Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 2-февралы №61
Кыргыз Республикасынын Улуттук докладын жактыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги № 155 "Адам укуктары боюнча эларалык келишимдердин чегинде Кыргыз Республикасынын улуттук докладдарын иштеп чыгуу маселелери боюнча Комиссия жөнүндө" Жарлыгына, 2007-жылдын 18-июнундагы Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин 5/1 резолюциясына Тиркеменин 15А) пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин алкагында Универсалдуу мезгилдүү баян үчүн берилүүчү тиркелген Кыргыз Республикасынын Улуттук доклады жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине Кыргыз Республикасынын аталган Улуттук докладын жиберсин.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |