Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 223 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-февралы № 89
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча) аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Долбоор
1-берене. Бул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер
1. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасында камсыздандыруу төгүмдөрүн белгилөө, ишке киргизүү жана алуу боюнча мамилелерди жөнгө салат.
2. Эгерде бул Мыйзамда башкасы каралбаса, ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелерге Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген ченемдер колдонулат.
3. Эгерде бул Мыйзамда башкасы каралбаса Бул Мыйзамда колдонулган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын салык, жарандык, эмгек жана башка тармактарынын институттары, терминдери жана аныктамалары мыйзамдын ошол тармактарында колдонулган маанисинде колдонулат.
4. Бул Мыйзамда белгиленген терминдер жана аныктамалар ушул Мыйзамдын тийиштүү беренелеринде аныкталган маанисинде колдонулат.
2-берене. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча
камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр болуп (мындан ары - камсыздандыруу төгүмдөрү) төмөнкүлөр саналат:
1) Иш берүүчү:
а) ата мекендик уюм;
б) Кыргыз Республикасынын аймагында обочолонгон бөлүмү бар чет өлкөлүк уюм;
в) жеке ишкер;
г) жеке ишкер болуп эсептелбеген жеке жак.
2) Кызматкер - иш берүүчү менен эмгектик мамиледе болгон жеке жак;
3) Жеке жак - жеке ишкер;
4) Ушул Мыйзамга ылайык ыктыярдуу түрдө камсыздандыруу төлөмдөрүн төккөн жак анын ичинде республиканын чегинен сырткары иш жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын жараны;
5) эмгектик мамилелер же ишкердик иш менен байланышпаган сый акы жана/же гонорар алган адам.
6) эл аралык макулдашууларга ылайык түзүлгөн уюмдарда жана Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчөлөнгөн бөлүмү жок эл аралык долбоорлордо иштеген жеке жак.
3-берене. Камсыздандыруу төгүмдөрү алынуучу объект
Жеке жактардын эмгек иши менен байланышкан киреше жана/же чыгаша алып келген экономикалык ишмердик жүргүзүү камсыздандыруу төгүмдөрүн алуунун объектиси болуп саналат.
Бул Мыйзамдын максаттары үчүн эмгек келишиминин же жарандык-укуктук келишимдин негизинде жеке жактын иши эмгек ишмердиги болуп эсептелет.
4-берене. Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн база
1. Эгерде бул Мыйзамда башкасы каралбаса камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн база болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынуучу мамилелер менен байланышкан кызматкерге берилүүчү эмгек акы жана башка төлөмдөр:
2) ушул Мыйзамда белгиленген өлчөмдөрдө жеке ишкердин кирешеси;
3) эмгек мамилелери же жеке ишкердик менен байланышпаган жеке жактын сый акысы жана/же гонорары.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынуучу мамилелер келип чыкканда камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн база календардык ай үчүн ар бир кызматкерге карата минималдык эсептешүү кирешесинин кеминде 1 жана 7 ашпаган суммасында белгиленет. Календардык жыл үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн базанын минималдык өлчөмү өсүү жыйынтыгы менен минималдык эсептешүү кирешесинин 12 кем болбошу жана 84 ашпашы керек.
Кызматкердин калоосу боюнча иш берүүчү кызматкер үчүн белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чендери боюнча алынуучу базанын максималдык өлчөмүнөн ашпаган кызматкерге эсептелген төлөмдөрдөн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөгө, кармоого жана которууга милдеттүү.
Бул бөлүк кызматкерлерге төмөнкүлөрдү төлөө үчүн колдонулбайт:
1) бюджеттик каражаттардын жана социалдык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен алынган;
2) айкалыштыруу боюнча;
3) кенже тейлөөчү кызматкерлердин;
4) турак жай ээлеринин коомчулугунун, кондоминиумдардын, турак-жай курулуш, гараж жана бакча-огород кооперативдеринин кызматкерлеринен;
5) I, II жана III топтогу майыптардан;
6) эркинен ажыратуу жайларында жазасын өтөгөн мезгилде иштеген же жайгаштырууда жүргөн адамдардан;
7) Кыргыз Республикасынын азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген адамдардан;
8) Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрү бар чет өлкөлүк уюмдарга.
Мыйзамдын максаттарында вахтерлор, кеңсе тазалагычтар, короо шыпыргычтар, санитарлар, лаборанттар, от жагуучулар, стажерлор, шакирттер, кароолчулар кенже тейлөөчү кызматкерлер болуп саналат.
3. Кийинки календардык жылдагы айына минималдык эсептешүү кирешеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын региондору боюнча Кыргыз Республикасынын статистикалык комитетинин маалыматтарынын негизинде өткөн жылдагы кызматкердин регионалдык орточо айлык эмгек акысынын 50 пайыз өлчөмүндө белгиленет (стандарттык салык эсептен чыгарууларды эсепке албаганда).
Минималдык эсептешүү кирешесинин өлчөмү үстүдөгү жылдын 1-ноябрынан кечиктирилбестен расмий түрдө жарыяланууга жатат.
Эгерде кийинки календардык жылга минималдык эсептешүү кирешенин өлчөмү ушул статьяда каралган тартипте белгиленбесе өткөн жылдагы минималдык эсептешүү кирешенин өлчөмү колдонулат.
4. Кызматкерлер үчүн иш убактысын толук пайдаланылбаган учурда минималдык эсептешүү кирешеси иш берүүчү тарабынан иш жүзүндө иштеген мезгилине прапорциялуу колдонулат:
1) убактылуу эмгекке жарамсыздыгы жана төрөт боюнча пособие алгандар;
2) иш күнүн толук эмес иштегендер;
3) өргүүдө жүргөн, анын ичинде акы төлөнбөстөн;
4) жумушка кайрадан алынган же бошотулган, бир айды толук эмес иштегендер.
5-берене. Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө мезгили
Календардык бир ай камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн мезгили болуп эсептелет.
6-берене. Иш берүүчүлөр үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чендери
1. Иш берүүчүлөр үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чендери кызматкердин пайдасына эсептелген төлөмдөр боюнча белгиленет.
2. Эгерде бул Мыйзамда башкасы каралбаса, иш берүүчүлөр үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чени 17,25 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
3. Ушул статьянын 4 жана 5-бөлүктөрүндө каралган иш берүүчүлөрдөн башка иш берүүчүлөр үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чендери төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:
1) I жана II топтогу майып кызматкерлер боюнча - 15,25 пайыз;
2) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн же башка мамлекетте жашаган, бирок иш берүүчү менен эмгектик мамиледе турган кызматкерлер - 3 пайыз;
3) элчиликтердин, консулдуктардын жана тышкы иштер жаатындагы мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктуу башка чет өлкөлүк уюмдарынын кызматкерлери боюнча - 15,25 пайыз.
4. Иш берүүчүлөр - коммерциялык эмес уюмдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чендери майып кызматкерлер жана пенсионерлер боюнча 13,25 өлчөмүндө белгиленет.
5. Ыктыярдуу же милдеттүү патенттин негизинде иш жүргүзгөн иш берүүчүлөр үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чендери минималдык эсептешүү кирешенин 27,25 пайызы өлчөмүндө белгиленет.
7-берене. Кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чендери
1. Кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чендери кызматкерлерге эсептелген төлөмдөр боюнча белгиленет.
2. Эгерде бул статьяда башкасы каралбаса, кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чени 10 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
3. Кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чендери төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:
1) I жана II топтогу майыптар, майыптарга жана коммерциялык эмес уюмдардын пенсионер кызматкерлерине ошондой эле Кыргыз Республикасынын азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын майыптарына жана пенсионер кызматкерлерине - 2 пайыз;
2) Майыптар жана пенсионерлерден сырткары Кыргыз Республикасынын азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын кызматкерлерине - 9,5 пайыз өлчөмүндө.
8-берене. Жеке жактар - жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чендери
Жеке социалдык камсыздандыруу үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча жеке жактар - жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чендери минималдык эсептешүү кирешесинин эки эселенген өлчөмүнүн 10 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
9-берене. Жеке жактардын айрым категориялары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чендери
Минималдык эсептешүү кирешесинин эки эселенген өлчөмүнүн 10 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чендери төмөнкүлөргө белгиленет:
1) жеке социалдык камсыздандыруу үчүн жеке социалдык камсыздандыруу үчүн эмгек мамилелери же ишкердик иши менен байланышпаган аталган жеке жактын сый акы жана же гонорары боюнча жеке жактарга;
2) жеке социалдык камсыздандыруу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында обочолонгон бөлүмү жок эл аралык макулдашууларга ылайык түзүлгөн уюмдарда жана ведомство аралык долбоорлордо иштеген жеке жактарга;
3) Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран болуп эсептелген жеке жак - жеке ишкер үчүн минималдык эсептешүү кирешесинин суммасынын 10 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
10-берене. Юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзгөн дыйкан (фермердик) чарбалар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү
Юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзгөн дыйкан (фермердик) чарбалар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү жеке ишкердик үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эреже боюнча жер салыгы боюнча жеңилдиктер колдонулбастан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык аталган дыйкан (фермердик) чарбалар төлөй турган жер салыгынын өлчөмүндө белгиленет.
Камсыздандыруу төгүмдөрү дыйкан (фермердик) чарбалардын жалпы бирдиктүү мүлкүнүн түзүлүшүнүн жана бөлүнүшүнүн тартибин аныктаган келишимге ылайык белгиленген эмгек салымына жараша дыйкан (фермердик) чарбалардын ар бир мүчөсүнүн жеке камсыздандыруу эсебине эсептелет.
11-берене. Ыктыярдуу түрдө камсыздандыруу төгүмдөрүн төккөн адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмдөрү
1. Пенсиялык фондго жана (же) Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө жеке жак же уюм тарабынан жеке жактын пайдасына каалаган өлчөмдө бирок, Пенсиялык фондго кеминде 8 пайыз жана (же) Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна минималдык эсептешүү кирешесинин эки эселенген өлчөмүнөн кеминде 2 пайыз өлчөмүндө жүзөгө ашырылат.
2. Юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын мүчөлөрү жер үлүшүнө же анын бир бөлүгүнө ээ болгон, бирок дыйкан (фермердик) чарбалардын мүчөсү болуп саналбаган же жер үлүшүн же анын бир бөлүгүн ижарага берип киреше тапкан жеке жактар камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу каалаган өлчөмдө бирок өткөн жыл үчүн алардын карамагында жана пайдалануусунда турган айыл чарба жерлери үчүн жер салыгы боюнча жеңилдиктер колдонулбастан эсептелген Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык аталган дыйкан (фермердик) чарбалар төлөй турган жер салыгынын өлчөмүнөн төмөн эмес өлчөмдө төлөшөт.
3. Камсыздандыруу стажын калыбына келтирүү жана 1996-жылдын январынан берки мезгил үчүн жеке камсыздандыруу эсебинде камсыздандыруу төгүмдөрүнүн топтоо максатында жеке жак жана уюм тарабынан жеке жактын пайдасына бирок Пенсиялык фондго минималдык эсептешүү көрсөткүчүнүн эки эселенген өлчөмүнүн кеминде 8 пайыз камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнүшү мүмкүн.
12-берене. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу
Төмөнкүлөр камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат:
1) Иш берүүчү, 16 жашка чейинки жаш өспүрүм - кызматкердин пайдасына эсептелген төлөмдөр боюнча;
2) Төмөнкү кызматкерлерге эсептелген бардык төлөмдөр боюнча:
а) Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана аларга теңештирилген адамдар;
б) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана аларга теңештирилген адамдар;
в) 16 жашка чейинки жеке жактар;
3) I жана II топтогу майыптар - жеке социалдык камсыздандыруу үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча жеке ишкерлер;
4) юридикалык жакты түзбөстөн дыйкан (фермердик) чарбаларда жер үлүшү бар I жана II топтогу майыптар.
13-берене. Камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелбей турган төлөмдөрдүн
түрлөрү
Камсыздандыруу төгүмдөрү төлөмдөрдүн төмөнкү түрлөрүнө эсептелбейт:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленүүчү субсидиялар, пенсиялар, стипендиялар, пособиелер жана компенсацияларга.
2) санаториялык-курорттук мекемелерге, эс алуу үйлөрүнө, пансионаттарга, санатория-профилакторияларга, балдардын ден-соолугун чыңдоо борборлоруна жолдомолордун баасына;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондусунан төлөмдөргө;
4) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдеринин негизинде келтирилген материалдык залалдын жана ден-соолукка зыяндын ордун жабуу максатында табигый кырсыктарга же башка өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу алынган материалдык жардам;
5) Мамлекеттик бюджеттин эсебинен "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аскер кызматчысы статусу бар аскер кызматчылары, мамлекеттик кызматкерлер өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатканда каза болгондугуна жана же денесинен жаракат алышына байланыштуу компенсациялык төлөмдөрдүн жана пособиелердин суммалары;
6) материальная помощь, оказываемая работодателем близким родственникам умершего работника или работнику в связи со смертью близкого родственника;
каза болгон кызматкердин жакын туугандарына же жакын тууганы каза болгондугуна байланыштуу кызматкерге иш берүүчү тарабынан берилүүчү материалдык жардам;
7) Ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун жабуу суммалары, ошондой эле эмгектик милдеттерин аткарып жатканда кызматкер мерттенген, каза болгон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү суммалар;
8) Кан бергенде, донорлуктун башка түрлөрүнөн алган суммалардан ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кан алуу боюнча медициналык мекемелердин кызматкерлери тарабынан алынган суммалар;
9) кайрымдуулук максатында майыптарга, пенсионерлерге, жетим-балдарга, көп балалуу энелерге же аталарга берилүүчү бир жолку материалдык жардам;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдердин алкагында кызматтык иш сапарларга, башка жерге ишке которулгандыгына байланыштуу мыйзамдарга ылайык өкүлчүлүк функцияларды ишке ашырууда чыгымдардын ордун жабуу боюнча төлөнүүчү компенсациялар;
11) Атайын кийимдердин, атайын бут кийимдердин, жеке коргоо каражаттарынын, самын, жугузбоочу каражаттардын баалары; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мындай иштердин тизмесине ылайык жана ченемдер боюнча эмгек шарттары зыяндуу жана кооптуу жумуштарда иштеген кызматкерлерге сүттүн жана дарылоо-профилактикалык тамак аштын баасы;
12) кызматкерди даярдоого жана кайра даярдоого багытталган иш берүүчүнүн чыгымдары;
13) Кайрымдуулук максатында ишканаларга, уюмдарга, мекемелерге жан фонддорго берилүүчү жана төлөнүүчү стипендиялар;
14) дивиденддер, пайыздар;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү медициналык текшерүүгө жана дарылоо-профилактикалык тейлөөгө иш берүүчүнүн чыгымдары.
14-берене. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелиши
Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептелиши камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн базаны камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ченине көбөйтүү аркылуу жүргүзүлөт.
15-берене. Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептелишинин, төлөнүшүнүн
мөөнөтүнүн жана ордунун тартиби
1. Иш берүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөгө, кармоого жана которууга милдеттүү.
2. Эгерде камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн базанын өлчөмү минималдык эсептешүү кирешесинин суммасынан аз сумманы түзсө камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн базанын өлчөмү минималдык эсептешүү кирешеге барабар алынат.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн утурумдук мезгили үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн базанын өлчөмү жана минималдык эсептешүү кирешенин суммасы иш берүүчү тарабынан кызматкердин иш жүзүндө иштеген айлары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн утурумдук мезгилинен баштап жыйынтыгы өсүп эсептелет.
3. Патент боюнча иштеген жеке жактан сырткары иш берүүчү болуп саналган жеке ишкер жеке социалдык камсыздандыруу үчүн өз алдынча камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерет жана төлөйт.
4. Камсыздандыруу төгүмдөрү камсыздандыруу полисин сатып алуу аркылуу төмөнкү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр тарабынан төлөнөт:
1) Патент колдонбостон жана иш берүүчү болуп саналбаган жеке ишкер;
2) жеке социалдык камсыздандыруу үчүн жана жалданган кызматкерлер үчүн патент боюнча иштеген жеке ишкер;
3) Ыктыярдуу түрдө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн адам;
4) Эмгек мамилелери же ишкердик иш менен байланышпаган сый акы жана/же гонорар алган жеке жак;
5) Кыргыз Республикасынын аймагында обочолонгон бөлүмү жок эл аралык макулдашууларга ылайык түзүлгөн уюмдарда жана эл аралык долбоорлордо иштеген жеке жак.
5. Камсыздандыруу полисин сатып алуу аркылуу камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
6. Камсыздандыруу төгүмдөрү камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелген мезгилден кийинки айдын 20нан кечиктирилбестен төлөнүүгө жатат.
7. Юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзгөн дыйкан (фермердик) чарбалар камсыздандыруу төгүмдөрүн үстүдөгү жылдын 20-ноябрынан кечиктирбестен төлөшөт.
8. Камсыздандыруу төгүмдөрү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн катталган жери боюнча төлөнөт ал эми обочолонгон бөлүмү болсо - обочолонгон бөлүмүнүн катталган жери боюнча төлөнөт.
16-берене. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчет берүү
1. Иш берүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөнө турган жери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерилген мезгилден кийинки айдын 20 кечиктирбестен камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчет берүүгө милдеттүү.
2. Юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзгөн дыйкан (фермердик) чарбалар камсыздандыруу төгүмдөрү төлөгөн жери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчеттуулукту үстүдөгү жылдын 20-ноябрынан кечиктирбестен берүүгө милдеттүү.
3. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчеттуулуктун формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
17-берене. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бөлүштүрүлүшү
1. 1955-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн адамдар ошондой эле пенсионерлер милдеттүү пенсиялык топтоо системасына катышпайт жана мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшпөйт.
Бул статьясынын максаттарында "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык курагы жана майыптыгы боюнча пенсия чектелген жана төлөнүп жаткан камсыздандырылган адам пенсионер болуп саналат.
2. Төлөөчүлөрдөн түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммалары фонддор боюнча төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүлөт:
┌────────────┬──────┬─────────────────────────────────────────────────┐
│ Төлөөчү │ Чен/ │ Төгүмдөрдүн бөлүштүрүлүшү │
│ │төгүм ├────────────────────┬────────┬─────────┬─────────┤
│ │өлчөмү│ Пенсиялык фондго │Милдет- │Мамлекет-│Эмгекчи- │
│ │ ├─────────┬──────────┤түү │ тик │лердин │
│ │ │Тилектеш │ Жеке │медици- │пенсиялык│ден- │
│ │ │бөлүгүнө │камсыздан-│налык │ топтоо │соолугун │
│ │ │ │дыруу │камсыз- │ фонду │чыңдоо │
│ │ │ │эсебине │дандыруу│ │фонду │
│ │ │ │ │фонду │ │ │
├────────────┴──────┴─────────┴──────────┴────────┴─────────┴─────────┤
│ Иш берүүчү │
├────────────┬──────┬─────────┬──────────┬────────┬─────────┬─────────┤
│Кызматкерлер│ 17,25│ 3 │ 12 │ 2 │ - │ 0,25 │
│боюнча │ │ │ │ │ │ │
├────────────┼──────┼─────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┤
│по │ 15,25│ 3 │ 12 │ - │ - │ 0,25 │
│работникам │ │ │ │ │ │ │
│инвалидам I │ │ │ │ │ │ │
│жана II │ │ │ │ │ │ │
│топтогу │ │ │ │ │ │ │
│майып │ │ │ │ │ │ │
│кызматкер- │ │ │ │ │ │ │
│лер, │ │ │ │ │ │ │
│работникам │ │ │ │ │ │ │
│элчиликтин, │ │ │ │ │ │ │
│консулдук- │ │ │ │ │ │ │
│тун, ТИМ │ │ │ │ │ │ │
│чет өлкөлүк │ │ │ │ │ │ │
│мекемелери- │ │ │ │ │ │ │
│нин │ │ │ │ │ │ │
│кызматкерле-│ │ │ │ │ │ │
│рине │ │ │ │ │ │ │
├────────────┼──────┼─────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┤
│Коммерциялык│ 13,25│ 3 │ 10 │ - │ - │ 0,25 │
│эмес │ │ │ │ │ │ │
│уюмдардын │ │ │ │ │ │ │
│майып жана │ │ │ │ │ │ │
│пенсионер │ │ │ │ │ │ │
│кызматкерле-│ │ │ │ │ │ │
│рине │ │ │ │ │ │ │
├────────────┼──────┼─────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┤
│Кыргыз │ 3 │ 3 │ - │ - │ - │ │
│Республика- │ │ │ │ │ │ │
│сында │ │ │ │ │ │ │
│убактылуу │ │ │ │ │ │ │
│жүргөн │ │ │ │ │ │ │
│кызматкерлер│ │ │ │ │ │ │
│чет өлкөлүк │ │ │ │ │ │ │
│жарандарга │ │ │ │ │ │ │
├────────────┴──────┴─────────┴──────────┴────────┴─────────┴─────────┤
│ Кызматкер │
├────────────┬──────┬─────────┬──────────┬────────┬─────────┬─────────┤
│Кызматкер │ 10│ - │ 8 │ - │ 2 │ │
│анын ичинде │ │ │ │ │ │ │
│Кызматкер │ │ │ │ │ │ │
│анын ичинде │ │ │ │ │ │ │
│Кыргыз │ │ │ │ │ │ │
│Республика- │ │ │ │ │ │ │
│сында │ │ │ │ │ │ │
│туруктуу │ │ │ │ │ │ │
│жашаган │ │ │ │ │ │ │
│кызматкер - │ │ │ │ │ │ │
│чет өлкөлүк │ │ │ │ │ │ │
│жаран │ │ │ │ │ │ │
├────────────┼──────┼─────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┤
│1955-ж. │ 8│ │ 8 │ │ │ │
│1-январына │ │ │ │ │ │ │
│чейин │ │ │ │ │ │ │
│туулган │ │ │ │ │ │ │
│кызматкер │ │ │ │ │ │ │
│ошондой эле │ │ │ │ │ │ │
│пенсионер же│ │ │ │ │ │ │
│майып │ │ │ │ │ │ │
│кызматкер │ │ │ │ │ │ │
├────────────┼──────┼─────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┤
│Азиздер жана│ 9,5 │ - │ 7,5 │ - │ 2 │ │
│дүлөйлөрдүн │ │ │ │ │ │ │
│кыргыз │ │ │ │ │ │ │
│коомчулугу- │ │ │ │ │ │ │
│нун │ │ │ │ │ │ │
│ишканалары- │ │ │ │ │ │ │
│нын, │ │ │ │ │ │ │
│мекемелери- │ │ │ │ │ │ │
│нин жана │ │ │ │ │ │ │
│уюмдарынын │ │ │ │ │ │ │
│кызматкери │ │ │ │ │ │ │
│майыптардан │ │ │ │ │ │ │
│жана │ │ │ │ │ │ │
│пенсионер- │ │ │ │ │ │ │
│лерден │ │ │ │ │ │ │
│сырткары │ │ │ │ │ │ │
├────────────┼──────┼─────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┤
│майыптарга │ 2│ │ 2 │ │ │ │
│жана │ │ │ │ │ │ │
│пенсионер- │ │ │ │ │ │ │
│лерге кирген│ │ │ │ │ │ │
│азиздер жана│ │ │ │ │ │ │
│дүлөйлөрдүн │ │ │ │ │ │ │
│кыргыз │ │ │ │ │ │ │
│коомчулугу- │ │ │ │ │ │ │
│нун │ │ │ │ │ │ │
│ишканалары- │ │ │ │ │ │ │
│нын, │ │ │ │ │ │ │
│мекемелери- │ │ │ │ │ │ │
│нин жана │ │ │ │ │ │ │
│уюмдарынын │ │ │ │ │ │ │
│жана │ │ │ │ │ │ │
│коммерциялык│ │ │ │ │ │ │
│эмес │ │ │ │ │ │ │
│уюмдардын │ │ │ │ │ │ │
│кызматкери │ │ │ │ │ │ │
├────────────┼──────┼─────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┤
│жеке │ 10│ │ 8,75 │ 1 │ │ 0,25 │
│социалдык │ │ │ │ │ │ │
│камсызданды-│ │ │ │ │ │ │
│руу үчүн │ │ │ │ │ │ │
│жеке ишкер │ │ │ │ │ │ │
├────────────┼──────┼─────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┤
│Чет өлкөлүк │ 10│ 10 │ │ │ │ │
│жаран болуп │ │ │ │ │ │ │
│саналган, │ │ │ │ │ │ │
│Кыргыз │ │ │ │ │ │ │
│Республика- │ │ │ │ │ │ │
│сында │ │ │ │ │ │ │
│убактылуу │ │ │ │ │ │ │
│жүргөн жеке │ │ │ │ │ │ │
│ишкер │ │ │ │ │ │ │
├────────────┼──────┼─────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┤
│Жеке ишкер -│Жер │ - │ 91,7 │ 7,4 │ │ 0,9 │
│дыйкан чарба│салы- │ │ │ │ │ │
│ │гынын │ │ │ │ │ │
│ │өлчө- │ │ │ │ │ │
│ │мүндө │ │ │ │ │ │
│ │(100 │ │ │ │ │ │
│ │пайыз)│ │ │ │ │ │
├────────────┼──────┼─────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┤
│Камсызданды-│Мый- │ - │ 91,7 │ 7,4 │ │ 0,9 │
│руу полисин │замда │ │ │ │ │ │
│сатып │бел- │ │ │ │ │ │
│аркылуу │гилен-│ │ │ │ │ │
│камсызданды-│ген │ │ │ │ │ │
│руу │өлчөм-│ │ │ │ │ │
│төгүмдөрүн │дө │ │ │ │ │ │
│төлөгөн │(100 │ │ │ │ │ │
│төлөөчү │пайыз)│ │ │ │ │ │
└────────────┴──────┴─────────┴──────────┴────────┴─────────┴─────────┘
18-берене. "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонулушун токтотуу жөнүндө
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 2004-ж., № 5, 229-б.) күчүн жоготту деп табылсын.
19-берене. Бул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
20-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|