Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы №84 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жаштар иштери боюнча департаменти жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Департаменттин максаты жана негизги милдеттери
III. Департаменттин функциялары
IV. Департаменттин укуктары
V. Департаменттин ишин уюштуруу
VI. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы жаштар иштери боюнча Департаменти (мындан ары Департамент) мамлекеттик жаштар саясатын жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин (мындан ары - Министрлик) функциясын жүргүзүүчү Министрликтин ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Департамент өз иш аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамын, "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте өз күчүнө кирген эл аралык макулдашууларды, Министрликтин Жобосун, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент өз ишмердүүлүгүн Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик бийликтин аткаруу жана башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, мамлекеттик мекемелер, коомдук жана башка уюмдар менен биргеликте мамлекеттик жаштар саясаты жаатында иш алып барат.
4. Департамент юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана өз аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, Кыргыз Республикасынын казыналык системасында эсептери жана башка эсептери болот.
5. Департамент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктуу мурасчы болуп саналат.
6. Департаменттин борбордук аппаратын каржылоо үчүн финансылык чыгымдар бюджеттик, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
7. Департамент жөнүндө Жобо Министрликтин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
8. Департаменттин борбордук аппаратынын түзүмү жана штаттык бирдиктери Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин буйругу менен бекитилет.
9. Департаменттин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде - "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жаштар иштери боюнча департаменти";
- расмий тилде - "Департамент по делам молодежи при Министерстве труда, занятости и миграции Кыргызской Республики";
Департаменттин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде - "Жаштар иштери боюнча департаменти"
- расмий тилде - "Департамент по делам молодежи"
Департаменттин ишмердүүлүк максаты - жаштардын өзүн-өзү реализациялоосу жана калыптануусу үчүн социалдык-экономикалык, укуктук, саясий жана башка шарттарды түзүү аркылуу жаштарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.
10. Департаменттин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- жаштардын ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган комлекстүү жана максаттуу программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- мамлекеттик жаштар саясатын жүзөгө ашырууда мониторинг, баалоо жана талдоо жүргүзүү;
- мамлекеттик жаштар саясаты жаатында ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана ишке ашырууда көмөк көрсөтүү;
- мамлекеттик жаштар саясатын иштеп чыгууда жана ишке ашырууда бийликтин аткаруу жана башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик эмес түзүмдөр, ошондой эле башка кызыккан тараптардын координациялоо жана кызматташуусун камсыз кылуу;
- Департаменттин компетенциясынын чектеринде эл аралык уюмдар менен кызматташуу жана жаштар саясаты жаатында эл аралык байланыштарды жүргүзүү боюнча маселелерди координациялоо, ошодой эле эл аралык тажрыйба алмашуу иштерине колдоо көрсөтөт;
- Жаштардын коомдук маанилүү демилгелерин колдоо жана ишке ашыруу;
- мамлекеттик жаштар саясаты жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү;
- республикада мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча маалыматтык-талдоо ишмердүүлүгүн жүргүзөт;
- жаштарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтөт.
11. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана башка мамлекеттик жаштар саясатынын субъектилеринин катышуусу менен мамлекеттик жаштар саясатынын приоритеттери жана негизги багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- жаштар чөйрөсүндөгү социалдык, процесстердин республикадагы социалдык-экономикалык, саясий кырдаалдардын өнүгүшүнө жана абалына тийгизген таасирин, мамлекеттик жаштар саясатынын негизги багыттарын ишке ашырууну талдайт жана божомолдоо жүргүзөт;
- белгиленген тартипке ылайык социалдык-экономикалык, маданий, демографиялык жана башка өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жана анын чегинен сырткары жаштардын жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрүнүн кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоого көмөк көрсөтөт;
- жаштар саясатынын субъектилеринин долбоорлорун (программаларын) мамлекеттик колдоону жүргүзөт;
- мамлекеттик жаштар саясаты жаатындагы активдүү чараларды, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаштардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруу боюнча биргеликте иш алып баруусун координациялоону камсыз кылат;
- жаштарды колдоого багытталган улуттук жана мамлекеттик программалардын, эл аралык келишимдердин ишке ашырылышына мониторинг жана баалоо жүргүзөт;
- мамлекеттик жаштар саясатын жүзөгө ашыруу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү, агартуу иштерин жүргүзөт;
- жаштар саясаты жаатында эл аралык байланыштарды белгилейт;
- мамлекеттик жаштар саясаты жаатында өткөрүлгөн иш чаралар тууралуу массалык маалымат каражаттарына маалыматтарды берет;
- белгиленген тартипте жаштар саясатын өнүктүрүүгө байланышкан эл аралык, аймактык жана республикалык жаштар иш чараларын уюштурат жана өткөрөт.
12. Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
- жаштар маселелерине тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат жана иштеп чыгууга;
- эл аралык жана башка уюмдардан гранттык негизде финансылык жана техникалык жардамдарды алууга;
- аткаруу бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук уюмдардан мамлекеттик жаштар саясаты маселелери боюнча тийиштүү маалыматтарды жана документтерди суроого жана алууга;
- мамлекеттик жаштар саясатын жүзөгө ашыруу үчүн донор өлкөлөрдүн гранттарын, эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын аккумуляциялоо үчүн атайын эсептерди түзүүгө;
- мамлекеттик жаштар саясаты жаатында иштегендер үчүн кадрлар резервин түзүүгө жана алардын квалификациясын көтөрүүгө;
- жаштардын коомдук маанилүү демилгелерин, долбоорлорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө;
- белгиленген тартипте Департаменттин грамоталарын, төш белгилерин жана башка сыйлыктарын уюштурууга;
- бюллетендерди, журналдарды жана башка басылмаларды чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.
13. Департаментти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен кызматка дайындалуучу жана бошотулуучу директор жетектейт.
Департаменттин директору:
- жеке башчылык негизинде Департаменттин ишмердүүлүгүнө жалпы жетекчилик жүргүзөт жана коюлган милдеттердин жана функциялардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышына, ага берилген укуктардын жана коюлган милдеттердин тийиштүү ишке ашырылышына, анын ичинде маалыматтардын тактыгына, каржылык-чарбалык ишмердүүлүктүн нормаларынын сакталышына жеке жоопкерчилик тартат;
- жогору турган мамлекеттик органдардын чечимдерин тийиштүү деңгээлде аткарылуусун камсыз кылат;
- кызматкерлердин функционалдык милдеттерин бөлүштүрөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат жана башка чечимдерди кабыл алат, алардын аткарылышын текшерет;
- мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана башка мекемелер менен мамиле түзүүдө Департаменттин атынан чыгат;
- Департаменттин бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук иштерин уюштурат;
- бюджеттик жана атайын каражаттардын максаттуу пайдаланылышы боюнча юридикалык жоопкерчилик тартат;
- Министрдин тапшырмасы боюнча жана өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттердин тийиштүү тараптары, эл аралык жана башка эл аралык укуктун субъектилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге, макулдашууларга кол коет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаменттин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот, кызматкерлердин функционалдык милдеттерин бекитет, алардын кесиптик квалификацияларын жогорулатууну уюштурат, алар тараптан мыйзамдуулукту, кызматтык жана аткаруучулук тартипти, ички эмгек тартибинин эрежелерин сактоо боюнча чараларды кабыл алат, аларды сыйлоо жана дисциплинардык жоопкерчиликке тартууну, ошондой эле мамлекеттик кызмат өтөөгө байланышкан маселелерин чечет;
- иш кагаздарын жүргүзүүнүн эрежелерин сактоону, документтердин сакталуусун жана аларды Улуттук архивдик фондунун аймактык органдарына сактоо үчүн өткөрүп берүүнү камсыздайт.
- белгиленген тартипте Департаменттин алдыңкы кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын ыйгарууга жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого сунуштайт;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Департаменттин ишмердүүлүгүн жетектөөдө башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
14. Департаменттин ишмердүүлүгүн кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
15. Департаментти жоюуда документтер Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык сакталат.