Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 5-февралындагы № 77
«Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө токтому
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Ички жер которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Кыргыз Республикасынын расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
А. Жапаров |
Долбоор
1-берене «Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 434-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-берененин экинчи бөлүгүндөгү жана 6-берененин биринчи жана үчүнчү бөлүктөрүндөгү «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине» деген сөздөр «мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге» деген сөздөргө алмаштырылсын:
2. 5-берене күчүн жоготту деп табылсын.
3. 13-берененин 5 жана 6-пункттарындагы тийиштүү жөндөмөдөгү «ички иштер органдарынын» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү «жарандарды каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
4. 15-берененин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«1. Жарандардын каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген орган жарандарды каттоо эсебин алуучу орган болуп саналат. Жарандардын каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы жок калктуу конуштарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандарды каттоочу орган болуп саналат.».
5. 22-берененин экинчи бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги» деген сөздөр «жарандардын каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга» деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 24-берененин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«2. Калктын реестирин актуалдаштыруу жекече маалыматтарга өзгөртүүлөрдү (оңдоолорду, толуктоолорду) дайыма киргизүүнү билдирет:
1) жарандардын жүйөлүү арыздары боюнча;
2) жарандарды каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан - туулгандыгын, никени, ажырашууну каттоодо; аты-жөнүн өзгөртүүдө; атасын аныктоодо, баланы асырап алууда; өлгөндө ошондой эле жарандык абал актысын оңдоодо, толуктоодо, кайра түзүүдө, кайра каттоодо же жокко чыгарууда; жаранды ата-эне укуктарынан ажыратууда; жекече идентификациялык маалыматтарын, үй-бүлөлүк абалын өзгөртүүдө; туугандык мамилелерин белгилөөдө же алардан кол үзүүдө; жарандарга документтер берүүдө, жашаган жерин же турган жерин каттоодо, жарандыгын жана улутун өзгөртүүдө;
3) тышкы иштер чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан - чет өлкөдө туруктуу жашаган же убактылуу жүргөн жарандарды каттоодо;
4) коргонуу чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан - аскерге милдеттүүлөрдү каттоодо;
5) билим-берүү чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан - окуу жайына кирүүчүлөрдү жана окуусун бүтүргөндөрдү (токтоткондорду) каттоодо;
6) эмгек, ишке орноштуруу, миграция, пенсиялык жана социалдык камсыздоо чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар тарабынан - жарандын социалдык-экономикалык абалы өзгөргөндө (ишинин түрү, жумушсуздук статусу, пенсиялар жана башка социалдык жөлөк пулдар дайындалганда).
7) жумуш берүүчүлөр жана башка мекемелер тарабынан - ишке алууда (эмгек контрактын түзүү) же иштен бошотууда (эмгек контрактын токтотуу).
Калктын реестриндеги өзгөрүүлөр хронологиялык тартипти сактоо менен жүргүзүлүүгө тийиш.».
7. 33-берененин 1-пунктунун биринчи абзацындагы «Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин» деген сөздөр» өзгөчө кырдаалдардын алдын ала чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын» деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 37-берененин биринчи бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин» деген сөздөр «коргонуу, ички иштер, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар» деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 48-берененин 1-пунктундагы биринчи абзацындагы «жана башка» деген сөздөр алып салынсын.
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|