Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 28-январы №46
"Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Дербишева Г.Т., Абдуллаева Ч.Г., Ниязалиева Д.А., Жумабекова Т.А., Керимова Н.С., Наргозуевдын Б.М. демилге кылган "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун берилген редакцияда жактырбайт.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Дербишева Г.Т., Абдуллаева Ч.Г., Ниязалиева Д.А., Жумабекова Т.А., Керимова Н.С., Наргозуевдын Б.М. демилге кылган "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
3. Аталган корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы №46 токтому менен жактырылган |
"Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 28, 29 жана 34-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Т.Дербишева, Ч.Г.Абдуллаева, Д.А.Ниязалиева, Т.А.Жумабекова, Н.С.Керимова жана Б.М.Наргозуевдин демилгеси менен иштелип чыккан "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү белгилейт.
1. "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө" КР Мыйзамынын долбоору боюнча
Мыйзамдын долбоорунун преамбуласындагы "адам укуктары тармагындагы эл аралык стандарттардын сакталышына негизделген" деген сөздөр алып салынсын.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесиндеги "укуктук негиздерди аныктайт жана" деген сөздөр алып салынсын.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин:
- экинчи абзацындагы "ага теңдештирилген адам" деген сөздөрдөн кийин "(мындан ары үй-бүлөнүн мүчөсү)" деген сөздөр менен толукталсын, "/ага теңдештирилген адам" деген сөздөр алып салынсын. Баяндалганды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун бүткүл тексти боюнча тиешелүү тактоолорду киргизүүнү сунуштайбыз;
- он бешинчи абзацтагы "жана менчиктин түрлөрү" деген сөздөр алып салынсын.
Конституциянын 12-беренесинин жоболорун эске алуу менен, Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесиндеги "норма" деген сөздү алып салууну сунуштайбыз.
Адам жоопкерчиликке ал күнөөлүү учурда гана тартылгандыктан Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 5-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылабыз:
"5) үй-бүлөгө келтирилген зомбулук үчүн жоопкерчиликтер;".
Юридикалык техника эрежелерин жетекчиликке алуу менен, Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 5-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылабыз:
"5) Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы);
6) өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде мамлекеттик мекемелер;".
Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесине үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу жана алдын-алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктан же анын коркунучунан жабыр тарткандарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча субъекттер болушкан мамлекеттик органдардын тизмесине сот органдарын киргизүү сунуш кылынат. Ошол эле мезгилде Конституциянын 82-беренесинин 1-пунктуна ылайык соттордун жападан-жалгыз милдети болуп сот акыйкаттыгын камсыз кылуу саналат. Ушундан улам Мыйзамдын долбоорунун аталган беренесинин редакциясын кайрадан карап көрүүнү сунуштайбыз. Мыйзамдарды иштеп чыгуу процессинде алардын аталыштары өзгөрүшү мүмкүн экендигинен улам мыйзамдарды турукташтыруу үчүн Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин экинчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын-алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормалары" деген сөздөрдү "укук бузуулардын алдын-алуу жөнүндө мыйзамдар" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуш кылабыз.
8-берене нормативдик жүктү көтөрбөгөндүктөн ушул беренени алып салууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 10-беренесинин:
- биринчи бөлүгүн алып салууну;
- экинчи бөлүгүнүн 3-пунктун төмөнкүдөй баяндоону сунуштайбыз:
"3) күзөтүү ордерин берүү;".
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин үчүнчү бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актылардын текстинде колдонулган терминдер жана түшүнүктөр түшүнүктүү жана бир маанилүү болушу керек, ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун бүткүл тексти боюнча "жашы жете элек" деген сөздөр колдонулгандыктан:
- Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин үчүнчү жана сегизинчи абзацтарындагы ар кыл жөндөмөдөгү "бала" деген сөздү тиешелүү түрдө "жашы жете элек" деген сөздөр менен алмаштырууну;
- Мыйзамдын долбоорунун 11-беренесинин экинчи бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы "жашы жете элек балдар" деген сөздөрдү "жашы жете электер" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
12-берененин экинчи бөлүгүн укуктук жүктү көтөрбөгөндүгүнөн улам алып салууну сунуш кылабыз.
Мыйзамдын долбоорунун 11- жана 16-беренелеринин жоболору кайталанып калышын четтетүү максатында Мыйзамдын долбоорунун 16-беренесинин баяндалышын кайрадан карап көрүүнү сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 18-беренесинде социалдык тейлөөнүн адистештирилген мекемелери саналып өткөндүгүн эске алуу менен, Мыйзамдын долбоорунун 17-беренесинин экинчи бөлүгүн алып салууну сунуш кылабыз.
Мыйзамдын долбоорунун 20-беренесинин үчүнчү бөлүгү аркылуу үй-бүлө зомбулугунан жабыр тарткан адамга социалдык тейлөөнүн адистештирилген мекемелери тарабынан белгилүү кызмат көрсөтүүлөрү көрсөтүлөт.
Ошону менен бирге аталган жобону натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн анын мазмуну так баяндалышы зарыл, бул келечекте аталган көрсөтмөнү эркин түшүнүүдөн оолак кылат.
Мыйзамдын долбоорунун 23-беренесинин биринчи бөлүгүндө "мыйзам" деген сөздү "мыйзамдар" деген сөз менен алмаштырууну сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 26-беренесинин 1-пунктуна ылайык кайтаруу ордери жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин чектеген бир катар шарттарды камтыйт. Ушундан улам Конституциянын 13-беренесинин 1-пунктуна ылайык адамдын негизги эркиндиктери жана укуктары ар бир адамга төрөлгөндөн баштап таандык жана мыйзам жана сот аркылуу корголот, кайтаруу ордерлерин берүүнү соттордун ыйгарым укуктарында калтырууну сунуш кылабыз.
Ички иштер кызматкерлери үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын-алуу ишин натыйжалуу жүргүзүү жана үй-бүлөдөгү зомбулук маселелерин чечүү максатында башка субъекттер менен бирге тиешелүү чараларды көрүү үчүн сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу керектигин эске алуу менен, Мыйзамдын долбоорунун 29-беренесинин биринчи бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толуктоону сунуш кылабыз:
"5) Ички иштер органдары".
Ошондой эле Мыйзамдын долбоору стилистикалык жана редакциялык жактан кайрадан жеткире иштеп чыгууга муктаж экендиги белгилеп кетебиз.
"Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча.
Конституциянын 28-беренесинин 3-пункту аркылуу согуш маалын, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу учурларын, эпидемия же башка өзгөчө кырдаалдарды, ошондой эле соттун өкүмү боюнча жаза өтөөдөн башка учурларды кошпогондо, балдардын эмгегинен пайдаланууга, ошондой эле эрезеге адамдарды эмгекке мажбурлап тартууга тыюу салынат. Мындан тышкары Кылмыш-жазык кодексинин 42-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 1-пункту менен коомдук иштерге тартуу кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыш жазасынын түрүнө кирээри аныкталган. Ошондуктан Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин:
- 1, 2 жана 3-пункттарын алып салууну сунуштайбыз;
- 4-10-пункттарында коомдук иштерди администрациялык жазалоонун башка түрү менен алмаштыруу максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамдын 17-беренесинин талаптарын эске алуу менен, Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин алтынчы бөлүгүндөгү "алып салынсын" деген сөздөрдү "күчүн жоготту деп табылсын" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун жактырбайт, ошентсе да долбоордун автору министрликтердин жана ведомстволордун сын-пикирлерин эске алган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул мыйзам долбоорун колдоп берет.