Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 7-октябры № 231
Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттери, коммерциялык эмес уюмдар (бюджеттик мекемелерди албаганда) тарабынан бухгалтердик эсептин жана каржылык отчеттуулуктун жүргүзүлүшүнүн маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
Бухгалтердик эсеп жана каржылык отчеттуулук жаатындагы ченемдик укуктук актыларды «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жана «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Ишкердик субъекттеринин, коммерциялык эмес уюмдардын (бюджеттик мекемелерди албаганда) бухгалтердик эсебиндеги документтердин жүгүртүлүшү жөнүндө жобо;
- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 609 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Ишкердик субъекттердин, коммерциялык эмес уюмдардын (бюджеттик мекемелерди албаганда) финансылык-чарбалык ишинин бухгалтердик эсебинин эсептик планын колдонуу боюнча нускама.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
| Кыргыз Республикасыны Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 231 токтому менен бекитилген |
Ушул Жобо «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыгуу менен баштапкы эсептик документтерди жана бухгалтердик регистрлерди түзүүнүн, кабыл алуунун жана эсепте чагылдыруунун, ошондой эле сактоонун тартибин белгилейт.
2. Менчиктин бардык түрүндөгү мүлктүн абалы жана кыймылы жөнүндө баштапкы маалыматтарды документтүү каттоо тутуму төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
- эсепке алынуучу бардык объекттерди документтерде өз убагында, так жана негиздүү чагылдыруунун;
- баштапкы маалыматты каттоонун жана иштеп чыгуунун жөнөкөйлүгүнүн, баштапкы маалыматтын жердигинен кийин иштетүү ыкмаларына ыңгайлаштырылышынын;
- баштапкы эсепти сарамжал уюштуруунун жана жүргүзүүгө чыгымдардын эң аз болушунун.
3. Субъект тарабынан жүргүзүлүүчү бардык чарбалык операциялар бухгалтердик эсеп анын негизинде жүргүзүлүүчү баштапкы эсептик документ болуп саналган документтер болуп жол-жоболоштурулууга тийиш.
4. Документ - бул ушул Жобо менен белгиленген тартипте түзүлгөн жана чарбалык операция жасалгандыгынын юридикалык фактысын ырастоочу жазуу жүзүндөгү күбөлүк.
5. Башкы бухгалтердин чарбалык операцияларды документтер менен жол-жоболоштуруу жана бухгалтердик кызматка документтер менен маалыматтарды берүү боюнча талаптары субъекттин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болот.
6. Баштапкы эсептик документтердин негизинде чарбалык операцияларды контролдоону жүзөгө ашыруу жана алар жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн эсептик документтер (регистрлер) түзүлөт.
7. Бухгалтердик жазуулар кагаз жердиктерде кол менен жана (же) эсеп жүргүзүүнүн компьютерлештирилген тутумунун жардамы менен жазылат.
8. Документ жүгүртүү - субъекттеги документтердин түзүлгөндөн же башка уюмдардан алынгандан баштап эсепке киргизилгенге, иштетилгенге жана архивге өткөрүлгөнгө чейинки кыймылы.
1) документ жүгүртүүнүн этаптары төмөнкүлөр болуп саналат:
а) документтин субъектте түзүлүшү же сырттан келиши;
б) документтин бухгалтерияга түшүшү;
в) документтин түрү боюнча, арифметикалык, маңызы боюнча текшерүү;
г) иштеп чыгуу: каражаттардын багыттары боюнча тактоону жазуу, документтерди регистрлерге киргизүү;
д) документти архивге өткөрүү.
Документ жүгүртүү түшүнүгү документтердин өтүү графигин түзүүнү, туура контролдоону жана операциялардын бухгалтердик эсептерде туура чагылдырылышын карайт.
Документтерди жүгүртүү графиги субъекттин ар бир бөлүкчөсү, ошондой эле бардык аткаруучулар алардын өз ара байланышын жана аткаруу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен документтерди түзүү, текшерүү жана иштеп чыгуу боюнча жумуштардын схемасы же тизмеги түрүндө жол-жоболоштурулат.
Документтерди жүгүртүү графигин түзүү боюнча ишти башкы бухгалтер уюштурат. Документтерди жүгүртүү графиги субъекттин жетекчисинин буйругу менен бекитилет. График түзүү үчүн башкы бухгалтер башка кызматтарды ишке тарта алат.
Документтерди жүгүртүү графигин түзүү боюнча иштин баштапкы этабында башкы бухгалтер баштапкы документтер менен иштөөчү адамдардын чөйрөсүн аныктайт.
Баштапкы эсептик документтерди өз убагына жана сапаттуу жол-жоболоштурууну, аларды бухгалтердик эсепте чагылдыруу үчүн белгиленген убакта берүүнү, ошондой эле алардагы маалыматтардын аныктыгын ал документтерди түзгөн жана кол койгон адамдар камсыздайт.
График түзүлгөндөн кийин документтерди жүгүртүүгө катышкан ар бир адамга баштапкы документтерди жол-жоболоштуруунун жана аларды бухгалтерияга берүүнүн эрежелери расмий маалымдалат.
Документтерди бухгалтерияга өз убагында бербегендик үчүн жоопкерчилик буйрук менен белгиленет. Башкы бухгалтер өзүнүн бухгалтерия боюнча буйругу менен белгиленген тартипте түзүлгөн документтерди гана кабыл алууга милдеттендирет.
2) Документтерди жүгүртүүнүн болжолдуу графиги (тиркемеде).
Субъекттердин кызматкерлери (цехтердин начальниктери, мастерлер, табелчилер, пландоо-экономикалык, каржылык бөлүмдөрдүн, эмгек жана эмгек акы, жабдуу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, кампачылар, отчет берүүчү адамдар, бухгалтериянын кызматкерлери жана башкалар) өздөрүнүн иш чөйрөсүнө тиешелүү документтерди документ жүгүртүү графиги боюнча түзөт жана тапшырат. Ал үчүн ар бир аткаруучуга графиктин үзүндү көчүрмөсү берилет. Үзүндү көчүрмөдө аткаруучунун иш чөйрөсүнө тиешелүү документтер, аларды тапшыруунун мөөнөтү жана субъекттин ал документтер тапшырылуучу бөлүкчөлөрү көрсөтүлөт.
Субъекттеги аткаруучулар документтерди жүгүртүү графигинин сакталышын башкы бухгалтер контролдоону жүзөгө ашырат.
3) Бухгалтериядагы делолордун номенклатурасы.
Чыгарылуучу жана алынуучу документтердин санын тартипке келтирүү үчүн багыты боюнча классификацияга ылайык делолордун номенклатурасы түзүлөт (2-параграфты караңыз).
Ар бир алынган документ иштетүүдөн өткөндөн кийин папкага - делого тиркелет. Бөлүкчөлөрдөгү бардык папкалар делолордун номенклатурасын түзөт. Делолордун тизмеси төмөнкүдөй түзүлөт:
- делонун индекси (папкадагы номер) бөлүкчөгө берилген номерден жана ички номерден турушу мүмкүн;
- делонун аталышы (темасы);
- папкадагы делолордун саны (папканы түзүүдө толтурулат);
- сактоо мөөнөтү;
- эскертүү (документтерди сактоо мөөнөтү тизмелердин кайсынысынын негизинде белгиленээри көрсөтүлүшү мүмкүн).
9. Эсеп процессинде колдонулчу документтердин ар түрдүүлүгү жана аларды пайдалануунун өзгөчөлүктөрү аларды классификациялоонун зарылдыгын болжолдойт.
10. Бухгалтердик эсептин документтери төмөнкү ар кыл белгилер боюнча классификацияланат:
- арналышы;
- чарбалык операциянын мазмуну;
- эсептик маалыматты жалпылоо даражасы;
- операцияларды камтуу ыкмасы;
- эсепке алынуучу операциялардын саны;
- түзүлгөн жери;
- толтуруу ыкмасы;
- жердиги;
- сактоо мөөнөтү.
1) Арналышы боюнча бухгалтердик документтер төмөнкү төрт топко бөлүнөт:
- уюштуруучу-тескөөчү;
- актоочу (аткаруучу);
- аралаш;
- бухгалтердик жол-жоболоштуруу документтери.
Уюштуруучу-тескөөчү документтерге, буйруктар, тескемелер, көрсөтмөлөр, ишеним каттар ж.у.с. кирет. Бул документтерде тескеме, уруксат, тапшырма же чарбалык операция жүргүзүүгө укук камтылат. Бул документтерде камтылган маалымат эсептик регистрлерге киргизилбейт, анткени аларда операция жүргүзүү фактысынын өзү чагылдырылбайт.
Актоочу (аткаруучу) документтерге накладнойлор, талаптар, кириш ордерлер, кабыл алуу актылары ж.б. кирет. Актоочу документтер операцияны аткаруу процессинде анын ишке ашырылышын чагылдыруу менен түзүлөт жана баштапкы эсептин маалыматтык булагы же баштапкы эсеп этабы болот. Аларда камтылган маалымат эсептик регистрлерге киргизилет.
Өзүндө уруксат берүүчү жана актоочу мүнөздөрдү айкалыштырган бир катар документтер бар, андай документтер аралаш документтерге кирет (төлөө ведомосту, кассалык чыгыш ордер).
Бухгалтердик жол-жоболоштуруу документтерин бухгалтер башка документтик ырастоосу жок жазууларды актоо үчүн жазат. Бул көмөкчү роль ойноочу ар түрдүү эсептер жана справкалар, алар бухгалтериянын ишин жеңилдетүү жана тездетүү үчүн түзүлөт (бухгалтериянын туура эмес жазылган жазуусун четтетүү, субъекттин кирешелерин, жалпы өндүрүштүк, жалпы чарбалык, өндүрүштөн тышкаркы чыгымдарды бөлүштүрүү). Андай документтердеги маалыматтар да эсептик регистрлерге киргизилет.
2) Чарбалык операциялардын мазмуну боюнча бухгалтердик документтер төмөнкү топторго бөлүнөт:
- материалдык документтер товардык-материалдык баалуулуктардын кыймылын чагылдырат (негизги каражаттарды өткөрүү-кабыл алуу актысы, материалдарды сарптоо ведомосттору ж.у.с.);
- акчалык документтер - акчалай жана акчалай эмес каражаттар менен жасалган операцияларды жол-жоболоштуруу боюнча (төлөм тапшырмасы, акча каражаттарды алууга чек, накта акча төгүмү ж.у.с.);
- эсептешүү документтери - пайда болгон жагдайлар боюнча өнөктөр менен өз ара мамилени жол-жоболоштуруу боюнча.
3) Эсептик маалыматты жалпылоо даражасы боюнча бухгалтердик документтер төмөнкү топторго бөлүнөт:
- баштапкы документтер - чарбалык операцияны жасоо учурунда түзүлөт, эсеп процессинин негизи болот;
- кошмо (кийинки) документтер - баштапкы документте жазылган эсептик маалыматты жалпылоо үчүн пайдаланылат; ирилештирилген түрдө эсепке алынуучу объекттер жөнүндө кошумча маалыматтар катарында пайдаланылуучу көрсөткүчтөр (аванстык отчет, күйүүчү-майлоочу материалдардын кыймылы жөнүндө отчет) болот.
4) Операцияларды камтуу ыкмасы жана пайдалануунун саны боюнча бухгалтердик документтер төмөнкү топторго бөлүнөт:
- бир жолку документтер - бир эле убакта жасалуучу жана документте жазылуучу бир түрдүү чарбалык операцияларды чагылдыруу үчүн пайдаланылат;
- топтолуучу документтер - ар кайсы убакта жана белгилүү бир мезгилдин - аптанын, декаданын, айдын ичинде жасалуучу бир түрдөгү операцияларды каттоо жана топтоо үчүн пайдаланылат. Топтоштурулуучу документтер топтолуучу документтердин бир түрү болуп саналып, аларда баштапкы маалыматтар андан ары иштетүү үчүн зарыл белгилери боюнча топтоштурулат (утурумдук сарптоолорду бөлүштүрүү ведомосту, бухгалтериянын калькуляциялык айырманы эсептен чыгаруу справкасы ж.б.).
5) Эсепке алынуучу операциялардын саны боюнча бухгалтердик документтер төмөнкү топторго бөлүнөт:
- бир саптуу документтер - эсептик бир позицияны билдиргендер;
- көп саптуу документтер - эки же андан ашык эсептик позицияларды камтыган документтер.
6) Түзүлгөн орду боюнча бухгалтердик документтер төмөнкүгө бөлүнөт:
- ички документтер - субъекттин чарба ичиндеги операцияларын жол-жоболоштуруу үчүн түзүлөт;
- тышкы документтер - башка субъекттерден келет, башка субъекттер менен чарбалык мамилелерди чагылдырат (эсеп-фактуралар, төлөм тапшырмалары ж.б.).
7) Толтуруу ыкмасы боюнча (жол-жоболоштуруу техникасы) боюнча бухгалтердик документтер төмөнкү топторго бөлүнөт:
- кол менен;
- компьютердик техниканын жардамы менен.
8) Жердиги боюнча бухгалтердик документтер төмөнкү топторго бөлүнөт:
- кагаз;
- электрондук.
9) Сактоо мөөнөтү боюнча бухгалтердик документтер төмөнкүгө бөлүнөт:
- туруктуу;
- узак мөөнөттүү;
- кыска мөөнөттүү.
11. Бухгалтердик эсепти туура уюштуруу жана чарбалык операцияларды эсеп китептерде туура чагылдыруу үчүн документтерди түзүү боюнча талаптарды так аткаруу зарыл.
12. Бухгалтердик эсептин регистрлериндеги жазуулар операция жасалганын ырастаган баштапкы эсептик документтердин негизинде жазылат.
13. Баштапкы эсептик документтер чарбалык операция ишке ашырылып жаткан учурда, ал эми антүүгө мүмкүндүк болбосо - операция бүткөндөн кийин дароо түзүлүүгө тийиш. Бул талап баштапкы эсептик маалыматтардын негизги милдети чарбалык операция ишке ашырылгандыктын фактысын ырастоодо экендигине байланыштуу.
14. Баштапкы документтердеги жазуулар сыя, шариктүү калемдердин пастасы, жазгыч машинкалардын, компьютердик техниканын жардамы жана алардын архивде сакталышы үчүн белгиленген убакыт бою сакталышын камсыздоочу башка каражаттар менен жазылат.
15. Жазуу үчүн жөнөкөй карандашты пайдаланууга тыюу салынат. Баштапкы документтердеги бош саптар сөзсүз түрдө чийилүүгө тийиш.
16. Такыр отчеттуулуктагы бланктарга киргизилген баштапкы документтердин түрлөрүнүн бланктары субъекттер, министрликтер жана ведомстволор белгилеген тартипте номерленүүгө тийиш (нумератор менен, типографиялык ыкма менен).
17. Эгерде баштапкы эсептик документтер баштапкы эсептик документтердин ведомстволор аралык түрлөрүнүн альбомдорундагы түр боюнча туура түзүлсө, эсепке алынат. Эгерде субъекттин өзгөчөлүгү баштапкы эсептин андай альбомдордо каралбаган өзүнчө түрлөрүн түзүүнү талап кылса, алар төмөнкүдөй милдеттүү реквизиттерди камтууга тийиш:
- документтин аталышы;
- документ түзүлгөн дата жана орду;
- анын атынан (тапшыруусу боюнча) документ түзүлгөн субъекттин аталышы;
- чарбалык операциянын мазмуну;
- чарбалык операцияны нак жана акчалай эсептөө өлчөгүчтөрү;
- чарбалык операциянын аткарылышы жана анын туура жол-жоболоштурулушу үчүн жооптуу адамдарынын кызматына аталышы;
- көрсөтүлгөн адамдардын койгон колдору.
18. Баштапкы эсептик документте милдеттүү реквизиттердин биринин жоктугу бухгалтердик эсепти жүргүзүү эрежесин бузгандык болуп эсептелет жана субъектке каржылык санкция колдонууга себеп болушу мүмкүн, анткени тийиштүү түрдө жол-жоболоштурулбаган документтер чарбалык операция жасалганынын фактысына ырастама боло албайт.
19. Операциянын мүнөзүнө, бухгалтердик эсеп боюнча ченемдик актылардын, усулдук көрсөтмөлөрдүн талаптарына жана эсептик маалыматты иштеп чыгуунун технологиясына жараша баштапкы документтерге төмөнкү кошумча реквизиттер киргизилиши мүмкүн:
- түрдүн коду;
- документтин номери;
- субъекттин дареги;
- ал документке кол койгон кызмат адамдарынын колдорунун чечмелениши, анын ичинде эсеп жүргүзүүнүн компьютерлештирилген тутумун колдонуу менен документ түзгөн учурлардагы чечмелениши;
- документ менен ырасталган чарбалык операцияны жасоо үчүн негиз (келишим, буйрук, тескеме ж.у.с.);
- зарылдыгы документтештирилчү чарбалык операциялардын мүнөзү менен шартталган башка кошумча реквизиттер.
20. Чарба жүргүзүүчү субъекттин коммерциялык эмес уюмдун (мындан ары - субъекттер) буйругунда баштапкы эсептин субъект тарабынан иштелип чыккан түрлөрү бекитилүүгө тийиш.
21. Субъекттер үчүн баштапкы эсептик документтердин ведомстволор аралык түрлөрүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасында бухгалтердик эсепти мамлекеттик жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитет.
22. Типтүү кырдаалдарга жараша жол-жоболоштурууда баштапкы документтердин төмөнкүдөй түрлөрү болот:
1) Эмгекти жана ага акы төлөөнү эсепке алуу
Ишке кабыл алуу. Кызматкерди жол-жоболоштурууда - ишке кабыл алуу жөнүндө буйрук (тескеме) чыгарылат.
Буйруктун негизинде жеке баракча толтурулат.
Кызматкерди эсепке алуу, жеке жактардын эмгек акысынан киреше салыгын туура эсептөө жана ага чегерилген эмгек акы жөнүндө маалыматтарды Пенсиялык фондго жана салык органдарына берүү үчүн төмөнкүлөрдүн болушу зарыл:
- паспорттук маалыматтары, почталык индексин көрсөтүү менен жашаган жеринин дареги;
- кирешенин суммасын балдарына жана багуусундагыларга жараша азайтуу жөнүндө арыз андай жеңилдик берүүнү далилдечү документтерди тиркөө менен;
- ыйгарылган ЖСН;
- Пенсиялык фонддогу персоналдаштырылган номери.
Башка ишке которуу, иш сапарына жиберүү, сый акы, өргүү берүү, бошотуу. Кызматкер уюмдун ичиндеги башка ишке которулган учурда - буйрук (тескеме) чыгарылат.
Өргүү берүү үчүн өргүүлөрдүн графиги жол-жоболоштурулат жана буйрук (тескеме) чыгарылат.
Эгерде кызматкер бошонсо анда буйрук (тескеме) чыгарылат.
2) Иш убактысын жана кызматчылар менен эмгекке акы төлөө боюнча эсептешүүлөрдү эсепке алуу
Иштин көптүгүн эсепке алуу үчүн иш убактысын жана эмгек акыны эсептөө табелин колдонуу сунушталат.
Эмгек акыны эсептөөдө төмөнкүлөр колдонулат:
- эсептешүү ведомосту;
- эсептешүү-төлөө ведомосту;
- төлөө ведомосту.
Эсептелген сый акыны эсепке алуу үчүн ар бир кызматкерге өздүк эсеп ачылат.
3) Негизги каражаттарды жана материалдык эмес активдерди эсепке алуу
Негизги каражаттарды кабыл алуу жана эсептен чыгаруу төмөнкү түрлөр боюнча жүзөгө ашырылат:
- негизги каражаттарды өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы (накладной);
- ремонттолгон, реконструкцияланган жана модернизацияланган объекттерди өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы;
- материалдык эмес активдерди кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы;
- негизги каражаттарды эсептен чыгаруу актысы;
- автотранспорт каражаттарын эсептен чыгаруу актысы;
- материалдык эмес активдерди эсептен чыгаруу актысы;
- негизги каражаттарды эсепке алуунун эсептик тизмектөө карточкасы:
имараттар менен курулмалар, машиналар, жабдуулар, аспаптар, өндүрүштүк жана чарбалык шаймандар, жаныбарлар жана көп жылдык өсүмдүктөр үчүн - негизги каражаттарды топтук эсепке алуунун эсептик тизмектөө карточкасы;
- материалдык эмес активдердин эсептик тизмектөө карточкасы:
жекелештирүү каражаттарына (соода маркалары, тейлөө белгилери, фирма аталыштары), патенттер, программалык камсыз кылуулар, автордук жана башка укуктар үчүн, материалдык эмес активдердин топтук эсеби үчүн.
4) Материалдарды эсепке алуу
Материалдардын эсепке алуу, алардын кыймылына жана кетиши боюнча операциянын түрүнө жараша төмөнкү түрлөр жол-жоболоштурулат:
- ишеним кат;
- кириш ордери;
- материалдарды кабыл алгандык жөнүндө акт;
- лимиттик-алуу картасы;
- материалдарды четке берүү жөнүндө талап-накладной;
- материалдарды кампада эсепке алуу карточкасы.
5) Кассалык операциялардын эсеби
Кассалык операцияларды жүргүзүү 1994-жылдын 23-июлундагы № 1/7 «Кыргыз Республикасында кассалык операцияларды жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому менен аныкталган.
Кассалык операциялар төмөнкүдөй жол-жоболоштурулат:
- кассалык кириш ордерлер менен;
- кассалык чыгыш ордерлери менен.
Кассалык кириш жана чыгыш ордерлери кассалык кириш жана чыгыш документтерин каттоо журналына катталат.
Субъект касса китебин жүргүзөт.
Штатта кассир бар болсо, ага акча каражаттардын берилиши кассир алган жана берген акча каражаттарын каттоо китебине жазылат.
6) Акча каражаттарын, баалуу кагаздарды жана тыкыр отчеттуулуктагы бланктарды эсептик тизмектөөнүн жыйынтыгын эсепке алуу
Эсептик тизмектөө жүргүзүүдө баштапкы документтердин төмөнкү түрлөрүн пайдалануу зарыл:
- негизги каражаттардын эсептик тизмеги;
- эсептик тизмектөө жарлыгы;
- товардык-материалдык корлордун (баалуулуктардын) эсептик тизмеги;
- жөнөтүлгөн товардык-материалдык корлордун эсептик тизмеги;
- жооптуу сактоого алынган товардык-материалдык корлордун эсептик тизмеги;
- жолдогу товардык-материалдык баалуулуктардын эсептик тизмегинин актысы;
- баалуу металлдардын жана алардан жасалган буюмдардын эсептик тизмегинин актысы;
- асыл таштарды, табигый алмаздарды жана алардан жасалган буюмдарды эсептик тизмектөө актысы;
- негизги каражаттардын бүтө элек капиталдык ремонтторунун эсептик тизмектөө актысы;
- келечектеги мезгилдердеги сарптоолордун эсептик тизмектөө актысы;
- нак акча каражаттарын эсептик тизмектөө актысы;
- баалуу кагаздарды (баалуулуктарды) жана тыкыр отчеттуулуктагы бланктардын эсептик тизмеги;
- сатып алуучулар, жөнөтүүчүлөр жана башка дебиторлор жана кредиторлор менен эсептешүүлөрдү эсептик тизмектөө актысы;
- сатып алуучулар, жөнөтүүлөр жана башка дебиторлор жана кредиторлор менен эсептешүүлөрдү эсептик тизмектөө актысына справка;
- негизги каражаттарды эсептик тизмектөө жыйынтыгын салыштыруунун ведомосту;
- товардык-материалдык запастарды эсептик тизмектөөнүн натыйжасын салыштыруунун ведомосту.
23. «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 3-пунктуна ылайык баштапкы эсептик документтерди өз убагында жана сапаттуу жол-жоболоштуруу, аларды бухгалтердик эсепте чагылдыруу үчүн белгиленген мөөнөттө өткөрүү, документтердеги маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти документтерди түзгөн жана тапшырган адамдар тартат.
24. Баштапкы эсептик документтерге кол коюуга укуктуу адамдардын тизмесин субъекттин жетекчиси бекитет. Бухгалтердик эсепти жетекчи өзү жүргүзгөн учурда бухгалтердик документтерге субъекттин жетекчиси өзү кол коет.
25. Акча жана эсептешүү документтери, каржылык жана кредиттик милдеттенмелер жетекчинин же андайга ыйгарым укук берилген адамдын колу болмоюнча анык эмес деп эсептелет жана аткарууга алынууга тийиш эмес. Субъекттин каржылык салымдарын, карыз жөнүндө келишимдери менен кредиттик келишимдерин, товардык жана коммерциялык кредит боюнча түзүлгөн келишимдери ж.у.с. жол-жоболоштурулган документтер каржылык жана кредиттик милдеттенмелер деп түшүнүлөт.
26. Өзгөчө тартыш жана кымбат баалуу материалдык баалуулуктарды берүү жөнүндө документтерге кол коюуга укуктуу адамдардын саны чектелүү болууга тийиш.
27. Субъекттин жетекчиси менен башкы бухгалтеринин ортосунда айрым чарбалык операцияларды жүргүзүү боюнча пикир келишпестиктер болгон учурда, алар боюнча баштапкы эсептик документтер аткарууга субъекттин жетекчисинин жазуу жүзүндөгү тескемеси менен кабыл алынышы мүмкүн, андай операцияларды жүргүзүүнүн жана алар жөнүндө маалыматтарды бухгалтердик эсепке жана каржылык отчетко киргизүүнүн кесепеттери үчүн жоопкерчиликтин баарын жетекчи тартат.
28. Эсептик маалыматты, б.а. баштапкы документтердеги маалыматтарды каттоонун ыкмасы бухгалтердик эсептин техникасы деген термин менен түшүнүлөт.
29. Чарбалык операциялар жөнүндө маалыматтардын иштетилишин контролдоо жана тартипке салуу үчүн баштапкы эсептик документтердин негизинде жыйынтыктоочу эсептик документтер - эсептик регистрлер түзүлөт. Бухгалтердик эсептин регистрлеринин маалымат топтолуп жазылуучу түрлөрүн субъект өзү иштеп чыгат жана бекитет. Мында андайга ыйгарым укуктуу органдар сунуш кылган түрлөр пайдаланылышы мүмкүн.
30. Эсептик регистрлер автоматташтыруу даражасына жараша кагаз жана электрондук жердикте жүргүзүлүшү мүмкүн. Бухгалтердик документтерди иштеп чыгуу үчүн компьютер пайдаланган субъекттердин кагазга басып чыгарылышы болууга тийиш.
Эсептик регистрлер бухгалтердик эсептин жана каржылык отчеттун эсептериндеги маалыматты чагылдыруу үчүн колдонулат.
31. Эсептик регистрлер тышкы түрү боюнча төмөнкүдөй бөлүнөт:
- китептер;
- карточкалар;
- бош барактар;
- машина жердиктери.
32. Чарбалык операциялар бухгалтердик эсептин регистрлеринде хронологиялык тартипте чагылдырылып жана бухгалтердик эсептин тийиштүү эсеби боюнча топтоштурулууга тийиш.
33. Эсептик регистрлер аларга жазылуучу жазуулардын түрлөрү боюнча төмөнкүдөй бөлүнөт:
- хронологиялык (каттоочу журнал);
- тутумдук (эсептердин негизги китеби);
- аралаш (журналдар, ордерлер).
34. Эсептик регистрде камтылган маалыматтардын майдалыгынын даражасы боюнча алар төмөнкүдөй болот:
- кошмо (эсептердин башкы китеби);
- талдоочулук (карточкалар);
- аралаш (журнал-ордерлер).
Китептер аныкталган көлөмдө жана сызык түшүрүлгөн бош барактар түрдө болот. Алардын колдонулушу чектелүү, анткени аларды жүргүзүүнү эсептөөчү кызматкерлердин ортосунда бөлүштүрүүгө болбойт, аны бир адам жүргүзүүгө тийиш (кассалык китеп). Мындай китептер номерленүү менен көктөлүп, акыркы бетине субъекттин жана башкы бухгалтердин колдору коюлуп, барактардын саны көрсөтүлөт. Мындай китептерде айрым барактарын жаңы барактар менен (кыянаттык кылууда жана уурдоодо) алмаштырууга болбойт. Субъектте «Башкы китеп» - ал кошмо эсептин регистри катары жана «Кампалардагы материалдардын калдыктар китеби» - оперативдүү-кампалык эсептин маалыматтары менен бухгалтердик эсептин маалыматтарынын өз ара аракеттеринин жана менчиктин ар түрдүү түрлөрүнүн сакталышын контролдоо үчүн зарыл болгон талдоо эсебинин регистри катары колдонулат.
Карточкалар негизги каражаттарды (эсептик тизмек), материалдык баалуулуктарды сакталган жерлери боюнча (материалдарды кампалык эсептөө карточкалары) талдоочулук эсепке алуу үчүн арналган. Алардын негизинде бухгалтерия негизги каражаттардын картотекасын, ал эми материалдык жактан жооптуу адамдар - товардык-материалдык корлордун картотекасын (ТМК) түзөт.
Бош барактар - көлөмү чоң жана карточкага караганда маалыматы көп эсептөө регистри. Алар кошмо жана талдоочулук эсептөө үчүн арналган жана топтоштурулган регистрлердин ролун аткарат. Аларга: журнал-ордерлер, ведомосттор ж.б. кирет. Алар колдонууга ыңгайлуу, анткени эсептөө кызматкерлеринин ортосунда милдеттерди кыйла сарамжал бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет. Бул эсеп регистрлердин эң жайылган түрү.
35. Бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн түрү эсептөө регистрлеринин курамын, алардын түрлөрүн, тартибин жана толтуруунун ыраатын, өз ара салыштыруу техникасын аныктайт.
Эсептөө регистрлердеги жазуулар кылдат текшерилген документтерге негизделет, ошондуктан субъекттин чарбалык ишин талдоо үчүн, каражаттарынын абалын контролдоодо жана ишинин натыйжаларын табууда алардын көрсөткүчтөрүн пайдаланганда регистрлердин өздөрү далилдүү күчкө ээ болот.
36. Бухгалтердик эсептин регистрлериндеги чарбалык операциялардын туура чагылдырылышын аны түзгөн жана ага кол койгон адамдар камсыз кылат.
Бухгалтердик эсептин регистрлерин сактоодо алар санкциясыз оңдоодордон корголууга тийиш. Бухгалтердик эсептин регистриндеги каталарды оңдоо түзөтүү күнүн көрсөтүү менен оңдоону киргизген адам тарабынан негизделип, койгон колу менен ырасталууга тийиш.
37. Бухгалтердик эсептин регистрлеринин, ички бухгалтердик отчеттордун жана башка документтердин мазмуну коммерциялык сыр болуп эсептелет. Ал документтердин мазмуну менен таанышууга жетекчинин (субъекттин менчик ээсинин) уруксаты боюнча, соттун жана прокуратуранын чечимдери боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурлардан тышкары эч кимдин укугу жок.
38. Бухгалтердик эсептин регистрлеринде жана ички отчеттордо камтылган маалыматтарга жетүүгө уруксат алган текшерүүчүлөр, аудиторлор жана башка адамдар коммерциялык сырды сактоого милдеттүү. Алар аны ачыкка чыгарылгандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген жоопкерчилик тартат.
39. Бухгалтерияга түшкөн баштапкы документтер төмөнкү милдеттүү текшерүүлөрдөн өтүүгө тийиш:
- түрү боюнча (документтин жол-жоболоштурулушу, реквизиттердин так жана туура толтурулушу);
- арифметикалык (суммаларды эсептөө);
- мазмуну боюнча (документтик операциялардын мыйзамдуулугу).
Баштапкы документтерди текшерүү - документтин белгиленген эрежелерге шайкештигине жүргүзүлүүчү контроль.
40. Түрү боюнча текшерүүдө документтин милдеттүү реквизиттеринин толтурулушун контролдоо зарыл - тиешелүү түрдө жол-жоболоштурулбаган документ анык эмес деп табылат. Документтин бардык түрлөрү менен каралган реквизиттер аларды толтуруу боюнча талаптарды эске алуу менен толтурулууга, документти түзүүгө жана аларды чечмелөөгө жооптуу адамдардын зарыл болгон коюлган колдорун, ошондой эле, эгерде мындай бланктын түрү жана колдонуудагы мыйзамдар менен каралса, уюмдун мөөрү камтылууга тийиш.
41. Текшерүүнүн жыйынтыгында табылган каталарды төмөнкү топторго бөлүүгө болот:
- келип чыгуу себептери боюнча - кайдыгерлик, бухгалтердик сабатсыздык, чарчоо;
- келип чыккан жерлери боюнча - баштапкы документтердин текстинде же цифраларында, регистрлерге киргизүүдө;
- мааниси боюнча - майда каталар (мисалы: датада) жана транзиттик (бир нече жерде каталарды автоматтык түрдө келтирүүнү) пайда кылуучу.
42. Кассалык жана банктык документтерге оңдоолорду киргизүүгө жол берилбейт. Калган баштапкы эсеп документтерине оңдоо ушул документтерди түзгөн жана кол койгон адамдардын макулдашуусу боюнча гана киргизилиши мүмкүн, мунун өзү оңдоо киргизүү датасын көрсөтүү менен ошол эле адамдардын койгон колу менен ырасталууга тийиш.
43. Кол менен түзүлгөн (кассалык жана банктык документти албаганда) баштапкы документтердеги каталар төмөнкү түрдө оңдолот:
- туура эмес тексттин же сумманын оңдолушу окууга мүмкүн болгондой бир ичке сызык менен чийилет;
- чийилгендин үстүнө оңдолгон текст же сумма жазылат;
- тиешелүү саптын талаасына мурда документке кол койгон адамдардын колу менен же оңдоону жүргүзгөн адамдын колу менен ырасталуучу «Оңдолду» деген эскертме жазылат, ошондой эле оңдолгон дата коюлат.
44. Бухгалтерияга оңдолгон документтер түшкөндө, бухгалтер оңдолгон колдун алдына өзүнүн колун коюшу керек.
45. Баштапкы документтердин жана эсептөө регистрлеринин тексттеринде жана цифралык маалыматтарында кырып өчүрүүлөр жана эскертип көрсөтүлбөгөн оңдоолорго жол берилбейт.
- эгерде документ бир нече нускада түзүлсө, оңдоо ар бир нускага өзүнчө жасалат.
46. Баштапкы документтер менен иштөөдөгү типтүү каталар:
- субъектте түзүлгөн, бирок эсепке алуу саясаты боюнча буйрукта бекитилбеген баштапкы документтердин түрлөрүн пайдалануу;
- документтерде милдеттүү реквизиттердин болбогондугу;
- баштапкы документтерге кол коюуга укугу бар адамдардын субъекттин жетекчиси тарабынан бекитилген тизмесинин болбогондугу;
- баштапкы документтердин милдеттүү реквизиттеринин толтурулбагандыгы;
- документтерде кырып өчүрүүлөрдүн жана булгоолордун болушу;
- документтерде каталарды оңдоо эрежесинин бузулушу;
- кассалык документтердеги оңдоолор;
- жөнөкөй карандаш менен жазуулар;
- бош барактарда сызуулардын жок болгондугу;
- штамптын же кассалык кириш жана чыгыш ордерлерге тиркелүүчү документтерде датаны (күн, ай, жыл) көрсөтүү менен «Төлөндү» деген жазуунун болбогондугу;
- документтерге баа коюудагы арифметикалык каталар.
47. Маалымат баштапкы документтен алынгандан кийин эсепке алуу регистрине которулат, ал эми документтин өзүнө аны кайра пайдалануу мүмкүнчүлүгүн болтурбоочу атайын белги коюлат.
48. Бухгалтердик эсептин эсептеринде чарбалык операциялардын туура эмес чагылдырылышынын фактылары табылганда оңдолгон жазуулар жөнүндө бухгалтердик справка түзүлөт. Табылган каталарды оңдоо алар табылган отчеттук мезгилдүү бухгалтердик отчетто жүргүзүлөт. Бухгалтердик регистрде оңдоочу жазууну жазуу үчүн ага негиздеме - алгачкы эсепке алуу документи зарыл. Ошондуктан кайсы ката оңдолоорун жана мурда жол берилген каталарды оңдоолордо ошол эсептөө регистрлерине анын оңдолушу үчүн негиз болуп эсептелген баштапкы эсептөө документин кайсы жерде изделе тургандыгын көрсөтүү менен маалымкатты тиркөө максатка ылайык болот.
Мына ошентип, оңдоо жазуулары жөнүндө бухгалтердик эсеп бухгалтердик эсептин эсептеринде чарбалык операциялардын туура эмес чагылдырылышынын фактысын аныктайт жана эсептөө регистрлерине киргизилген оңдоло жазууларынын зарылдыгын негиздейт. Бул учурда көрсөтүлгөн справка, анын негизинде эсептөө регистрлеринде жазуулар киргизилген баштапкы бухгалтердик документтин ролун аткарат.
Мындай справка баштапкы эсептөө документтерине коюлуучу талаптарга шайкеш келүүгө жана төмөнкү реквизиттерди камтууга тийиш:
- документтин аталышы (бухгалтердик справка);
- түзүлгөн дата;
- операциянын мазмуну (бухгалтердик эсептин эсебиндеги операциянын туура эмес чагылдырылышынын кеңири баяндамасы, туура эмес жазылган жазуунун мазмуну, туура эмес жазылган жазуунун себебинин негиздемеси жана аны бухгалтердик эсептин эсептеринде оңдоонун ыкмасы, оңдоп жазуунун мазмуну);
- сандык өлчөгүчтөр (ТМКнын кыймылына байланыштуу операциялар жөнүндө жазууларды оңдоодо акча жана нак түрүндө);
- ал операцияны эсепке алууга жооптуу кызмат адамдардын аталыштары (башкы бухгалтер, бухгалтер) жана алардын койгон колдору.
49. Бухгалтердик эсептен регистрлерине жаңылыш жазылган жазуулардын оңдоо төмөнкү жолдордун бири менен жүргүзүлөт:
- түзөтүү киргизүү жолу менен: жаңылыш жазылган жазуу кылдат сызылат, туура жазуу жазылат жана датаны көрсөтүү менен бухгалтер тарабынан кол коюлат. Бул усул ката регистрлердин биринде кетирилгенден жана жыйынтык сумманы санаганга чейин табылганда колдонулат;
- багыттар боюнча кошумча тактоо жолу менен: эгерде эсепке алуу регистрлерине киргизилген сумма туура суммадан кем болгондо багыттар боюнча кошумча тактоо жүргүзүлөт. Мында кайсы ката оңдолгондугун жана негиз болуп эсептелген баштапкы документти кайдан издөө керектигин көрсөтүү менен бухгалтердик справка жол-жоболоштурулат. Эсептин мемориалдык-ордерлик түрүндө кошумча тактоолорду жүргүзүү үчүн мемориалдык ордер түзүлөт. Бул ыкма ката бир нече эсеп регистрлеринде кайталанган же жыйынтыктарды чыгаргандан кийин табылган учурда колдонулат;
- багыттар боюнча кайра тактоо жүргүзүү жолу: багыттар боюнча кайра тактоону оңдоо үчүн (эреже катары, өткөн отчеттук мезгилде кетирилген жаңылыштык) кайра корреспонденциялоо жолу менен жазуу жазылат.
50. Бухгалтердик эсептөөлөрдөгү өтүп жаткан мезгилде олуттуу таасир көрсөтүүчү же олуттуу таасири кийинки мезгилдерде күтүлүүчү өзгөртүүлөрдүн мүнөзү жана чоңдугу ачык көрсөтүлүүгө тийиш. Эгерде сандык баалоону жүзөгө ашыруу иш жүзүндө мүмкүн болбосо, ал жөнүндө маалымат ачык көрсөтүлүүгө тийиш.
51. Математикалык жаңылыштыктардын натыйжасында жана эсептик саясатты колдонууда, ошондой эле маалыматты бурмалоонун натыйжасында пайда болгон каталар өтүп жаткан мезгил үчүн таза кирешени же чыгашаны эсептөөдө эсепке алынат.
52. Сейрек учурларда ката бир же бир нече мезгилдин каржылык отчетуна алар олуттуу таасир көрсөткөндүктөн, алардын чыгуу датасына карата мындан ары ишенимдүү деп эсептөөгө мүмкүн болбой калат. Мындай каталар фундаменттүү деп аталат. Фундаменттүү каталарды жана эсептик саясат колдонуудагы каталарды оңдоо КОЭТтин «Мезгил үчүн таза киреше жана чыгаша, эсеп саясатындагы фундаменттүү каталар жана өзгөртүүлөргө» ылайык жүргүзүлөт.
53. Жоголгон документтер (жоголуу себептерине карабастан) калыбына келтирилүүгө, туура эмес жол-жоболоштурулгандар - аларга карата коюлган талаптарга ылайык жеткире жол-жоболоштурулууга тийиш.
54. Документтерди калыбына келтирүү боюнча аракеттердин ырааттуулугу төмөнкүдөй:
- эгерде кандайдыр бир баштапкы эсеп документтердин жоктугу (жоголушу же керектен чыгышы) же алардын туура эмес жол-жоболоштурулушу (милдеттүү реквизиттердин болбогондугу же толтурулбагандыгы) белгиленсе, анда субъекттин жетекчиси өзүнүн буйругу менен себебин иликтөө боюнча комиссия дайындоого тийиш;
- зарыл болгон учурларда комиссиянын ишине катышуу үчүн тергөө органдарынын өкүлдөрү чакырылат;
- документтин жоголуу себебин табылгандан кийин комиссия аны калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүгө тийиш;
- комиссиянын ишинин натыйжалары акт менен жол-жоболоштурулат, ал субъекттин жетекчиси тарабынан бекитилет.
55. Баштапкы эсептөө документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтомдордун негизинде тергөө, алгачкы териштирүү жана прокуратура органдары, сот, салык органдары тарабынан гана алынууга тийиш.
56. Башкы бухгалтер же субъекттин ыйгарым укуктуу кызмат адамы документтерди алууну жүргүзгөн органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен алардын көчүрмөсүн алууга укуктуу. Мында көчүрмөдө документтерди алуунун негизи жана датасы көрсөтүлөт.
57. Субъекттер баштапкы эсептөө документтерин, бухгалтердик эсептин регистрлерин, бухгалтердик эсептин эсебинин жумушчу планын, каржылык отчеттуулукту жана эсеп саясатынын башка документтерин маалыматы кагаз жердикте жана ошондой эле компьютердик тутумда да мамлекеттик архив иши жөнүндө мыйзамдарда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттүн ичинде сактоого милдеттүү.
58. Бухгалтердик эсептин регистрлеринин эсебинин жана каржылык отчеттун сакталышын уюштурууга субъекттин жетекчиси жоопкерчилик тартат.
59. Документтерди сактоо мөөнөтүн дайыма иштөөчү эксперттик комиссия субъектте түзүлгөн иш кагаздарын жүргүзүү кызматы менен биргелешип аныктайт. Документтерди жок кылуу тартибин да ал аныктайт. Комиссиянын курамына негизги түзүмдүк бөлүкчөлөрдүн кыйла квалификациялуу адистери, ошондой эле архивдик мекеменин өкүлдөрү кирет.
60. Баштапкы бухгалтердик документтердин (накладной, эсептер, эсеп-фактуралар, кассалык кириш ордерлери ж.у.с.) сакталышын, бухгалтердик отчеттордун жана баланстардын жол-жоболоштурулушун жана аларды архивге өткөрүп берүүнү субъекттин башкы бухгалтери камсыз кылат.
61. Субъекттин архивине аларды өткөрүп бергенге чейин документтер башкы бухгалтер ыйгарым укук берген адамдардын жоопкерчилиги астында бухгалтериядагы атайын жайларда же жабыла турган шкафтарда сакталууга тийиш.
62. Тыкыр отчеттуулуктагы бланктар сейфтерде, темир шкафтарда же алардын сакталышы мүмкүн болуучу атайын жайларда сакталууга тийиш.
63. Белгилүү бир эсептөө регистрине кирген, өтүп жаткан айда кол менен иштетилип чыккан баштапкы документтери, ал документтерге тиешелүү болгон банктын үзүндү көчүрмөлөрү, кассалык ордерлер, аванстык отчеттор архивге өткөрүп берүү үчүн хронологиялык тартипте ылганып, толукталып, папкага көктөлөт жана мукабаланат. Документтерди архивге өткөрүп берүү белгиленген үлгүдөгү справка менен коштолот.
64. Субъекттин кызматкерлерине эмгек акы чегерүүгө байланыштуу документтерди сактоо өзгөчө мааниге ээ. Жумушчулар менен кызматчылардын жеке эсептерин сактоо мөөнөтү төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат: 75 К (жыл), мында К - адамдардын жеке эсеп жүргүзүүнү токтотуу учурундагы курагы.
65. Эмгек акыны берүүгө эсептешүү (эсептешүү-төлөө) ведомосту 6 жылдан кем эмес, бирок жеке эсеп жок болгондо - 75 жыл сакталууга тийиш.
66. Пенсияларды жана мамлекеттик жөлөкпулдарды алуучулардын жеке эсептери жөлөкпулдарды жана пенсияларды төлөө токтотулгандан кийин 5 жылдан кем эмес, бир жолу берилүүчү жөлөкпулдар үчүн 1 жыл сакталат.
67. Алардын сактоо мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин 2008-жылдын 7-августундагы буйругу менен бекитилген Сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын ишинде түзүлүүчү типтүү башкаруу документтеринин тизмеги менен «туруктуу» деп аныкталган документтер мамлекеттик сакталууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик архивдерине өткөрүлүп берилет.
68. Субъекттин иши токтотулган учурда кызматкерлерге эмгек акы чегерүү жана төлөө менен байланышкан документтер мамлекеттик архивдерге өткөрүлүүгө тийиш.
69. Ири субъекттер үчүн - документтерди сактоонун тартиби жөнүндө жобону ушул Жобого ылайык иштеп чыгуу жана бекитүү максатка ылайыктуу.
Тиркеме
Документтин аталышы | Документти түзүү
| ||||
| Нускалардын саны | Жазылышы үчүн жооптуу | Жол-жоболоштуруу үчүн жооптуу | Аткаруу үчүн жооптуу
| Аткаруу мөөнөтү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
Талаптар | 2
| Цех | МТЖБ, бухгалтерия
| Кампа | Күн сайын (саат ___чейин) |
Документти текшерүү | Документти иштетүү | Архивге өткөрүү | |||||
Текшерүү үчүн жооптуу
| Ким тапшырат | Тапшыруу тартиби | Тапшыруу мөөнөтү | Ким аткарат | Аткаруу мөөнөтү | Ким аткарат | Өткөрүү мөөнөтү |
7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
Бухгалтерия | 1 экз. -цех 2 экз. -кампа | Реестрге отчет берүүдө | Күн сайын (саат __чейин) | Бухгалтерия | Күн сайын | Бухгалтерия | Квартал бүткөндө |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 231 токтому менен бекитилген |
1. Бул Методикалык көрсөтмөлөр жеке ишкерлердин бухгалтердик эсепти уюштуруу, жүргүзүү жана финансылык отчет түзүү тартибин аныктайт.
2. Жеке ишкерлер (мындан ары - ЖИ) - Кыргыз Республикасынын аймагында жеке ишкердик менен алектенген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган жеке адамдар.
3. ЖИ кош жазууну жана бухгалтердик эсептин эсептер планын колдонбостон жөнөкөйлөтүлгөн формада бухгалтердик эсеп жүргүзүшү мүмкүн.
4. Жеке ишкерлер үчүн бухгалтердик маалыматтарды эсепке алуу кошуп эсептөө методуна негизделет, ага ылайык кирешелер алынганда же акча каражаты төлөнгөндө эмес, иштеп табылганда, чыгымдар жана зыяндар - чыгымдалганда таанылат (чагылдырылат).
5. ЖИ сунушталуучу методикалык көрсөтмөлөрдүн; амортизацияны эсептөөнүн; эгер болсо, резервдерди түзүү тартибинин негизинде товардык-материалдык запастарды (ТМЗ) баалоо методдорун өз алдынча аныктоого тийиш. Тандап алынган методдор жыл бою алмаштырылбашы керек.
6. Бухгалтердик эсеп системасында маалыматтарды чагылдырууда жана жөнөкөйлөтүлгөн отчет түзүүдө төмөнкүдөй негизги принциптер колдонулат: түшүнүктүүлүк, ишенимдүүлүк, толуктук, сактык, туура элестетүү.
Түшүнүктүүлүк. Отчетто берилген маалыматтар түшүнүү үчүн жеңил болууга тийиш.
Ишенимдүүлүк. Маалыматта олуттуу каталар жана калыс эместик болбошу керек.
Толуктук. Отчеттогу маалымат салык мыйзамдарынын нормаларына ылайык маанилүүлүгүн жана ага кеткен сарптоолорду эске алуу менен толук болууга тийиш.
Сактык. Кошуп эсептөө методун колдонуу шектүү карыздарды алуу, машиналардын жана жабдуулардын ыктымалдуу кызмат өтөө мөөнөтү жана мүмкүн болгон кепилдик талаптардын саны сыяктуу түрдүү анык эместиктердин пайда болушуна алып келиши шексиз. Мындай анык эместиктер сактык принцибин сактоонун жардамы менен таанылат. Сактык - бул анык эместик шарттарында активдер же кирешелер жогорулатылбашы, ал эми милдеттенмелер же чыгымдар азайтылбашы үчүн эсептөөлөрдү жүргүзүү. Бирок сактык принцибин сактоо, мисалы, жашырын резервдерди жана өтө ашыкча запастарды түзүүгө, активдерди же кирешелерди атайылап азайтууга же алдын ала милдеттенмелерди же чыгымдарды жогорулатууга мүмкүндүк бербейт. Мындай учурларда отчет бейтараптуу болмок эмес, демек ишенимдүүлүк сапатын жоготот.
Туура элестетүү. Маалымат өзү чагылдырууга тийиш болгон же андан бул эмнени чагылдыраары негиздүү күтүлгөн операцияны же башка окуяны туура көрсөтүшү керек.
7. Чарбалык операцияларды аткарууда бухгалтердик эсепти уюштурууга, нормативдик укуктук актыларды жана мыйзамдарды сактоого ЖИ жоопкерчилик тартат. ЖИ чарбалык операцияларды эсепке алуу тартибин камсыздоо, жөнөкөйлөтүлгөн отчет түзүү, салыктык отчетту жана мыйзамда каралган башка финансылык документтерди даярдоо (мисалы, жалданма жумушчулардын эмгек акысын эсепке алуу, Социалдык фондго отчет) үчүн милдеттүү.
8. Эсепке алууну уюштуруу төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн:
а) ЖИнин өзүнүн бухгалтердик эсеп жүргүзүүсү;
б) контракттык негизде адистештирилген уюмдун же бухгалтер-адистин кызматынан пайдалануу.
9. Топтомо эсепке алуучу документтерге (регистрлерге) жазуу үчүн негиз болуп кызмат кылуучу операцияны аяктоо фактысын белгилөөчү документтерге, ошондой эле отчетторго ЖИ кол коет. Айрым чарбалык операцияларды ишке ашыруу боюнча ЖИ менен бухгалтердик эсеп жүргүзүүчү адамдын ортосунда кайчы пикирлер болгон учурда ал боюнча документтер ЖИнин жазуу жүзүндөгү уруксаты менен аткарууга кабыл алынышы мүмкүн, ЖИ ушундай операцияларды жүргүзүүнүн натыйжасы үчүн жоопкерчиликти толук боюнча тартат.
10. ЖИ бухгалтердик эсепти баштапкы эсепке алуу документтеринин негизинде жүргүзүшөт. Баштапкы документтер төмөнкүдөй милдеттүү реквизиттерди камтууга тийиш:
- документтин аталышын;
- документ түзүлгөн күндү жана ордун;
- анын атынан (тапшырмасы боюнча) документ түзүлгөн субъекттин аталышын;
- чарбалык операциянын мазмунун;
- чарбалык операциянын натуралай жана акчалай туюнтулуштагы өлчөгүчтөрүн;
- чарбалык операцияны аткарууга жана аны тариздөөнүн тууралыгына жооптуу адамдардын кызмат орундарынын аталышын;
- аталган адамдардын жеке колдорун.
11. Товарды алуу жана берүү боюнча ар кандай чарбалык операцияларды тариздөөдө менчик укугунун өтүү фактысын ырастоочу документ (эсеп-фактура, товардык сатып алуу актысы, товардык чек, келишим, товар берүүгө накладной ж.б.) тиркелүүгө тийиш.
12. Баштапкы эсепке алуучу документтер чарбалык операцияны жасаган учурда, ал эми антүүгө мүмкүн болбосо операция аяктагандан кийин дароо түзүлүшү керек.
13. Алгачкы эсепке алуу документтеринин негизинде маалыматты контролдоо системалаштыруу жана топтоо үчүн топтомо эсепке алуучу документтер (регистрлер) түзүлөт. Ушул регистрлердин негизинде мүлктүн жана акча каражатынын болушун, ошондой эле белгилүү күнгө карата ЖИдеги алардын булактарын аныктоого жана отчет түзүүгө болот. Чарбалык операциялар регистрлерде хронологиялык ырааттуулукта чагылдырылууга жана тиешелүү журналдар жана китептер боюнча топтоштурулууга тийиш. Эсепке алуу регистрлери кагазга чыгаруу менен маалыматтын электрондук булактарында да жүргүзүлүшү мүмкүн.
14. ЖИ төмөнкүдөй топтомо эсепке алуу документтерин (регистрлерди) түзүүгө тийиш:
- кассалык китеп;
- сатып алуулар журналы;
- сатуулар журналы;
- эмгек акы төлөөнү эсепке алуу китеби;
- товардык-материалдык запастарды (мындан ары - ТМЗ) эсепке алуу китеби;
- негизги каражаттарды жана материалдык эмес активдерди (мындан ары - МЭА) эсепке алуу китеби;
- эсептөөлөрдүн абалын эсепке алуу китеби;
- башка чыгымдарды эсепке алуу китеби.
Кассалык китеп. Жеке ишкер акчанын бардык түшүүлөрүн жана накталай акча берүүлөрдү валютанын ар бир түрү боюнча кассалык китепте өзүнчө эсепке алат. Кассалык китеп номерленүүгө, боо өткөрүлүп көктөлүүгө жана ЖИнин колу менен күбөлөндүрүлүп, мөөр менен бекитилүүгө тийиш. Кассалык китептеги жазуулар тиешелүү түрдө таризделген алгачкы документтердин негизинде 2 нускада жүргүзүлөт. Кассалык жана банктык документтерге оңдоолорду киргизүүгө болбойт. Акчаларды кабыл алуу жана берүү боюнча кассалык операциялар Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети бекиткен, таризделген типтүү документтерди пайдалануу менен жүргүзүлөт.
Калган алгачкы эсепке алуу документтерине оңдоолор документтерди түзгөн жана кол койгон адамдар менен макулдашуу боюнча гана киргизилиши мүмкүн, ал оңдоолорду киргизүү күнүн көрсөтүп, ошол адамдардын коюлган колдору менен ырасталууга тийиш.
Сатып алуулар журналы. ЖИ өзүнүн бардык сатып алууларын эсепке алуу үчүн сатып алуулар журналын жүргүзөт (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин «КНС эсеп-фактуралары жана документтер» 282-беренесине ылайык), мында алгачкы документтердин негизинде хронологиялык ырааттуулукта төмөнкүдөй жазуулар жүргүзүлөт:
- берүүчүнүн аталышы;
- сатып алуунун кыскача баяндамасы;
- сатып алынуучу материалдык ресурстардын салыктан тышкаркы наркы;
- кириштөөгө жаткан, кириштөөгө жатпаган кошумча наркка салыктын суммасы (ЖИнин 1-тиркемеси).
Сатуулар журналы. Бардык берилген товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) эсепке алуу үчүн сатуулар журналы жүргүзүлөт (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин «КНС эсеп-фактуралары жана документтер» 282-беренесине ылайык), мында сатып алуучу, КНСи жок берүүлөрдүн наркы, КНСтин суммасы, калкка акы төлөмө кызмат көрсөткөндүгү үчүн жана чекене соодадан салыктын суммасы жөнүндө маалыматтар камтылат (ЖИнин 2-тиркемеси).
Эмгек акы төлөөнү эсепке алуу китеби. Жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдалануучу ЖИлер эсептелген сарптоолорду эсепке алуу үчүн эмгек акы төлөөнү эсепке алуу китебин жүргүзөт (ЖИнин 3-тиркемеси). Эмгек акы төлөө чыгымдарына кызматкерге акчалай жана (же) натуралай түрдөгү бардык чегерүүлөр киргизилет. Ал эмгек акы төлөө боюнча кызматкер менен эсептешүүлөрдү эсепке алуу үчүн жана Социалдык фондго милдеттүү төгүмдөрдүн суммасын аныктоо, киреше салыгын эсептөө үчүн арналган. Эсептешүү ведомосту төлөм документи да болуп эсептелет жана жеке ишкердин кызматкерлерине эмгек акыны тариздөө жана берүү үчүн арналат.
ТМЗны эсепке алуу китеби. Жеке ишкерлер товардык-материалдык запастардын сандык-суммалык эсебин ТМЗны эсепке алуу китебинде жүргүзөт (ЖИнин 4-тиркемеси), мында ТМЗнын аталышы, саны жана наркы боюнча ТМЗ жөнүндө маалымат чагылдырылат. Эсепке алуу китебинде запастардын түрлөрү боюнча ар бир отчеттук мезгил үчүн өз-өзүнчө сатып алынган (даярдалган) жана сатылган (сарпталган) запастар чагылдырылат. Андан сырткары бул китепте ар бир отчеттук мезгилдин башталышына жана аякташына карата ТМЗнын калдыктары чагылдырылат.
Товардык-материалдык запастарга төмөнкүлөр кирет:
- товарлар;
- сырьелор жана материалдар (тоют, үрөн, курулуш материалдары, отун, запастык тетиктер кошо);
- аяктай элек өндүрүш;
- даяр продукция (айыл чарба продукциясы кошо).
ТМЗны кириштөөдө наркына аларды сатып алууга иш жүзүндөгү сарптоолор киргизилет, ал төмөнкүлөрдү камтыйт: сатып алуу баасын, бажылык алымдарды, жана башка салыктарды (орду толтурулуучулардан башка), ошондой эле транспорттук, транспорттук-экспедитордук жана ТМЗны сатып алууга тикелей байланышкан башка чыгымдар (товарлар, сырьелор, материалдар). Соода жеңилдиктери сатып алынган запастын наркын азайтат.
Аяктай элек өндүрүштүн жана даяр продукциянын наркы өндүрүш үчүн пайдаланылган запастар бөлүгүндө сатып алууга сарптоолордон түзүлөт.
Сарптоодо андан аркы эсепке алууда ЖИлер ТМЗнын наркын аныктоо үчүн төмөнкү методдорду колдоно алышат:
а) бир түргө келтирүү методун.
Бул метод өз ара алмаштыруучу боло албаган кандайдыр бир конкреттүү буюмдун, ТМЗ бирдигинин, атайын жекече заказ боюнча чыгарылган товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркын өлчөө үчүн колдонулат. Бир түргө келтирүү методу олуттуу наркка ээ болгон продукция бирдигин сатып алууда жана сатууда пайдаланылышы мүмкүн;
б) FIFO методун.
Запастарды биринчи сатып алуулардын баасы боюнча баалоо методу биринчи сатып алынган ТМЗ бирдиги да биринчи болуп сатылат, демек, отчеттук мезгилдин акырына карата ТМЗда калган бирдиктер акыркы болуп сатып алынган же даярдалган бирдиктер болуп эсептелет дегенге негизделген;
в) орточо өлчөнгөн нарк методу.
Орточо өлчөнгөн нарк методун колдонууда ТМЗнын ар бир бирдиги отчеттук мезгилдин башталышында ТМЗнын бир типтүү бирдигинин орточо өлчөнгөн наркы жана отчеттук мезгилдин ичинде сатып алынган же чыгарылган бир типтүү бирдиктердин наркы менен аныкталат. Орточо өлчөнгөн нарк милдеттенмелерге жараша мезгил-мезгили менен же товардын кошумча партиясын алганга жараша эсептелиши мүмкүн. ТМЗ бирдигинин орточо өлчөнгөн наркы ТМЗнын бүткүл наркын ушул запастардын бирдигинин санына бөлүү менен эсептелет. ТМЗнын отчеттук мезгилдин акырына карата орточо өлчөнгөн нарк методу боюнча аныкталган наркы отчеттук мезгилдин ичинде алынган товарлар боюнча бардык бааларды эске алат, анын натыйжасында баанын өзгөрүшү жөнгө салынат.
Негизги каражаттарды жана МЭАны эсепке алуу китеби.
Негизги каражаттарды жана материалдык эмес активдерди эсепке алуу үчүн ЖИ негизги каражаттарды жана МЭАны эсепке алуу китебин жүргүзөт (5-тиркеме), анда Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык топторго карата өз өзүнчө ар бир объект боюнча негизги каражаттар жана МЭА жөнүндө маалымат чагылдырылат.
Амортизациянын эсептелген суммасы негизги каражаттарды, материалдык эмес активдердин наркы жана амортизациялык чегерүүлөрдүн нормасы жөнүндө маалыматтарга жараша негизги каражаттардын ар бир объектиси боюнча аныкталат.
Негизги каражаттар, бул - материалдык активдер, алар ЖИ тарабынан товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү чыгаруу жана сатуу процессинде, башка компанияларга ижарага берүү же административдик максаттар үчүн пайдаланылат жана аларды бир мезгилден ашык эмес мезгилге пайдалануу болжолдонот жана 100 эсе эсептик көрсөткүчтөн жогорку наркта.
Негизги каражаттардын актив катары таанылышы мүмкүн болгон объекти сатып алууга, өндүрүүгө, курууга, монтаждоого жана орнотууга иш жүзүндөгү сарптоолор, ошондой эле ЖИ алып салууга укугу бар сарптоолорду кошпогондо, алардын наркын көбөйтүүчү башка сарптоолор боюнча бааланууга тийиш.
Амортизацияны эсептөө үчүн төмөнкү методдор колдонулушу мүмкүн:
а) Салык кодексинде каралган амортизация нормаларын колдонуу менен бирдей (түз сызыктуу) эсептен чыгаруу методу. Ар бир отчеттук мезгил үчүн амортизациялык чегерүүлөрдүн суммасы төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Амортизация алгачкы наркы - калдык наркы
төмөнкү мезгил үчүн = ────────────────────────────
Пайдалуу иштөө мөөнөтү
Бирдей эсептен чыгаруу методун колдонууда амортизациялык чегерүүлөр бүткүл кызмат өтөө мөөнөтүнүн ичинде бирдей болот, топтолгон амортизация бирдей көбөйөт, ал эми амортизациялык наркы калдык наркына жеткенге чейин бирдей азаят;
б) өндүрүштүк метод. Өндүрүмдүүлүктүн бирдигине амортизациялык чегерүүлөрдүн суммасы төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Өндүрүмдүүлүк алгачкы наркы - калдык наркы
бирдигине = ───────────────────────────────────────
амортизация өндүрүмдүүлүк бирдигинин болжолдуу саны
Отчеттук мезгилдеги амортизациянын суммасын аныктоо үчүн алынган маани отчеттук мезгилдеги иш жүзүндөгү өндүрүмдүүлүккө көбөйтүлөт. Өндүрүштүк методду колдонууда топтолгон амортизация өндүрүү бирдигине же пайдаланууга (жүрүүгө) жараша жыл сайын көбөйөт, ал эми амортизациялануучу нарк жыл сайын калдык наркка жетмейинче өндүрүү же пайдалануу бирдигинин көрсөткүчүнө түз пропорциялаш азаят.
Амортизацияны эсептөө актив пайдаланыла баштагандан тартып башталат.
Негизги каражаттардын алгачкы наркын белгилүү күнгө карата колдонулуудагы бааларга ылайык келтирүү максатында ЖИ негизги каражаттарды кайра баалоону жүргүзүшү мүмкүн.
Материалдык эмес активдер - материалдык эмес менчик объекттери (патент, лицензия, соода маркасы, пайда алууга жөндөмдүүлүк, автордук укук же фирманын - фирма ээсинин - товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн дистрибьютеринин атын же товардык белгисин пайдалануу жөнүндө келишим сыяктуу), алар бир салык жылынан кем эмес мезгилде экономикалык иште пайдаланылышы мүмкүн жана амортизацияланууга жатат. МЭАга финансылык активдер (облигациялар, заемдор, акциялар) киргизилбейт.
Эсептөөлөрдүн абалын эсепке алуу китеби. Эсептөөлөрдүн абалын эсепке алуу китеби (ЖИнин 6-тиркемеси) жеке ишкердин карызы жөнүндө маалыматты чагылдыруу үчүн зарыл. Бул китепте ар бир жеке жана юридикалык жактар менен эсептешүүлөрдү башкалардан бөлөк белгилөө зарыл. Жеке ишкерге карыздарды төмөнкүдөй түрлөр боюнча топтоо сунуш кылынат: алууга карата эсептер, берилген кредиттер жана заемдор, берилген аванстар, башка карыздар. Жеке ишкердин карыздарын төмөнкү түрлөр боюнча топтоо сунуш кылынат: төлөөгө карата эсептер, алынган аванстар, алынган кредиттер жана заемдор, төлөөгө салыктар, башка карыздар.
Башка чыгымдарды эсепке алуу китеби. Башка чыгымдар китебинде (ЖИнин 7-тиркемеси) жеке ишкер төмөнкүлөрдү чагылдырат:
- экономикалык иштер менен байланышкан активдерди камсыздандыруу боюнча чыгымдарды;
- келишимдерге ылайык ижаралык төлөмдөрдү;
- командировкалык чыгымдарды;
- карыздык милдеттенмелер боюнча проценттерди төлөө менен байланышкан чыгымдарды;
- жана башкаларды.
15. Жеке ишкерлер уюмдар менен ЖИ үчүн бирдиктүү салык декларациясын берүү белгиленген мөөнөттөрдө № 1 форма боюнча отчет түзүшөт, ал Кыргыз Республикасынын аймагында ишкердик жүргүзгөн жеке адамдардын кирешелери жана чыгашалары жөнүндө отчеттон жана ага тиркемеден турат.
16. Кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчет төмөнкү информацияны ачып берүүгө тийиш:
1) «Түшкөн акча» - товарларды, даяр продукцияны сатуудан, аткарылган иштерден жана көрсөтүлгөн кызматтан кыйыр салыктарсыз (КНС, акциз, сатуудан салык) түшкөн акча көрсөтүлөт. «Түшкөн акча» беренеси боюнча ЖИнин негизги ишинен түшкөн кирешелер чагылдырылат (010-сап).
2) «Башка операциялык киреше» - ижарадан түшкөн кирешелер, процент, лицензиялык төлөм, дивиденд, комиссиялык сый акы, айып, туум түрүндөгү түшкөн акчалар чагылдырылат. «Иштин башка бардык түрлөрүнөн алынган кирешелер» беренеси боюнча негизги эмес иштен алынган кирешелер чагылдырылат (020-сап).
3) «Операциялык иштен бардык кирешелер» (030-сап) - 010 жана 020-саптардын суммасын көрсөтөт. Бул сапты толтуруу үчүн ЖИ салык алынуучу берүүлөрдөн КНСтин суммасын аныктоо үчүн журналда чагылдырылган мурда алынган алдын ала төлөөнү кемитүү менен сатуулар журналын пайдалана алат.
Отчеттогу сарптоолор беренелери алардын мүнөзүнө жараша бириктирилет.
4) 040-сап боюнча материалдык сарптоолор чагылдырылат (050+060-070-саптар). 040-сап даяр продукциянын запасындагы жана бүтпөгөн өндүрүштөгү өзгөрүүлөрдү, ошондой эле пайдаланылган сырьелор менен чыгымдалган материалдарды чагылдырат. Сатылуучу ТМЗнын өздүк наркы киреше байланыштуу деп табылган отчеттук мезгилдеги чыгым катары таанылат. ТМЗ отчетго иш жүзүндөгү өздүк наркы боюнча чагылдырылат. 050, 060, 070-саптарды толтуруу үчүн ТМЗны эсепке алуу китеби пайдаланылат.
5) 050-сап боюнча отчеттук мезгилдин башталышына карата ТМЗнын калдыгы чагылдырылат (товарлардын, бүтпөгөн өндүрүштүн сырьелору менен материалдарынын, даяр продукциянын).
6) 060-сап боюнча ТМЗны сатып алууга сарптоолор чагылдырылат (ортомчуларга төлөнгөн комиссиялык сый акы кошо).
7) 070-сап боюнча отчеттук мезгилдин аягына карата ТМЗнын калдыгы чагылдырылат (товарлардын, бүтпөгөн өндүрүштүн сырьелору менен материалдарынын, даяр продукциянын).
8) 080-сап боюнча эмгек акы төлөөгө чыгымдар чагылдырылат. Бул сапты толтуруу үчүн жыл башынан тартып эмгек акы төлөө китебиндеги жалпы эмгек акынын суммасы пайдаланылат.
9) 090-сап боюнча амортизацияга чыгымдар чагылдырылат. Бул сапты толтуруу үчүн негизги каражаттарды жана материалдык эмес активдерди эсепке алуу китеби пайдаланылат (ЖИнин 5-тиркемеси).
10) 100-сап боюнча төмөнкүлөрдү камтыган башка операциялык чыгымдар чагылдырылат:
- башка уюмдар аткаруучу жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр;
- командировкаларга сарптоолор;
- активдерди камсыздандырууга сарптоолор;
- байланыштын, сигнализациянын, өрткө каршы жана кайтаруу күзөтүнүн техникалык каражаттарын кармоого жана тейлөөгө сарптоолор;
- продукцияларды жана товарларды сертификациялоо;
- продукцияларды, товарларды сатууга байланышкан сарптоолор, анын ичинде таңгактоо, жүктөө, ташуу, жарнама боюнча сарптоолор, маркетингге сарптоолор дагы кошо;
- консультациялык, маалыматтык кызмат көрсөтүүлөргө төлөө;
- банктардын кызмат көрсөтүүлөрү;
- Салык кодексине ылайык эсептен чыгарууга тиешелүү салыктар жана салыктык эмес төлөмдөр (жер салыгы, мүлк салыгы, жер казынасын пайдаланууга салык жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык эсептен чыгарылууга жатпаган КНС);
- өкүлчүлүк чыгымдар;
- башка чарбалык чыгымдар.
Бул сапты толтуруу үчүн башка чыгымдарды эсепке алуу китеби колдонулат (ЖИнин 7-тиркемеси).
11) 110-сап боюнча операциялык иштерден болгон чыгымдардын суммасы чагылдырылат (040-сап + 080-сап + 090-сап + 100-сап).
12) 120-сап боюнча операциялык иштерден болгон пайда (зыян) чагылдырылат (030-сап - 110-сап).
13) 170-сап боюнча операциялык эмес иштерден болгон кирешелер жана чыгымдар чагылдырылат (130-сап, 140-сап (+, -) 150-сап (+, -), 160-сап), ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
- чет өлкөлүк валюталар менен болгон операциялар боюнча акчанын курсунан айырмалардан кирешелер, зыяндар;
- бюджетке төлөнгөндөн башка, операциялык эмес иштер менен байланышкан айыптар, туумдар, бышманалар;
- карыздык милдеттенмелер боюнча %;
- негизги каражаттарды сатуудан жана катардан чыгаруудан кирешелер, зыяндар;
- финансылык иштерден болгон башка чыгымдар.
14) 180-сап боюнча салыктарды чыгарып салганга чейинки пайда (зыян) чагылдырылат (120-сап + 170-сап).
15) 190-сап боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык ставка боюнча эсептелген пайдага салык боюнча чыгымдар чагылдырылат.
16) 200-сап боюнча отчеттук мезгилдеги таза пайда чагылдырылат (180-сап - 190-сап).
(ИП) отчетунун 1-тиркемесинде негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин болушу, кыймылы, курамы көрсөтүлөт.
Ушул Методикалык көрсөтмөнүн жоболору менен белгиленген отчеттор статистикалык, салыктык отчетторду түзүү жана зарыл болгон учурда башка тышкы пайдалануучуларга ЖИнин финансылык иши жөнүндө маалымат берүү үчүн пайдаланылат (мисалы, кредит алууда, соттук териштирүүлөрдө ж.б.).
17) ЖИ үчүн отчеттук жыл болуп календарлык жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки (аны кошо алганда) мезгил эсептелет.
18) Жаңы катталган ЖИ үчүн биринчи отчеттук жыл болуп ал мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып 31-декабрга чейинки (аны кошо алганда) мезгил, ал эми 1-октябрдан кийин катталгандар үчүн - мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып кийинки жылдын 31-декабрына чейинки (аны кошо алганда) мезгил эсептелет.
19) ЖИ Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин «Салык милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтү» деген 58-беренесине жана «Салык отчетун сактоо мөөнөтү» деген 91-беренесине ылайык китептерди, жазууларды жана башка бухгалтердик документтерди 6 жыл сактоого милдеттүү. Эсептик документтерди сактоонун уюштурулушу үчүн жоопкерчиликти ЖИ тартат.
20) Бул көрсөтмөлөрдүн аткарылышы үчүн жоопкерчилик ЖИге жүктөлөт.
| Жеке ишкерлер үчүн бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн жана финансылык отче түзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн формасы боюнча методикалык көрсөтмөлөргө 1-тиркеме |
20__-жылдын ______ үчүн сатып алуулар
журналы
№ | Жазуу күнү | Берүүчүнүн аталышы
| Берүүчүнүн эсепактурасынын №
| Сатып алуулардын кыскача баяндалышы | КНСсиз наркы (сом) | КНС (сом) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
| ||||||
| ||||||
| ||||||
| ||||||
|
| Жыйынтыгы |
|
|
|
|
Жеке ишкер
| Жеке ишкерлер үчүн бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн жана финансылык отче түзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн формасы боюнча методикалык көрсөтмөлөргө 2-тиркеме |
20__-жылдын _____ үчүн сатуулар
журналы
Эсеп-фак- туранын №
| Күнү
| Сатып алуучу- нун аталышы
| Товардын аталышы
| КНСсиз наркы | КНС
| Калкка акы төлөмө кызмат көрсөтүүдөн жана чекене сатуудан салык | ||
Стандарт ставка боюнча салык алынчу берүүлөр | Бошо- тулган берүү- лөр
| Нөлдүк берүү- лөр
| ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
| ||||||||
| ||||||||
| ||||||||
| ||||||||
| ||||||||
Жеке ишкер
| Жеке ишкерлер үчүн бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн жана финансылык отче түзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн формасы боюнча методикалык көрсөтмөлөргө 3-тиркеме |
20__-жылдын _____ үчүн эмгек акы төлөөнү эсепке алуу
китеби
№
| Аты-жөнү
| Мезгилдин башталышына карата карыздын калдыгы | Эсептелген эмгек акынын суммасы (кирешенин башка түрлөрү менен кошо) | Сумма алып салынат
| |||||
соц. фонд 8%
| 6, 5-эсе мин. эмгек акы | ||||||||
Кыз- маткер үчүн | ЖИ үчүн
| Учурдагы ай үчүн
| Жыл башынан
| Учур- дагы ай үчүн | Жыл башы- нан | Учур- дагы ай үчүн | Жыл башы- нан | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
| |||||||||
| |||||||||
| |||||||||
| |||||||||
| |||||||||
| Жыйынтык |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жыл башынан берки салык салынчу эмгек акы | Салык став- касы % менен
| Салыктын суммасы | Башка кар- моолор
| Кармоолор, бардыгы
| Бери- лүүчү сумма
| Бе- рилди
| ||
Багуучу үчүн
| Жыл башы- нан
| Учурдагы ай үчүн төлөөгө жатат
| |||||||
Учур- дагы ай үчүн | Жыл башы- нан | ||||||||
11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 |
| |||||||||
| |||||||||
| |||||||||
| |||||||||
| |||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жеке ишкер
| Жеке ишкерлер үчүн бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн жана финансылык отче түзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн формасы боюнча методикалык көрсөтмөлөргө 4-тиркеме |
20__-жылдын _____ үчүн ТМЗны эсепке алуу
китеби
№
| Операция күнү жана документ тин номери | ТМЗнын атлышы
| Ченөө бир- диги
| Мезгилдин башына карата ТМЗнын калдыгы | Кириш | Чыгым | Мезгилдин аягына карата ТМЗнын калдыгы |
| |||||
Баасы
| Саны
| Жалпы наркы
| Саны
| Жалпы наркы
|
| ||||||||
Саны
| Жалпы наркы | Саны
| Жалпы наркы |
| |||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
|
|
| ||||||||||||
|
| ||||||||||||
|
| ||||||||||||
|
| ||||||||||||
|
| ||||||||||||
| Жыйынтык |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жеке ишкер
| Жеке ишкерлер үчүн бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн жана финансылык отче түзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн формасы боюнча методикалык көрсөтмөлөргө 5-тиркеме |
20__-жылдын ______ үчүн негизги каражаттарды жана МЭАны эсепке алуу
китеби
№
| НК, МЭАлар- дын аталышы
| Пай- дала- нууга кир- гизүү үчүн
| Ал- гач- кы нар- кы- нын сум- масы
| На- тый- жа- луу пай- дала- нуу мөө- нөтү (жыл- дын саны)
| Амор- тиза- ция- нын айлык нор- масы % менен
| Амор- тиза- ция- нын айлык сум- масы (сом)
| Учур- дагы мез- гил- деги амор- тиза- ция- нын сум- масы
| Өткөн мез- гил- деги амор- тиза- ция- нын сум- масы
| Не- гиз- ги кара- жат- тар- ды, ИЭАны ка- тар- дан чыга- руу не- гизи | Катардан чыгаруу | ||
Кү- нү
| Сум- ма
| Эс- ки- ри- ши
| ||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
| ||||||||||||
| ||||||||||||
| ||||||||||||
| ||||||||||||
| ||||||||||||
| Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жеке ишкер
| Жеке ишкерлер үчүн бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн жана финансылык отче түзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн формасы боюнча методикалык көрсөтмөлөргө 6-тиркеме |
20__-жылдын ______ үчүн эсептөөлөрдүн абалын эсепке алуу
китеби
№ | Аталышы
| Тындыруу мөөнөтү
| Отчеттук мезгилдин башталышына карата карыз | Карыздын көбөйүшү (+)
| азайышы (-)
| Катардан чыгаруу |
| ||
Күнү
| Эски- риши
|
| |||||||
жеке ишкерге (дебет) | жеке ишкерге (кредит) |
| |||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
|
|
| ||||||||
|
| ||||||||
|
| ||||||||
|
| ||||||||
|
| ||||||||
| Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
Жеке ишкер
| Жеке ишкерлер үчүн бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн жана финансылык отче түзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн формасы боюнча методикалык көрсөтмөлөргө 7-тиркеме |
20__-жылдын ______ үчүн башка чыгымдарды эсепке алуу
китеби
№
| Операция күнү | Документтин номери | Чыгымдардын түрү | Эсептөө үчүн негиз | Суммасы
| ||||||
|
|
|
|
|
|
| |||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 |
| |||||||||||
| |||||||||||
| |||||||||||
| |||||||||||
| |||||||||||
Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жеке ишкер
| Жеке ишкерлер үчүн бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн жана финансылык отче түзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн формасы боюнча методикалык көрсөтмөлөргө №1 форма |
Кыргыз Республикасынын аймагында жеке ишкердик жүргүзгөн жеке адамдардын кирешелери жана чыгымдары жөнүндө
20__-жылдын ______ 31-декабрына чейинки мезгил үчүн
отчет
Жеке ишкер ___________________________________________ ОКПО боюнча
Тармак (иштин түрү) __________________________________ ОКЭД боюнча
ИНН ______________________________________________________________
Дарек, телефон ___________________________________________________
Паспорт сериясы _______ номери _________ берилген ________________
Көрсөткүчтүн аталышы
| Саптын коду
| Мурунку жыл үчүн
| Отчеттук мезгил үчүн |
Түшкөн акча (кыйыр салыксыз) | 010 |
|
|
Башка операциялык киреше | 020 |
|
|
Операциялык иштерден бардык кирешелер (010 + 020-саптар) | 030
|
|
|
Материалдарга чыгымдар (050+060-070): | 040 |
|
|
ТМЗнын башталышындагы сальдо (товарларга; сырье жана материалдарга, бүтпөгөн өндүрүшкө, даяр продукцияга) | 050
|
|
|
ТМЗны (товарларды; сырье жана материалдарды) алууга сарптоолор | 060
|
|
|
ТМЗнын акырына сальдо (товарларга; сырье жана материалдарга, бүтпөгөн өндүрүшкө, даяр продукцияга) | 070
|
|
|
Эмгек акы төлөөгө чыгымдар | 080 |
|
|
Амортизацияга чыгымдар | 090 |
|
|
Башка операциялык чыгымдар | 100 |
|
|
Операциялык иштен бардык чыгымдар (040+080+090+100) | 110
|
|
|
Операциялык иштен пайда (зыян) (030-110) | 120 |
|
|
Инвестициялардан кирешелер | 130 |
|
|
Проценттер боюнча чыгымдар | 140 |
|
|
Чет өлкөлүк валюта менен операциялар боюнча курстук айырмадан кирешелер (чыгашалар) | 150
|
|
|
Башка операциялык эмес кирешелер жана чыгымдар | 160
|
|
|
Операциялык эмес иштен кирешелердин жана чыгымдардын жыйынтыгы (130-140+150+160) | 170
|
|
|
Салыктарды чыгарып салганга чейинки пайда (120 +- 170) | 180
|
|
|
Пайдага салык боюнча чыгымдар | 190 |
|
|
Отчеттук мезгилдеги таза пайда (180-190) | 200 |
|
|
Жеке ишкер
| Жеке ишкерлер үчүн бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн жана финансылык отче түзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн формасы боюнча методикалык көрсөтмөлөргө № 2 форма |
Негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин болушу, кыймылы, курамы жөнүндө
маалыматтар
Жеке ишкер ___________________________________________ ОКПО боюнча
Тармагы (иштин түрү) _________________________________ ОКЭД боюнча
ИНН ______________________________________________________________
Дарек, телефон ___________________________________________________
Паспорт сериясы _______ номери ________ берилген _________________
Жылдын башталышына карата негизги каражаттардын, МЭАнын алгачкы наркы боюнча болушу
| Отчеттук мезгилде түштү (санын өлчөө бирдиги)
| Отчеттук мезгилде катардан чыкты (санын өлчөө бирдиги)
| Жылдын аягына карата негизги каражаттардын, МЭАнын алгачкы наркы боюнча болушу (санын өлчөө бирдиги)
| Отчеттук мезгил үчүн негизги каражат- тарга эсептелген амортизация (өлчөө бирдиги сом менен) | Ремонтко сарптоо- лор (өлчөө бирдиги сом менен)
|
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
|
Жеке ишкер