Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 12-февралы №101
Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү - 2011" отчету боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингинин индикаторлорун жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттеринин планын бекитүү жөнүндө
Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү" отчету боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингинин индикаторлорун жакшыртууга багытталган системалык реформаларды андан ары жүргүзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялык кеңештин чечимдерин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өтө көңүл бурууну талап кылуучу рейтингдин төмөнкүдөй индикаторлору аныкталсын:
- "Эл аралык соода";
- "Салык төлөө";
- "Бизнести жабуу".
2. Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү - 2011" отчету боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингинин индикаторлорун жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттеринин планын (мындан ары - Иш-аракеттердин планы) бекитилсин.
3. Иш-аракеттердин планынын негизги максаты рейтингдеги башка өлкөлөрдүн жылышын эсепке албастан Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү-2011" отчету боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингин жакшыртуу болуп аныкталсын.
4. Иш-аракеттердин планын жүзөгө ашыруунун негизги принциптери бекитилсин:
- тиешелүү мамлекеттик органдар Иш-аракеттердин планынын чараларын аткарууга, реформаларды жүргүзүүгө жана аларга бекитилген индикаторлор боюнча рейтингди жакшыртуу үчүн жооптуу болуп саналышат;
- эл аралык уюмдар ушул Иш-аракеттердин планын жүзөгө ашыруу боюнча техникалык жардам көрсөтүшөт;
- Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү" отчету боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингинин алкагында жүргүзүлүүчү реформалар туруктуу жана үзгүлтүксүз болуп саналат;
- Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү - 2011" отчетунда "Салык төлөө" индикатору боюнча көрсөткүчтөр 2009-жылга Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жоболорун ишке ашырууну эске алуу менен баалангандыгына байланыштуу бул Иш-аракеттердин планында "Бизнес жүргүзүү - 2012" отчетунун чектеринде ушул индикатор боюнча рейтингди жакшыртууга багытталган иш-чаралар каралган.
5. Бекитилген индикаторлорго ылайык жооптуу аткаруучулар:
- курулуш чөйрөсүндө, юридикалык жактарды каттоодо, тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезени" колдонууга киргизүүдө жана мамлекеттик органдар менен отчетторду тапшырууда салык төлөөчүлөрдүн биргелешкен аракетинде "бирдиктүү терезенин" натыйжалуу иштешин бизнес-коомчулуктун жана жарандык сектордун өкүлдөрүнүн сунуштарын сөзсүз эске алуу менен камсыздашсын;
- бардык региондор боюнча көпчүлүк салык төлөөчүлөр салыктар жана камсыздандыруу взностору боюнча отчетторду электрондук түрдө түзүү жана тапшыруу тартибин натыйжалуу колдонууну камсыз кылышсын;
- бардык индикаторлор боюнча реформаларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнү камсыздашсын жана мониторингдин жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине беришсин;
- Иш-аракеттердин планын жүзөгө ашыруу жана тийиштүү индикаторлор боюнча рейтингди жакшыртуу максатында иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуунун оперативдүү жол-жоболорун камсыз кылышсын;
- региондордо бекитилген индикаторлор боюнча реформаларды практикалык жактан ишке ашырууну камсыздашсын;
- Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги (макулдашуу боюнча) менен бирдикте "Бизнес жүргүзүү - 2011" жагында Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингинин индикаторлорун жакшыртуу боюнча реформаларды практикалык ишке ашыруу планын бир айлык мөөнөттө иштеп чыгышсын жана кабыл алышсын;
- бардык индикаторлор, сот жана укук колдонуу практикасы боюнча статистикалык маалыматтарды чогултууну жана талдоону камсыздашсын жана бул маалыматтарды Дүйнөлүк банктын методологиясына ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана реформаларды практикалык ишке ашырууну тастыктоо максатында Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине беришсин;
- жүргүзүлүүчү реформалар жөнүндө туруктуу негизде коомчулукту өз убагында жана мезгили менен маалымдап турууну камсыздашсын;
- Иш-аракеттердин планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү тууралуу ай сайын отчеттук айдын 30уна чейин Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине маалымат беришсин;
- бизнес жүргүзүү үчүн шарттардын начарлашына жана тийиштүү түрдө рейтингдеги позициялардын төмөндөшүнө жол бербөө максатында жүргүзүлүүчү реформаларды ырааттуу улантуу жагынан жаңы кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыларга дайыма талдоо жүргүзүшсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги:
- Иш-аракеттердин планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү тууралуу 2010-жылдын 15-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берсин;
- Иш-аракеттердин планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү тууралуу ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 5ине чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялык кеңештин секретариатына маалымат берсин;
- жүргүзүлүүчү реформаларга ишкерлерди сурамжылоо аркылуу бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүн тартуу менен мониторинг жүргүзсүн.
7. Иш-аракеттердин планынын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчиликтери белгиленсин.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
А.Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы №101 токтому менен бекитилген |
| Иш-чаралардын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу органдар |
«Бизнести баштоо» индикатору | |||
1. | Дүйнөлүк банкка 2009-2010-жылдардын мезгилинде Бишкек шаары боюнча, компанияларды уюштуруучулардын колун нотариалдык күбөлөндүрүүсүз каттоонун тажрыйбасы боюнча алардын санын көрсөтүү менен маалымат берүү | 2010-жылдын 1-апрелине чейин | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги |
2. | Мөөрлөрдү даярдоого уруксат алуу үчүн төлөмдөрдүн жоктугунун жана мындай уруксат берүү мыйзамда жок экендигинин маселелери боюнча Дүйнөлүк банкка маалымат берүү, Дүйнөлүк банкка мөөрлөрдү даярдоонун мөөнөтүн жана аларды даярдоонун наркы мыйзам тарабынан жөнгө салынбай тургандыгын маалымдоо | 2010-жылдын 1-апрелине чейин | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги |
3. | Юридикалык жактарды каттоо жөнүндө мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча мөөрлөрдү даярдоо жана юридикалык жактарды каттоо кызматтарын көрсөтүүчү компаниялар, бизнес ассоциациялар жана башка кызыкдар жактар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | 2010-жылдын 1-апрелине чейин | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги |
4. | Бишкек шаарында компаниялардын каттоодон өтүүсүнүн тажрыйбасы жөнүндө маалыматты, каттоонун мөөнөтүн, төлөм деңгээлин, керектүү документтердин санын жана бизнести толук баштоо үчүн зарыл болгон жол-жоболордун ырааттуулугун көрсөтүү менен Дүйнөлүк банкка маалымат берүү | 2010-жылдын 1-апрелине чейин | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги |
5. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги № 182 токтому менен аныкталган коммерциялык жактарды каттоонун тартибин жана мөөнөтүн тактоого; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн көрсөтүлгөн токтомун Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Мыйзамына ылайык келтирүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин кабыл алууну камсыздоо | 2010-жылдын 1-апрелине чейин | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги |
«Курулуш курууга уруксат алуу» индикатору | |||
6. | «Бирдиктүү терезеден» курулуш курууга техникалык шарттарды берүү жана уруксат берүүчү документтерди берүүдө көрсөтүлүүчү башка кызматтарга акы төлөтүп алууну камсыздоо | 2010-жылдын 28-февралына чейин | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Бишкек ш. мэриясы |
7. | Белгиленген баалардын прейскурантын белгилөө жана заказчынын чыгымдарын кыскартуу максатында курулуш курууга уруксат берүүчү документтерди тариздөөдө архитектура жана курулуш органдары көрсөтүүчү мамлекеттик кызматтарга баа түзүүнүн механизмдерин өркүндөтүүгө; - долбоордук документтерге мамлекеттик экспертиза жүргүзүү боюнча мамлекеттик кызматтарга баа түзүүнүн механизмдерин өркүндөтүүгө, ошондой эле аталган кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын төмөндөтүү максатында курулушту мамлекеттик көзөмөлдөөнү ишке ашырууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин кабыл алууну камсыздоо | 2010-жылдын 28-февралына чейин | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги |
8. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 676 токтомуна ылайык жүргүзүлгөн реформаларды иш жүзүндө жүзөгө ашырууну эске алуу менен курулуш курууга уруксат берүүчү документтерди берүүнүн жол-жоболорун андан ары; - курулуш курууга арыздардын жана уруксат берүүчү документтердин формаларын бекитүүнү өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 токтомуна керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыздоо | 2010-жылдын 28-февралына чейин | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги |
9. | Курулуш курууга арыздардын, берилген уруксаттардын, пайдаланууга кабыл алынган объекттердин саны жөнүндө, анын ичинде мөөнөтү сакталбай каралган арыздардын санын көрсөтүү менен республика боюнча, региондорго жана Бишкек шаарына карата статистикалык маалыматтарды берүүнү камсыздоо. 2009-, 2010-жылдар үчүн статистикалык маалыматтарды салыштырып талдоону берүү | ай сайын | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги |
10. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 токтомуна ылайык курулуш курууга уруксат берүүчү документтерди берүү боюнча «бирдиктүү терезе» принцибин; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 100 токтомуна ылайык техникалык шарттарды берүүнүн жана жаңы курулуш объекттерин инженердик тармактарга кошуунун тартибин, анын ичинде »Кыргызтелеком» ААКсынын телефон байланышына туташтыруунун тартибинин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү | ай сайын | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамагенттиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамагенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамагенттиги, Бишкек ш. мэриясы |
«Жумушчуларды жалдоо» индикатору | |||
11. | Дүйнөлүк банк менен өз ара аракеттенүүнү камсыздоо жана Дүйнөлүк банк менен макулдашуу боюнча анкеталарды берүү | 2010-жылдын 1-июнуна чейин | Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги |
12. | Дүйнөлүк банктын суроо талабы боюнча статистикалык маалыматтарды берүү | 2010-жылдын 1-июнуна чейин | Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги |
«Менчикти каттоо» индикатору | |||
13. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын сайтында он-лайн режиминде кыймылсыз мүлккө болгон катталган укуктар жөнүндө юридикалык күчү бар электрондук жазып алууларды алуу мүмкүнчүлүгү менен маалымат алуунун механизмдерин киргизүү: - Бишкек жана Ош шаарлары жана 6 жергиликтүү каттоо органдары боюнча; - республиканын калган региондору боюнча | 2010-жылдын 1-апрелине чейин 2010-жылдын 31-декабрына чейин | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
14. | Жергиликтүү каттоо органдары тарабынан, анын ичинде он-лайн режиминде маалымат берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун кабыл алууну камсыздоо | 2010-жылдын 28-февралына чейин | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
15. | «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен болгон бүтүмдөрдү каттоо жөнүндө» Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамын, милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган келишимдерди каттоо боюнча иш-милдеттерди жүзөгө ашыруу менен байланышкан каттоочулардын укуктарын жана милдеттерин чыңдоо, ошондой эле он-лайн режиминде катталган укуктар жөнүндө маалымат берүү бөлүгүндө кабыл алууну камсыздоо | 2010-жылдын 28-февралына чейин | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
16. | - кыймылсыз мүлктү ажыратуу бүтүмдөрү боюнча катталган укуктардын, анын ичинде милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбагандарынын саны боюнча; - кыймылсыз мүлк объекттерин алгачкы жана учурдагы техникалык жактан текшерип кароо боюнча иш-аракеттердин саны боюнча республика, региондор жана Бишкек шаары боюнча алганда статистикалык маалыматтарды берүүнү камсыздоо; - 2009-, 2010-жылдар үчүн статистикалык маалыматтарды салыштырып талдоону берүү | ай сайын | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
17. | Милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү жана кыймылсыз мүлк объектисине учурда техникалык жактан текшерип кароону талап кылбаган бүтүмдөрдүн негизинде укуктарды каттоо боюнча (кыймылсыз мүлктү ажыратууда техпаспорттун жарактуулук мөөнөтүн жоюу жана техникалык жактан текшерип кароону жүргүзүүнү милдеттүү шартын жоюу бөлүгүндө) реформаны ишке ашыруунун мониторингин жүргүзүү | дайыма | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги |
«Кредиттерди алуу» индикатору | |||
18. | Оң жана терс кредиттик маалыматты берүүгө; - кредиттик маалыматты сактоо мөөнөтүнө карата рейтингди оңдоп-түзөтүү үчүн маалыматты Дүйнөлүк банкка берүү | 2010-жылдын 15-февралына чейин | Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги, Кыргыз Республикасынын улуттук банкы (макулдашуу боюнча) |
19. | Дүйнөлүк банк менен өз ара аракеттенүүнү камсыздоо жана Дүйнөлүк банк менен макулдашуу боюнча анкеталарды берүү | 2010-жылдын 1-июнуна чейин | Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги, КРнын улуттук банкы (макулдашуу боюнча) |
20. | Дүйнөлүк банктын суроо-талаптары боюнча статистикалык маалыматтарды даярдоо жана берүү | 2010-жылдын 1-июнуна чейин | Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги, Кыргыз Республикасынын улуттук банкы (макулдашуу боюнча) |
«Инвесторлорду коргоо» индикатору | |||
21. | «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-статьясында каралган сот отурумдарына акционердин жеке катышуусу милдетүү экендиги, анын мүлктүк укуктарынын бузулгандыгы жана ага мүлктүк чыгым келтирилгендиги менен байланышкан »Бизнес жүргүзүү» методологиясынын маселелери боюнча Дүйнөлүк банктын эксперттери менен консультация жүргүзүү | 2010-жылдын 15-февралына чейин | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
22. | Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларында катталган компанияларды саны боюнча рейтингин оңдоп түзөтүү үчүн Дүйнөлүк банкка маалыматтарды берүү | 2010-жылдын 15-февралына чейин | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги |
23. | Жоопкерден керектүү документтерди алуу менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодекстин 61 – жана 63-статьяларына ылайык доогердин процесстик укуктарынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот акыйкатынын иштери боюнча Улуттук кеңеш үчүн жүргүзүлүп жаткан сот реформасынын алкагында рекомендацияларды жана сунуштарды даярдоо | 2010-жылдын 15-мартына чейин | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот акыйкатынын иштери боюнча Улуттук кеңеш (макулдашуу боюнча), бийликтин сот органдары (макулдашуу боюнча) |
«Салык төлөөчү» индикатору | |||
Эскертүү: «Салык төлөө» индикаторунун методологиясына ылайык баалоо учурунда өткөн фискалдык жыл эсепке алына тургандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан «Бизнес жүргүзүү» рейтингин жакшыртуу максатында реформалар өткөрүлгөн 2008-жылы Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодекси кабыл алынды. 2009-жылы бул Кодексти колдонуу «Бизнес жүргүзүү - 2011» рейтинги боюнча Дүйнөлүк банк тарабынан бааланат. Ошентип «Бизнес жүргүзүү - 2012» рейтингин жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттеринин аталган планы боюнча иш-чараларды өткөрүү зарыл. 2010-фискалдык жылда төмөндө келтирилген иш-чаралар өткөрүлбөй калса, натыйжалары «Бизнес жүргүзүү - 2013» рейтингинде чагылдырылышы үчүн анда аларды 2011-фискалдык жылда өткөрүү зарыл. | |||
24. | Жаңы Салык кодексин 2009-жылы колдонуунун тажрыйбасы жөнүндө, ошондой эле түздөн-түз салык төлөөчү тарабынан төлөнгөн салыктар тууралуу маалыматты Дүйнөлүк банкка берүү | 2010-жылдын 1-мартына чейин | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (макулдашуу боюнча) |
25. | Дүйнөлүк банктын анкеталарына ылайык индикаторлор боюнча статистикалык маалыматтарды топтоону жана талдоону камсыздоо | 2010-жылдын 1-мартына чейин | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (макулдашуу боюнча) |
26. | Камсыздандыруу взносторун башкаруу боюнча иш-милдеттерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына берүү | 2010-жылдын 1-июлуна чейин | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (макулдашуу боюнча) |
27. | Методологияга ылайык көпчүлүк орто ишканалардын салыктар жана камсыздандыруу взностору боюнча электрондук түрдө отчетту түзүүнүн жана берүүнүн тартибин колдонууну камсыздоо | 2010-жылдын 15-февралына чейин | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
28. | Камсыздандыруу взностору боюнча (мезгилге ылайык) отчеттуулукту тапшыруунун санын (жылына 30 процентке кыскартуу | 2010-жылдын 1-июлуна чейин | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
29. | Салыктарды жана камсыздандыруу взносторун башкаруунун бирдиктүү ыкмаларын жана механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү | 2010-жылдын 1-июлуна чейин | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги |
30. | Коммерциялык банктар жана башка уюмдар аркылуу төлөмдөрдү которуу кызматы үчүн комиссия албастан салыктарды жана камсыздандыруу взносторун төлөөнү камсыздоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2010-жылдын 1-мартына чейин | Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) |
«Эл аралык соода» индикатору | |||
31. | Тышкы соода иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн уруксат документтерин берүү регламенттеринин белгиленген тартибин иштеп чыгууну жана бекитүүнү камсыздоо | 2010-жылдын 15-мартына чейин | Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы, Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору, (сертификациялоо органы), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу Тышкы соода чөйрөсүндө «Бирдиктүү терезе» борбору» мамлекеттик ишканасы |
32. | Кыргыз Республикасына (-сынан) негизги жүктөр өтө турган, Бишкек шаарына жакын жана кеңири колдонулуучу деңиз портун аныктоо боюнча Дүйнөлүк банктын методологиясына ылайык изилдөө жүргүзүү жана изилдөөнүн жыйынтыктарын Дүйнөлүк банкка берүү | 2010-жылдын 30-апрелине чейин | Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги, «Кыргыз Темир Жолу» мамлекеттик ишканасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Сооданы либералдаштыруу жана бажы реформасы боюнча долбоору (макулдашуу боюнча) |
33. | Дүйнөлүк банктын методологиясына ылайык документтердин санын кыскартууга Дүйнөлүк банкка негиздемени иштеп чыгуу: экспортко - терминалга жазып каттоо боюнча квитанция жана транзиттик документ (транзиттин багыты), импортко - терминалга жазып каттоо боюнча квитанция жана транзиттик документ (транзиттин багыты) | 2010-жылдын 1-апрелине чейин | Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
34. | Дүйнөлүк банктын »Бизнес жүргүзүү» отчетунун «Кредиттерди алуу» индикатору менен аккредитив берүү мөөнөтүнүн маселелеринин ортосундагы байланышты кароо | 2010-жылдын 1-апрелине чейин | Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) |
35. | Кыргыз Республикасынын чек арасы аркылуу өтүүчү бардык товарларды Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан акы төлөтүүчү негизде радиациялык контроль жүргүзүүнүн негиздүүлүгүнө талдоо жүргүзүү. Алып келүүчү жана алып чыгуучу продукцияларга дозиметриялык жана радиометриялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиология- лык көзөмөл департаменти тарабынан санитардык-эпидемиология- лык корутунду берүү жол-жоболорун жоюу үчүн негиздеме даярдоо. Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечимин кабыл алууну камсыздоо | 2010-жылдын 1-апрелине чейин | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги |
36. | Контролдоочу органдардын санын кыскартуу жана өткөрүү пункттарында алардын иш-милдеттеринин кайталанышын четтетүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу товарлар менен транспорт каражаттарынын өтүү жол-жоболорун өркүндөтүүгө жана жөнөкөйлөтүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин кабыл алууну камсыздоо | 2010-жылдын 1-апрелине чейин | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
37. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерине мониторинг жүргүзүү Жоюлган документтер боюнча кийин тестирлөө менен тренингдерди өткөрүү, ошондой эле бизнесмендер үчүн окутуучу семинарларды өткөрүү | 2010-жылдын 1-октябрына чейин дайыма | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги |
«Контракттарды аткаруу» индикатору | |||
38. | Дүйнөлүк банктын анкеталарын толтуруу жана индикатор боюнча азыркы абалга баа берүү үчүн зарыл болгон Дүйнөлүк банктын методологиясын эске алуу менен колдонуудагы мыйзамдарды, учурдагы практиканы, анын ичинде сот практикасына талдоо жүргүзүү | 2010-жылдын 1-мартына чейин | Кыргыз Республикасынын Сот департаменти (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, бийликтин сот органдары (макулдашуу боюнча) |
39. | Жүргүзүлгөн сот реформасынын алкагында ушул индикатор боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот акыйкаты иштери боюнча Улуттук кеңеш үчүн рекомендацияларды жана сунуштарды даярдоо | 2010-жылдын 15-мартына чейин | Кыргыз Республикасынын Сот департаменти (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот акыйкаты иштери боюнча Улуттук кеңеш (макулдашуу боюнча), бийликтин сот органдары (макулдашуу боюнча) |
40. | Убакыттан уттурууларды (мөөнөттөрдү), айрыкча чечимдерди аткарууга байланыштууларын тастыктоо үчүн 2007-2009-жылдарга Дүйнөлүк банктын методологиясына ылайык келишимдик милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу сот талаш-тартыштары боюнча статистикалык маалыматты даярдоо жана Дүйнөлүк банкка берүү | 2010-жылдын 15-февралына чейин | Кыргыз Республикасынын Сот департаменти (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, бийликтин сот органдары (макулдашуу боюнча) |
41. | Колдонуудагы практиканы жана статистикалык маалыматтарды тастыктоо үчүн ушул индикатор боюнча дараметтүү респонденттердин - соттордун, сот аткаруучуларынын, сот кызматкерлеринин тизмесин даярдоо жана Дүйнөлүк банкка берүү | 2010-жылдын 15-февралына чейин | Кыргыз Республикасынын Сот департаменти (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, бийликтин сот органдары (макулдашуу боюнча) |
«Бизнести жабуу» индикатору | |||
42. | Дүйнөлүк банктын анкеталарын толтуруу жана индикатор боюнча азыркы абалга баа берүү үчүн зарыл болгон Дүйнөлүк банктын методологиясын эске алуу менен колдонуудагы мыйзамдарды, учурдагы практиканы, анын ичинде сот практикасына талдоо жүргүзүү | 2010-жылдын 15-февралына чейин | Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги, Кыргыз Республикасынын Сот департаменти (макулдашуу боюнча), бийликтин сот органдары (макулдашуу боюнча) |
43. | Ырааттуу реформа жүргүзүүнү жана индикатор боюнча бааларды жакшыртууну эске алуу менен индикатор жагындагы рейтингди жакшыртуу боюнча Дүйнөлүк банктан техникалык жардам алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суроо-талабы үчүн рекомендацияларды даярдоо | 2010-жылдын 15-февралына чейин | Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги, Кыргыз Республикасынын Сот департаменти (макулдашуу боюнча), бийликтин сот органдары (макулдашуу боюнча) |
44. | Бардык үч сот инстанциясын, айрыкча экинчи жана үчүнчү инстанциясын жана сот чечимин реалдуу аткаруу боюнча убакыттан уттурууларды (мөөнөттөрдү) тастыктоо максатында 2007-2009-жылдарга Дүйнөлүк банктын методологиясына ылайык салынган мүлккө жазаларды колдонууга байланыштуу соттук талаш-тартыштар боюнча баа берүү үчүн жетиштүү статистикалык маалыматтарды даярдоо жана Дүйнөлүк банкка берүү | 2010-жылдын 15-февралына чейин | Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги, Кыргыз Республикасынын Сот департаменти (макулдашуу боюнча)
|