Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 19-февралындагы № 112
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 692 «Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүдө коргонуу чараларын киргизүү жөнүндө» токтомун чечмелөө (түшүндүрүү) тууралуу
«Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 692 «Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүдө коргонуу чараларын киргизүү жөнүндө» токтомуна тиркелген чечмелөө (түшүндүрүү) бекитилсин.
2. Бул токтом иште пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына жиберилсин.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр | Д. Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2010-жылдын 19-февралындагы №112 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 692 «Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүдө коргонуу чараларын киргизүү жөнүндө» токтомун чечмелөө (түшүндүрүү)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 692 «Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүдө коргонуу чараларын киргизүү жөнүндө» токтому менен бир жылдык мөөнөткө буудайдын катуу жана жумшак сортторунун унун импорттоого 1 кг үчүн 3 сом өлчөмүндө алым алуу түрүндө коргонуу чаралары киргизилген (ЕврАзЭС ТЭИ ТН: 1101 00 110 0, 1101 00 150 0 коддору).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган токтому 4-пунктка ылайык 2009-жылдын 10-ноябрынан тартып күчүнө кирген.
Демек ушул күндөн тартып жана бир жыл бою ЕврАзЭС ТЭИ ТН: 1101 00 110 0, 1101 00 150 0 коддору менен классификациялануучу буудайдын катуу жана жумшак сортторунун унун импорттоодо 1 кг үчүн 3 сом өлчөмүндө алым алынат.
«Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктуна ылайык нормативдик укуктук актыларда камтылган нормалар Конституцияга, конституциялык мыйзамдарга, кодекстерге жана мыйзамдарга ылайык чечмеленүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 87 жана 88-беренелерине ылайык эркин колдонуу үчүн чыгаруунун бажы режими товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды жана башка бажы төлөмдөрүн төлөөнү, ошондой эле тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын сактоону караштырат.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 3-беренесинде, «Кыргыз Республикасыным нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 5-пунктунда жарандык мыйзам актылары өткөн мезгилге карата колдонулбай турган күчкө ээ болбой тургандыгы жана алар колдонууга киргизилгенден кийин пайда болгон мамилелерге карата колдонула тургандыгы каралган. Нормативдик укуктук актынын колдонулушу ал колдонууга киргизилгенге чейин пайда болгон мамилелерге актынын өзүндө түздөн-түз каралган учурда гана таралат.
Жарандык мыйзам актылары колдонууга киргизилгенден кийин пайда болгон мамилелер боюнча жарандык мыйзам актылары колдонууга киргизилгенге чейин түзүлгөн келишим боюнча тараптардын мамилелерин кошпогондо, ал колдонууга киргизилгенден кийин пайда болгон укуктарга жана милдеттерге карата колдонулат. Эгерде келишим түзүлгөндөн кийин, тараптар үчүн келишимди түзүүдө колдонулгандан башка милдеттүү эрежелерди белгилеген мыйзам кабыл алынса, түзүлгөн келишимдин шарттары, мыйзамда анын колдонулушу мурда түзүлгөн келишимдерден улам пайда болгон мамилелерге тарала турганы белгиленген учурларды кошпогондо күчүн сактап калышат.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 692 «Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүдө коргонуу чараларын киргизүү жөнүндө» токтомунун колдонулушу ал күчүнө киргенге чейин пайда болгон жарандык укуктук мамилелерге, башкача айтканда ЕврАзЭС ТЭИ ТН: 1 101 00 110 0, 1101 00 150 0 коддору менен классификациялануучу буудайдын катуу жана жумшак сортторунун унун импорттоого таралбайт:
- 2009-жылдын 10-ноябрына чейин (ушул күндү кошкондо) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу алынып өткөн;
- 2009-жылдын 10-ноябрына чейин (ушул күндү кошкондо) жүктөлгөн жана жолдо келе жаткан;
- 2009-жылдын 10-ноябрына чейин түзүлгөн контракттар боюнча 2009-жылдын 10-ноябрына чейин төлөнгөн жана/же аны ташып жеткирүүсү төлөнгөн.