Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 304 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 5-февралы № 74
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Коммерциялык юридикалык жактарды жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу» Жарлыгына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11 жана 12-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 708 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Коммерциялык юридикалык жактарды жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Коммерциялык юридикалык жактарды жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин башкаруу схемасы.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жүктөлсүн.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
А.Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 74 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Коммерциялык юридикалык жактарды жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти (мындан ары - департамент) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (мындан ары - Кызмат) коммерциялык юридикалык жактарды жана жарандык абалдын актыларын каттоо жагындагы ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Департамент өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын, Кызматтын буйруктарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикаеынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөргө, өз алдынча баланска, казына системасында алыш-бериш жана башка эсептерге ээ болот.
4. Департаментти жана анын аймактык органдарын каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен тыюу салынбаган башка булактардын Кызмат тарабынан бекитилген сметага ылайык бөлүштүрүлчү каражаттарынын эсебинен каржыланат.
2. Милдеттери
5. Департаменттин негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- коммерциялык юридикалык жактарды жана жарандык абалдын актыларын каттоо тармагындагы мыйзамдарды жакшыртуу богонча сунуштарды Кызматка белгиленген тартипте киргизүү;
- берилген ыйгарым укуктардын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте коммерциялык юридикалык жактарды жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун жол-жоболорун камсыздоо;
- ЖААК жана коммерциялык юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо органдарынын иштерин жетектөөнү жана контролдоону ишке ашыруу;
- коммерциялык юридикалык жактарды жана жарандык абалдын актыларын каттоо тартибин, толуктугун жана мөөнөтүн контролдоо;
- ЖААК органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына туулганды, өлгөндү, никеге тургандыкты жана ажыратууну, аталыкты аныктоону, атын өзгөртүүнү каттоо боюнча усулдук жана практикалык жардам көрсөтүү;
- коммерциялык юрдикалык жактарды жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жарандар жана юридикалык жактар менен өз ара иштешүү;
- жеке мүнөздөгү маалыматтарды коргоону камсыздоо;
- департаменттин кызматкерлеринин потенциалын жана квалификациясын жогорулатуу.
3. Функциялары
6. Департамент өзүнө коюлган милдеттерге ылайык:
- бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүү тармагындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоодо катышат;
- жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү, анын ичинде заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен камсыздайт;
- мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүүгө, сактоого, колдонууга жана коопсуздугун камсыздоого катышат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик реестрлерин каттоого, түзүүгө жана тейлөөгө катышат;
- жарандардын жана уюмдардын маалыматтык ресурстарды пайдаланууга укуктары ишке ашырылышын өз компетенциясынын чегинде камсыздайт;
- коммерциялык юридикалык жактарды жана алардын ишинин токтотулушун мамлекеттик каттоону (кайра каттоону) ишке ашырат;
- жарандык абалдын актыларын каттоону жүргүзөт;
- коммерциялык юридикалык жактардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн жана алардын ишинин токтотулушун эсептик каттоону (кайра каттоону) ишке ашырат;
- коммерциялык юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү «бирдиктүү терезе» принциби боюнча мамлекеттик (эсептик) каттоодо (кайра каттоодо) тийиштүү коддорду жана номерлерди ыйгаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара байланышта иштешет;
- коммерциялык юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана өзүнүн ишин жүргүзгөн коммерциялык юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн бирдиктүү маалыматтар базасын түзөт;
- коммерциялык юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтарды кызыкдар жеке жана юридикалык жактарга белгиленген тартипте берет;
- юридикалык жактын дарегинин өзгөргөнү же юридикалык жактын жетекчисинин алмашканы, ошондой эле өзүнүн ишин токтоткон юридикалык жактар жөнүндө статистика жана салык органдарына билдирет;
- коммерциялык юридикалык жактарды жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо маселеси боюнча департаменттин аймактык органдарынын жетекчилери жана адистери менен иш жүргүзөт;
- коммерциялык юридикалык жактарды жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) маселеси боюнча аймактык органдарга практикалык жана усулдук жардам көрсөтүү менен алардын ишин текшерет;
- жарандык абалдын актыларын каттоо күбөлүктөрүнүн катуу отчеттуу бланктарын бөлүштүрүүнү, сактоону жана эсепке алууну контролдойт;
- жарандык абалдын актыларындагы жазуулардын негизинде департаменттин архивинен жарандарга документтердин копияларын берүүнү ишке ашырат;
- күбөлүктөрдүн бланктарына, актылык жазуулар китептерине, арыздардын, билдирүүлөрдүн, корутундулардын бланктарына жана башка зарыл документтерге болгон керектөө жөнүндөгү маалыматтарды Кызматка берет;
- жарандардын аты-жөнүн өзгөртүү, жарандык абалдын актыларындагы жазууларга өзгөртүүлөрдү, оңдоолорду, толуктоолорду киргизүү жөнүндө өтүнүчтөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык карайт;
- чет өлкөлүк жарандардын Бишкек шаардык ЖААКнын райондук бөлүмдөрүнө берген никени каттоо жөнүндө арыздарын карайт;
- никени каттоо салтанатынын жаңы жарандык каада-салттарын иштеп чыгат жана киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган жыйымдарды өз компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте алат жана аларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казына системасындагы атайын эсептерге кириштейт;
- жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, сунуштарын, даттанууларын, арыздарын жана сунуштарын белгиленген тартипте карайт;
- департаменттин компетенциясына берилген маселелер боюнча эл аралык кызматташтыкты жүргүзөт.
4. Укуктары
7. Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
- өз компетенциясынын чегинде приказдарды, буйруктарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууга жана чыгарууга;
- аймактык органдарды түзүү, өзгөртүп түзүү жана жоюу боюнча сунуштарды Кызматка белгиленген тартипте киргизүүгө;
- департаменттин компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды жана материалдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынап, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- берилген ыйгарым укуктардын чегинде өзүнүн атынан соттордо доочу жана/же жооп берүүчү катарында чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иш-аракеттерди жасоого.
5. Ишти уюштуруу
8. Департаментти Кызматтын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындачу жана кызматтан бошотуучу директор жетектейт.
9. Департаментте директордун бир орун басары болот, аны департаменттин директорунун сунушу боюнча Кызматтын төрагасы кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
10. Директордун, анын орун басарынын функциялык милдеттерин Кызматтын төрагасы аныктайт.
11. Делартаменттин борбордук аппаратынын түзүмү жана штаттык саны Кызматтын төрагасы тарабынан бекитилет.
12. Департаменттин директору:
- департаментти жана анын аймактык органдарын башкарат;
- департаментке жана анын аймактык органдарына жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот;
- өз компетенциясынын чегинде департаменттин жана аймактык органдардын кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон приказдарды, буйруктарды чыгарат;
- аймактык органдардын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет;
- номенклатурага ылайык департаменттин жана анын аймактык органдарынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- департаменттин кызматкерлеринин функциялык милдеттерин аныктайт;
- мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда департаменттин кызыкчылыгынын атынан чыгат;
- департаменттин борбордук аппаратынын түзүмү жана штаттык саны, департаменттин коллегиялуу органынын курамы жөнүндө Кызматка сунуштарды киргизет;
- соттук жана башка мамлекеттик органдарда департаменттин кызыкчылыгынын атынан чыгууга ишеним каттарды белгиленген тартипте берет;
- департаменттин жана аймактык органдардын кызматкерлерине белгиленген тартипте тартиптик жазаларды колдонот;
- департаменттин жана аймактык органдарынын айырмаланган кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлайт, ошондой эле мындай кызматкерлерге ардактуу наамдарды ыйгаруу жана Кыргыз Республикасынын ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды Кызматка киргизет;
- департаменттин каражаттарын жана мүлкүн белгиленген тартипте башкарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык департаменттин ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
13. Департаментте анын ишине байланыштуу маселелерди кароо үчүн коллегия түзүлүшү мүмкүн.
6. Жоюу жана өзгөртүп түзүү
14. Департаментти жоюу жана өзгөртүп түзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 74 токтому менен бекитилген |
+--------------------------------------------------+
¦ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ¦
¦ Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы ¦
¦ Юридикалык жактарды жана жарандык абалдын ¦
¦ актыларын каттоо департаменти ¦
+--------------------------------------------------+
¦
+----------------------------------+
¦ Аймактык органдар ¦
+----------------------------------+