Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 5-февралы № 70
"Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
А.Жапаров
|
Долбоор
1-берене.
"Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2005-ж., № 1, 42-берене) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Мыйзамдын преамбуласынын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Бул Мыйзам коргонуу чөйрөсүндө, ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын, мамлекеттик күзөттү камсыз чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын, ички аскерлердин, өзгөчө кырдаалдардын чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органынын, жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын, Аскердик соттун, Аскердик прокуратуранын аскер кызматчыларынын жана окуу жана атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүлөрдүн (мындан ары текст боюнча - аскер кызматчылары жана милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууда аларга теңештирилген адамдар) өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздоонун шарттарын жана тартибин жүзөгө ашырууну аныктайт.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|