Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 5-февралындагы № 78
«Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
А.Жапаров |
Долбоор
1-берене. «Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 1998-ж., № 7, 229-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү «Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети» тийиштүү жөндөмөдөгү «улуттук коопсуздук органы» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 3-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«3-берене. Терроризмге каршы аракеттенүүнүн укуктук негизи
Терроризмге каршы аракеттенүүнүн укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана жазык-процесстик кодекстери, ушул мыйзам жана башка нормативдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.».
3. 4-беренеде:
- 4-берененин төртүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«4. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жана ыйгарым укук берилген мамлекеттик улуттук коопсуздук органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу терроризмге каршы аракеттенүү тармагындагы мамлекеттик ички органдар төмөнкүлөр болуп саналат: ички иштер органдары, коргонуу, жазык-аткаруу системасы органдары, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жагында ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар, мамлекеттик чек араны сактоо жана коргоо, мамлекеттик күзөттү жүзөгө ашыруу, финансылык терроризмге каршы аракеттенүү органдары болуп саналат.»;
- 8-бөлүктөгү «министрликтери, ведомстволору» деген сөздөр «мамлекеттик органдар» деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 5-берененин экинчи бөлүгүнүн алтынчы абзацындагы «Кыргыз Республикасы» деген сөздөр алынып салынсын.
5. 6-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«6-берене. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу башка
мамлекеттик органдардын компетенциясы
1. Мамлекеттик күзөттү жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун алар убактылуу жана туруктуу жайгашкан жерлеринде, ошондой эле чет өлкөлүк мамлекеттердин башчыларынын, өкмөттөрүнүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилеринин алар Кыргыз Республикасынын аймагында болгон мезгилдеги коопсуздугун камсыз кылат;
- ички иштер органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын аймагында турган өзгөчө маанилүү объекттердин күзөтүн жана коопсуздугун камсыз кылат;
- аскер кызматчыларын, курал-жарактарды, аскердик техниканы жана башка аскердик объекттерди террорчулардын кол салууларынан кайтарууну жана коргоону жүзөгө ашырат;
- терроризмге каршы операцияларга катышат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
2. Терроризмди финансылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган:
- акча каражаттары же башка мүлк менен операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтарды, документтерди, кабарларды жана башка материалдарды чогултууну, иштеп чыгууну жана талдоону, ошондой эле терроризмди финансылоого каршы күрөшүүгө багытталган тийиштүү иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына терроризмди финансылоого байланышкан тийиштүү маалыматтарды жиберет.
3. Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга тартылган башка мамлекеттик органдардын компетенциясы Кыргыз Республикасынын Президенти же Өкмөтү тарабынан аныкталат.».
6. 10-беренеде:
- экинчи бөлүктөгү «Бардык министрликтер менен ведомстволор» деген сөздөр «мамлекеттик органдар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү бөлүктөгү «министрликтеринин, ведомстволорунун» деген сөздөр «мамлекеттик органдарынын» деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 19-берененин биринчи бөлүгүндөгү «нормалардын жана эрежелердин талаптарын аткаруу» деген сөздөр «талаптарды жана ченемдерди аткаруу» деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 25-берененин биринчи жана үчүнчү бөлүктөрүндөгү ар кандай жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын финансылык чалгын кызматы» деген сөздөн тийиштүү жөндөмөлөрдөгү формадагы «терроризмди финансылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган» деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 31-берененин үчүнчү бөлүгүндө «Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдерге» деген сөздөр «мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге» деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 48-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«48-берене. Терроризмге каршы аракеттенүү тармагындагы эл аралык
кызматташтыктын укуктук негизи
Терроризмге каршы аракеттенүү тармагындагы эл аралык кызматташтыктын укуктук негизин мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары түзөт.».
11. 52-беренеде:
- биринчи бөлүктөгү «Терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы» деген сөздөрдөн кийин «, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган,» деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи бөлүктөгү «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде» деген сөздөр «Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президент |
|