Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 12-февралы №96
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдеринин күчүн жоготту деп таануу тууралуу
Терроризмди каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы күрөшүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларын тартипке салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен төмөнкүлөр кайра сурап алынсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-мартындагы № 216 токтомуна ылайык жиберилген "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-январындагы № 5 токтомуна ылайык жиберилген "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-январындагы № 5 "Банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I жана II бөлүгүнө толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик тууралуу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору тууралуу" токтомунун аталышындагы жана 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" деген сөздөр алып салынсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-мартындагы №216 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-августундагы №503-б буйругу.
4. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
А.Жапаров |