Редакцияот 19.11.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 19-ноябры №290

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 30 "2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуяларда курман болгондордун жана майып болгондордун үй-бүлөлөрүн турак жай менен камсыздоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуяларда курман болгондордун жана майып болгондордун үй-бүлөлөрүнүн квартираларына болгон муктаждыктын көбөйгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги №30 "2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуяларда курман болгондордун жана майып болгондордун үй-бүлөлөрүн турак жай менен камсыздоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттагы "126 квартиралуу" деген сөз жана цифралар "144 квартиралуу" деген сөз жана цифралар менен алмаштырылсын;

- 5-пункттагы "Убактылуу" деген сөз алып салынсын;

- 7-пункттагы "Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисине" деген сөздөр "Президентинин Администрациясынын жетекчисине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева