусу, же болбосо милдеттенмелердин азаюусу формасында жүрөт.
Эсептер планында кирешелерди төмөнкүдөй классификациялоо каралган:
- операциялык иштен түшкөн киреше - пайда алып келген негизги иштерди өзүнө камтыган жана инвестициялык жана финансылык иштерден айырмаланган башка иштерди;
- операциялык эмес иштерден (инвестициялык жана финансылык) түшкөн киреше.
Мында, операциялык, инвестициялык жана финансылык иштердин аныктамасы ФОЭСтин «Акча каражаттарынын жылышы жөнүндөгү отчет» деп аталган 7-стандартында каралган аныктамаларга туура келет. Субъект кирешелерди анын иштердин мүнөзүнө көбүрөөк туура келген иштердин түрлөрү боюнча классификациялайт.
6000 бөлүктүн эсептери операциялык ишкердиктен түшкөн акчаларды жана башка кирешелерди эсепке алуу үчүн каралган. Операциялык эмес иштерден түшкөн кирешелер 9000 «Операциялык эмес иштерден түшкөн кирешелер жана чыгымдар» бөлүгүнүн эсептеринде эске алынат.
Кирешелерди эсепке алуу эсеби убактылуу болуп санат. Эсепке алуу мезгилинин бүтүшү боюнча эсептер сальдосу 5999 «Кирешелердин жана чыгымдардын жыйындысы» эсебинин кредитине алынып салынат.
6100 эсептер тобу «Түшкөн акча»
Бул эсеп, операциялык иштин жүрүшүндө алынган товарларды сатуудан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акчалар боюнча маалыматтарды жалпылоо үчүн каралган. Ошондой эле, 6100 эсепте пайыздар, лицензиялык төлөмдөр, дивиденддер формасында түшкөн акчалар да эсепке алынат, албетте эгерде алар субъект тарабынан операциялык иш катары классификацияланган иштин жүрүшүндө алынган болсо.
Түшкөн акчалардын суммасына субъект тарабынан алынган экономикалык пайданын дүңүнөн түшүүлөрү гана камтылат. Товарларды сатуу жана кызмат көрсөтүү учурунда сатып алуучулардан кармалып калган кыйыр салыктар (кошумча нарк салыгы, акциз, сатуудан салык) экономикалык пайда болуп саналбайт жана түшкөн акчанын суммасына кошулбайт.
Түшкөн акчага ошондой эле, субъект тарабынан үчүнчү жактардын пайдасына чогултулган суммалар да кошулбайт. Алып көрсөк, агенттик мамилелерде принципалдын пайдасына чогултулган суммалар агентке түшкөн акча болуп саналбайт. Комиссиондук (агенттик) сыйакылардын суммасы гана агенттин түшкөн пайдасы (акчасы) болуп саналат.
Ар бир маанилүү категориялар боюнча түшкөн акчаны эсепке алуу өзүнчө эсепте жүргүзүлөт. Эсептер планында түшкөн акчалардын эң мүнөздүү категорияларын эсепке алуу үчүн өзүнчө эсептер каралган:
6110 Товарлар сатып өткөрүүдөн жана кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акча;
6120 Сатылган товарлардын кайтарылышы жана жеңилдиктер;
6130 Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдү алмашуудан түшкөн акча;
6140 Курулушка келишимдерден түшкөн акча (пайда);
6150 Башка уюмдар тарабынан субъекттин активдерин пайдалануусунан түшкөн акча;
6160 Камсыздандыруу келишимдери боюнча түшкөн акча.
6110 Товарлар сатып өткөрүүдөн жана кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акча;
6120 Сатылган товарлардын кайтарылышы, баасынын төмөндөтүлүшү жана жеңилдиктер;
6130 Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдү алмашуудан түшкөн акча эсептери
Товарлар өзүнө, компания тарабынан сатуу үчүн өндүрүлгөн же кайрадан сатуу үчүн сатылып алынган продукцияларды, жер жана кайрадан сатуу үчүн каралган башка мүлктөрдү камтыйт. Кызмат көрсөтүүлөр дегенден улам, субъект тарабынан белгиленген убакыт аралыгында келишим менен макулдашылган тапшырмалардын аткарылышын түшүнүү зарыл.
Товарларды сатып өткөрүүдөн жана кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акча ФОЭСтин «Түшкөн акча» деп аталган 18-стандартынын 14 жана 20-параграфтарында аныкталган түшкөн акчаны таануу шарттары аткарылган учурда гана таанылат. Таанылган акча 6110 эсептин кредити боюнча сатып алуучулардан жана буюртмачылардан алынган же алынууга тийиш болгон ордун толтуруп берүүчү суммада чагылдырылат. Мында, ордун толтуруп берүү суммасы соодалык жеңилдиктерди (эсептерге мөөнөтүнөн мурда төлөгөндүк үчүн жеңилдиктер) жана сатып алуучуларга жана буюртмачыларга товарларды сатуу жана кызмат көрсөтүү учурунда, берилген дүңүнөн алгандагы жеңилдиктерди кемитүү менен аныкталат.
Кайтарылып берилген товарлардын суммасы, сатылган товарлардын төмөндөтүлгөн баасынын суммасы жана көрсөтүлгөн кызматтардын наркынын азайтылышы, түшкөн акчанын азайтылышы сыяктуу эле эсепке алынууга тийиш. Эгерде кайтарып берүү жана баасын арзандатуу ар бир отчеттук мезгилде кайталанган адеттеги эле операция болуп саналса жана алардын наркы финансылык отчет үчүн олуттуу болсо, алар кайтарып берүүгө жана баасын арзандатууга резервдер эсебин пайдалануу менен эсепке алынууга тийиш. Башка жагдайларда кайтарып берүү жана баасын арзандатуу наркы 6120 эсептин дебети боюнча алууга каралган эсептер менен корреспонденцияда эсепке алынат.
6120 эсеп сатып алуучулар тарабынан кайтарылган товарлардын наркы, арзандатылган баа жана жеңилдиктер жөнүндө маалыматтарды топтоо үчүн каралган, ал 6110 эсепке карата контрпассивдүү эсеп болуп саналат, «Финансылык-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчетто» түшкөн акча 6120 эсепте топтолгон кайтарылып берилген товарлардын наркын, арзандатылган бааларды жана жеңилдиктерди кемитүү (минуска чыгаруу) менен чагылдырылат. Бухгалтердик регистрлерде 6120 эсептин сальдосу 5999 «Кирешелердин жана чыгашалардын жыйындысы» эсебинин кредитине алынып салынат.
ФОЭСтин «Түшкөн акча» деп аталган 18-стандарты финансы отчетунда товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алмашуу учурунда келип чыккан акчанын суммасынын ачып көрсөтүлүшүн талап кылат. Бул маалыматтарды топтоо максатында, алмашуу операцияларынан түшкөн акчаны эсепке алуу үчүн өзүнчө эсепти пайдалануу максатка ылайыктуу. Алмашуу операцияларынан түшкөн акча ФОЭСтин «Түшкөн акча» деп аталган 18-стандартынын 12-параграфында белгиленгендей өлчөнөт.
Эгерде, таанылган түшкөн акчага карата төлөөнү алууга тиешелүү аныкталбагандык жагдайы келип чыкса, анда ишенимсиз карыздын суммасы баштапкы таанылган акчанын суммасына корректировкалоо эмес, чыгаша катары таанылат (1410, 1491 эсептерге карата түшүндүрмөлөрдү карагыла).
Товарларды сатып өткөрүүдөн жана кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акчаларды эсепке алуу боюнча бухгалтердик өткөрүүлөрдүн корреспонденциясы төлөө формаларына жараша болот. Алсак, мисалы товарларды сатып өткөрүүдөн же кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акча дароо төлөнсө, ал 6110 эсептин кредити боюнча кассадагы акча каражаттарын эсепке алуу эсептери менен корреспонденцияда чагылдырылат. Калган бардык учурларда түшкөн акчаны кредитке сатуу катары - 6110 эсептин кредити боюнча алууга каралган эсептерди эсепке алуу эсеби менен корреспонденцияда эске алуу максатка ылайыктуу. Товарларды сатып өткөрүүдөн жана кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акчаларга байланыштуу эң эле мүнөздүү операцияларды эсепке алуу боюнча бухгалтердик өткөрүүлөрдүн схемасы төмөндө келтирилген:
| Операциялардын мазмуну
| Корреспонденциялоочу эсептин номери | |
|
| Дебет | Кредит |
1
| Дароо төлөө шартында товарларды сатып өткөрүү жана кызматтарды көрсөтүү | 1100
| 6110
|
2
| Сатып алуучуга же буюртмачыга акча каражаттарын дароо төлөп берүү менен товарларды кайтарып берүү | 6120
| 1100
|
3
| Кредитке товарларды сатып өткөрүү жана кызмат көрсөтүүлөр: - сатып алуучуларга жана буюртмачыларга чегерилген соодалык жеңилдиктерди эсептен алып салуусуз, сатып өткөрүүдөн түшкөн акчаны таануу; - жеңилдиктер колдонулуп турган мезгил ичинде төлөнгөн эсептер боюнча сатып алуучуларга жана буюртмачыларга берилген жеңилдик суммалары |
1410
6120
|
6110
1410
|
4
| Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алмашуудан түшкөн акча | 1410
| 6130
|
6140 «Курулушка келишим боюнча түшкөн акча» эсеби ФОЭСтин «Курулушка келишим» деп аталган 11-стандартында берилген аныктамаларга ылайык, курулушка келишим катары классификацияланган келишимдер боюнча түшкөн акчаларды эсепке алуу үчүн каралган. Отчеттук мезгил ичинде киреше катары таанылган түшкөн акчалардын суммасы «даярдалышына жараша» ыкмасында аныкталат жана «Финансылык-чарбалык иштердин натыйжалары жөнүндөгү отчетто» тиешелүү иш аткарылган отчеттук мезгилдерде чагылдырылат.
Бул «даярдыгына жараша» ыкмасында таанылган кирешелерди эсептөө үчүн курулушка келишим боюнча түшкөн акчада төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:
- келишим боюнча макулдашылган түшкөн акчанын баштапкы суммасы, жана
- келишим боюнча иштен четтөө, талап коюулар жана кылдат өлчөнүп эсептелинүүгө тийиш болгон колдоо түрүндөгү төлөмдөр (түшкөн акчага таасирин тийгизиши мүмкүн болгон деңгээлде).
Четтөө - бул, иш чөйрөсүн өзгөртүүгө буюртмачы берген көрсөтмө (ФОЭСтин 11-стандартынын 13-параграфы).
Талап коюу - бул, иш бүткөрүп жаткан жак (подрядчы) буюртмачыдан же башка тараптан келишимде каралбаган сарптоолордун ордун жапкан сумманы талап кылуусу (ФОЭСтин 11-стандартынын 14-параграфы).
Колдоо көрсөтүү төлөмдөрү - бул, эгерде иштин көрсөтүлгөн стандарттары толук сакталып же андан да көп жумуш аткарылса, курулуш уюмдарына төлөнүп берилген кошумча суммалар (ФОЭСтин 11-стандартынын 15-параграфы).
Курулушка келишим боюнча түшкөн акча 6140 эсептин кредити боюнча 1570 «Буюртмачылардын курулушка келишим боюнча карыздары» эсеби менен же 3220 «Курулушка келишим боюнча буюртмачыларга карыз» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Курулушка келишим боюнча түшкөн акчаларды аналитикалык эсепке алуу ФОЭСтин «Курулушка келишим» деп аталган 11-стандартынын 8-параграфына ылайык өзүнчө келишимде катталган курулушка ар бир келишим боюнча жүргүзүлөт.
Отчеттук мезгилдин акырында 6140 эсеби 5999 «Кирешелердин жана чыгашалардын жыйындысы» эсебине жабылат.
6150 «Субъекттин активдерин башка уюмдардын пайдалануусунан түшкөн акча» эсеби компанияга пайыздарды, дивиденддерди, лицензиялык төлөмдөрдү, операциялык ижарадан кирешелерди алып келген анын активдерин башка тараптардын пайдалануусунун натыйжасында алынган акчаны эсепке алуу үчүн каралган, албетте эгерде активдерди пайдаланууга берүү субъекттин операциялык иши болуп саналса.
6150 эсепке карата кирешелердин түрү боюнча активдерди пайдалануудан түшкөн акчаларды эсепке алуу үчүн субэсептер ачылышы мүмкүн:
6151 Түшкөн акча - пайыздар;
6152 Түшкөн акча - дивиденддер;
6153 Түшкөн акча - лицензиялык төлөмдөр;
6154 Операциялык ижарадан түшкөн кирешелер.
Пайыздар түрүндө түшкөн акча субъектке пайыздардын түшүшүн камсыз кылган активдердин башка уюмдардын пайдалануусунун натыйжасында келип чыккан. Пайыздар активдин натыйжалуу кирешелүүлүгүн эске алган убакыт аралыгы негизинде пропорционалдуу таанылууга тийиш.
Пайыздык кирешелерде ошондой эле, карыздык баалуу кагаздардын (облигациялар, векселдер, МКВ ж.б.) баштапкы баланстык наркы менен анын төлөө учуруна карата наркынын ортосундагы кандай болбосун айырмага амортизациянын суммасын камтыйт. Эсепке алууда карыздык баалуу кагаздар боюнча жеңилдиктердин жана үстөк кошуулардын (сыйакылардын) амортизациясын эсепке алууну чагылдыруунун тартибин 1300 «Кыска мөөнөттүү инвестициялар», 1400 «Алууга каралган эсептер» эсептерине карата түшүндүрмөлөрдөн карагыла.
Эгерде баалуу кагаз төлөнө элек пайыздарды камтыган наркы боюнча сатылып алынса, анда бул пайыздар түшкөн акча катары таанылбайт да, карыздык баалуу кагаздардын баланстык наркынын азаюусуна алынып салынат. Баалуу кагаздарды сатып алуу күнүнөн кийин гана алууга чегерилген пайыздар түшкөн акча катары таанылат. Сатып алуу учурунда карыздык баалуу кагаздардын наркына кошулган пайыздарда эсепке алуу тартибин 1300 «Кыска мөөнөттүү инвестициялар» эсебине карата түшүндүрмөдө келтирилген.
Эгерде түшкөн акчага кошулган суммаларды алуу боюнча кандайдыр бир түшүнүксүз жагдайлар келип чыкса, алынбай калган сумма же аларды алуу ыктымалдыгы нөлгө барабар болгон сумма баштапкы таанылган акчанын суммасын корректировкалоо катары эмес, чыгымдар катары таанылат.
Түшкөн акча - дивиденддер актив ээлеринин дивиденддерди алууга укугу белгиленген шартта гана таанылууга тийиш. 6152 эсептин кредити боюнча төлөөгө карата жарыяланган дивиденддердин суммасы чагылдырылат. Түшкөн акчалардын суммасына, аларга жумшалган инвестиция үлүштүк ыкма боюнча эсепке алынган компаниялар тарабынан жарыяланган дивиденддер кошулбайт.
Үлүштүк баалуу кагаздар боюнча дивиденддер (акциялар) баалуу кагаздар сатып алынганга чейин жарыяланса, алар баалуу кагаздардын баштапкы наркынан кемитилет да, түшкөн акча катары таанылбайт. Эгерде мындай бөлүштүрүүнү жүзөгө ашыруу кыйынчылыкка турса, дивиденддер алуу учуруна карата түшкөн акча катары таанылат, албетте эгерде алар үлүштүк баалуу кагаздардын баштапкы наркынын бөлүгүн төлөөнү ачык айкын түшүндүрбөсө. Жарыяланган жана үлүштүк баалуу кагаздарды сатып алууга чейин төлөнүп берилбеген дивиденддерди эсепке алуунун тартибин 1300 «Кыска мөөнөттүү инвестициялар» эсебине карата түшүндүрмөдөн карагыла.
Түшкөн акча - лицензиялык төлөмдөр субъекттин патенттер, соода маркалары, автордук укуктар, компьютердик программалык камсыздоолор жана башкалар сыяктуу узак мөөнөттүү активдерин пайдалангандыгы үчүн башка тараптын төлөмүн түшүндүрөт. 6153 эсебинин кредити боюнча тиешелүү келишимдин маңызына ылайык, алууга карата чегерилген лицензиялык төлөмдөрдүн суммалары чагылдырылат. Тажрыйбалык көз караштан алганда, түшкөн акчаны таануу келишимдин аракеттенүү мөөнөтү аралыгында бирдей ченемдеги негизде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Операциялык ижарадан кирешелер 6154 эсептин кредити боюнча, эгерде төлөө башка негиздер боюнча жүргүзүлгөн болсо да, ижара мөөнөтү аралыгына бирдей өлчөмдөгү негизде чегерилген ижаралык төлөмдөрдүн суммасында чагылдырылат.
Инвестициялык иштердин (операциялык эмес) натыйжасында дивиденддерди жана пайыздарды алган субъекттер пайыздар жана дивиденддер түрүндөгү кирешелерин 9000 «Операциялык эмес иштерден кирешелер жана чыгымдар» бөлүгүнүн тиешелүү эсептеринде чагылдырат. Лицензиялык төлөмдөрдү жана операциялык ижарадан киреше алып келген активдерди пайдаланууга берүү алар үчүн операциялык иш болуп саналса да, андан олуттуу киреше албаган субъекттер бул кирешелерди 6200 «Операциялык иштерден түшкөн башка кирешелер» эсебинде чагылдырат.
6200 «Операциялык иштерден түшкөн башка кирешелер» эсеби
6200 эсебинде субъекттин операциялык ишинин натыйжасында алынган, түшкөн акчадан айырмаланган кирешелер эсепке алынат. Кирешелердин ар бир маанилүү категорияларын өзүнчө эсептерде эске алуу максатка ылайыктуу. 6200 эсебине карата төмөнкү субэсептер ачылышы мүмкүн:
6210 «Операциялык ижарадан түшкөн кирешелер»;
6220 «Лицензиялык төлөмдөрдөн түшкөн кирешелер»;
6230 «Операциялык иштерге байланыштуу субъект тарабынан алынган айып төлөмдөр, туумдар, бышманалар»;
6240 «Операциялык иш катары классификацияланган чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча алгылыктуу курстук айырма»;
6250 «Баалоо резервдеринин эсептерин пайдалануусуз эле, кайтарылышы ишенимсиз катары мурда эсептен алып салынган карыздардын кайтарылышы»;
6260 «Валюталарды алмаштыруудан түшкөн пайда».
Башка кирешелердин анчалык олуттуу болбогон статьялары финансылык-чарбалык иштердин натыйжалары жөнүндө отчетто, ушундай эле операциялардан же жагдайлардан улам келип чыккан чыгымдарды алып салуу менен көрсөтүлүшү мүмкүн. Мисалы, 6200 эсебинин кредити боюнча эске алынган кирешелердин суммасынан курстук айырмалардан түшкөн кирешелерди чагылдырууда, ушул эле мезгил ичинде курстук айырмалардан улам келип чыккан жана 7600 «Башка өндүрүштүк чыгымдар» эсебинин дебети боюнча эске алынган чыгымдардын суммасы кемитилет; алынган айыптык төлөмдөрдөн, туумдардан жана бышманалардан кирешелер төлөнгөн айыптык төлөмдөрүн, туумдардын жана бышманалардын суммасына азайтылышы мүмкүн. Олуттуу статьялар боюнча кирешелер жана чыгымдар өзүнчө чагылдырылууга тийиш.
6300 «Биологиялык активдерден пайда (зыян)»эсеби
6300 эсеби ФОЭСтин «Айыл чарбасы» деп аталган 41-стандартына ылайык аныкталган айыл чарба ишинен алынган пайдаларды жана зыяндарды эсепке алуу үчүн каралган (2200 «Биологиялык активдер», 1650 «Биологиялык активдерден алынган айыл чарба продукциялары» эсептерине карата түшүндүрмөлөрдү карагыла).
7000-8000 бөлүм «Операциялык чыгымдар»
Эсептер планында субъекттин операциялык ишинин жүрүшүндө келип чыккан чыгымдарды сатуунун өздүк наркы (7100, 7200 эсептери), сатып өткөрүү (7500 эсеби), административдик ишкердик (8000 эсеп) функцияларына ылайык топтоштуруу каралган. Биологиялык активдерди өндүрүп алууга (7300 эсеби), курулушка келишим боюнча сарптоолорго (7400 эсеби), башка өндүрүштүк чыгымдарга (7600 эсеби) жумшалган чыгашалар бул классификацияга кирбейт жана өзүнчө эсептерде эске алынат.
7000-8000 бөлүктөрдүн эсептери убактылуу эсептер болуп саналат жана алар отчеттук мезгилдин акырында сальдону 5999 «Кирешелердин жана чыгымдардын жыйындысы» эсебинин дебетине алып салуу менен жабылат.
7100 жана 7200 эсептер сатып өткөрүлгөн продукциялардын, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркын эсепке алуу үчүн каралган (товардык-материалдык запастарды эсепке алуу эсебине карата түшүндүрмөнү карагыла).
7300 «Биологиялык активдерди өндүрүп алуу боюнча чыгымдар» эсеби отчеттук мезгил ичинде биологиялык активдерди өндүрүүгө кеткен чыгымдарды эсепке алуу үчүн каралган.
7400 «Курулушка келишим боюнча сарптоолор» эсеби ФОЭСтин «Курулушка келишим» деп аталган 11-стандартынын 16-параграфына ылайык курулушка келишим боюнча сарптоолор катары таанылган сарптоолорду эсепке алуу үчүн каралган. Курулушка келишим боюнча сарптоолор келип чыккан мезгил аралыгынын чыгымдары катары таанылат да, отчеттук мезгилдин бүтүшү менен 5999 «Кирешелердин жана чыгымдардын жыйындысы» эсебинин дебетине алынып салынат.
7500 «Сатып өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар» эсеби даяр продукцияларды, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүү учурунда келип чыккан, сатып өткөрүүнүн өздүк наркына кошулбаган чыгымдар жөнүндөгү маалыматтарды жалпылоо үчүн каралган:
- продукцияларды жана товарларды кампага жайгаштыруу жана сатып өткөрүүгө даярдоо боюнча чыгымдар (ижара, амортизация, кампа жайларын жана алардагы жабдууларды күтүү, күзөт ишин уюштуруу, кампада иштегендердин эмгек акысына чыгашалар жана социалдык камсыздандырууларга, запастарды камсыздандырууга чегерүүлөр ж.б.);
- сатып өткөрүүгө өбөлгө түзүү боюнча чыгымдар (жарнамага, көрнөктөрдү даярдатууга кеткен чыгымдар ж.б.);
- продукцияларды жана товарларды сатып алуучуларга сатуу жана аларга жеткирип берүүгө кеткен чыгымдар (ижара, амортизация, соода жайларын жана ага кеткен жабдууларды күтүү, сатуучулардын эмгегине жана ортомчулардын төлөөгө кеткен чыгашалар, продукцияларды жөнөтүү станцияларына жеткирип берүү, жүктөп жөнөтүү иштерине кеткен чыгымдар ж.б.);
- продукцияларды, товарларды кредитке же гарантиялык тейлөө менен сатып өткөрүү жол-жобосуна байланыштуу чыгымдар (кайтарылышы ишенимсиз дебитордук карыздарды эсептен алып салуудан улам келип чыккан чыгымдар, гарантиялык тейлөөлөргө кеткен чыгымдар, белек кошуп же купондук соода жүргүзүүгө кеткен чыгымдар).
Эсептер планында сатып өткөрүүлөргө байланыштуу чыгымдарды эң орчундуу категориялары боюнча эсепке алуу үчүн өзүнчө эсептер каралган:
7510 «Жарнамага жана сатууга көмөктөшүүгө кеткен чыгымдар»;
7520 «Эмгек акыларды төлөөгө кеткен чыгымдар»;
7530 «Социалдык фондго чегерүүлөр боюнча чыгымдар»;
7540 «Сактоого кеткен чыгымдар жана транспорттук чыгымдар»;
7550 «Сатып өткөрүлүүгө тийиштүү кайтаралышы ишенимсиз карыздар боюнча чыгымдар»;
7560 «Гарантиялык тейлөө боюнча чыгымдар»;
7570 «Башка соодалык чыгымдар»;
7580 «Негизги каражаттарды амортизациялоо боюнча чыгымдар»;
7590 «Белек кошуп сатууга кеткен чыгымдар».
Кампага жайгаштыруу кайрадан сатууга даярдоо жана сатуу боюнча ишке ашырылган өндүрүштүк чыгымдардын суммасы «Сатып өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар» эсебинин дебети боюнча акча каражаттары, чегерилген амортизациялар, кредитордук карыздар жана башка чегерилген утурумдук милдеттенмелер эсептеринин кредити менен корреспонденцияда чагылдырылат.
Ал эми, «Сатып өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар» эсебинин кредити боюнча отчеттук мезгилдин акырында сатып өткөрүү боюнча чыгымдардын убактылуу эсептерин жабуу жана ошол чыгымдарды отчеттук мезгилдин түпкү финансылык натыйжаны (пайда же зыян) эсептөөгө кошуу жол-жоболору 5999 «Кирешелердин жана чыгымдардын жыйындысы» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат.
7550 «Сатып өткөрүлүүгө тийиштүү кайтаралышы ишенимсиз карыздар боюнча чыгымдар» эсеби кайтарылышы ишенимсиз «Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн алууга каралган эсептер» эсебинде эске алынган карыздар боюнча чыгымдарга баа берүүгө тиешелүү маалыматтарды каттоо үчүн каралган. Кайтарылышы ишенимсиз дебитордук карыздар эки ыкма боюнча бааланышы жана эсептен алынышы мүмкүн:
а) баалоо резервдеринин эсебин пайдалануу менен. Мында, 7550 эсептин дебети боюнча 1491 «Алууга каралган эсептер боюнча кайтарылышы ишенимсиз карыздарга чыгымдар» эсеби менен корреспонденцияда бааланган резервдик баштапкы аныкталган суммасы жана резервдин өсүшкө ээ болушу чагылдырылат. Эсептен алып салынууга тийиш болгон кайтарылышы ишенимсиз дебитордук карыздардын суммасы 1410 «Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн алууга каралган эсептер» эсебинин кредитинен 1491 «Алууга каралган эсептер боюнча кайтарылышы ишенимсиз карыздарга чыгашалар» эсебинин дебетине алынып салынат. Эгерде, резерв эсебинин сальдосу отчеттук мезгилдин акырына карата азаюу жагына корректировкалоону талап кылса, анда азаюу суммасы 7550 эсептин кредитинен 1491 эсептин дебетине 7550 эсеп боюнча дебеттик сальдонун чегинде алып салынат жана келип чыккан айырма 6200 «Операциялык ишкердиктен түшкөн башка кирешелер» эсебине кредиттелет;
б) баалоо резервдеринин эсебин пайдалануусуз. Мында, 1410 «Алууга каралган эсептер» эсебинде эске алынган дебитордук карыз отчеттук мезгилдин акырында баанын түшүүсү көзкарашынан текшерүүгө алынып, баанын түшүүсү суммасы 7550 эсептин дебетине 1410 «Алууга каралган эсептер» эсеби менен корреспонденцияда ошол отчеттук мезгилде алып салынат. Дебитордук карыз кайтарылышы ишенимсиз катары алып салынууга тийиш деп таанылган отчеттук мезгилде, анын баланстык наркы 1410 эсептин кредитинен 7550 эсептин дебетине алып салынат.
7560 «Гарантиялык тейлөө боюнча чыгашалар» эсебинин дебети боюнча гарантиялык тейлөөгө алуу жана аларды четтетүүгө мүмкүн болбогон кемчиликтердин табылышынан улам, сатылган продукцияларды жана товарларды алмаштырып берүү боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу субъекттин чыгымдары чагылдырылат. Гарантиялык тейлөө боюнча чыгымдар эки ыкмада чагылдырылышы мүмкүн:
а) сатылган товарларды гарантиялык оңдоо, тейлөө жана алмаштырып берүү боюнча айкын сарптоолорду, товардык-материалдык запастарды, эмгек акыга чегерилген чыгымдарды, социалдык камсыздандырууга чегерүүлөрдү, экинчи тарап болуп саналган уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөгө каралган эсептерди эсепке алуу эсептеринин кредитинен түздөн-түз алып салуу менен ж.б. Гарантиялык тейлөөгө сарптоолорду түздөн-түз алып салууга эгерде, ар бир жылдын чыгашалары финансылык отчет үчүн олуттуу болбогон болсо да, жол берилет;
б) гарантиялык тейлөө боюнча күтүлүп жаткан чыгымдарга резерв түзүү менен. Резервди көбөйүү жагына чегерүү жана корректировкалоо 7560 эсептин дебети боюнча 3700 «Резервдер» эсеби, «Гарантиялык тейлөө боюнча чыгымдарга резервдер» субэсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат. Гарантиялык тейлөөлөргө айкын сарптоолор 3700 эсептин дебетине алынып салынат. Эгерде, резерв эсебинин сальдосу азаюу жагына корректировкалоону талап кылса, анда азаюу суммасы 7560 эсептин кредитинен 3700 эсебинин дебетине 7560 эсеби боюнча дебеттик сальдонун чегинде алып салынат, ал эми айырмага 6200 «Операциялык ишкердиктен түшкөн башка кирешелер» эсеби кредиттелет.
7590 «Белек кошуп сатууга чыгымдар» эсебинин дебети боюнча белек кошуп сатуу системасын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу байланыштуу чыгымдар чагылдырылат. Айрым субъекттер сатып алуучуларга белгиленген санда товар сатып алгандыгы же белгилүү суммага товар алгандыгы үчүн сыйакыларды белгилейт. Мында, сыйлыкка сатып алуучунун укугу чектерди, топтолгон купондорду көрсөтүү менен тастыкталышы мүмкүн. Сыйлык катары сатып алуучуга тапшырылган товарлардын өздүк наркын кошо алгандагы белек кошуп сатууну уюштурууга байланыштуу бардык чыгымдар 7590 эсептин дебети боюнча сатууга өбөлгө түзүүгө чыгымдар катары эсепке алынууга тийиш.
Белек кошуп сатууга кеткен чыгымдар эки ыкмада эсепке алынышы мүмкүн:
а) айкын сарптоолорду, анын ичинде сыйлык катары сатып алуучуга тапшырылган товарлардын өздүк наркын 7590 эсептин дебетине түздөн-түз алып салуу аркылуу. Бул ыкма, белек кошуп соода жүргүзүү системасы сыйлыкка укукту чегерген чектерди, купондорду жана башкаларды сатып алуучулардын топтошун карабайт, ошондой эле белек кошуп сатуу системасы боюнча чыгымдар финансылык отчет үчүн да олуттуу болуп саналбайт;
б) резерв түзүү менен. Резерв 3700 «Резервдер» эсебинин кредити боюнча 7590 эсеп менен корреспонденцияда чегерилет. Мында, айкын сарптоолор, анын ичинде сатып алуучуларга сыйлык катары тапшырылган товарлардын өздүк паркы 3700 «Резервдер» эсебинин дебетине алып салынат.
8000 «Жалпы жана административдик чыгымдар» эсеби
8000 «Жалпы жана административдик чыгымдар» эсеби отчеттук мезгил ичинде жол берилген жана товардык-материалдык запастардын өздүк наркына кошулбаган, даяр продукцияларды, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүүгө түздөн-түз байланыштуу болбогон чыгымдар жөнүндөгү маалыматтарды жалпылоо үчүн каралган.
9000 бөлүм Операциялык эмес иштен кирешелер
Эсептер планынын бул бөлүмү субъекттердин операциялык эмес иштерден (инвестициялык жана финансылык) түшкөн кирешелерди жана чыгымдарды чагылдыруу үчүн каралган.
9100 эсеп «Операциялык эмес иштен түшкөн киреше»
Эсептер планында операциялык эмес иштен түшкөн кирешелерди эң эле мүнөздүү категориялар боюнча эсепке алуу үчүн өзүнчө эсептер каралган:
9110 Пайыздар түрүндөгү кирешелер;
9120 Ассоциацияланган жана туунду компаниялардан кирешелер;
9130 Дивиденддерден кирешелер;
9140 Чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча курстук айырмалардан түшкөн кирешелер;
9190 Башка операциялык эмес кирешелер.
Пайыздар жана дивиденддерден алынган кирешелер түрүндөгү операциялык эмес кирешелер операциялык иштен түшкөн ушундай эле каражаттар сыяктуу эле эске алынат (6150 «Субъекттин активдерин башка уюмдардын пайдалануусунан түшкөн акча» эсебине карата түшүндүрмөнү карагыла).
9120 «Ассоциацияланган, туунду компаниялардан кирешелер» эсеби, инвестордун өзүнчө (жыйынтыктоочу эмес) отчетторунда инвестицияларды өздүк наркы боюнча эсепке алуу ыкмасын колдонууда инвестиция объекттеринин накта пайдасынан алынган жана инвестицияларды алуудан кийин инвестицияларды үлүштүк катышуу боюнча эсепке алуу ыкмасын колдонууда инвестиция объекттеринин пайдасындагы жана чыгымдарындагы инвестордун үлүшүн таануудан кийинки кирешелерди чагылдыруу үчүн каралган (2800 эсептер тобуна карата түшүндүрмөнү карагыла).
9140 «Чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча курстук айырмалардан киреше» эсеби субъекттин операциялык эмес (инвестициялык же финансылык) ишинин жүрүшүндө келип чыккан курстук айырманы эсепке алуу үчүн пайдаланылат. Операциялык иштин жүрүшүндө алынган ушундай эле кирешелер 6200 «Операциялык иштен түшкөн башка кирешелер» эсебинде эске алынат.
9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» эсеби субъекттин инвестициялык жана финансылык иштерден алынган, төмөндөгүлөр кошулган, бирок ошол менен эле чектелип калбаган жана өзүнчө эсептерде эске алынбаган кирешелердин бардык түрлөрүн чагылдыруу үчүн каралган:
- жокко чыгарылган милдеттенмелер боюнча карызды эсептен алып салуу;
- инвестициялардын колдонуудан калуусунан киреше;
- негизги каражаттарды сатып өткөрүүдөн киреше;
- материалдык эмес активдерди сатып өткөрүүдөн киреше;
- кыймылсыз мүлккө инвестициялардын адилет наркынын өзгөрүүсүнөн киреше;
- уюштуруу келишимине ылайык, акционердик коомдун уюштуруучусуна чегерилген акцияларга төлөбөй койгондук үчүн бышмананын суммасы ж.б.
9500 эсептер «Операциялык эмес иштер боюнча чыгымдар»
Эсептер планында операциялык эмес кирешелерди маанилүү мүнөздүү категориялары боюнча эсепке алуу үчүн өзүнчө эсептер каралган:
9510 «Пайыздар түрүндөгү чыгымдар»;
9520 «Чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча курстук айырмадан зыяндар»;
9530 «Кайтаралышы ишенимсиз карыздар боюнча чыгымдар»;
9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар».
9510 «Пайыздар түрүндөгү чыгашалар» эсебинде төмөнкүлөр эске алынышы мүмкүн:
- субъект тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздарды кошо алганда, карыздык милдеттенмелер боюнча кошуп эсептелинген төлөөгө каралган пайыздар;
- ФОЭСтин 17-стандартында каралган эрежелерге ылайык, ижарачынын отчеттук мезгил ичинде финансылык ижара боюнча чегерилген чыгымдар;
- эсептерге мөөнөтүнөн мурда төлөгөндүгү үчүн товар берүүчүлөр тарабынан сунушталган пайдаланылбай калган акчалай жеңилдиктердин суммасы.
Эсепке алууда пайыздар боюнча чегерилген чыгымдарды чагылдырылышынын тартибин карыздык милдеттенмелер боюнча кошуп эсептелинген пайыздарды эсепке алуу эсептерине, төлөөгө каралган эсептерге карата түшүндүрмөлөрдөн карагыла.
9520 «Чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча курстук айырмалардан чыгым» эсеби субъекттин операциялык эмес (инвестициялык же финансылык) ишинин жүрүшүндө келип чыккан курстун айырманы эсепке алуу үчүн пайдаланылат. Операциялык иштин жүрүшүндө келип чыккан ушундай эле чыгымдар 7600 «Башка өндүрүштүк чыгымдар» эсебинде эске алынат.
9530 «Кайтарылышы ишенимсиз карыздар боюнча чыгымдар» эсеби карыздарды эсептен алып салууну же болбосо шектүү деп таануунун натыйжасында келип чыккан, операциялык ишке байланыштуу болбогон чыгымдарды эсепке алуу үчүн каралган, мисалы: операциялык эмес ишке тиешелүү болгон алууга каралган пайыздар, алууга каралган дивиденддер, берилген займдар, алууга каралган векселдер, башка дебитордук карыздар.
9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсеби субъекттин инвестициялык жана финансылык ишинен улам келип чыккан, төмөндөгүлөрдү кошо алганда жана алар менен чектелбеген, өзүнчө эсептерде эске алынбаган чыгашаларынын бардык түрлөрүн чагылдыруу үчүн каралган:
- дебитордук карыздарды реализациялоо учурунда келип чыккан чыгым (карызды талап кылууга укукту өткөрүп берүү). Мында, карызды талап кылуу укугун өткөрүп берүү келишими боюнча алынууга тийиш болгон сумма 9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» эсебинин кредити боюнча 1590 «Башка дебитордук карыздар» эсеби менен корреспонденцияда чагылдырылат; бир эле учурда ал боюнча талап кылуу укугу өткөрүлүп берилген дебитордук карыздардын суммасы 1490 эсептин кредитине 9590 «Башка операциялык эмес чыгымдар» эсеби менен корреспонденцияда алып салынат;
- ФОЭСтин 39-стандартынын 111 жана 115-параграфтарына ылайык чегерилген, инвестициялардын баасынын түшүүсүнөн улам келип чыккан чыгым;
- операциялык эмес иштерге таандык болгон, мурда эсептен алып салынган кредитордук карыздарды калыбына келтирүү;
- инвестициялардын колдонуудан калуусунан улам келип чыккан зыян;
- негизги каражаттардын колдонуудан калуусунан улам келим чыккан зыян;
- материалдык эмес активдердин колдонуудан калуусунан улам келип чыккан зыян;
- кыймылсыз мүлккө инвестициялардын адилет наркынын өзгөрүүсүнөн улам келип чыккан зыян.
9800 эсеп «Күтүүсүз жагдайлар чагылдырылган статьялар»
Күтүүсүз жагдайлардан улам түптөлгөн финансылык натыйжаларды (түшкөн пайдаларды же кеткен чыгымдарды) эсепке алуу үчүн 9800 эсеби каралган. Күтүүсүз жагдайлар - бул, субъекттин адетте аткарган ишинен так айырмаланган, алардын дайыма болушун же кайталанышын күтүп болбогон окуялар же операциялар. Күтүүсүз жагдайлардын натыйжалары финансылык-чарбалык иштердин натыйжалары жөнүндөгү отчетто субъекттин адеттеги ишинен (операциялык жана операциялык эмес) түшкөн пайдадан же зыяндан өзүнчө эсепке алынууга тийиш. Түшкөн пайдаларды жана зыяндарды күтүүсүз жагдайлар камтылган статья катары классификациялоо ФОЭСтин 8-стандартынын 11-параграфына ылайык жүзөгө ашырылат.
9900 эсеп «Пайда салыгы боюнча чыгымдар (кирешелер)»
ФОЭСтин «Пайда салыгы» деп аталган 12-стандартына ылайык милдеттенмелер ыкмасында аныкталган пайда салыгы боюнча чыгымдарды эсепке алуу үчүн 9900 эсеби каралган.
Финансылык-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндөгү отчетто эсепке алынган пайда салыгы боюнча чыгымдардын суммасы салык декларациясына ылайык чегерилген, убакыт айырмасынан кемитилүүчү же салык алынуучу суммалардын келип чыгышынан жана өзгөртүлүшүнөн улам алынган эффектин суммасына корректировкаланган сумманы түшүндүрөт (2400 «Төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык талаптар» жана 4300 «Төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылган салыктык милдеттенмелер» эсептерине карата түшүндүрмөлөрдү карагыла).
9900 эсеби кредиттик сыяктуу эле, дебеттик сальдого ээ болушу мүмкүн. Бул эсеп убактылуу эсеп болуп саналат жана отчеттук мезгилдин акырында эсептин сальдосу 5999 «Кирешелердин жана чыгымдардын жыйындысы» эсептин дебетине же кредитине эсептен алып салынат.
Баланстан тышкаркы эсептер
Субъекттер зарылчылыкка жараша эсептер планына кайсыл болбосун баланстан тышкаркы эсептерди кошуусу мүмкүн.
|
|