Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 223 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 12-февралы № 94
"Кыргыз Республикасынын музейлери жана музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын музейлери жана музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдарынын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдарынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
А.Жапаров |
Долбоор
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын музейлери жана музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2000-жылдын 9-февралы, № 14) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "маданият тармагы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
1-берене.
"Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 1998-жылдын 25-ноябры, № 185-186) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 4-берененин 2-бөлүгүндө:
- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- облустук жергиликтүү мамлекеттик администрация жана башка мамлекеттик органдар тарабынан түзүлгөн облустук китепканалар;";
- бешинчи-онунчу абзацтар алтынчы-он биринчи абзацтар болуп саналсын;
- алтынчы абзац төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:
"жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн шаардык, райондук жана айылдык китепканалар;".
2. 5-берененин 2-бөлүгүнүн 2-абзацы "райондук" деген сөздөн кийин "жана айылдык" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 15-беренеде:
- 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
- "облустук жергиликтүү мамлекеттик администрация жана башка мамлекеттик органдар тарабынан түзүлгөн облустук китепканаларды гарантияланган каржылоо;";
- 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:
"жергиликтүү маанидеги шаардык, райондук жана айылдык китепканалардын фонддорун комплектилөөнү жана сактоону камсыздоону гарантияланган каржылоону;";
- 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"жергиликтүү маанидеги китепканаларды уюштуруу жана иштешин камсыз кылуу.".
4. 23-берененин 5-бөлүгү "райондук" деген сөздөн кийин "жана айылдык" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 24-берененин 2-бөлүгү "райондук" деген сөздөн кийин ", айылдык" деген сөз менен толукталсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|