КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-январындагы № 14 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-февралы №87
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 "Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү төлөө маселесин тартипке салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 "Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт "эмгек акысына" деген сөздөрдөн мурда "иштелген убактысына карабастан" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |