Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 5-февралы № 71
«Өзгөчө абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Өзгөчө абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министрдии милдетин аткаруучу |
А.Жапаров |
Долбоор
1-берене. «Өзгөчө абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 1999-ж., №2, 81-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 18-беренедеги «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин» деген сөздөр «коргонуу, ички иштер жана өзгөчө кырдаалдар органдарынын» деген сөздөргө алмаштырылсын:
2. 20-беренедеги «Кыргыз Республикасынын ички иштер министри жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси» деген сөздөр «ички иштер органдарынын жетекчилери жана» деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 22-берененин биринчи бөлүгүнүн биринчи пунктундагы «ички иштер органдарынын, ички аскерлердин, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин» деген сөздөр «коргонуу, ички иштер органдарынын жана ички иштердин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
4. 36-беренедеги «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги» деген сөздөр «тышкы иштер тармагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин бул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|