Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 11-декабрындагы ПЖ № 225 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 5-апрели № 155
Адам укуктары боюнча эларалык келишимдердин чегинде Кыргыз Республикасынын улуттук докладдарын иштеп чыгуу маселелери боюнча Комиссия жөнүндө
Кыргыз Республикасы кошулган адам укуктары боюнча эларалык келишимдердин чегинде Кыргыз Республикасынын улуттук докладдарын иштеп чыгуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Адам укуктары боюнча эларалык келишимдердин чегинде Кыргыз Республикасынын улуттук докладдарын иштеп чыгуу маселелери боюнча Комиссия түзүлсүн.
2. Төмөндө тиркелгендер бекитилсин:
- адам укуктары боюнча эларалык келишимдердин чегинде Кыргыз Республикасынын улуттук докладдарын иштеп чыгуу маселелери боюнча Комиссия жөнүндө Жобо;
- аталган Комиссиянын курамы.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-апрелиндеги №123 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги № 155 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн башчысынын орун басары
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укуктук саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана маалымат башкармасынын начальнигинин орун басары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысынын орун басары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эларалык кызматтыштык бөлүмүнүн башчысынын орун басары
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары
Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин орун басары
Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары
Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитетинин аппаратынын жетекчиси
Кыргыз Республийасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасынын орун басары
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кењештин жооптуу катчысы
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) орун басары.