Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-январы №50
"Саясий партиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 28, 29 жана 34-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМУ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирине ылайык толуктап иштелип чыккан "Саясий партиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну колдойт.
2. "Саясий партиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
3. Аталган корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-январындагы №50 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 4-августундагы № 15-2682 каршылыгына ылайык толуктап иштелип чыккан "Саясий партиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 28, 29 жана 34-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 4-августундагы № 15-2682 каршы пикирине ылайык толуктап иштелип чыккан "Саясий партиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүдөй корутунду берет.
"Саясий партиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2008-жылдын 13-июнунда кабыл алынган.
Кабыл алынган Мыйзамда саясий партияларды түзүүнүн укуктук негиздери, алардын укуктары жана милдеттери, ишмердигинин кепилдиги жана саясий партиялардын мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен мамиле түзүүсү аныкталган. Атап айтканда, Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде көрсөтүлгөн саясий партияларды 2010-жылдан тартып республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо каралган.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.С.Бакиев 2008-жылдын 4-августунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бирдикте Мыйзамдын макулдашылган жана өз ара алгылыктуу вариантын иштеп чыгууну сунуштап, өзүнүн Каршы пикирин билдирүү менен кабыл алынган Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайтарып берген.
Кабыл алынган Мыйзамды кайтарып берүүнүн негизи Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу болуп эсептелген, ага ылайык бюджеттин сарптоолору ири көлөмдө боло тургандыгынын натыйжасында тиешелүү каржылоону жакынкы жалдары көрсөтүү мүмкүн эмес болгондугуна байланыштуу Мыйзамды ишке киргизүү мөөнөтүн кайра кароо, ошондой эле Мыйзамдын көптөгөн жоболорун толуктап иштеп чыгуу сунушталган.
2009-жылдын 9-октябрында болгон пленардык жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирине макул болуп, Этика жана регламент боюнча комитетке Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бирдикте Мыйзам долбоорунун макулдашылган редакциясын иштеп чыгууну тапшырган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен толуктап иштелип чыккан Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Этика жана регламент боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.А.Молдошева тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө макулдашуу үчүн берилген.
Мыйзам долбоорунун толуктап иштеп чыккан вариантында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде көрсөтүлгөн саясий партияларды мамлекеттик каржылоо жагындагы беренелер алып салынган, саясий партиялардын ишин убактылуу токтотуу жана толук токтотуу тартиби жөнгө салынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин саясий партиялардын минималдуу чектик санын контролдоо механизми каралган.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мыйзам долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын берген эмес.
Ушуну менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин Секретариаты, Юстиция министрлиги, Мамлекеттик кадрлар кызматы, Мамлекеттик финансылык полиция кызматы жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги юридикалык-техникалык мүнөздөгү сын-пикирлерин жана сунуштарын беришкен.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган мамлекеттик органдарынын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен аны толуктап иштеп чыгуу шартында берилген мыйзам долбоорлорун кабыл алууну колдойт.
Тиркеме: 8 баракта.