Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 12-февралы № 92
"Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- (Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- 4-пунктта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пунктта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга чыгармаларды, иштер менен материалдарды көрсөтүү, кабыл алуу жана карап чыгуу тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункттун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
А.Жапаров |
Тиркеме
Калимбетова Тажикан Борбугуловна - Кыргыз Республикасынын ви-
це-премьер-министри, комиссиянын төрайымы;
Рыскулова Айгуль Маратбековна - Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри, комиссиянын төрайымынын орун басары;
Жунусов Ибрагим Коджоназарович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директору, комиссиянын төрайымынын орун басары;
Дикамбаев Азамат Шамильевич - Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
Асылбек уулу Дамир - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Мусаев Абдылда Инаятович - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Нарбаев Каныбек Жайчиевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору;
Бектеналиев Мукталы Абдыбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;
Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович - Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
Жоробеков Айдар Жолборсович - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жаштар иштери боюнча департаментинин директору, комиссиянын жооптуу катчысы;
Ашимов Исабек Ашимович - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын башкы окумуштуу катчысы;
Осмонов Кыргызбай Арапбаевич - Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук драма театрынын директору;
Бирназаров Темир Мукамбаевич - кинорежиссер, продюссер (макулдашуу боюнча);
Алымбаев Абдрахман Мырзагулович - Кыргыз Республикасынын Жазуучулар улуттук союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич - Кыргыз Республикасынын Оор атлетика боюнча республикалык өнүктүрүү борборунун директору;
Бегалиев Мурат Акимович - Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору;
Садыков Тургунбай Садыкович - Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм академиясынын президенти;
Халмурзаева Эльмира Баймурзаевна - Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Инновациялык кесип институтунун дизайн-студиясынын директору;
Уметалиева Жамал Темиркуловна - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун искусство бөлүмүнүн башчысы, көркөмтаануунун доктору.