Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 9-февралы №84

Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жаштар иштери боюнча департаменти жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 22-октябрындагы №238 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы №425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу" Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы №709 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жаштар иштери боюнча департаменти жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-декабрындагы №599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Жаштар иши боюнча департаментинин маселелери" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Д.Үсөнов