Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-февралындагы № 83 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 19-февралы № 107
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Мамлекеттик картографиялык-геодеозиялык кызматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу" Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдан 4-декабрындагы № 734 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Мамлекеттик картографиялык-геодеозиялык кызматы жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Мамлекеттик картографиялык-геодеозиялык кызматы мурда ээлеген Бишкек шаары, Киев көчөсү, 107 дарегиндеги административдик имаратта жайгашаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы № 107 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Мамлекеттик картографиялык-геодеозиялык кызматы жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Мамкартографиянын милдеттери жана функциялары
III. Мамкартографиянын укуктары
IV. Мамкартографиянын ишин уюштуруу
V. Мамкартографиянын эсеби жана контролдоо
VI. Мамкартографиянын ишмердигин токтотуу
I. Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш министрлигине караштуу Мамлекеттик картографиялык-геодеозиялык кызматы (мындан ары - Мамкартография) мамлекеттик картографиялык, топографиялык-геодезиялык иштерге жетекчиликти жана алардын өндүрүшү, ошондой эле республикадагы геодезиялык көзөмөлдү жүзөгө ашырат.
1.2. Мамкартография өз ишмердигин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдоруна жана буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигинин буйруктарына жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
1.3. Мамкартография мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы жазылган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, штампы жана бланктары, өз алдынча балансы, банк мекемелеринде алыш-бериш эсеби бар юридикалык жак болуп эсептелет.
1.4. Укуктук-уюштуруу формасы боюнча Мамкартография - мекеме;
1.5. Мамкартография аткарган иштери жөнүндө Жаратылыш ресурстары министрлигине отчет берет, аны каржылоо республикалык бюджет каражаттарынын эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардан жүргүзүлөт.
1.6. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Мамкартография Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын укуктуу мураскери болуп эсептелет.
II. Мамкартографиянын милдеттери жана функциялары
2.1. Мамкартографиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- республиканын картографиялык продукцияларын, топографиялык-геодезиялык маалыматтарын жана материалдарын экономикалык жана коргоо тармагын камсыздоо үчүн мамлекеттик топографиялык-геодезиялык иштерди өнүктүрүү;
- топографиялык-геодезиялык жана картографиялык иштерди өнүктүрүүдө бирдиктүү техникалык саясатты жүргүзүү, картографиялык, топографиялык-геодезиялык иштерди жүргүзүүдө илимдин жана техниканын жаңы жетишкендиктерин жана алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуу;
- топографиялык-геодезиялык жана картографиялык иштерди ведомстволук караштуулугуна жана менчик түрүнө карабастан уюмдар тарабынан туура аткарылышына мамлекеттик геодезиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;
- ишти илимий жактан уюштурууну жана башкарууну жайылтуу, Мамкартографиянын түзүмдүк бөлүмчөлөрүн дасыккан кадрлар менен камсыздоо.
2.2. Мамкартографиянын функциялары:
- республикадагы топографиялык-геодезиялык жана картографиялык иштерди өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануу үчүн фундаменталдык жана атайын геодезиялык тармактарда координаттардын жана бийиктиктердин илимий жактан негизделген системасын бекитүү, жер кыртышынын жылышына байкоо жүргүзөт;
- картографиялык, топографиялык жана аэрофотосүрөт материалдарын пайдалануу тартибин бекитет жана бул материалдардын санына, көбөйтүүгө жана сакталышына текшерүү жүргүзөт;
- республиканын бардык аймагында керектүү масштабда координаталардын жана топографиялык сүрөткө тартуулардын бирдиктүү системасындагы геодезиялык, астрономиялык жана гравиметриялык иштерди камсыздайт;
- ар кандай түрдөгү карталарды түзүп жана басып чыгарат;
- мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерди уюштуруу жана аткарууга катышат;
- топографиялык-геодезиялык жана картографиялык, аэро- жана космофотосүрөттүк материалдардын борбордошкон эсебин, сактоону жана берүүнү жүргүзөт;
- Жердин формасын, көлөмүн жана гравитациялык талаасын үйрөнүү жана Жердин, айдын жана башка асман телолорунун жасалма спутниктерин геодезиялык жана картографиялык максатта байкоо жүргүзүү тармактарында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө дүйнөдөгү башка мамлекеттердин картографиялык-геодезиялык кызматтары менен бирге катышат;
- жердин мамлекеттик кадастрын, дайыма жердегендер арасында мониторингди, республиканын жаратылыш ресурстарын комплекстүү иликтөөгө алуу жана инвентаризациялоону жүргүзүү үчүн зарыл болгон масштабда топографиялык сүрөткө тартып алуулардын үзгүлтүксүз жаңылануусун камсыздайт;
- республиканын, облустардын жана райондордун мамлекеттик чек ара карталарында чыгарыла турган туура графикалык тартууларын, ошондой эле башка административдик-аймактык жана географиялык элементтерди белгиленген тартипте камсыздайт;
- антимонополдук органдын макулдашуу менен бирдикте Мамкартография тарабынан аткарыла турган өтө чоң сметалык нормаларды жана бааларды, техникалык долбоорлорду жана топографиялык-геодезиялык жана картографиялык иштердин өндүрүшүнө болгон сметаларды иштеп чыгарат;
- республиканын аймагында геодезиялык пункттардын эсебин жүргүзүү жана белгиленген тартипте бул пункттардын сакталуусун камсыздайт;
- белгиленген тартипте геодезиялык аталыштардын каталогун жүргүзүү, жана чыгарылган карталарда алардын туура жазылышын камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын белгиленген тартипте картография, геодезия, гравиметрия, топография жана фотограмметрия маселелери боюнча мамлекет аралык башкармалык органдарына жана эл аралык уюмдарга сунуш берүү жана башка өлкөлөрдүн геодезиялык кызматтары менен мамилени колдойт.
III. Мамкартографиянын укуктары
3.1. Мамкартография төмөнкү укуктарга ээ:
- анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорун иштеп чыгууга катышат;
- ага жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигинин макулдугу боюнча тиешелүү түзүмдүк бөлүмчөлөрдү бюджеттен бөлүнүп берилген акча каражатынын чегинде түзөт, кайра уюштурат жана жоет;
- Мамкартографиянын алдыңкы кызматкерлерин, республикадагы топографиялык-геодезиялык жана картографиялык иштерди өнүктүрүүгө жөндөмдүү адамдарды белгиленген тартипте сыйлайт жана аларды мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтөт;
- мыйзамдык белгиленген тартипте жеке жана юридикалык жактардын өтүнүчтөрү боюнча төлөнүүчү кызматтарды көрсөтөт.
IV. Мамкартографиянын ишин уюштуруу
4.1. Мамкартография мамлекеттик картографиялык, топографиялык-геодезиялык иштерди ишке ашырат.
Мамкартография, ага караштуу ишканалар, мамлекеттик геодезиялык көзөмөл инспекциясы жана башка уюмдар жана мекемелер Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу картографиялык-геодезиялык кызматтын бирдиктүү системасын түзөт.
4.2. Мамкартография мамлекеттик картографиялык, топографиялык-геодезиялык иштердин абалына, андан ары өнүгүшүнө, илимий-техникалык прогрессине жана техникалык деңгээлине, бул иштердин сапатына жана республиканын элдик чарбачылыгын жана коргоо уюмдарын картографиялык продукциялар менен жана топографиялык-геодезиялык маалыматтар менен камсыздоого толук жооп берет.
4.3. Мамкартографияны Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана бошотулуучу директор башкарат.
4.4. Мамкартографиянын структурасы жана анын штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министри тарабынан бекитилет.
4.5. Мамкартографиянын бардык товарларды, иштерди жана кызматтарды сатып алуусу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигинин мамлекеттик каражаттарды, чет элдик кредиттерди жана гранттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо үчүн колдонулат.
4.6. Мамкартографиянын директору:
- Мамкартографияга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жекече жооп берет, директордун орун басарынын, түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн башчыларынын жана башка кызмат адамдарынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт;
- башкармалыктын өндүрүштүк-техникалык кызматкерлерин, түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн жетекчилерин кызматка дайындайт жана бошотот;
- Мамкартографиянын бардык түзүмдүк бөлүмчөлөрү тарабынан аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, нускамаларды, көрсөтмөлөрдү жана эскертүүлөрдү берет;
- Мамкартографиянын кызыкчылыктарын мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга көрсөтөт, белгиленген тартипте Мамкартографиянын каражаттарын жана мүлкүн башкарат, банктарда эсеп ачат;
- Мамкартографияга жүктөлгөн милдеттерге жана функцияларга ылайык башка маселелерди чечет.
4.7. Мамкартографиянын орун басары жана башкы бугалтери Мамкартографиянын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министри тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
4.8. Мамкартографияда беш адамдан турган коллегия түзүлөт, анын курамында директор (коллегиянын төрагасы), директордун орун басары кызматы боюнча жана Кыргыз Республикасынын картографиялык-геодезиялык кызматынын жетекчилери кирет.
Коллегиянын мүчөлөрү Мамкартографиянын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министри тарабынан дайындалат.
4.9. Мамкартографияда илимий-техникалык жана технологиялык маселелерди кароо үчүн илимий техникалык кеңеш (багыттары боюнча секциялары менен) түзүлөт.
Техникалык кеңештин курамы жана ал жөнүндө жобо Мамтехкөзөмөл директору тарабынан бекитилет.
V. Мамкартографиянын эсеби жана контролдоо
5.1. Мамкартографиядагы финансылык, материалдык жана статистикалык эсеп өз алдынча кызмат болуп эсептелген жана башкы бугалтер жетекчилик кылган эсеп-кысап бөлүмү тарабынан ишке ашырылат. Бугалтердик бардык отчеттуулук эсепчиликтин 15-ордердик формада жүргүзүлөт.
5.2. Товардык-материалдык баалуулуктарды каттоо эсептин ыкчам бугалтердик (сальдолук) методу боюнча жүргүзүлөт.
5.3. Бугалтердик отчеттуулук отчет мезгили үчүн (ай, квартал, жыл) чарбачылык иштердин жыйынтыгы боюнча түзүлөт. Анда Мамкартографиянын мүлктүк жана финансылык абалынын өскөн жыйынтыгы чагылдырылат.
5.4. Мамкартографиянын бириктирилген отчетуна Мамкартографиянын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн отчеттору жана баланстары кошулат.
VI. Мамкартографиянын ишмердигин токтотуу
6.1. Ишмердикти токтотуу Мамкартографияны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайра түзүү же жоюу аркылуу ишке ашырылат.
6.2. Мамкартографияны кайра түзгөндө анын укуктары жана милдеттери укуктуу мураскерине өтөт.
6.3. Мамкартографияны жойгондон кийин документтер Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонд мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
6.4. Ишмердик юридикалык жактын мамлекеттик реестрине тиешелүү жазууну киргизгенден кийин токтотулду деп эсептелет.