Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-январындагы № 14 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2006-жылдын 4-июлу N 492
Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы N 87, 2018-жылдын 3-мартындагы № 122, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 24 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын "Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2023-жылдын 1-январынан тартып илимий, педагогикалык кызматкерлерге, профессордук-окутуучулук курамга, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлерине негизги иштеген жери боюнча эмгек акысына ар айлык үстөктөр төмөнкүдөй белгиленсин:
- илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн - 2700 сом өлчөмүндө;
- илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы үчүн - 1350 сом өлчөмүндө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Көрсөтүлгөн төлөмдөр бюджеттен каржылануучу мекемелердин кызматкерлерине тиешелүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен, чарбалык эсептеги уюмдарда - өздүк каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-мартындагы N 161 "Илимий, илимий-педагогикалык кызматкерлердин жана профессордук-окутуучулук курамдын илимий даражасы үчүн эмгек акыларына үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Ф.Кулов |