Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 28-январы №49
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 28, 29 жана 34-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.А.Молдошева, Н.Молдобаев, А.А.Калмаматов, Ж.Каниметов тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун колдобойт.
2. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
А.Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы №49 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.А.Молдошева, Н.Молдобаев, А.А.Калмаматов, Ж.Каниметов тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 28, 29 жана 34-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.А.Молдошева, Н.Молдобаев, А.А.Калмаматов, Ж.Каниметов тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй жыйынтыкка келди.
Бул Мыйзамдын долбоорунда Кыргыз Республикасынын "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү караштырылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы ден соолугунун мүмкүндүгү чектелген адамдарды иш менен камсыздоо, алардын эмгектенүүгө конституциялык укуктарын толук өлчөмдө ишке ашыруу жана өздөрүнүн эмгектенүүгө болгон жөндөмдөрүн пайдалануу проблемаларын чечүүгө шарт түзө алат деп эсептейт.
Ушуну менен бирге эле, Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинде, Финансы министрлигинде жана Юстиция министрлигинде мыйзамдын долбоорунун айрым нормаларына карата юридикалык-техникалык мүнөздөгү сын-пикирлер жана сунуштар бар.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мыйзамдын долбоорун колдобойт. Эгерде, долбоордун авторлору министрликтердин жана ведомстволордун пикирлерин эске алса, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул Мыйзам долбоорун колдойт.
Тиркеме: 3 баракта.