Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 304 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 5-февралы № 73
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо департаменти жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 11 жана 12-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 708 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо департаменти жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо департаментинин башкаруу схемасы.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жүктөлсүн.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
А.Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы №73 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо департаменти (мындан арыдепартамент) калкты каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу маселелери боюнча документтерди толтуруу, жарандарга персонификациялык, идентификациялык жана башка мамлекеттик маанидеги документтерди берүү тармагындагы ишкердикти жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (мындан ары - Кызмат) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Департамент өзүнүн ишкердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын, Кызматтын буйруктарын жана бул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөргө, өз алдынча баланска, казына системасында эсептик жана башка счетторго ээ.
4. Департаментти жана анын аймактык бөлүмдөрүн каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен тыюу салынбаган, бекитилген сметага ылайык Кызмат тарабынан бөлүштүрүлгөн каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Милдеттери
5. Департаменттин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- паспорттук-визалык, каттоо жана даректик-сурап билүү иштерин уюштуруу;
- департаменттин компетенциясынын чегинде маалыматтык ресурстарды түзүүгө, каттоого, калыптандырууга жана тейлөөгө катышуу;
- калкты бирдиктүү мамлекеттик каттоо системасын уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамын сактоосун камсыздоо;
- жарандарды персонификациялык, идентификациялык жана башка мамлекеттик маанидеги документтер менен камсыздоо;
- заманбап маальшаттык технологияларды колдонуу менен мамлекеттик маанидеги документтерди жүгүртүү системасын жакшыртуу;
- калкты каттоо тармагындагы мыйзамды жакшыртуу боюнча сунуштарды Кызматка белгиленген тартипте киргизүү;
- паспорттук-визалык, каттоо, архивдик маселелер, ошондой эле даректик-сурап-билүү иштери боюнча аймактык бөлүмдөрдүн ишкердигин тескөө жана көзөмөлдөө, усулдук жана консультативдик жардам көрсөтүү;
- Департаменттин кызматкерлеринин потенциалын жана квалификациясын жогорулатуу;
- жеке мүнөздөгү маалыматтарды коргоону камсыздоо.
3. Функциялары
6. Департамент өзүнө коюлган милдеттерге ылайык:
- мыйзам менен белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоону жана каттоодон чыгарууну жүргүзөт;
- бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүү тармагындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоого катышат;
- жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү, анын ичинен заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен камсыздайт;
- мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүүнү, сактоону, колдонууну жана коопсуздугун камсыздоого катышат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик реестрин түзөт жана тейлейт;
- жарандардын жана уюмдардын маалыматтык ресурстарга кирүү мүмкүнчүлүгүнө укуктарын ишке ашырууну камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык чет өлкөлүк жарандарды, жарандыгы жок адамдарды жана качкындарды каттоону жүргүзөт;
- белгиленген тартипте чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын визасын узартууну жүргүзөт;
- чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашаган жеринин түрү маселелери боюнча материалдарды толтурууну жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча материалдарды кабыл алууну жана толтурууну жүргүзөт, андан кийин аларды кароо үчүн Кызматка киргизет;
- Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары убактылуу жана туруктуу жашоого кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын материалдарын толтурат;
- жеке иштер боюнча Кыргыз Республикасына келе турган чет өлкөлүк жарандарга чакыруу кагаздарын толтурат жана берүүнү жүргүзөт;
- даректик-сурап билүү картотекасын жүргүзөт жана даректик маалыматтарды берет;
- паспортторду даярдоого жана персонификациялоого Кыргыз Республикасынын жарандарынан түшкөн документтерди кабыл алууну жана толтурууну жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун жана мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоону жана персонификациялоону камсыздайт, аларды берүүнү жүргүзөт;
- персонификациялык документтердин Мамлекеттик реестрин түзүү боюнча иштерге катышат;
- паспорттордун жана мамлекеттик маанидеги документтердин бланкаларын жакшыртуу, алдыңкы технологияларды колдонуу менен жасалмадан коргоо элементтерин пайдалануу боюнча сунуштарды Кызматка киргизет;
- департаменттин бланкалык продукциясынын пайдаланылышын, сакталышын, жок кылынышын эсепке алууну жана көзөмөлдөөнү жүргүзөт;
- архивдик документтерди комплекттөө, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу боюнча иштерди жүргүзөт;
- чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын республиканын аймагында легалдуу эмес жүрүү фактыларын алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана укук коргоо органдарына көмөк көрсөтөт;
- белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга, юридикалык жана жеке жактарга маалымат берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык визаларды берүү маселелери боюнча юридикалык жана жеке жактардын бирдиктүү маалыматтар базасын жүргүзөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын иштеп чыгууга катышат;
- мамлекеттик маалыматтык кызматтардын коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптарды иштеп чыгууга катышат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде администрациялык бузуулар жөнүндө протоколдорду түзөт;
- администрациялык тартип бузууларды жасаган кызмат адамдарына жана жарандарга администрациялык жаза көрөт. Кызмат адамдарына жана жарандарга администрациялык жаза көрүү тартиби мыйзамдарга ылайык аныкталат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралган жыйымдарда чогултат жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасындагы атайын эсептерине которот;
- жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, сунуштарын, даттанууларын, арыздарын жана сунуштарын белгиленген тартипте карайт;
- өзүнүн компетенциясынын чегиндеги маселелер боюнча эл аралык кызматташуу жүргүзөт.
4. Укуктары
7. Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарууга;
- департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдүү укуктук актылардын долбоорлорун Кызматтын кароосуна киргизүүгө;
- департаменттин компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- департаменттин компетенциясынын чегинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын иштеп чыгууга катышууга;
- берилген ыйгарым укуктардын чегинде өзүнүн атынан соттордо доочу жана/же жооп берүүчү катарында чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.
5. Ишин уюштуруу
8. Департаментти Кызматтын төрагасынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындаган жана кызматтан бошоткон директор жетектейт.
9. Директор өзүнүн сунуштамасы боюнча Кызматтын төрагасы кызматка дайындаган жана кызматтан бошоткон бир орун басарга ээ.
10. Директордун, анын орун басарынын функционалдык милдеттерин Кызматтын төрагасы аныктайт.
11. Департаменттин борбордук аппаратынын түзүмү жана штаттык саны Кызматтын төрагасы тарабынан бекитилет.
12. Департаменттин директору:
- департаментти жана анын аймактык органдарын башкарууну ишке ашырат;
- департаментке жана анын аймактык органдарына жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жана укуктарды ишке ашырууга жеке жоопкерчиликти алат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде департаменттин жана аймактык органдарынын кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
- департаментке караган аймактык органдардын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет;
- номенклатурага ылайык департаменттин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- департаменттин кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин аныктайт;
- департаменттин кызыкчылыктарын мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда көрсөтөт;
- департаменттин борбордук аппаратынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө Кызматка сунуштарды киргизет;
- департаменттин кызыкчылыктарын соттук жана башка мамлекеттик органдарда көрсөтүүгө ишеним каттарды белгиленген тартипте берет;
- департаменттин жана аймактык органдарын кызматкерлерине белгиленген тартипте тартиптик жаза-чара колдонот;
- департаменттин жана аймактык органдардын айырмаланган кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлайт, ошондой эле мындай кызматкерлерге ардактуу наамдарды ыйгаруу жана Кыргыз Республикасынын ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Кызматка сунуштарды киргизет;
- белгиленген тартипте департаменттин каражаттарын жана мүлкүн башкарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана ушул Жобого ылайык департаменттин ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
13. Департаментте жарандыкты, паспорт берүүнүн укук ченемдүүлүгүн аныктоо боюнча конфликттик комиссиялар белгиленген тартипте түзүлөт.
6. Жоюу жана кайра уюштуруу
14. Департаментти жоюу жана кайра түзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы №73 токтому менен бекитилген |
+-----------------------------------------------+
¦ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ¦
¦ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ¦
¦ алдындагы Калкты каттоо департаменти ¦
+-----------------------------------------------+
¦
¦
+------------------------------+
¦ Аймактык органдар ¦
+------------------------------+